19 апреля, 2024

МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНА КƟРКƟМ – ЭСТЕТИКАЛЫК ТАРБИЯ БЕРYYДƟ ИСКУССТВОНУН РОЛУ

Кɵркɵм ɵнɵрдʏн бир нече тʏрʏ бар: адабият, музыка, сʏрɵт тартуу, театр, архитектура жана башка. Баланы тарбиялоодо кɵркɵм ɵнɵрдʏн жалгыз гана тʏрʏ менен чектелʏʏгɵ болбойт. Кɵркɵм ɵнɵрдʏн бир нече тʏрʏ гана жеткиликтʏʏ эстетикалык тарбия берʏʏгɵ ɵбɵлгɵ болот. Эстетикалык тарбия баланын жаңы гана кадам шилтеп, сʏйлɵп, кылыктары чыга баштаган убактан башталат. Балага кɵркɵм ɵнɵрдʏ эрте тааныштыруу менен бирге анын чыгармачыл жана калыптанган инсан болуусуна шарт тʏзʏлɵт.

Балалыктын алгачкы кʏндɵрʏнɵн баштап оюн ойноо менен айлана чɵйрɵгɵ аралаша баштайт. Башкаларды кайталоо аркылуу кыймылдын маданиятын жана адам менен баарлашуунун элементтерин ʏйрɵнɵт. Оюн ойноо баланын ой жʏгʏртʏʏсʏнʏн, алгачкы эстетикалык таасирленʏʏсʏнʏн, ошондой эле андагы чыгармачылыктын ойгонуусунун эң алгачкы жана эң ʏзʏрлʏʏ ыкмасы. Балдарды кɵркɵм ɵнɵрдʏн эбегейсиз зор дʏйнɵсʏ менен      тааныштырууга, айлана чɵйрɵдɵгʏ чындыкты кɵрɵ билʏʏсʏнɵ, толук адеп — ахлактуу болуп ɵсʏʏсʏнɵ, ой-жʏгʏртʏʏсʏнʏн ɵрчʏʏсʏнɵ, билим алуусуна, мээсинин оң жана сол жарым шарларынын активдештирилʏʏсʏнɵ эстетикалык даярдоо абзел. Бул жаатта инсанга эстетикалык таасир этʏʏ жардам берет: кɵркɵм чыгарманын образдуу материалы, фольклор, этникалык, улуттук ʏрп-адаттар. Эстетикалык ɵрчʏʏнʏн ыкмаларын колдонуу менен башталгыч класс окуучуларын окутуу чоң жыйынтык алып келет. Себеби чыгармачыл ишмердʏʏлʏктʏн эстетикалык багытын уюштуруу билим берʏʏдɵгʏ ʏч компонентти ишке ашырат. Алар: окутуу процесси, билим берʏʏчʏ мекеменин коомдук чɵйрɵ менен байланышынын негизинде сабактан жана мектептен тышкаркы иш-аракеттер.

Кыргыз тил сабагында балада Кыргызстандын биримдиги, тилдин жана маданияттын кɵп жактуулугу тууралуу баштапкы ой жʏгʏртʏʏсʏ калыптанат; туура, кɵркɵм сʏйлɵɵ калыптанат, окууга болгон сʏйʏʏсʏ ойгонот. Сабактан тышкаркы ишмердʏʏлʏк менен байланыш формалары ар тʏрдʏʏ: сʏйлɵɵ речин ɵрчʏтʏʏ сабактары, риторика, сʏйлɵшʏʏ маданияты. Майрамдардын сценарийлерин жазуу, театрлаштыруу, кɵркɵм окуу кружоктору, театрга баруу ɵзгɵчɵ мааниге ээ. Булардын жардамында балада кɵркɵм ɵнɵргɵ болгон табити ойгонот, коомдогу тажрыйбасы кеңеет, кɵркɵм сʏйлɵɵгɵ кызыгуусу артат.

