27 июля, 2024

“АСФАЛЬТ ЗАВОД КУРУЛСА,  ЭҢ КОРРУПЦИЯЛУУ ЖАЙ БОЛОТ”

30-мартта шаардык Кеңештин кезектеги XVII сессиясы ɵтʏп, анда Ош шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык ɵнʏктʏрʏʏ программасы бекитилди. Мындан сырткары кʏн тартибине жалпы 11 маселе коюлду.

«БЫЙЫЛ ТАЗА СУУ МАСЕЛЕСИ ЧЕЧИЛЕТ»

“Улуу Жибек жолун жандандыралы” аталышындагы Ош шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык ɵнʏктʏрʏʏ программасын кабыл алуудагы талкууда депутат Эмилбек Раимов шаардын орчундуу кɵйгɵйлɵрʏнʏн бири болгон таза суу маселесин кɵтɵрʏп, качан чечилерине кызыкты:

-Жаз келип, таза суу боюнча маселе эми башталат. Буга чейин бир канча акчалар бɵлʏнгɵн, бирок иш жʏргɵн жок. Бул маселени быйылкы жылы чечʏʏ планыңызда барбы? Ишенимдʏʏ тʏрдɵ айта аласызбы?

Калаа башчысы Бакытбек Жетигенов таза суу боюнча иштер жʏрʏп жатканын, кʏзгɵ барып маселе чечилерин билдирди:

-Таза суу боюнча быйыл маселе чечилет. Азыр скважиналар менен жумуш жʏрʏʏдɵ. Орозо айынын аягына чейин ал иш да бʏткɵрʏлɵт. Жакын арада маселенин 60%ы чечилет десек болот. Ал эми жайында тɵрт суу кампа (резервуар) курулат. Ага 210 млн. сом бɵлʏндʏ. Буюрса, кʏзгɵ барып таза суу маселеси чечилет.

“ТОКТОГУЛ, НАВОИ АТЫНДАГЫ ЭС АЛУУ ЖАЙЛАРЫНДА МЕНЧИККЕ ƟТYП КЕТКЕН ЖЕРЛЕР БАР”

Ал эми депутат Болот Баетов шаардагы мыйзамсыз ɵтʏп кеткен объекттери кайтаруу иштери кандай жʏрʏп жаткандыгына токтолуп, А.Масалиев кɵчɵсʏндɵ жайгашкан «Капитал банктын» мыйзамдуу, мыйзамсыз экенин сурады:

-Мамлекетте мыйзамсыз ɵтʏп кеткен объекттерди кайра элге кайтарабыз деген чоң амбициалдуу иштер жʏрʏʏдɵ. Сиздин программаңызда да бул маселелер каралганбы? Анан шаар куруу жана архитектура башкармалыгына, муниципалдык менчик башкармалыгына суроо: «Капитал Банк»мыйзамдуубу?

Алтынбек Токошев, шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы:

-«Капитал банк» боюнча кɵп жерде тʏшʏнбɵстʏк болууда. Муну архитектура-курулуш кɵзɵмɵл башкармалыгына убагында 4-5 жыл мурун ɵткɵрʏп бергенбиз. Бул обьект мыйзамсыз, тиешелʏʏ документтери жок.

Канышай Имарова,  муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы:

-«Капитал банк» бʏгʏнкʏ кʏндɵ ижара акысын тɵлɵп келет. Ал эми сноско 300 чарчы метр жердин жарымы кирген. Азыркы учурда келишимдери бар, буга чейин комиссиядан ɵтʏшкɵн. Негизи мыйзамсыз, муниципалдык жерге уруксаты жок курулуштарды куруп алган.

Ага улай эле депутат “Токтогул, Алишер Навои атындагы эс алуу багынын ичинде жеке менчикке ɵтʏп кеткен жерлер барбы?” деген суроосун узатты. Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси билдиргендей, аталган эки жайда тең менчикке ɵтʏп кеткен жерлер бар. Ушул тапта Токтогул эс алуу багындагы “Бар дым” деп аталган кафенин жерин муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча иштер жʏрʏп жаткандыгын кошумчалады. 

Мыйзамсыз курулуштардын алдында мыйзам алсыз болуп жатканын тɵрага Салман Назылбеков мыйзамсыз курулуштар боюнча рейдде бир катар мыйзамсыз обьекттер аныкталганын айтты:

-Биздин мыйзамдар мыйзамсыз курулуштардын алдында алсыз болуп калууда. Бул боюнча кʏчтʏʏрɵɵк мыйзам кабыл албасак, токтогудай эмес. Кечээ кʏнʏ Масалиев жана Шакиров кɵчɵлɵрʏнɵ болгон рейдде депутаттар бир кагазы жок курулуштарга кʏбɵ болдук. Аларды сʏрʏп салганы кызматкерлердин укугу жок. Тиешелʏʏ тараптар текшерип, колдон-колго ɵтʏп, сʏрдʏрʏп таштоого чечим чыгарганга чейин курулуш аягына чыгып, тургундарга сатылып же ишмердʏʏлʏгʏн баштап калат экен. Ошондуктан, бул жаатта кʏчтʏʏ мыйзам керек.   

