27 июля, 2024

35 БАЛА БАКЧАНЫ МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИККЕ КАЙТАРУУ АРАКЕТИ ЖYРYYДƟ

Адамдын мээси 90% 60 жашка чейин калыптанат. Мектепке чейинки куракта баланын ɵнʏгʏʏсʏнɵ салым болсо, келечекте ал бала билимдʏʏ, ийгиликтʏʏ болорун изилдɵɵчʏлɵр далилдешкен. Дал ушул мезгилдеги салым бой жеткен курактагыга караганда 16 эсеге кɵп ɵзʏн актайт дешет адистер. Кыргызстанда 7 жашка чейинки балдардын саны 1 млн. 118 миңди тʏзɵт. Алардын 24% гана бала бакчага барат. Ал эми Ошто бала бакча менен камсыз болгондор 36% . Жергиликтʏʏ бийлик балдарды толук кандуу бала бакча менен камсыз кылуу ʏчʏн 120 орундуу 100 бала бакча куруусу керек. Азыркы учурда жергиликтʏʏ бийлик кезинде жеке менчикке же башка багытка ɵтʏп кеткен бала бакчаларды баланска кайтаруу аракетин кɵрʏʏдɵ. Акыркы тизме боюнча 35 бала бакча аныкталып, биринчи этапта алардын 20сын кайтарып алуу аракети жʏрʏʏдɵ. 

Салман Назылбеков, Ош шаардык Кеңештин тɵрагасы:

“ЖЕКЕ МЕНЧИККЕ ƟТКƟНДƟРДYН БААРЫ МЫЙЗАМСЫЗ САТЫЛЫПТЫР”

-Жеке менчикке ɵтʏп кеткен балдар бакчаларды кайра кайтаруу же ɵз багытында иштɵɵсʏн шарттоо менен шаардык Кеңеш иш алып барып жатканына бир жылдан ашты. Бул боюнча 1992- жана 1995-жылдары чыккан президенттин атайын Жарлыгы бар. 1992-жылы чыккан Жарлыкта социалдык обьекттер эч качан сатылбасын деп кɵрсɵтʏлгɵн. Ал эми 1995-жылдагы Жарлыкта, эгерде социалдык обьекттер жеке тараптарга ɵтʏп кетсе дагы ɵзʏнʏн багытында иштесин деген талап коюлган. Талапка ылайык иштетилбесе токтоосуз мамлекетке, жергиликтʏʏ бийликке кайтарылып берилʏʏсʏ керектиги да кɵрсɵтʏлгɵн. Аталган эки Жарлык тең бʏгʏнкʏ кʏндɵ ɵз кʏчʏндɵ. Бирок, аны да кɵзгɵ илбей, 1990-жылдан 2004-жылга чейин жарандар балдарын балдар бакчаларына бере албай, кɵпчʏлʏк мектепке чейинки билим берʏʏ жайлары бош калган мезгилде мамлекеттик мʏлк фонду, мэрия ɵздɵрʏнʏн токтомдору менен балдар бакчаларын башка багытка же жеке менчикке ɵткɵрʏп бере беришкен. Жеке менчикке сатылып кеткендерди текшерсек, баары эле мыйзамсыз сатылыптыр. Кээ бирлеринде ʏйлɵр курулуп жарандар жашап жаткандары да бар. Ɵз багытында бир дагы обьект иштебейт. Мунун негизинде 2022-жылдын башынан баштап, ɵзʏмдʏн кɵзɵмɵлʏмɵ алып, шаардык Кеңеш кирише баштадык. Алардын бири СМУТТ районунда 89 сотых жери менен чоң балдар бакчасы, анын категориясын ɵндʏрʏштʏк багытта ɵзгɵртʏп, сатып жиберишкен. Категориясын шаардык Кеңеш же жогорку тарап ɵзгɵртʏшʏ керек эле, бирок андай болбостон, ортодо документтер жасалып, багыты ɵзгɵрʏп кеткен. Мына ошондой жагдайлар изилденип, жергиликтʏʏ элдин арызынын негизинде сотко бергенбиз. Азыр бул иш сотто турат. Мындай балдар бакчалары кɵп.