Айлана-чɵйрɵ тууралуу сабактарда балада патриоттук сезим ойгонот, мекенге болгон сʏйʏʏ пайда болот. Буга ɵлкɵ таанууну уюштуруу, «Ветерандарга камкордук», «Жер жʏзʏнʏн тазалыгы ʏчʏн» деген коомдук акцияларга катышууга ɵбɵлгɵ болот. Мектеп музейинин иши, мектеп ʏрп-адатынын калыптанышы, балдардын кабыл алуусуна таасир берʏʏчʏ элдик тарыхый окуялар, аярлап сактоону талап кылган жаратылыштын кооздугу, эстетикалык таасир этʏʏ каражаттарынын натыйжалуулугу ɵзгɵчɵ маанимге ээ. Кыргыз элинин руханий, адеп-ахлактуулук маданиятынын негизинде жʏргʏзʏлгɵн сабактан тышкаркы иш-аракеттер чоң мааниге татыйт. Мында майрамдарды ɵткɵрʏʏ, мугалимдер менен ата-энелердин катышуусундагы элдик оюн-зоокторду, элдик каада салттарды театрлаштырылган кɵрсɵтʏʏлɵрдʏ уюштурууга болот. Клуб жана кружоктор чоң ролду ойнойт, мисалга, «Жандуу этика», «Мамиле маданияты». Булардын баары биригип эстетикалык ɵсʏʏ жана руханий, адеп-ахлактык тарбия маселелерин чечʏʏгɵ мʏмкʏндʏк берет. Кɵркɵм ɵнɵр сабактары да ɵзгɵчɵ мааниге ээ. Эстетикалык таануунун жана чыгармачылыктын процессинде салтка, ʏрп-адатка, элдик фольклорго болгон класстан класска ырааттуу кызыгуунун ɵрчʏшʏ чыныгы патриоттордун, мыкты ойлоп табуучулардын калыптануусуна ɵбɵлгɵ тʏзɵт. Кɵркɵм ɵнɵр сабактары сабактан тышкаркы тɵмɵнкʏдɵй ишмердʏʏлʏктɵрдɵ ɵзɵктɵш уланууга ээ. Алар белгилʏʏ бир кɵркɵм ɵнɵр жаатына болгон ийкемдʏʏлʏктʏ жогорулатууга багытталган кружокторду жана клубдарды уюштурууда, вокалдык жана драматикалык коллективтерди, кɵркɵм сʏрɵт студияларын уюштурууда, башкача айтканда кɵркɵм ɵнɵр сабактарында алган билимди жана ыкты чыныгы чыгармачылык ишмердʏʏлʏктɵ ишке ашыруу. Айтылган билим берʏʏ жааты менен экскурсияларды уюштуруу, театр жана кинотеатрга баруу, маданият жана искусство ишмерлери менен жолугушууларды уюштуруу.

Мындан билим берʏʏ программасынын бардык предметтик жааттарын анализдɵɵгɵ болот жана эстетикалык таасир этʏʏ каражаттары окутуунун сапатын жаратаарына ынанабыз, себеби окууга болгон умтулуу жогорулоодо. Баланын конкреттʏʏ предметке кызыгуусуна таянуу менен анын билимге умтулуусуна, жʏрʏм-турумуна, ʏй-бʏлɵсʏнɵ, айлана-чɵйрɵгɵ, мекенге болгон мамилесине таасир берʏʏгɵ болот. Баса белгилɵɵчʏ нерсе таасир этʏʏнʏн жыйынтыктуулугу башталгыч класс окуучуларынын эстетикалык ɵрчʏʏсʏ менен предметтик ишмердʏʏлʏктʏн байланышына кɵз каранды.