“45 КОСМЕТОЛОГИЯЛЫК САЛОНДУН ТУУРА ЭМЕС ХИДЖАМА КЫЛГАНЫ АНЫКТАЛДЫ”

Сессиянын жʏрʏшʏндɵ депутат Арстанбек Эркин уулу шаарда кылмыштуулук кʏчɵп, айрым дʏкɵндɵрдɵ уурулук фактысы аныкталып жатканын билдирди. Муну менен катар косметологиялык салондордо туура эмес хиджама жʏрʏп жатканын кошумчалады.

Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ борборунун башчысынын орун басары Ɵмʏрзак Мырзалиев бул боюнча атайын рейд жʏргɵнʏн айтып, тɵмɵнкʏлɵрдʏ белгиледи:

-Косметологиялык салондор боюнча прокуратурага арыз тʏшʏп, биз рейд иштерин жʏргʏздʏк. Анын негизинде 45 косметологиялык салондордо туура эмес хиджама кылган факты аныкталып, аны тууралоо боюнча тʏшʏндʏрмɵ берилди. Жалпы 20 салонго 5 миң сомдон жʏз миң сомго чейин айып пул салынды.

“ЗАВОД КУРУЛЧУ КАРАЖАТТЫ ШААРДЫН ЖОЛУН ОҢДООГО ЖУМШАСАК”

Эл ɵкʏлʏ Назима Алмазбек кызы буга чейин айтылып келген асфальт заводун куруунун канчалык зарылчылыгы бар экенин сурап, “Бишкекасфальтсервис” ишканасын мисал  келтирип, коррупциялык мекемеге айланып калбайбы деген тынчсыздануусун билдирди. Белгилʏʏ болгондой, жергиликтʏʏ бюджеттен завод курууга 192 млн. сом бɵлʏнгɵн. 

Мэр Бакытбек Жетигенов завод жакшы максаттар менен пландалып жатканын, курулушта бир топ жеңилдиктер болмок деген оюн айтса, шаардык жолдор башкармалыгынын жетекчиси Арзыбек Жунусов:

-Завод курулса жергиликтʏʏ бюджетке бир топ ʏнɵм болот. Мисалы, 1 км жолду тендерге бере турган болсок, 11-12 млн. сомдун тегерегинде каражат кетет. Эгерде биз ɵзʏбʏз алып жасасак, 6-7 млн. сомго бʏтʏрʏʏгɵ болот, — деди ал.

Теманы улай, тɵрага Салман Назылбеков да ɵз пикирин билдирип, эң кɵйгɵйлʏʏ,  жыл бою текшерʏʏчʏ органдар кетпей турган жай болорун, ошого жол ачып бара жатканын айтып, шаар жетекчилигине эскертти:

-Азыр деле кеч эмес, завод курууга деген 192 млн. сом каражатты шаардын жолун оңдоого жумшасаңыздар. Шаардын жолунун абалы начар болуп кетти. Ошол ʏчʏн бɵлʏнгɵн каражат жолго жумшалса жакшы болмок.

Депутат Кушбак Шайиев да тɵраганын сɵзʏн кубаттап, шаар ʏчʏн туура эмес кадам болуп жатканын белгилесе, депутат Максатбек Маматкулов:

-Асфальт заводду курууга каршы чыкпашыбыз керек. Коррупциялык иштер болсо жетекчилер жооп берет да. Жолдор башкармалыгын да биз туура тʏшʏнʏшʏбʏз керек, — деген оюн айтты.

Мындан сырткары сессияда Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер, калктын саламаттыгын сактоо боюнча аткарылып жаткан иштер жɵнʏндɵ, Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27- сентябрындагы №75 “Ош шаарынын аймагындагы кээ бир кɵчɵлɵргɵ аталыштарды ыйгаруу жɵнʏндɵ” токтомуна ɵзгɵртʏʏ киргизʏʏ жɵнʏндɵ, “Ош шаарынын аймагында кɵрктɵндʏрʏʏ, жашылдандыруу жана тазалыкты сактоо эрежесин” бекитʏʏ жɵнʏндɵ, Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27- сентябрындагы “Ош шаарында ташылып чыгарылган катуу тиричилик калдыктарын жайгаштырууга жаңы полигон куруу ʏчʏн эски полигонду рекультивациялоого кредит алууга макулдук берʏʏ жɵнʏндɵ” №72 токтомуна ɵзгɵртʏʏ киргизʏʏ, жергиликтʏʏ бюджеттен кошумча акча каражаттарын бɵлʏп берʏʏ, Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы “Ош шаарынын 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдарга пландык кɵрсɵткʏчтɵрʏн бекитʏʏ жɵнʏндɵ” №117 токтомуна ɵзгɵртʏʏ киргизʏʏ, шаардагы кээ бир географиялык объекттерге аталыштарды ыйгаруу жɵнʏндɵ, туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарына ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ киргизʏʏ жɵнʏндɵ маселелер каралып, депутаттар тарабынан суроолор, сын-сунуштар айтылып, тиешелʏʏ токтомдор кабыл алынды. 

Жумагʏл Кочкорбай кызы