28 марта, 2024

Аракетчил Арек айылы

Мээнеткеч элибиз ар дайым мактоого татыктуу дээр элем. Кайсыл гана айылга барба, мал чарбасын, дыйканчылык, багбанчылык же ишкердиктин тʏрлɵрʏн ɵздɵштʏргɵн тургундар арбын. “Бир квартал тарыхы” рубрикабыздын алкагында Жапалактын Арек айылы тууралуу баяндайбыз. Арекке келгенде гʏлдɵп турган бак-дарак, жашыл талаалар, асфальтталган тегиз жолдор, таза кɵчɵлɵр, иреттʏʏ жайгашкан курулуштар менен айыл керемет болуп кулпуруп турду. Жылмайыңкы жʏз менен тосуп алган кең пейил эли айыл тууралуу кенен тааныштырып, жетишкендиктери менен кошо кɵйгɵлɵрʏн да айта кетишти.

Сайдимамат Калматов, айыл аксакалы.

Арек – Жапалактын тун уулу

-Арек деген адамдын аты болгон. Санжырага кайрыла турган болсок, биз Муңгуш уруусунун урпактарына киребиз. Муңгуштун он эки баласы болгон экен. Анын бири Жапалак. Биздин ата-бабалар Ош шаарынын азыркы Кыргыз-Ɵзбек университети жайгашкан жерден баштап ДЭУга чейинки аймакты жердеп, Жапалактын жери деп аталган. Жапалактын алты баласы болгон. Анын эң чоңу Арек, андан кийин Орке, эң кичʏʏсʏ Чʏрпɵ делип, азыр бул аталыштардын баары айылдардын атын алып жʏрɵт. Азыркы биздин айыл жайгашкан жерди Жапалак ата эң чоңу Арек уулуна бериптир. Жапалак уруусунун чоң тойлорунда Арек ата келмей сайын казандагы тамак-аштар ачылбай турчу экен деп кичинебизде аталарыбыздын айтып калган жайы бар. Ɵзʏмʏн жашым мына 81ге келди. Ушул айылда туулуп, ушул айылдан ɵнʏп-ɵстʏм… 

Сабир Осмонов, Арек айылынын башчысы.

“Тургундардын кɵбʏ багбанчылык менен алектенет”

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Арек айылында 400 тʏтʏн бар. Акыркы жʏргʏзʏлгɵн маалыматка ылайык, калктын саны 2 400 кишини тʏзɵт. СССР убагында Кеңеш совхозу, анын ичинде Арек айылы Ош шаарын помидор, бадыраң, болгар калемпири сыяктуу жашылча-жемиштер менен камсыздап турган. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ ʏлʏшʏ бар дыйкандардын кɵпчʏлʏгʏ багбанчылыкка ɵтʏʏдɵ. Мээнеткеч, кɵрɵгɵч багбандарыбыз айрыкча кокон гиласка басым жасашууда. Мал чарбасына келе турган болсок, мурда сапатка кɵңʏл бурулбай келсе, учурда сандан сапатка ɵтʏп жатабыз. Бир чети айылдын жогору жагындагы ʏлʏштʏк кайрак жерлерге арпа, буудай эгилгендиктен жайыттарыбыз тарып, кɵп мал кармоо кыйынга туруп калды. Ошондуктан ар бир ʏй-бʏлɵ бирден-экиден мал кармаса да асыл тукумдуу уй, койлорду багууга аракет кылып жатышат.

Сайбидин Акимов, багбан.

-30 сотых ʏлʏш жериме кокон гилас багын отургузгам. Негизи кокон гилас кечирээк тʏшʏмгɵ кирет. 8 жыл дегенде алгачкы тʏшʏмʏн берип баштаган. Акыркы 3 жылдан бери жакшы тʏшʏмгɵ кирип калды. Килограммын 150-200 сомдон сатабыз. Убагында бутап, убагында дарысын берип кам кɵрʏʏ зарыл. Жаз алды менен кокус ʏшʏк жʏрʏп кетчʏ болсо тʏтɵткʏ салабыз. Жылдагыдан айырмаланып быйыл кɵчɵттɵргɵ экологиялык таза азык катары биогумус бердик. Кудайга шʏгʏр, мээнетибиз акталып, тʏшʏм мол, киреше жакшы болууда.

Айылдын инфраструктурасы

Сабир Осмонов:

-Мурда окуучулар союз мезгилинде курулган эски мектепте окуп келген. 2012-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 320 орундуу жаңы мектеп курулду. Мындан сырткары жергиликтʏʏ бюджеттин жана демɵɵрчʏлɵрдʏн колдоосу менен 2019-жылы жаңы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) ишке берилген. Мурда бир фельдшер жана анын жардамчысы гана иштесе, учурда беш кызмат орду тʏзʏлгɵн. Бир врач, эки медайым, бир фельдшер жана кенже кызматкер болуп калктын саламаттыгы ʏчʏн кызмат кылып жатышат.

Аида Алиева, №83 “Аруузат” балдар бакчасынын жетекчиси.

-“Аруузат” атындагы балдар бакчасы 2022-жылдын 12-декабрында ачылган. Иштеп баштаганына мына ʏч айдын жʏзʏ болду. Балдар келип билим алышууда, буга айыл эли, ата-энелер да абдан кубанып турат. Бакча 125 балага ылайыкталган. Андан кийин дагы бир тайпа ачылып, 150 балага толукталган эле. Айылыбызда балдар кɵп болгондуктан учурда бакчада 200 бала тарбияланып жатат.

Сегиз кɵчɵнʏн бешɵɵ асфальт

Сабир Осмонов: -Ички кɵчɵлɵрдʏн жалпы саны сегизди тʏзɵт. 2014-жылдан баштап жергиликтʏʏ бюджеттин эсебинен беш кɵчɵ асфальтталды. Быйылкы жылга дагы бир кɵчɵнʏн асфальтталышын планга киргизип койдук. Сегиз кɵчɵнʏн баары тʏнкʏ жарыктар менен камсыз болгон. Буларды ишке ашырууда Арек айылынан чыккан депутаттарыбыз Осмонов Ашимдин, Папишов Канаттын салымы зор. Мындан сырткары ɵзʏбʏздɵн чыккан Осмонов Нурбектин демилгеси менен 130 электр мамысы берилип, бардык кɵчɵгɵ жеткен. Ошондой эле газ куурлары да тартылып бʏтʏп калды. Жол жээгине курула турчу тротуарлардын ордун даярдап баштадык. Жетишкендиктер менен катар айылдын кɵйгɵйʏ да жок эмес. Элди тʏйшʏккɵ салып турган маселе таза суунун тартыштыгы болууда. Таза суу кʏнʏнɵ эки сааттан гана берилет. Айрым тургундар жумушта болуп, суу алганга ʏлгʏрбɵй калган учурлар да болот. Эми Кең-Сай, Мээркан айылдарынын ʏстʏнɵ суу сактоочу эки резервуар курулса, кийинки жылдан таза суу менен толук камсыз болобуз деген ʏмʏттɵбʏз.

“Ишсиз жʏргɵн жаштарыбыз дээрлик жок”

-Айылыбыздан активдʏʏ жаштар чыгып, ынтымак-ырашкерчиликте бири-бирине жакшы колдоолорду кɵрсɵтʏп жатышат. Мисалы, Осмонов Нурбек инибиз азыр республикага белгилʏʏ болуп калган курулуш компаниясын негиздеген. Анын артынан кɵптɵгɵн жаш жигиттер курулуш тармагы боюнча билим алып, ушул компанияларда иштеп жатышат. Бизде ишсиз, бекер жʏргɵн жаштар дээрлик жок десем жаңылбайм. Атын атаса куту сʏйʏнɵт демекчи белгилей кетсем, эки жылдан бери жаштарыбыз тʏзгɵн “Арек” коомдук фонду активдʏʏ иштеп келе жатат. Болуп ɵткɵн Баткен окуясында да бизге келген 45 тургунду ар тараптуу камсыздап, эч нерседен кем кылышпады. Мындан сырткары ɵткɵн жылы айылыбыздагы аз камсыз болгон бир ʏй-бʏлɵгɵ пайдубалынан баштап ʏй куруп берип, кулпусун тапшырышты. Андан кийин майыптыгы бар тургундун ʏйʏнʏн дубалын тургузуп, быйыл чатырын жаап берʏʏнʏ пландап жатышат. Айыл жаштарынын мына ушундай биримдик менен кɵптɵгɵн  алгылыктуу иштерди алып барганы кубандырат. Ɵзʏм 2010-жылдын апрель айынан бери айыл башчылык кызматты аркалап келе жатам. Бир топ жакшы иштерге кʏбɵ болдум. Кыргыз Республикасынын Президентинен, Министрлер Кабинетинен, Ош шаарынын мэриясынан жана шаардык Кеңештен келген токтом, буйруктарды дайым убагында аткарууга аракет кылып жатабыз.

Пы.Сы.: Урматтуу окурман, эгерде сиз жашаган аймактын баяны гезит бетине жазылып, тарых болуп сакталып калуусун кааласаңыз, анда биз менен байланышыңыз. Дарегибиз 15-бетте.

Айжылдыз Тойчиева