Эстетикалык тарбиянын чыгармачылык ɵңʏттɵн калыптануусундагы мааниси баланын сезиминин ɵрчʏʏсʏнɵ тʏрткʏ берʏʏсʏ, инсандык сезимин тариздɵɵ жана байытуусунда гана эмес, дʏйнɵгɵ болгон кɵркɵм мамиленин рационалдык жана эмоционалдык муктаждыгын да негиздейт. Эстетикалык тарбия гана дʏйнɵ таануу сезиминин калыптануусунда чоң мааниге ээ жана ал сезимди ɵрчʏтɵт.

Баланын турмуш тажрыйбасы анын ар бир ɵрчʏʏ баскычтарында ошончолук чектелгендиктен, жалпы кɵпчʏлʏктɵн жеке эстетикалык табиятын бɵлʏп таануусу ʏчʏн бир далай убакыт талап кылынат. Кɵркɵм ɵнɵрдʏн максаты баланын кɵркɵм ɵнɵрдɵн рахаттануусу, эстетикалык муктаждыктарын, кызыгууларын ɵрчʏтʏʏ, аларды эстетикалык табитин жогорулатуу, андан соң идеалдуулук даражасына жеткизʏʏ.

Окуучулардын кɵркɵм потенциалы акын эстетикалык мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ мʏмкʏн болушунча толугураак жана ырааттуулугу менен искусстводо гана байкалышы мʏмкʏн. Адам эмгеги менен жаралган искусство белгилʏʏ бир тарыхый этапта материалдык ɵндʏрʏштɵн ɵзгɵчɵлɵнʏп, коомдук аң-сезимдин бир нормасы катары ɵзгɵчɵ ишмердиктин тʏрʏнɵ айланат. Искусство адамдын чындыкка болгон мамилесин эстетикалык ɵзгɵчɵлʏктɵрʏн турмушка ашырат.

Искусствонун жогорку коомдук милдети — эл массасын кɵркɵм ɵнɵрлʏккɵ, чеберчиликке ойготуу жана аларды ɵркʏндɵтʏʏ болуп эсептелет. Кɵркɵм ɵнɵргɵ, чеберчиликке ойготуу искусствону туура кабыл алуу ʏчʏн гана эмес, жалпы маданияттуулуктун прогресси — эмгектин маданияты, жашоонун маданияты, эмоциянын маданияты ʏчʏн да керек.

Кандай гана кɵркɵм кооздук жɵнʏндɵгʏ талкуу же лекция болбосун искусствонун ɵзʏндɵй эстетикалык таасирленʏʏнʏ бере албайт. Искусство таасирленʏʏнʏн жандуу материалы, бул акысыз жасалга эмес, артыкчылык эмес, тʏштɵнʏʏдɵн кийин берилген таттуу тамак эмес, бул тарбиянын зарыл керектʏʏ элементи.

Искусствонун каражаттары менен эстетикалык тарбиялоо педагогикада кɵркɵм тарбия деп кабыл алынган. Искусствонун чыгармаларына тʏздɵн тʏз кайрылуу менен кɵркɵм тарбия окуучунун кооздуктагы кубулушту туура кабыл алуусун ɵнʏктʏрʏʏнʏ кабыл кылат. Бул деген окуучу профессионал сʏрɵтчʏ же адис искусство таануучу болуусу керек дегендикке жакпайт. Окуучу бир нече кɵркɵм чыгармаларды билʏʏ менен бирге, тигил же бул искусствонун тарбиясын жана тарыхында белгилʏʏ деңгээлден маалымат алуусу керек. Искусствонун закондорун жана сʏрɵтчʏлɵрдʏн чеберчилигин билʏʏ окучууга искусствону эмоционалдуу кабыл кылууга шарт тʏзɵт.

Мындай деген суроо туулушу мʏмкʏн: мектеп окуучуларынын кɵркɵм кооздуктун асыл нускасын туура балоого жана тʏшʏнʏʏ ыкмаларына атайын тарбия керекпи? Эгерде жогорку искусство озʏнʏн жаратылышы боюнча жалпыга жеткиликтʏʏ жана тʏшʏнʏктʏʏ деп белгиленсе?

