27 июля, 2024

Толгонай Бозжигит кызы: “Чет жерде ɵзʏң ʏчʏн эмес, бʏтʏндɵй кыргыз ʏчʏн жооптуу болуп каласың”Толгонай Бозжигит кызы:

Адам ʏчʏн дʏйнɵдɵ мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏн эшиги кɵп. Учурда дʏйнɵнʏн тɵрт бурчунан кыргыздарды кезиктирсе болот. Жɵн эле жʏрбɵстɵн ийгиликтʏʏ иштеп, окуп, мекендештерге жардам колун сунган кыргыз жаштары арбын. Ошолордун бири катары мекендешибиз Толгонай Бозжигит кызы Польшадагы жашоосу тууралуу “Журтташтар” рубрикасына айтып берди.

-Толгонай айым, айтсаңыз, кандай тагдыр сизди Польшага алып барды?

-Польшада жаш илимпоздор ʏчʏн атайын стипендиялык программа бар. Мен 2015-жылы ошонун негизинде бул ɵлкɵгɵ келип калгамын. Ал программанын алкагында КМШ ɵлкɵлɵрʏнɵн жакшы окуган студенттерге деп бул жакта 1 жылдык стажировка ɵтʏшɵт. Келген студенттер темасына жараша ɵлкɵдɵгʏ тʏрдʏʏ шаарларга бɵлʏнɵт. Мен да ɵзʏмдʏн темама байланыштуу Польшанын Познань шаарына келгемин. Негизи ал программага ɵтʏʏ ʏчʏн ɵзʏң долбоор жазышың керек, университетте окуп жʏргɵндɵ кандай жумуштарды кылдың, ошолордун баарын айтып бересиң. Мындан сырткары мыкты деген студенттерди, окууну бʏтʏп иштеп жʏргɵн, тажрыйбасы бар жаштарды да окутуп, стипендия тɵлɵп берет. Ɵзʏм окуп бʏткɵн соң магистратурага да окугум келди. Бул жакта ушундай мʏмкʏнчʏлʏк болуп аткан соң деп биротоло магистратураны окуп кетели деп жолдошум экɵɵбʏз кеңештик. Биз Кыргызстанда ʏйлɵнʏп, анан окууга келген элек. Магистратураны окуп, ɵзʏмдʏ жакшы кɵрсɵткɵнʏм ʏчʏн менин илимий жетекчим, докторантурага сунуштады. Анын сунушу менен докторантурага да тапшырып, учурда 3-курста окуйм.

-Польшанын эли, маданияты, климаты тууралуу эмнелерди айта аласыз, Кыргызстан менен салыштырсаңыз керек?

—  Кыргызстан менен абдан эле айырмаланбаса дагы айырмачылыктары бар. Польшанын климаты нымдуу келет, жамгыр кɵп жаайт. Эсимде биз жаңы келген кезде октябрь айы эле, эшик аябай суук болуп, кʏн сайын жамгыр жаай берчʏ. Ошол нерсе аябай сезилген, азыр эми убакыт ɵтʏп, буга кɵнʏп калдык. Бул жакка биринчи ирет келген кыргыздар аба ырайына кɵнгʏчɵ ушул жагынан бир аз кыйналат. Кышында болсо саат 3тɵ эле караңгы кирип калат, эрте менен 8де турсаң деле эшик караңгы, кʏндʏ кɵрбɵйсʏң, асман бозоруп тура берет. Жайкысын бизге салыштырмалуу аба ырайы салкын болот, мага ушул жери жагат. Анткени бизде аябай ысык болот эмеспи.

Эли аябай толеранттуу, бири-бирине аябай сый-урмат менен мамиле кылган, жолдон адамдар бири-бири менен урушканын деле кɵрбɵйсʏң. Капыстан жɵɵлɵшʏп кетсе да кечирим сурашат. Польшада мыйзам катуу иштейт. Мыйзам кандай жазылса адамдар ошого баш иет. Биз жашаган Познань шаарында метро жок, бирок коомдук транспорт аябай жакшы ɵнʏккɵн. Трамвай, автобустар байма бай каттап турат. Ар чыгып-тʏшкɵн сайын акча тɵлɵп отурбайсың, 1 же бир нече айга билет сатып алып, ошону иштетип жʏрɵ бересиң. Бирок сенин билетиңи эч ким деле текшербейт. Тɵлɵп атасыңбы, жокпу? Билети жок адамдар жокко эсе. Баары ɵзʏнʏн уяты менен эле билетти тɵлɵп жʏрʏшɵт.

-Сиз бир нече окуу жайды бʏткɵн адам катары жаштарга эмне айта аласыз? Иштеп келели деп барган биздин мекендештер кɵп эле болсо керек…

-Иштеп келели деп Польшага келген мекендештер учурда кɵп. Биз келген 2015-жылы кыргыздар аябай аз болчу. Кɵчɵдɵ жʏргɵндɵ кыргыздарды дээрлик кɵрчʏ эмеспиз. Учурда миграция агымы менен иштеп келип калгандар кɵбɵйдʏ. Келем деп аткан мекендештерге тил ʏйрɵнʏп анан келсе ɵздɵрʏнɵ бир топ жеңил болот эле деп кеңеш берет элем. Польшанын мыйзамдарын окуп койсо артыкча болбойт. Азыр ар бирибизде интернет жеткиликтʏʏ. Кыргыздардын жаман жагын кɵрсɵтпɵсɵ дейм. Анткени, чет жерде жʏргɵндɵ бир кыргыз жаман жоругун кɵрсɵтʏп койсо бʏтʏндɵй улутту, элди жаман кɵрсɵтʏп коет. Кыргыздар ушундай жаман болот турбайбы деген ойдун пайда болушун каалабайм. Ошондуктан чет жерде бир эле ɵзʏң ʏчʏн эмес, бʏтʏндɵй кыргыз ʏчʏн да жооптуу болуп каласың.

