27 июля, 2024

Таза эт жеп, таза сʏт ичкенге мал аман болсун

Тɵрт тʏлʏк мал жайлоого жɵнɵгɵндɵ, жайлоодон кайтканда, дегеле жылдын тɵрт мезгилинде кандай кам кɵрʏʏ керек, ветеринарлар кеңеш берет.

Алмазбек Курбанбаев, 38 жылдык тажрыйбасы бар жеке ветеринар.

 Уйлар желим пакет, жип, резина жей баштаганда…

-Эгер уйлар желим пакет, жип, резина, кагаз, кебез сыяктуу нерселерди жей баштаса витаминдердин жетишсиздигинен кабар берет. Тоютту камдаганда 30% кургатып туруп жыйса витаминдери толук сакталат. Фермерлер кɵбʏнчɵ саманды колдонушат. Самандагы клетчатка тамак сиңирʏʏгɵ жардам берет. Мындан сырткары беде 20 сантиметр болгондо орулса, курамындагы протеин 90%га чейин сакталат. Беденин бою канчалык ɵсʏп, гʏлдɵгɵн сайын кʏчʏ кетип, пайдалуулугу азаят. Жʏгɵрʏ, арпа, кʏнжара сыяктуу жемдерди сɵзсʏз бериш керек. Мындан сырткары ветаптекалардан керектʏʏ витаминдерди алып туруу зарыл. Эгер акчаны витаминге кɵп коротпойм дегендер болсо, эң оболу чɵптʏ туура сакташсын.

Шарп, сибирь жарасы, кара сан сыяктуу ооруларга каршы эмдɵɵ

-Жайлоого кеткенге чейин уйларга шарп, сибирь жарасы, кара сан сыяктуу ооруларга каршы эмдɵɵ жʏргʏзʏлɵт. Жазгы эмдɵɵ февраль айында кан алуу менен башталат. Адегенде бруцеллезду текшеребиз. Бул оору тукумсуздукка жеткирет. Мында улуттун келечегине таасир этип жаткандан кийин кайдыгер кароого акыбыз жок. Уйлар шарпка вакцина алгандан кийин 21 кʏн, кара санга эмделгенден кийин 14 кʏнгɵ чейин башка дарыларды албай турушу керек. Айрым фермерлер ɵз билемдик менен он кʏн боло электе паразиттерге каршы ивермекти сайып коюшат. Мында эффективдʏʏлʏк болбойт. Ооруну дарылагандан кɵрɵ алдын алган пайдалуу. Мал дагы ооруп калбашы ʏчʏн эң биринчи тамак рационун туура коюп, вакцинасын убагында алдыруу зарыл. Мисалы, бизде шарп (ящур) оорусу кɵп кездешет. Эгер шарп Бразилия же Канада сыяктуу ɵлкɵлɵрдɵ катталса, ошол фермадан бардык малды жок кылып мамлекет компенсация тɵлɵп берет. Шарп – вирустук оору. Муну антибиотик толук айыктырбайт. Болгону, жаранын кʏчɵп кетпешин камыздашы мʏмкʏн. Вирустук оорулардан вакцина гана коргойт.

Майда жандыктардан иттерди да дайым байлап, вакцинасын убагында берип, жаткан жерин залалсыздандырып туруу керек. Мисалы, 150 миллион калкы бар Россияда 500 гана адам эхинококк менен жабыркайт. Ал эми бизде 1,5 миң адам эхинококк куртун жугузган. Статистикалык кɵрсɵткʏчтɵр ушундай.

Онкологиялык ооруларда ветеринариянын таасири

-Антибиотикти колдонгондо малдын сʏтʏн белгилʏʏ бир убакытка чейин ичкенге, этин жегенге болбойт. Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ, мындай нерселерге кээде кɵңʏл бурушпайт. Бул маалымат албетте, таң калтырышы мʏмкʏн, бирок, бʏгʏнкʏ кʏндɵ кɵбɵйʏп жаткан онкологиялык ооруларга ветеринариянын да таасири чоң. Эт, сʏт жана сʏт азыктары кулинарияда ɵтɵ кеңири колдонулат. Ошондуктан фермерлер дарыларды ветеринардын кɵрсɵтмɵсʏ  аркылуу алуусу зарыл. Антибиотиктердин пайда жана зыяны да болот. Мисалы, кой айыкпай турган болсо ивермек, альбендазол сыяктуу антибиотиктерди сайбаш керек. Себеби, эти жегенге жараксыз болуп калат. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ балдардагы аллергиялык оорулардын кɵбɵйʏшʏнɵ малга сайылган химиялык препараттардын кесепети тийбей койбойт. Адам организминде дароо кʏчɵп кетпесе да акырындап организмди жабыркатат. Ошондуктан антибиотиктердин ордуна альтернативдик жолдорду караштыруу керек. Мисалы, малды бит, кене басып кетсе атайы каражаттар менен жууп, капельница же витаминдерди колдонгон оң. Тоюттун рационун ɵзгɵртʏп дарыласа болот. Адам ооруп калса да “куурулган тамак жебей тур” деп айтып калышат эмеспи. Азыр кээ бир фермерлер мына ушундай ыкмаларын карабай эле дароо антибиотик сайып коюшууда.

