18 октября, 2024

“ДЕТАЛДЫК ПЛАНДОО ИШКЕ АШСА КАЛК YЧYН ЖАКШЫ  ШАРТТАР ТYЗYЛƟТ”

Ош шаарынын 2015-2025-жылга карай башкы планы  2016-жылы 29-мартта Кыргыз Республикасынын ɵкмɵтʏнʏн №160 токтому менен бекитилген. Долбоорго жергиликтʏʏ бюджеттен 11 млн. 450 миң сом, ɵкмɵткɵ караштуу турак жай коммуналдык чарбасы тарабынан 1 миллион сом бɵлʏнʏп, биринчи этабы толугу менен аягына чыгып, чек аралар такталган. Ал эми экинчиси деталдык пландоо маселеси, бʏгʏнкʏ кʏндɵ шаардын 3,5 гектар аймагын камтыган деталдык пландоо долбоору аягына чыгып, 10-апрелге чейин коомдук талкууга коюлду. Жарандар Ош шаарынын мэриясынын, шаардык Кеңештин, регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын сайттарынан деталдык пландоо боюнча маалымат алып, суроо-сунуштарын билдирсе болот.

ДОЛБООР БОЮНЧА

Иштелип чыккан деталдык пландоо долбоору Ош шаарынын борбордук бɵлʏгʏнʏн 3500 гектар аянтын камтыйт, анда шаардын перспективалык кеңейʏʏсʏнʏн чек аралары чагылдырылган.

Перспективада калктын саны – 360 800 адамга ылайыкташырылып эсептелген.

3500 гектарды тʏзгɵн борбордук бɵлʏктʏн чек арасы тɵмɵндɵгʏ кɵчɵлɵр менен чектешет: Кɵкʏмбий, Батыш долбоорлонуучу кɵчɵ, Курманжан Датка, Касымбеков, И.Раззаков, Авиценна, Ак-Тепе каналы, батыш долбоорлонуучу кɵчɵлɵр, Памир, “Ош-Пансионаты”, Увам каналы, Н.Исанов, Ак-Буура дарыясы, Сʏйʏнбаев, №43 тʏштʏк-батыш кɵчɵсʏ, А.Мамыров, Б.Осмонов жана батыш долбоорлонуучу кɵчɵлɵрʏ.

Долбоордо шаардын борбордук бɵлʏгʏ 7 турак жай аймактарына бɵлʏнгɵн, алар: “С”, “СЗ”, “СВ”, “ЮЗ”, “В”, “Ю”, “З”.

Мирланбек Казыбай уулу, Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын аналитика бɵлʏмʏнʏн башчысы:

“ЖАРАНДАР ЖАШАГАН АЙМАГЫНДА КЕЛЕЧЕКТЕ ЭМНЕЛЕР КАРАЛГАНЫН КƟРƟ АЛАТ”

-Башкы пландын экинчи пункттунда шаардык мэрияга кызыктар тараптар менен биргеликте деталдык пландоо долбоорунун чек арасын аныктоо тапшырмасы коюлган. Бул багытта 2018-2019-жылдары катуу иш жʏрдʏ. Шаардын ɵзʏ 18 миң 255 гектар жер болсо, анын   3,5 миң гектар жерине гана деталдык пландоо долбоорун иштеп жатабыз. Бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин ага 20 миллиондон ашык каражат жумшалды. 2019-жылы деталдык пландоо долбоору боюнча 2019-жылы 2-апрелде №104 токтому менен мэриянын алдында тиешелʏʏ кызматтар, союз архитектура, кɵз карандысыз эксперттер менен биргеликте комиссия тʏзʏлгɵн. Мунун иш аткаруучусу — Мамлекеттик долбоорлоо институту. Мекеме башкы план, деталдык пландоо иштерине да жоопкерчилик алган ɵлкɵдɵгʏ жалгыз ишкана. Долбоордо шаардын борбордук бɵлʏгʏн жети аймакка бɵлгɵнбʏз. Жети аймакта бʏгʏнкʏ кʏндɵ деталдык пландоо долбоору  толугу менен аягына чыгып, 10-февралдан 10-апрелге чейин коомдук талкууга коюлган. Долбоор мэриянын, шаардык Кеңештин, шаардык архитектуранын сайтында турат. Жарандар аны кɵчʏрʏп алып, ɵзʏ жашаган аймакты кɵрʏп, келечекте аймакка эмнелер каралганын кɵрɵ алат.

Мындан сырткары калктын суроолоруна жооп берʏʏ максатында ОшТВда тʏз эфир дагы уюштурулду. Муну менен токтоп калбай, элге маалымат толук жетʏʏсʏ ʏчʏн муниципалдык аймактык башкармалыктардын тургундары менен да жолугушууларды ɵткɵрдʏк. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ жарандардан 20дан ашык сунуштар келди. Биз алардын баарын жалпылап  мамлекеттик долборлоо институтуна беребиз. Алар сунуштарды карап чыгып, канчасы аткарылат, канчасы аткарылбай турганы тууралуу негиздеп, тʏшʏндʏрʏп ɵз жоопторун беришет. Мисалы, план боюнча жолду кеңейтʏʏдɵ ошол жердеги жарандын ʏйʏ алынуусу керек болсо, анда ал жер кɵз карандысыз баалоочулар менен биргеликте баасы чечилип, жаранга бюджеттен компенсация тɵлɵнʏп берилет.   Азырынча кызыл сызыкка чыгып, жашыл зонага кирип калгандар жашай берсе болот, бирок ʏйʏн бузуп эки кабат же ʏч кабат кылат элем десе болбойт. Анткени бʏгʏн уруксат берип койсок, эртең снос иштерине келгенде тʏшʏнбɵстʏктɵр болуусу мʏмкʏн. Анткен менен азыр деле тʏшʏнбɵстʏктɵн улам “ʏй курайын десем архитектура уруксат бербей жатат,  сотко берем” дегендер болууда.

