26 апреля, 2024

ОК АТЫШУУНУ ТОКТОТУУ СУНУШУ РОССИЯГА ТЫНЫГУУ БЕРЕБИ?

Кытай лидеринин Москвага болгон иш сапары жана анын ɵзʏнʏн сɵзʏ менен айтканда,  “кымбаттуу досу”- Владимир Путин менен болгон жолугушуусу Пекин менен Вашингтондун анча деле” стандарттык эмес”, ал эми Москва менен Вашингтондун таптакыр эле теңирден тескери кетип жаткан мамилелеринен улам кɵп кʏтʏлбɵстʏктɵрдʏ жана  кызыктуу билдирʏʏлɵрдʏ ʏмʏттɵндʏргɵнʏ айтпаса да тʏшʏнʏктʏʏ. Цзиньпиндин Путинди “кымбаттуу досум” деп атаганына батышчыл айрым талдоочулардын мурдун чʏйрʏмʏш болуп жатканы эле кɵптʏ билдирип турат эмеспи.

УЗУН ЖАНА КЫСКА МАКСАТТАР

Си Цзиньпиндин Путин менен  Москвада ɵткɵн жолугушуусу алардын 2022-жылдын февралында, Россиянын Украинага жасап жаткан атайын аскердик операциясы башталардан бир аз мурдараак болгон жолугушуусунан башкачараак контекстте каралуусу мʏмкʏн. Эки ɵлкɵнʏн лидерлери ал жолугушууда ɵздɵрʏнʏн чексиз ɵнɵктɵштʏктɵрʏ жагдайында коммюникеге кол коюшканы маалым.

Андан бери ɵткɵн аз эле убакытта кɵп нерсе кʏтʏлгɵндɵн башкача нукта кетти. Ɵнɵктɵштʏк деле башка бардык процесстер сыяктуу эле баары бир чектелʏʏ болорун экɵɵсʏ тең аңдагандай болду окшойт.

Албетте, Си Путиндин аскердик операциясын эч бир жерде айыптай элек жана батыштын санкцияларына карабастан, Россия менен болгон соода мамилесин тынымсыз ɵнʏктʏрʏп-ɵстʏрʏп келе жатат. Бирок, Вашингтонго кылчак-кылчак караган Пекин азырынча согуштук курал-жарак жагынан жардам бере элек.

Кеннан институтунун илимий кызматкери Жилл Догертинин эсеби боюнча, Путин жолугушуудан Си Цзиньпинден айырмаланып, кыска, утурумдук максатты кɵздɵгɵн. 

“Канткен менен достордон кур эместигин Путин дʏйнɵгɵ кɵрсɵтʏшʏ керек эле. Визиттин алдынан согуш кылмышкери катары аны камоого ордер берилгени белгилʏʏ. Москвага эл аралык лидердин келʏʏсʏ зарылдай болуп турган. Ага согушту дипломатиялык, саясий, техникалык жана аскердик жактан колдоп-кубаттоолор керек эле”.

Кытай лидери ʏчʏн башкысы деп  эксперттин пикиринде, соода мамилелеринин ɵсʏп жана кеңейип, россиялык энергоресурстардын Кытайга тынбай ɵтʏп жатышы саналат. Ага кошумча дʏйнɵ коомчулугунун кɵзʏнɵ Кытай жана биринчи кезекте Си Цзиньпин Сауд Аравиясы менен  Ирандын мамилесин жɵнгɵ салуудагы Кытайдын ойногон ролунан кийин дагы бир ирет “тынчтыкты сактоочулар” катары кɵрʏнʏшʏ керек  болду.

Мындан тышкары, Путин 2024-жылы боло турган президенттик шайлоодо ɵз талапкерлигин коюуга Кытай лидеринин “макулдугун” алды десе болот.

“МЫНДАЙ ƟЗГƟРYYЛƟР 100 ЖЫЛДАН БЕРИ БОЛО ЭЛЕК ЭЛЕ”

Эл аралык абал кандай кыйынчылыктарга кездешкенине карабай, Кытай Москва тарабынын таламын талашаарын ошол эл аралык тынч эмес кырдаал ɵзʏ шарттап турганы белгилʏʏ. Бир полярдуу дʏйнɵлʏк тʏзʏмдɵн кɵп полярдуу дʏйнɵлʏк тʏзʏмгɵ ɵтʏʏнʏ баштоо чечимин тарых ɵзʏ кабыл алып жаткандай таасир калууда. Бирок, бул оңой эле ишке ашып кала турган процесстерден эмес. Мында деле эски менен жаңынын дегидей карама-каршылыгы жана кʏрɵшʏ кайсы бир маани-масштабы менен болуп ɵтɵɵрʏ талашсыз. Мындай ɵңʏттɵн караганда,  Украинадагы азыркы геосаясий тирешʏʏлɵр алгачкысы болсо болгондур, бирок акыркысы эмес дегиң келет.

КЫТАЙ МЕНЕН РОССИЯ БАЙЛАНЫШТЫ ОГО БЕТЕР КYЧƟТТY

Си Цзиньпин Москвадагы сапарында Путиндин согушка карата мамилесин унчукпай колдоп-кубаттап, кʏтʏлʏп жаткан ɵзгɵрʏʏлɵргɵ Россия менен бирге олуттуу салым  кошуп жатышканын билдирди.

“Мындай ɵзгɵрʏʏлɵр жʏз жылдан бери боло элек эле. Мындай ɵзгɵрʏʏлɵрдʏ биз биргелешип турмушка ашыруудабыз”,-деди Цзиньпин ал сапардагы тʏшкʏ сый тамактан кийин.