“Мал жайлоодон келиши менен жем бере башташ керек”

-Кɵпчʏлʏк фермерлер малга жемди кышта же жазга чыгарда гана беришет. Бул туура эмес. Малга жайлоодон келиши менен жем бере башташ керек. Ошондо гана ич майы сакталып, семиз турат. Август, сентябрь айларында кайткан малды октябрь, ноябрга чейин сыртта кармоонун кереги жок. Биздин климаттын шартында 1-октябрдан тарта уйларды сарайга байлаган туура. Мал деле адам сыяктуу жылуу жерде азыкты кɵп жеп, тамагы жакшы сиңет. Суукта турса тоютту аз жеп, арыктайт, кене, бит басат. Арыктаганда суук тийип, ичи ɵтʏп, сʏтʏ азаят.

Жылкыны узак жолго унаа менен ташыбаңыз!

-Тузду аз жегенден же суук ɵткɵндɵн улам мал жɵтɵлʏп калат. Жылкыны катуу чаап, кʏч келтиргенде же жеген тоюту чаң болуп, жем тазаланбай берилсе да жɵтɵлɵт. Негизи 50-60%ы тоюттун сапатына байланыштуу. Азыр техника жеткиликтʏʏ болуп калгандыктан тердеп турган аттарды портерлерге салып алып узак жактарга ташышат. Мындай учурда кɵп аттардын ɵпкɵсʏнɵ суук ɵтʏп калууда. Шʏгʏр, азыр элдин турмушу жакшы, бирок атка берилчʏ жемди нормасынан ашырып жиберишет. Бардыгы режимге ылайык болгону дурус. Аттын ичи ооруп, алсыз болуп калса капельница аркылуу глюкозалар берилет. Эгер тамактан ууланып же мителерден жуккан инфекциялык оорулары болсо канын тазалоо ʏчʏн капельница саябыз.

Жылдын ысык мезгилдеринде паразиттер малга сарык ооруларын кɵп жугузушат. Кээ бир адамдар мал сойгондо ɵпкɵ, боору жараксыз чыгып калса итке берип коюшат. Андагы коркунучтуу эхинококкоз курттары иттин ичинде ɵрчʏп, ит бакчаны аралаганда заңы аркылуу жашылча-жемиштерди булгашы мʏмкʏн. Абада эки саатка чейин тирʏʏ жʏрʏʏгɵ жɵндɵмдʏʏ курттун жумурткалары (тенииддер) болот. Негизи мал союлуучу жайларда жараксыз органдарды эки саат кайнатуу жолу менен ит, мышыктарга, куштарга кайра пайдаланууга беришет. Айылда мындай органдарды кɵмʏш керек. 

Дастанбек Молдыбеков, ветеринардык адис.

“Антибиотик сайылган уйдун этин 28 кʏнгɵ чейин колдонууга болбойт”

-Антибиотиктердин пайдасы, ооруп жаткан малдын батыраак айыгышына шарт тʏзсɵ, ошол эле учурда керегинен ашыкча колдонуу малдын иммунитетин тʏшʏрʏп, кайрадан абалын начарлатышы мʏмкʏн. Антибиотик сайылган уйдун этин 28 кʏнгɵ чейин колдонгонго болбойт. Сʏттʏ бир аптага чейин пайдаланууга жараксыз деп эсептелинет. Ал эми майда жандыктардан кой, эчкинин эти 21 кʏнгɵ чейин, сʏтʏ бир аптага чейин колдонулбайт. Дарыларды ветврачтын кɵзɵмɵлʏ менен ɵлчɵмʏнɵн ашырбай берʏʏнʏ сунуштар элем. Мисалы, окситетрациклин тобундагы 1 миллиграмм антибиотик 10 килограмм тирʏʏ салмакка сайылат. Негизи эки ирет берилип, кайталоосу 72 сааттан кийин болот. Эгер 300-400 килограмм чыга турган уйлар болсо, аларга 20 граммдан ашык антибиотик сайганга болбойт. Майда жандыктарга 5 граммдан ашырбоо керек.  

Айжылдыз Тойчиева