Чындыгында        кɵрɵм чыгармалар анык тараткан чыгармачыл адамга тана белгилʏʏ болгондой табышмак болушу мʏмкʏн эмес. Бирок искусствонун жалпыга жеткиликтʏʏлʏгʏнɵ коюлган талап алынып ташталбастан, тескерисинче аны тʏшʏнʏш ʏчʏн жакшы кɵркɵм табитти тарбиялоону талап кылат.

Бул боюнча К. Маркстын пикири принципиалдуу мааниге ээ : “ Эгерде сен искусство менен ырахаттангың келсе, сен ɵзʏн кɵркɵм билимдʏʏ адам болушуң керек”.

Искусствонун каражаттары менен окуучуларды, эстетикалык тарбиялоону искусствонун жаратылышына ылайык келʏʏчʏ, алардын ар биринин ɵзгɵлʏктɵрʏ эске алынган ар тʏрдʏʏ жолдор менен ишке ашырууга болот.

Кɵркɵм чыгармаларды демонстрациялоо, кɵрсɵтʏʏ же аткаруу

Искусство менен тʏз байланышсыз угуу же кɵрʏʏ сезимисиз эстетикалык тарбиянын ийгилигине жетишʏʏ кыйын. Ошондуктан окуучулардын искусствонун кубулуштары менен тʏздɵн тʏз мамилесинин аймагын максималдуу кеңейтʏʏгɵ аракет жасоо керек.

Кɵркɵм чыгармаларды анализдɵɵ, талдоо жана баалоо. Кɵркɵм табит искусствонун жакшы сапаттарын баалоодон ырахат алуу дегендик эмес. Ал кооздуктун кубулуштарына баа берʏʏчʏлʏк мамилени тарбиялоого, баа берʏʏнʏн системасына жана негиздʏʏ эстетикалык ой жʏгʏртʏʏгɵ шарт тʏзʏʏ дегендик.

Искусство таануу илимдеринен кабардар кылуу. Окуучулар белгилʏʏ деңгээлде ар тʏрдʏʏ искусствонун теориясы, тарыхы жана алардын кɵркɵм каражаттары жɵнʏндɵгʏ маалыматтарды алуулары зарыл.

Окуучулар кɵркɵм ишмердиктин ар тʏрдʏʏ формасында кɵнʏгʏʏ жасап жатып, ɵздɵрʏнʏн чыгармачылык жɵндɵмдʏʏлʏктɵрʏн жана искусствонун каражаттары менен чындыктын кубулуштарын жана предметтерин кайра жаратуунун ыктарын ɵз алдынча ɵстʏрʏшɵт.        Эстетикалык тарбиялоонун жана аны ɵнʏктʏрʏʏ процессинде белгилʏʏ милдетти адабият, тил, ырдоо жана музыка жана кɵркɵм ɵнɵр искусствосу аткарат. Адабияттык табитти жана эстетикалык таасирленʏʏ тарбиялоонун кʏчтʏʏ каражаттарынын бири бул окуунун маданиятын ɵнʏктʏрʏʏ болуп эсептелет. Тил сабагында окуучулар адабиятты, сɵздʏн искусствосу катары кабыл алууну, кɵркɵм чыгармалардагы образдарды ɵзʏнʏн кыялында ɵздɵштʏрʏʏнʏ, каармандардын ɵзгɵчɵлʏктɵрʏн мʏнɵздɵрʏн баамдоодо, алардын иш аракеттеринин мотивин анализдɵɵгɵ ʏйрɵнʏшɵт. Окуунун маданиятына жетишкенден кийин окуучу окулган китеп эмнеге чакыраарын, эмнеге ʏйрɵтɵɵрʏн, кандай кɵркɵм каражаттардын жардамы менен жазуучу окуучунун терең, айкын ойлонуусуна чакырып жатары жɵнