Эл аралык театр кʏнʏнɵ карата тапшырылган “Эргʏʏ” улуттук театр сыйлыгына Ош улуттук драма театрынын 7 ишмери ээ болду. Бул улуттук сыйлык кыргыз театрларында коюлган спектаклдерди жаратуучулардын жана чыгармачылык ийгиликтерге жетишкен театр кызматкерлеринин мыктыларына тапшырылды. Алардын ичинде 4 номинация театрыбызда 2022-жылы коюлган Г.Фигейредонун “Эзоп” спектаклине:


1.Ош улуттук драма театрынын кɵркɵм жетекчиси, Кыргыз Эл артисти Талантбек Апыевге “Мыкты режиссуралык иши” номинациясы;
2. Башкы сʏрɵтчʏ, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бакытбек Тилекматовго – “Мыкты сценография”;
3. Артист Арген Тойчуев – “Эркектин эң мыкты ролу”;
4. Актриса Надира Сарыковага– “Аялдын эң мыкты ролу”;
5. Артист Бакытбек Мойдуновго – А.Чеховдун «Сунуш» комедиясында “Экинчи пландагы эркектин мыкты ролу” номинациялары ыйгарылды.
Мындан тышкары ОУДТнын кызматкерлери: Урпия Орунбекова “Театр ɵнɵрʏнɵ арналган ʏзʏрлʏʏ эмгеги” жана Гʏлжамал Абдыкадырова “Аймактык театрда кɵп жылдык ʏзʏрлʏʏ эмгеги” ʏчʏн “Эргʏʏ” сыйлыгына арзышты.
Ошондой эле 2022-жылы Ош улуттук драма театрында коюлган «Кулан» тарыхый драманын автору Айжамал Масылбекова «Эң мыкты драматург» номинациясына ээ болду. Ал «Эргʏʏ» сыйлыгына ОУДТ тарабынан сунушталган.
Окшош макалалар
“КУРУЛУШ, ЖОЛ МАСЕЛЕЛЕРИ ДЕПУТАТТАРДЫН КУПУЛУНА ТОЛБОЙ ЖАТАТ”
Косметологиялык борборлорго рейд жʏрʏп, айып пул салынууда
“АЛИМЕНТТЕН ЭЧ БИР АТА-ЭНЕ ЭЧ КАЧАН КАЧЫП КУТУЛА АЛБАЙТ”