8 сентября, 2024

“Олимпиадага окуучуну ар бир мугалим эле даярдай албайт”

Ɵсʏп келе жаткан муун ɵлкɵнʏн келечеги. Ɵлкɵнʏ жакшы жактан дʏйнɵгɵ тааныта тургандар да жаштар. Жакында борбор калаада болуп ɵткɵн мектеп окуучулары арасындагы  республикалык олимпиадада Ош шаарынан барган окуучулар ийгилик жаратып кайтышты.  Алдыңкы орунду алгандар: орус тили жана адабиятынан  №20 И.Раззаков атындагы мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Турдуева Айназик 3-орунга ээ болду, мугалими Де Ольга Николаевна. Олимп мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Жалалдинов Рамазан математикадан 3-орунду ээледи, мугалими Золотарева Татьяна Анатольевна. Курманжан Датка атындагы  Ош лицейинин 10-классынын окуучусу  Казканова Каныкей тарых сабагынан 1-орунду камсыздады, мугалими Ойчиева Элвира Сатыбалдыевна. «Силк Роуд Эдюкейшн» эл аралык мектебинин 11-классынын окуучусу Мамытова Бʏзейнеп англис тилинен 3-орунду ээледи, мугалими Таштемирова Назира Садирбековна. Ал эми олжолуу  кайткан эки окуучу мугалимдери менен бирге таасирлери менен бɵлʏшʏштʏ.

Миргʏл Жаңыбаева, Олимп мектеп-гимназиясынын математика мугалими:

“Олимпиадага даярдык кɵп убакытты талап кылат”

-Эжеке, окуучуну олимпиаданын деңгээлине жеткирʏʏ ʏчʏн мугалимде кандай рычагдар болсо жетиштʏʏ деп ойлойсуз, мугалимден кɵбʏрɵɵк кɵз карандыбы же окуучу таланттуу болушу керекпи?

-Олимпиадада 1-2-3-орундарды камсыз кылуу бул аябай кɵп эмгекти талап кылат. Окуучу ийгилик жаратуусу ʏчʏн мугалимден да, ошол эле учурда окуучудан да кɵз каранды. Окуучу таланттуу болушу керек. Албетте, бул менин жеке пикирим, муну кимдир бирɵɵгɵ таңуулай албайм. Анан талыкпаган эмгек менен окуучуну даярдоо керек. Олимпиадага даярдык эмгек менен биргеликте кɵп убакытты да талап кылат. Мисалы, биз октябрь айынан бери 4-этапка чейин окуучум Исабек менен ар кʏнʏ даярдандык. Мындан сырткары, Исабек ɵз алдынча дагы даярданды, иштеди, кɵптɵгɵн китептерди окуп чыкты. Мурунку жылдардагы олимпиаданын материалдарын чыгарып алып даярдандык, ошонун негизинде анан Исабек 1-орунду камсыздады.

Олимпиада 4 баскыч менен ɵттʏ, 1-баскыч бул тандоо, ал жерден да балдарга суроолор оңой болгон жок. Шаардык 2-3-баскычтарда Исабек дайыма 1-2-орундарда жʏрдʏ. Ошон ʏчʏн республикалык олимпиадада окуучум 1-2-3-орундардын бирине сɵзсʏз татыктуу болсо керек деп ишенимдʏʏ ойлоп жʏрдʏм. Анан республикалык 4-этаптын жʏрʏшʏндɵ биз атайын шилтеме аркылуу окуучулардын сынак тапшырып жатканын онлайн аркылуу кɵрʏп турдук, буга ата-энелер да кʏбɵ болушту. Балдардын билим деңгээли, жооптор дароо илинди. Балдар ɵздɵрʏ кайсыл суроого кандай жооп бергенин, кандай балл алганын билип турушту. Алгачкы кʏнʏ Исабектин баллы бир аз азыраак болду. Бирок экинчи кʏнʏ максималдуу упай менен 1-орунга жетишти.

-Педагог катары баланын бир гана ушул сабакка жɵндɵмдʏʏ экенин кантип билсе болот? Адатта бардык сабактан жакшы окуган окуучуну кɵп мугалим талашат эмеспи.

-Балдар негизи гуманитардык сабактарга, анан так илимдерге жɵндɵмдʏʏ болуп бɵлʏнɵт. Исабек бардык сабактан жакшы окуйт. Бирок математика, физика ɵңдʏʏ так илимдерге аябай таланттуу, жɵндɵмдʏʏ бала. Физика мугалими экɵɵбʏз Исабекти талаштык. Олимпиадада физикада кандай болот, математикада кандай болот тʏшʏндʏрʏп жардам бердим десем болот. Физика бир гана тест тʏрʏндɵ эмес, ал жерде эсеп чыгаруу керек, практикалык бɵлʏгʏ дагы болот, математиканы тандаса Исабекте республикалык олипиадада жеңишке жетʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏгʏ кɵбʏрɵɵк болчу. Исабек ɵзʏ да буга ынанды.

Исабек Сатимбаев, Олимп мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучусу, математика боюнча республикалык олимпиаданын жеңʏʏчʏсʏ:

-Исабек, жеңишиң кут болсун, олимпиаданын жʏрʏшʏ, деңгээли боюнча айта кетсең, сен кʏткɵндɵй жогору болдубу же ушундай элеби дегендей таасир калтырдыбы?

