24 апреля, 2024

ДYЙНƟДƟГY ƟЗГƟЧƟ ТYРМƟЛƟР

Дʏйнɵдɵгʏ ɵзгɵчɵ тʏрмɵлɵр жɵнʏндɵ уктуңуз беле? Албетте, абак жакшы жагы менен белгилʏʏ болуусу кʏмɵн.Кандай болгон кʏндɵ да абак адам эркиндигин чектɵɵчʏ, кайсы бир кылмышынын, катачылыгынын жазасын ɵтɵɵчʏ жай. Дʏйнɵ ɵлкɵлɵрʏндɵ шарты ары катаал, ошол эле учурда ыңгайлуу шарттар тʏзʏлгɵн абак жайлары бар.

“ТОЗОК АБАГЫ” ТYРМƟ АРАЛЫ

Нью-Йорк шаарында жайгашкан Райкерс тʏрмɵ аралы эл арасында “Тозок абагы” деген ат менен белгилʏʏ. Бул абакта кылмышкерлер жана качкындар камалышат. Райкерс абагында зордук-зомбулук жана ырайымсыздык  ɵкʏм сʏрɵт. Абакта кол салуулар кɵп болот. Райкерс абагындагы кызматкерлер эң криминалдуу катары саналат. Анткени туткундар жаза ɵтɵгɵнʏ аз келгенсип, камакка алуучулардан дагы кошумча жаза алышат. Мɵɵнɵтʏ ɵтʏп кетсе дагы камакта дагы деле олтурган адамдар бар. Райкерс абагында кыйноо ушунчалык кɵп болгондуктан, ал абакты “Тозок абагы” деп атап коюшат.

Шарт жок, ар бир адамга 4 метрдей гана бош орун берилет. Бирок, чындыгында андай эмес, тʏрмɵдɵ 10 миңден ашык адам болгондуктан, аларга бош орун эмес, жатак да берилбейт. Алар кысылып бир бɵлмɵгɵ 10-15тен болуп жатышат. Абакта гигиена сакталбайт. “Ажаткана жок болгондуктан, агындылар полго агып, абактын ичи дээрлик адам чыдай алгыс жыттанат. Абак арал суунун ортосунда болгондуктан, абактын айрым жерлерин деңиздин туздуу суусу дагы каптабай койбойт” дешет кʏбɵ болгондор.

Тʏрмɵдɵ 10 миңден ашык адам болсо, аларды миң кароолчу кɵзɵмɵлдɵйт. Кызматкерлер 4 сменада иштешет. Кароолчулар абакка кирип-чыгуу ʏчʏн дагы тобокелчиликке барышат, себеби туткундардан кɵп нерсени кʏтсɵ болот. Жаза ɵтɵɵчʏлɵр дагы бири-биринен обочолонуп, кооптонуп турушат,  башкача айтканда, сʏйлɵшɵ алышпайт.

Ошондой эле абакта ɵзʏн-ɵзʏ ɵлтʏрʏʏ, ɵзʏнɵ-ɵзʏ кол салуу дагы жок эмес. Айрым камактагылар ɵздɵрʏн дубалга уруп же келемиштердин уусун жеп, жанын кыюуга аракет кылгандары бар.

Мында кɵбʏнчɵ кʏзɵтчʏлɵр кыйноо ʏчʏн туш келди адамды кармашып, ур-токмокко алышат. Эгер туткун тил албай же ɵз билгенин жасаса анда аны сɵзсʏз оор жаза кʏтɵт. Кээ бирин ур-токмокко алса, кээ бирине суу бербей жазалайт. Себеби ал жерде суу жетишсиз. Туткундарга кʏнʏнɵ 75 мл гана суу берилет.

Бул кыйноочу абакта кыйналган адамдарды кɵргɵн айрым саясатчылар тʏрмɵнʏ жаптырууга аракет кылышкан. Бирок, жыйынтык болгон эмес. Акыры туткундар камакка алуучуларга карата иш аракет жасап, ич ара бири-бирине каршылыктар кɵбɵйɵ баштаган. Муну уккан беделдʏʏ саясатчылар биргелешип, тʏрмɵнʏ жаптырууга талап коюшуп, акыры “Тозок абагы” аталган Райкерс тʏрмɵсʏ жабылды.