“Атлантикалык кеңештин” улук илимий кызматкери “кытай таануучу”ɵзʏ азыркы убакта Кытайда жʏргɵн Дэвид Шумандын пикиринде, Си Цзиньпин Москвадан РФ менен кызматташуу жаатында кʏчтʏʏрɵɵк  жана басымдуулук кылуучу ɵнɵктɵш экендигине бекем ишеним менен  кетсе, “Батыш менен байланышын ʏзʏп салган” Путин ошол эле учурда  кʏчʏн жоготту”.

Бирок, мындай пикирге кошулуу кыйын, анткени батыш менен болгон байланышты ким жана эмне кызыкчылыктардан улам ʏзгɵндʏгʏнɵ баам салуу керек эле. Албетте, Кытай азыркы тапта ɵзʏн АКШдан кɵз карандысыз ɵз алдынча кʏчтʏʏ дʏйнɵлʏк оюнчу катары имиджин калыптандырууга бар кудуретин жумшоодо. Эксперттердин пикиринде, Пекин ʏчʏн Украинадагы согушту токтотуу эмес, Россиядагы азыркы бийликти алмаштырбоо тарабы приоритеттʏʏ мааниге ээ.

Бʏтʏндɵй алганда Кытай менен Россия эки тараптуу байланышты ого бетер чыңдоого жетишти: Си жана Путин алардын жалпы кызыкчылыктарына тиешелʏʏ деп эсептелген маселелерде бирин-бири колдоо, сырткы кʏчтɵрдʏн алардын ички иштерине кийлигишʏʏсʏнɵ биргелешип каршы туруу маанилʏʏ экендигин моюнга алышты. Айрым эксперттердин эсебинде, Москвадагы жолугушуу “чексиз ɵнɵктɵштʏктʏн  улам тереңдей берʏʏсʏ ʏчʏн эки лидер улам жаңы негиздемелерди таба алышкандыктары себептʏʏ, экɵɵсʏн тең бир кыйла даражада чыйралтып салды.

“Пекиндин ички жана тышкы кызыкчылыктарын коргоого жооп бергендигине байланыштуу, Россия менен  болгон ɵнɵктɵштʏктʏ тереңдетʏʏ Си Цзиньпиндин  кызыкчылыгына дал келет”,- дейт Хельсинки  университетинин эксперти Сари Аро Хаврен.

Кытайдын мамлекеттик маалымат агенттиги Синьхуа маалымдагандай, Си Кытай  Россия менен соода, инвестиция, логистика, энергетика жана инновация жааттарында кызматташууну тереңдетʏʏгɵ даяр экендигин билдирди.

Кытай лидеринин иш сапарынын маанилʏʏ жыйынтыктарынын бири деп аналитиктер Россия менен Кытайдын ортосундагы мамиленин динамикасындагы ɵзгɵрʏʏнʏ белгилешет. Башкача айтканда, Москва экономикалык жана саясий пландан алганда,  барган сайын Пекинге кɵбʏрɵɵк кɵз каранды болуп баратат да, Пекин болсо ɵз кошунасына жардам берʏʏгɵ эч каршы эмес.

Цзиньпиндин Москвага боло турган иш сапарынын алдында Кытай ɵзʏн тынчтыкты сактоочу кʏч катары сынап, Украинадагы согуш боюнча 12 пункттан турган тезисттик документи жарыялаганы белгилʏʏ. Бирок, ал тезистер АКШ жана батыштык башка ɵлкɵлɵрдɵ скептицизмден башка эч нерсени жаратпаганы маалым.

Москвадагы сʏйлɵшʏʏлɵр учурунда Путин  Кытайдын сунушу Украинада тынчтык менен жɵнгɵ салынуучу маселеде негиз катары пайдалануусу мʏмкʏн экендигин билдирген. Россия президентинин сɵзʏнɵ караганда, тынчтык жолу менен сʏйлɵшʏʏнʏ мʏмкʏн болушунча тезирээк баштоого Москва деле умтулат. Бирок, Хаврен баса белгилегендей, россиялык армия Украинанын окупацияланган аймагынан чыгарылмайынча, согушту “тоңдуруп” гана тим болот да, Москвага “жаңы чабуулдарды баштоо мʏмкʏнчʏлʏгʏ ʏчʏн кɵбʏрɵɵк убакытты берет”.

Анын эсеби боюнча, эгерде Киев россиялык армия  анын аймагынан чыгып кетмейинче ок атышууну  токтотуу боюнча сʏйлɵшʏʏлɵрдʏ баштоодон баш тартса, кытайлык жана  россиялык пропагандисттер АКШ менен анын батыштык союздаштарын “согуш отун тутандыруучулар” катары кɵрсɵтʏшʏп, ал эми Кытай “тынчтыкты сактоо ʏчʏн колунан келгендин баарын жасаган ɵлкɵ” бойдон кала берет. Башка бир эксперттердин пикири боюнча,  Кытайдын  бул жааттагы аракети “анын эл аралык таасирин бекемдɵɵ ʏчʏн абдан зарыл болуп турат. Бул аракеттер дʏйнɵнʏн айрым бир бурчтарында колдоого алынуусу мʏмкʏн, бирок Кошмо Штаттарда андай болбоосу нагыз чындык.

“Россиялык режимдин кыйрашы жана Москвада батышчыл ɵкмɵттʏн тʏзʏлʏшʏ Кытай ʏчʏн катастрофалык сценарийге ээ болмок-деп эсептейт Карнеги Фондунун илимий кызматкери Тимур Умаров.  Ошол эле мезгилде, Кытай согуштун андан ары тереңдеп кетʏʏсʏн да каалабайт”.

Эмне дейбиз, андай  каалабоо жана тынчтыктын ʏмʏтʏ азыр дʏйнɵ коомчулугунун башын бирдей оорутуп турганын моюндабай койгонго эч арга жок.

Абдираим Мамытов