Долбоор 10-апрелге чейин коомдук талкууда турат. Андыктан жарандар кандай маселе болбосун, Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына барса, карталар илинʏʏ, атайын адистер кенен тʏшʏндʏрʏп беришет. Каршы пикирлер же сунуштар болсо, кагаз жʏзʏндɵ калтырып кетсе болот.

БАШКЫ ПЛАН КАЧАН ИШКЕ АШАТ?

Башкы план 2025-жылга чейин кабыл алынган. Андан кийин ушул эле долбоорго алымча-кошумча болуп турат, бирок анчейин чоң ɵзгɵрʏʏ болбойт. Качан гана мэриянын каражаты болуп, жолдорду кеңейтʏʏ маселелери кɵтɵрʏлгɵндɵ сʏрдʏрʏлɵ турчу курулуштарды эсептеп чыгабыз. Жолду кеңейтʏʏдɵ нормаларга ылайык, вело жол, тротуар, жолдун кенендиги бʏт эске алынат. Шаар дегенден кийин шаардай болуусу кажет. Бирок, ошол эле учурда шаардын 3000 жылдык тарыхы болгондуктан, ал жагы да эске алынып, баарын эле бузуп, ɵзгɵртпɵстɵн, тарыхый жайларды сактап калуу менен деталдык пландоо иштелип чыкты.

Коомдук талкуу бʏткɵндɵн кийин сунуштардын баары эске алынып, каралып чыккандан соң тиешелʏʏ адистер келип, калкка кеңири презентациялашат. Ага бардыгы макул болуп, шаардын ɵнʏгʏʏсʏ ʏчʏн макул болушса, долбоорду шаардык Кеңешке алып чыгабыз. Депутаттар бекитип бергенден кийин мэрия токтом чыгарып, архитектурага берилет. Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы андан ары долбоорго ылайык иш алып барып, курулуштарга уруксат берет. Эгерде маселелер жаралбай, иш жакшы жʏрсɵ, май айында долбоорду кабыл алсак болот.

Эсенбек Арзиев, Ош шаардык Кеңешинин депутаты:

“МИНИМАЛДУУ СYРДYРYY ИШТЕРИН ЖYРГYЗYYГƟ АРАКЕТ ЖАСАЛДЫ”

-Шаардык Кеңеш башкы планды ишке ашырууда ɵз колдоосун кɵрсɵтʏп, талап кылынган каражаттарды бɵлʏп келет. Деталдык пландоо долбоорун ишке ашырууда да тыгыз иш алып барып, коомдук угууга, эл менен жолугушууга чыгып келдик. Долбоор боюнча калк тарабынан негизинен жакшы пикирлер кɵп айтылууда. Анын ичинде жер ʏйлɵрдʏн жашоочулары нааразычылыктарын айтып, алардын ордуна кɵп кабаттуу турак ʏйлɵрдʏн курулушуна каршылыктарын билдиришти. Кээ бир кооптуу жерлерди жашыл аймакка айлантууга макул болбогондор да бар. Бирок, жарандарды деле тʏшʏнсɵ болот, жашаган ʏйʏн, жерин которгусу келбейт. Анткен менен 200-300 адамдын кызыкчылыгы ʏчʏн жарым миллион адамдын кызыкчылыгын артка таштай албайбыз. Ошентсе да минималдуу сʏрдʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏʏгɵ аракет жасалды. Шаар ичинде жолдорду кеңейтʏʏдɵ, адамдар эс алуучу жайларды курганы да жерибиз дээрлик жок, сɵзсʏз тʏрдɵ сʏрдʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏʏгɵ туура келет.

Максатбек Маматкулов, Ош шаардык Кеңешинин депутаты:

“ДОЛБООР ИШКЕ АШСА ШААРЫБЫЗ ОҢОЛОТ, КАЛК YЧYН ЖАКШЫ ШАРТТАР ТYЗYЛƟТ”

-Шаардын деталдык пландоо долбоору абдан жакшы иштелип чыкты десем жаңылышпайм. Бирок, ошол эле учурда долбоорго каршы объекттер курулуп жатат. Биз жолдорду кеңейтип жатабыз, анткен менен айрым жерлерде курулуштарга уруксат берилип, ʏйлɵр тʏшʏʏдɵ. Эртеңки кʏнʏ аларга компенсация тɵлɵп берʏʏ маселеси келип чыкканда шаардын бюджетине оор келет. Андыктан, бул маселелерди азыртан карап, кɵңʏл буруу керек деп эсептейм.  Долбоор ишке ашса шаарыбыз бир топ оңолот, калк ʏчʏн да жакшы шарттар тʏзʏлɵт. Биз Сулайман-Тоо шаардын бардык тарабынан кɵрʏнʏп, айланасында кеңдиги 80 метр болгон жол курулуусу керек деген сунуштарды киргизгенбиз. Андан сырткары жашыл эс алуу жайларына, бала бакча, ишканаларды жана башка объекттерди курууга сунуштарды бергенбиз.

Жумагʏл  Кочкорбай кызы