-Рахмат. Азыр дал ушул суроо боюнча ойлонуп отурдум эле, сиз да ушул суроону берип калдыңыз. Ооба, ураа жеңдим деп аябай кубанып, асманда жʏрдʏм. Анан бизди сыйлоо аземи болду. Белекке деп кол саат менен диплом берилди. Мен кʏздɵн бери даярданганым ушул саат менен дипломго эле татыдыбы деген ой келди, биринчи кезекте. Анан республикага чыккан, чыкпаган, орунга илешпей калган балдарды ойлоп калдым. Алар да мага окшоп тытынып окуп, кʏн-тʏн даярданып, аракет кылып, орунга илешпей, алтургай диплом да алган жок, эч нерсе алган жок, аларды да ойлоп ыңгайсыз болдум.

-Келечекте ким болгуң келет?

-Бул суроо мен ʏчʏн азыр актуалдуу, анан жооп берʏʏ кыйын болгон суроо. Чынын айтсам, ким болом аны чече элекмин. Ɵзʏм бул боюнча ойлонуп жʏргɵн кезим. Азырынча кесип тандай элекмин.

Нургʏл Тайыр кызы, Олимп мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими:

“1-орунга 1 упай гана жетпей калдык”

— Окуучу олимпиададан ийгилик жаратуусу ʏчʏн заманбап мугалимге эмне жетишпей жатат деп ойлойсуз?

-Окуучуларды олимпиадага акыркы 5 жылдан бери даярдап келем. Буга чейин менчик мектептерде да иштеп тажрыйба топтоп келгемин. Ал жактан да республикага окуучуларым чыккан. Ɵткɵн жылы даярдаган окуучум да 2-орунга татыктуу болгон. Быйылкы жылдагы окуучум дагы 2-орунга илинди. Бул албетте, мен ʏчʏн чоң сыймык.

Олимпиадага окуучуну ар бир экинчи мугалим эле даярдай албайт. Мунун бир аз этаптары бɵлɵк болот. Негизинен олимпиада акыркы 5 жылда абдан бир чынчыл, окуучулар арасында билимдʏʏлɵрʏнʏн гана билимдʏʏлɵрʏн элеп алган, суроолору да кесипкɵйлʏк деңгээлде, эч бир кынтыксыз тʏзʏлгɵн деп ойлойм. Ал эми жалпы кыргыз тили тууралуу айта турган болсом республика боюнча 7 облус, 2 шаардан 1-2-орундарды алганда 18 окуучу катышты. 18 окуучунун арасында менин окуучум 9-класстар арасында 2-орунду алуу абдан жакшы кɵрсɵткʏч. 1-орунга 1 упай гана жетпей калдык. Негизи окуучу 9-класс болгону менен суроолор  9-класстын гана материалдарынан берилбейт, кээде чоң класстын да суроолору келип калат. Негизинен алганда жыйынтыкка нааразы эмеспиз. 

Мээрим Ботоева, Олимп мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучусу, кыргыз тили жана адабияты боюнча республикалык олимпиададан 2-орунду камсыздаган:

“Кийинки жылы да олимпиадага катышайын деп тилек кылдым”

-Мээрим, жеңиш кут болсун. Республикалык олимпиадага биринчи ирет катышып жатасыңбы, кандай сезимдер коштоду?

-Чоң рахмат. Мен республикалык олимпиадага биринчи ирет катыштым. Олимпиада менин жашоомдо чоң кадам, зор тажрыйба болду. Катышкан ар бир окуучуну ар тʏрдʏʏ сезимдер, эмоциялар коштоп турду деп ойлойм. Негизи окуу жылынын башында кыргыз тилинен олимпиадага катышам, республикалык турга ɵтɵм деген ойлор жок болчу. Бизге Нургʏл эжеке сабак ɵтʏп баштаган кезден мага бул тууралуу сунуш кылды, “республикага ɵтʏʏгɵ сенде мʏмкʏнчʏлʏк бар” деп дем берди, ɵзʏмɵ болгон ишенимди арттырды. Мен да ошол нерседен кийин ойлонуп, даярдана баштадым. Олимпиадада окуучу эле таланттуу болбостон мугалим да таланттуу, кʏчтʏʏ болуш керек деп ойлойм. Анткени, сага туура жол кɵрсɵтɵ турган мугалим. Кантип даярданат, кандай суроолор болот, бʏт баарын эжекем ʏйрɵтʏп, мага багыт берди. Ошол багыт аркылуу ийгиликке жеттим.

Республикадан мен деген кыйын окуучулар келди. Ошолордун арасында менин да болгонум менен сыймыктандым. Республикалык болгон ʏчʏн суроолор бир аз татаал да болду. Биринчи жолу катышып ушундай жетишкендикке жетʏʏ жакшы эле мʏмкʏнчʏлʏк деп ойлойм. Кɵп адамдар менен тааныштым, тажрыйба топтодум. Кийинки жылы да республикага олимпиадага келейин деп тилек кылдым.

Элира Чынтемир кызы