БИЙ ЫШКЫБОЗДОРУНА БАЙ КЕСОН-СИТИ ТYРМƟСY

Филиппиндеги Кесон-Сити тʏрмɵсʏндɵгʏ жаза мɵɵнɵтʏн ɵтɵɵчʏлɵрдʏн басымдуу бɵлʏгʏн качкындар тʏзɵт. Мында туткундардын кʏнʏмдʏк режимине бийлɵɵ да кошулган. Алардын бийи 2007-жылы Майкл Жексондун атактуу клибине тартылгандан баштап, бʏткʏл дʏйнɵгɵ таанымал болгон. Бул окуядан кийин туткундардын бийге болгон шыгы ого бетер кʏчɵп, бийдин ар кандай тʏрлɵрʏн ойлоп чыга башташкан. Негизинен тʏрмɵдɵгʏлɵргɵ карата мындай ыкманы 2006-жылы Байрон аттуу 19 жаштагы жигит ойлоп тапкан. Программанын максаты – жаман сапаттардан арылтып, жакшы сапаттарга ʏгʏттɵɵ болгон. Туткундар бий аркылуу капачылык, кайгы-муңдан алыстайт деп эсептеген. “Биз бул жерде экенибизди качан унутабыз?” деген суроо жаралгандан баштап бул идея кʏчʏнɵ кирген. Учурда тʏрмɵдɵгʏ бардык бий ышкыбоздору ɵздɵрʏн кино жылдызы же атактуу бийчи сезип, сыймыктанышат. Бул тʏрмɵдɵ атайы концерт коюучу аянтчасы дагы бар. Алар дайыма бактылуу жʏз менен ырдап, бийлеп, ɵз таланттарын тартуулашат. Иш чарага катышпагандар кɵрʏʏчʏ катары, атайы коюлган тордун арт жагында олтурушат. Мындан сырткары командалар тʏзʏлʏп, волейбол оюну да тынбай уюштурулат.

ХАЛДЕН – ЭҢ “ГУМАНДУУ” АБАК КАТАРЫ ТААНЫЛГАН

Норвегияда кылмышкерди эркинен ажыратуу жетиштʏʏ жаза катары бааланат. Ошондуктан эркинен ажыратылгандардын келечекте коом менен кайра аралашып кетʏʏсʏ ʏчʏн абакта мыкты шарттарды тʏзʏʏгɵ умтулушат. Мындай аракеттердин натыйжасында Норвегияда кайра кылмышка баргандардын саны ɵтɵ аз. Ошондой эле мамлекеттин тʏрмɵлɵрʏндɵ эң мыкты адистери иштейт. Норвегиядагы Халден тʏрмɵсʏ дʏйнɵдɵгʏ эң “гумандуу” абак катары таанылган.

Линн Маргарет Адреассен аттуу кʏзɵтчʏ дал ушул Халден абагында кызмат кылат. “Бизде темир торлор эмес, терезелер бар. Ɵзʏңдʏ жаныбар эмес, адам катары сезесиң. Бул ɵтɵ манилʏʏ. Норвегияда абакка кесилгендерди кадыресе турмушун улантууга ʏндɵшɵт. Тамак-аш даярдоо, окуу, иш жасоо жана кʏзɵтчʏлɵр менен баарлашуу жакшы жолго коюлган. Абактагы айрым кылмышкерлер биринчи жолу билим алуу мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵ ээ болушат. Демек, реабилитациядан тышкары, ɵзʏн-ɵзʏ ʏйрɵтʏʏ дагы маанилʏʏ. Биз адамды тʏрмɵдɵн чыккандан кийинки жаңы турмушка даярдайбыз. Менимче, Халден тʏрмɵсʏ бул багытта ийгиликтʏʏ иш жʏргʏзʏп келʏʏдɵ”, — дейт Андреассен айым.

Мамлекет мурдагы кылмышкерлерди коом менен аралаштырууда дʏйнɵдɵгʏ лидерлердин бири. Бирок, Норвегиянын саясатын сындагандар да кɵп. Алар тʏрмɵдɵгʏ ɵтɵ эле жакшы тʏзʏлгɵн шартты жактырышпайт.

“Албетте, башкаларга зомбулук кɵрсɵткɵн адам жазасын алышы абзел. Бирок биз тʏрмɵгɵ кесилген адамдын бул кадамга эмнеге барганына кɵңʏл бурушубуз керек. Кылмыш кайра кайталанбоо ʏчʏн кандай иш аракеттер пайдасын берет деген суроого жооп издейли. Абактагылар менин же сиздин жакыныңыз болуп калышы ыктымал. Ошондуктан, системанын мʏмкʏн болушунча натыйжалуу иштеп кетишине умтулабыз», — деп билдирген Линн Маргарет Андреассен.

Норвегиянын ɵкмɵтʏ тʏрмɵдɵн бошогондорго дагы колдоо кɵрсɵтʏп, коомчулук менен аралаштыруу аракетин уланта берет. Аларга турак жай берилип, иш табууга жардам кɵрсɵтʏлɵт.

КЫЗГЫЛТ ТYРМƟ

Германияда ɵзгɵчɵ кызгылт тʏс менен сырдалган абак бар. Албетте, эмне ʏчʏн кызгылт тʏстɵ деген суроо жаралбай койбойт. Себеби кызгылт тʏс адамдын кɵңʏлʏн ачып, агрессиядан алыстатат деп ишенишет. Мындан улам абакты кызыл эмес, ачыгыраак кызгылт тʏстɵ сырдашкан. Ошол эле учурда бир тʏстʏ кɵрɵ берип тажашканын айткан абактагылар нааразычылыгын айтып даттанышкандары да бар. Анткен менен абак кызматкерлери: “Сырдоонун негизги идеясы — аталган тʏс кан басымды тɵмɵндɵтʏп, кан айланууну бир калыпка келтирип, эс алууга жардам берет. Ошондуктан, кызгылт тʏскɵ боёдук”, — деп билдиришкен.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы