19 апреля, 2024

Нурсултан Малдыбаев, тɵкмɵ акын: “Кыргыз барда тɵкмɵлʏк ɵнɵр жок болбойт”

Каарман тууралуу

Толук аты-жɵнʏ: Малдыбаев Нурсултан Тыналиевич

Туулган жылы: 2000-жыл

Кесиби: мугалим

Хоббиси: акындык ɵнɵр

Жетишкендиктери: Ысык-Кɵлдɵ ɵткɵн акындардын эл аралык айтышында Гран-при (2021), Казакстанда ɵткɵн “Менин пирим Сʏйʏнбай” жаш акындардын айтышында 1-орун (2020), Алтайда ɵткɵн айтышта “Оралхан Бɵкɵй” атындагы сыйлык (2022), Караколдун 150 жылдыгына арналган эл аралык айтышта 2-орун (2019).

Социалдык желелерде тамашалуу ырлары менен кɵпчʏлʏктʏн кɵңʏлʏн бурган тɵкмɵ акын Нурсултан Малдыбаев биздин конок тɵрʏбʏздɵ. Жаштыгына карабай элдин купулуна толуп, назарынан ɵтʏп жаткан ак таңдай акын Нарын районундагы Дɵбɵлʏ деген айылында тɵрɵлʏп –ɵскɵн.

“Тентек болгонуму ата-энем кɵп айтып калат”

-Амансыңбы, Нурсултан! Ɵзʏң тууралуу кеңири айтып берсең…

-Амансыздарбы!?  Балалыгым  Дɵбɵлʏ деген айылда ɵттʏ. Мектепти аяктаган соң борбордогу Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетине тапшырып окуп калдым. Менин акындык жолум ушул студенттик кʏндɵрʏмɵ келип такалат, тагыраагы, бул сферага студент кезимде аралашып калдым.

Мектепке барганга чейин аябай тентек болгонумду ата-энем кɵп айтып калат. Бир орунга турбаган тентек бала болупмун. Апам айтат “таятаң каза болуп, боз ʏйдɵ аялдар ыйлап отурса ошолордун буттарын   кытыгылап кʏлдʏргɵнсʏң” деп. Кийин барып-барып токтолуп калат экенсиң. Айылдаштарым, туугандарым азыр кɵргɵн жерден “ии баягы тентек бала ушундай токтолуп калдыңбы”деп кʏлʏшɵт. Жаш кезинде тентек болгондор бат токтолуп, ал эми токтоо болгондор кийин тентек чыгат окшойт деп калам.

-Мектепте кандай окудуң, акындык ɵнɵрʏңдɵн улам окуучу кезден эле коомдук иштерге активдʏʏ катышкан окуучу болсоң керек деп турам.

-Мектепте 9-класска чейин жакшы окудум, андан кийинкисин айта албайм. 7-8-класста жалаң “5” деген бааларга окуган кездерим болду. 9-класстан кийин ɵткɵɵл куракта сабакты таштап салдым окшойт. Бирок эч кандай куулук, шумдугу жок, бир калыпта жʏрдʏм. Ал кезде акындык ɵнɵрʏм тууралуу кабар жок болчу. Андыктан катардагы эле окуучу болуп аяктадым.

“Учурда тамашалуу ырларга басым жасап жатам”

-Анан айтыш ɵнɵрʏнɵ кантип аралашып калдың, балким талант ата-энеңден же ата-бабалардан ɵткɵндʏр…

-Акындык ɵнɵргɵ келип калуума ɵзʏмдɵгʏ, канымдагы бар касиет болуш керек деп ойлойм. Ɵзʏмдʏн айтышка болгон сʏйʏʏм мени ушул тармакка алып келди. Бардык тɵкмɵ акындардын тʏпкʏлʏгʏн сʏрʏштʏрʏп келсеңиз атасы же апасы тараптан бирɵɵндɵ сɵзсʏз бир акын же жамактап сʏйлɵгɵн адам чыгат. Чоң энем “чоң атаң тараптан ыр жазгандар болгон” деп айтып калат. Тайларым тараптан да жамактап сʏйлɵгɵн, кошокту кыйын кошкондор болуптур. Ошолордун баары чогулуп келип, менин акын болуума тʏрткʏ болсо керек.

-Акыркы кезде тамашалуу ырларга басым жасап, жамактап калдың, ал тургай ак ʏйдʏн тосмосун да ырга салып ырдадың…

-Ооба, учурда тамашалуу ырларга басым жасап жатам. Сɵз тʏшʏнгɵн адамга бийликти жамандап же элди жамандаган эмес, тескерисинче, элге позитивдʏʏ маанай тартуулоо, ырды тамаша менен жеткире алдым деп ойлойм. Ал эми бийлик тараптан эч кандай кысым болгон жок, болбойт деп ишенем.

-Кимди кɵрʏп тʏздɵнɵсʏң, аткарып жʏргɵн тамашалуу ырларга улуу муундан сын — пикир айткандар барбы, бул жери туура эмес болуп калыптыр деген сыяктуу?

-Сɵзсʏз улуу агаларды кɵрʏп тʏздɵнɵбʏз, акындык чɵйрɵдɵгʏ агалардын мʏмкʏн болушунча жакшы сапаттарын сиңирип алганга аракет кылам. Сен жумуш жасап жаткан соң сɵзсʏз сын болот, сын менен жакшы пикир кошо жʏрɵт. Терс пикир адамды ɵстʏрʏп, чыйралтып, андан да жакшы болууга чакырат экен. Кээ бир учурда эл тараптан “мындай кылсаңар болмок, ырдабай эле койсоңор болмок” деген пикирлер да болот. Ар бир сɵзгɵ кɵңʏл бɵлʏп отура берʏʏгɵ болбойт го дейм.

“Тɵрт эле тɵкмɵ калды, тɵкмɵлʏк ɵнɵр ушуну менен жок болот” деп кабатырланышчу экен”

-Бул чɵйрɵгɵ аралашып калганыңа канча жылдын жʏзʏ болду, жакында тɵкмɵ айым Изат Айдаркулова менен болгон айтышты кɵрʏп, ɵзʏңдʏ сырттан караган чыгарсың, купулунуңа толдубу? Кантсе да Изат Айдаркулова учурдагы муундун кыз — келиндер арасында айтышкан дасыккан акыны эмеспи.

-Ооба, Изат Айдаркулова  менен айтышканымды ɵзʏм социалдык тармакка жʏктɵп койгомун. Кененирээк ютуб каналдарда да жʏрɵт. Жакшы пикирлер менен кошо сын да айтылат. “Ал улуу да, баласы бар да, сыйлашың керек эле” дегендей таризде жазып. Биздин эл кɵп учурда чыгармачылык менен жеке жашоону байлап алабыз. Ал деген чыгармачылык, ал кɵркɵмдɵлʏш керек, кɵркɵмдɵлʏп элге жетиши керек. Жеке жашоо ал ɵзʏнчɵ, бизде чыгармачылык менен жеке жашоону кошуп алып анан акырында жаман пикир жаза беришет. Ошентсе да жакшы пикирлерди кɵп уктум. Мен да жашмын, алдыда дагы такшалам буюрса. Изат эжеге сыйым чексиз.

-Акыркы мезгилде жаштардан чыккан акындардын агымы кɵбɵйʏп жатканын эмне менен байланыштырса болот?  Балким  маркум Элмирбек Иманалиев жаштарга жол ачып, ошол ʏчʏн ушул деңгээлге жеттиби?

-Азыр Аллага шʏгʏр, тɵкмɵ акындардын саны арбып калды. Илгери аталарыбыз “тɵрт эле тɵкмɵ калды, тɵкмɵлʏк ɵнɵр, ушуну менен жок болот” деп кабатырланышчу экен. Эстебес, Тууганбай, Ашыралы, Замирбек аталарыбыз эң акыркы тɵкмɵлɵрʏбʏз деген кеп элдин арасында желдей тарап калган дешет. Кудайга шʏгʏр, андан кийин Элмирбек Иманалиев, Жеңишбек Жумакадыр сындуу агаларыбыз, андан соң Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев, кийин Баян Акматов ɵңдʏʏ устаттарыбыз, андан кийин азыркы биздин курактагы жаштар агымы келип олтурат. Улутубуздун уучу кур эмес экен, биздин артыбыздан деле жаштар келе жатат дегендей. Кыргыз барда тɵкмɵлʏк ɵнɵр жок болбойт болуш керек. Кɵбɵйʏп чыгып келе жатканы баарыбызды кубандырат. Бул албетте, кыргыз ɵнɵрʏнʏн ɵсʏп жатканынан кабар берет. Элмирбек Иманалиев ɵнɵрдʏн ɵсʏшʏнɵ ɵзʏнʏн зор салымын кошуп кетти. “Тɵкмɵ келсе тɵр бошот”, “Айтыш” коомдук фондун тʏптɵп кетти.

Элира Чынтемир кызы