Жаштар ʏй-бʏлɵлʏʏ болгонго чейин убакытын туура пайдаланганы аябай маанилʏʏ. Мисалы, окугусу келеби окусун, иштегиси келеби иштесин, тил ʏйрɵнгʏсʏ келсе аны кылсын. Жɵн эле бош убакытын текке кетирбесин. Ушул нерседен кɵп нерсе кɵз каранды. Ошондой эле ата-энем окута албайт деген жаштарга айтарым, мектептен баштап сабакты жакшы окуп, тилдерди ʏйрɵнʏʏ керек. Азыр кɵптɵгɵн стипендиялык программалар бар, мʏмкʏнчʏлʏктɵр кɵп, ата-эненин акчасынын кереги деле жок. Бардык нерсе ɵзʏбʏздʏн колдо.

-Сиз ʏй-бʏлɵнʏз менен турат эмессизби, ʏй-бʏлɵ менен чет жерде жашаган жеңил элеби, балдарга арналган билим берʏʏсʏ тууралуу айта кетсеңиз.

-Негизи ʏй-бʏлɵ менен чет ɵлкɵдɵ жашаган албетте, кыйыныраак болот. Анткени, тааныш деген жок, бир гана ɵзʏңɵ ишенʏʏгɵ туура келет. Тааныштар болсо да туугандарың жаныңда жок болгондуктан ɵзʏңɵ гана ишенʏʏгɵ туура келет. Бала ооруп калса анын жанында болушуң керек, окууну да, жумушту да таштоого туура келет. Ошол жагынан кыйын. Дагы бир жаман жери бала чоң эне, чоң атасын кɵрбɵйт, таене, таята дегендерден алыс ɵсʏп калат. Телефондон кɵрʏп турган ал башка нерсе. Анткени биздин баалуулуктар улуулар аркылуу берилет.

Эгерде билим системасы тууралуу айтсам, биздегидей эле. Польшада жаштар окууга аябай жоопкерчиликтʏʏ мамиле кылат, бизге салыштырмалуу. Балдар жогорку окуу жайына окуу ʏчʏн кайсы кесипти тандайт мектептен эле даярдык башталат. Мен мына окууга ɵтʏʏ ʏчʏн мынча балл алышым керек деп окуучу даярданат.

-Жумушка орношуу тууралуу сиз кеп-кеңештерди берип келесиз, бул жолго келʏʏ деле оңой болбосо керек…

-Сиз менин   ютуб, инстаграм баракчаларымдагы платформам тууралуу айтып жатсаңыз керек. Ооба, жеңил болгон жок. Анткени, бул нерсе кɵп убакытты талап кылат. Ютуб каналын тʏптɵгɵнʏмɵ да кɵп боло элек. Максатым кыргыздарга жардам бергим келди. Ɵзʏм жаңы келген кезде кыйынчылыктарга тушуктум. Ошондой кыйынчылыктарга башкалар туш болбосун деп мекендештерге жардамым болсун деп кыргыз тилиндеги ушул ишти баштагам. Польшага келип кантип бекер окуса болот, кантип иштесе болот, мекендештерге ар дайым жооп берʏʏгɵ даярмын.

-Польшага алгач ирет баргандагы сиз туш болгон кызыктуу окуялар болсо керек, кантсе да билбеген ɵлкɵ эмеспи. 

-Негизи Польшада велосипедди аябай жакшы пайдаланышат экен. Чоңу, карысы, кичинекейи болобу баары бирдей колдонот. Айрыкча эс алуу кʏндɵрʏ ʏй бʏлɵлɵрʏ менен баары велосипед тээп, сейил бактарына барып эс алышат. Спорттун бир тʏрʏ катары колдонушат. Бул ʏчʏн атайын вело жол  да курулган. Эсимде менин ошол жаңы келген 2015-жылы бизде веложолдор жок болчу. Анан бир кʏнʏ жолдо баратсам алдымда велосипед тээп келе жаткан бирɵɵ “жолдон кач” деп кол жаңсап кɵрсɵтɵт, мен болсо тʏшʏнбɵйм. Кɵрсɵ мен веложолго тʏшʏп алыптырмын. Тиги адам келип велосипеддин сʏрɵтʏн кɵрсɵтʏп атпайбы. Бир жагынан уялдым, бир жагынан кʏлдʏм.

-Кызыңыз кыргыз тилин унутуп калат деп санааркабайсызбы? Ал жакта бала бакчага барса керек, бала бакча демекчи аларда кандай талаптар менен алат бакчага, бизде электрондук кезек кʏтʏʏ деген бар да…

-Кыргыз тилин унутуп калбасын деп ʏйдɵ такай кыргыз тилинде сʏйлɵшɵбʏз. Азыр ал 4 тилди бирдей алып келе жатат. Орус тили бир аз жакшы эмес, бирок поляк, англис, кыргыз тилдеринде сʏйлɵй алат. Бала бакчага баруу ʏчʏн биздегидей эле электрондук кезекке турабыз. Март айында кезек ачылып, сынак сыяктуу болот. Эгер баланын ата-энеси экɵɵ тең иштесе балл берет. Баланын оорусу болсо ага ɵзʏнчɵ балл берет. Бир канча пункттар бар, ошолордон ɵтʏп тиешелʏʏ балл алсаң анан бакчага алынат. 3 бала бакчаны тандоо мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар. Мамлекет 5 саатын каржылайт, калган саатын биз тɵлɵйбʏз.

Элира Чынтемир кызы