“БИР БАКЧАНЫ КАЙТАРСАК ДАГЫ ЧОҢ ЖЕТИШКЕНДИК”

Эки-ʏч жолу депутаттык комиссия атайын рейд жʏргʏзʏп, башка жакка ɵтʏп кеткен объекттерге барып, ɵз багытында иштетʏʏсʏн, болбосо муниципалдык менчикке кайтарып берʏʏсʏн айтып, тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп келдик. Буюрса, алдыңкы кʏндɵрдɵ дагы рейд болот.

Ɵткɵн жылы мэрияга балдар бакчаларын кайтарып алуу боюнча шаардык Кеңеш токтом да чыгарып берген. Кээ бир объекттерди  колдонуп жаткан тараптар деле сатып алган эмес. Мисалы, ошол эле университеттер колдонуп келе жаткан балдар бакчалары бар.

Ал эми жеке тараптарга ɵтʏп кеткендерди кайтарууда аябай кɵп кɵйгɵйлɵр жаралары анык. Буга президент же ɵкмɵттʏнбʏ ʏчʏнчʏ жолу чечими чыгып эле, ошонун негизинде кайтарылбаса, жеке менчикке ɵткɵн жерлер менен сот иши бʏткʏчɵ бир муун ɵтʏп кетет. Бʏгʏн шаарда балдар бакчасынын кɵйгɵйʏ кʏндɵн-кʏнгɵ ɵсʏʏдɵ, калк кɵбɵйʏп жатат. Кɵпчʏлʏк жарандарыбыздын жеке менчик балдар бакчасына бергени каражаты жок. Маселен, мамлекеттик кызматта иштегендер айлыгынын жарымын эле балдар бакчасына берʏʏгɵ туура келет. Жеке менчик бакчаларда бир бала ʏчʏн кеминде 8-10 миң сомдон жогору. Мамлекеттик мекемелерде болсо орун жетишсиз. Электрондук кезек деген бар, кезеги келгиче балдар 3-4-класска барып калат экен.

Союз мезгилинде курулган мектепке чейинки билим берʏʏчʏ жайлардын баары типтʏʏ долбоор менен курулган обьекттер. Миң балага чейин жайгаштырса боло турчу имараттарды кɵрдʏк. Колубуздан келишинче тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏʏгɵ аракет кылуудабыз. Туура эмес кабыл алышып, терс пикирлерин айтып, орой мамиле кылгандар, ар жактан телефон чалгандар болууда. Бирок, эч кандай таасирлерге карабай, депутаттар балдар бакчалары ʏчʏн болгон аракетибизди кɵрɵбʏз. Бир бакчаны кайтарсак дагы чоң жетишкендик.

Акыркы бизге келген маалыматтар боюнча кээ бир мекемелер багытын ɵзгɵртʏʏгɵ аракетин баштаптыр. Бул дагы жакшы жетишкендик. Манас-Ата кичи районунда да чоң балдар бакчалары болгон экен. Азыр ошондой миң балага ылайык, бир гектардан ашык жери менен бакча куруу ʏчʏн 500 млн. сомдон ашык каражат талап кылынуусу мʏмкʏн. Жок дегенде 10 обьектти кайтарып алсак да, шаардык бюджетте 5-6 млрд. сом ʏнɵм болмок. Ушул тапта элдин арызынын негизинде ʏч обьекттин иши сотто турат.

Бишкек сыяктуу эле балдар бакчасы, мектеп жетишсиздиги кɵйгɵйʏ Ошто да кʏч. Маселени чечʏʏгɵ жергиликтʏʏ бюджеттин ɵзʏнʏн чама-чаркы жетпейт, же республикалык бюджеттен колдоо кɵрсɵтʏлʏʏсʏ керек, же менчикке ɵтʏп, башка багытка берилип кеткен балдар бакчаларын кайтарууга жардам берʏʏсʏ керек. Шаардык Кеңештин кʏчʏ менен чечʏʏ кыйын болууда.

Мирланбек Казыбай уулу, Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын аналитика бɵлʏмʏнʏн башчысы:

“20 ОБЪЕКТИ КАЙТАРЫП АЛУУ YЧYН СУНУШ КАТ ЖИБЕРГЕНБИЗ”

-Жалпы 40тан ашык мамлекеттик жана жеке менчикке берилип кеткен балдар бакчаларды муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча иштер колго алына баштаган. Азыркы кʏндɵ мамлекеттик баланстагы балдар бакчалар 20ны тʏзɵт. Бул боюнча шаардык Кеңештен ɵткɵн жылдын 27-декабрында №106 токтому менен макулдук алганбыз. Мыйзам боюнча мамлекеттик баланстан муниципалдык баланска алуу ʏчʏн талапка ылайык, алгач Жогорку Кеңештен инвентаризацияланып, андан кийин шаардык Кеңештин макулдугу менен мамлекеттик мʏлк фонду аркылуу Министрлер Кабинетинин токтому чыгарылуусу керек. Биз токтом чыгаруу боюнча 6-мартта шаардык Кеңештин макулдугу менен 20 социалдык объектти кайтарып алуу ʏчʏн сунуш кат жибергенбиз. Буга чейин Акылбек Жапаров  балдар бакчаларга ээлик кылгандарга ʏч ай мɵɵнɵт берген. Белгиленген мɵɵнɵттɵ объектти ɵзʏнʏн профилине ылайык, балдар бакча катары иштетпесе, анда Билим берʏʏ министрлигине баланска алуу боюнча тапшырма берилген. Ага ылайык, Экономика министрлигинин алдында атайын жумушчу комиссия тʏзʏлʏп, иш алып барууда.

 “АЙРЫМ ЖЕРЛЕР АДАМДАРДЫН ТУРАК YЙYНƟ АЙЛАНГАН”

-Мамлекеттик баланста турган бала бакчалардын ичинде шаардык ички иштер башкармалыгы, Ош мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик педагогикалык университети, Жусуп Баласагын атындагы университети, медициналык колледждер, тери оорулары боюнча оорукана, онкологиялык борбордун карамагындагы объекттер бар. Министрлер Кабинети тизмедеги 20 обьект кайтарылсын деп токтом чыгарып берсе, анын негизинде муниципалдык менчикке алынып, бала бакча ачылат. Маселен, жогоруда аталган ооруканаларга имарат эле керек, балдар бакчага нормаларга ылайык, балдар ойноого ылайыкташкан кенен жер керек. Андай имараттар бар, алмашуулар боюнча сʏйлɵшʏʏлɵр да болот. Бирок, биринчи кезекте Министрлер Кабинетинин токтому чыгуусу керек. 

Ал эми жеке менчикке ɵтʏп кеткен объекттердин саны акыркы тизме боюнча 15. Алар ɵз учурунда балдар бакчасы болгон, бирок кандайдыр бир жолдор аркылуу жеке менчикке берилип кеткен. Комиссия тактап, жеринен барып кɵрʏп келʏʏдɵбʏз. Айрым жерлерде чын эле адамдар ʏй кылып жашап жатышат. Бул боюнча комиссия иштеп, мамлекеттик “Кадастр” кызматы менен бардык документтерин карайбыз да, эгерде мыйзам жол берсе сотко кайрылабыз. Мында сотко биринчи кезекте шаардык Кеңеш берет. Себеби учурунда мэриянын токтому менен берилип кеткен балдар бакчалары дагы бар. Мэрия ɵзʏнʏн токтомун ɵзʏ жокко чыгара албагандыктан, шаардык Кеңеш, муниципалдык менчик башкармалык жана мэриянын юристи аркылуу ʏч тараптуу сотко доо арыз берилет.

“ШААРДА МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ 64% БАЛА БАЛДАР БАКЧАСЫНА БАРБАЙТ”

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ шаардык билим берʏʏ башкармалыгынын маалыматы боюнча мектепке чейинки курактагы балдардын 36% гана балдар бакчасы менен камсыз болгон. Ал эми 64%ы балдар  бакчасына барбайт. Мунун негизги себеби бала бакчалардын жетишсиздиги болсо, экинчиси туруктуу жумуш орун жоктугу. Эгерде биз толук кандуу 100% бала бакча менен камсыз кылабыз десек, 120 орундуу 100 бала бакча курушубуз керек. Азыр бир бала бакча 30 млн. сом акча каражатына бʏтɵт. 100 бала бакча курууга 3 млрд. сом каражат керектелет. Бул деле анчейин маселе эмес, каражат болсо дагы бала бакчага ылайык шаар ичинде жер жок. Жерди сатып ала турган болсок, шаардын ортосундагы жерлердин баасы асманды чапчыйт. Ошондуктан, биз мурда бала бакча болгон объекттерди биринчи этапта кайтарып алсак, бир топ эле маселе жеңилдемек. Барган сайын шаарда калктын саны ɵсʏʏдɵ. Ага ылайык, балдар бакчаларына ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурулуусу керек.

Жумагʏл Кочкорбай кызы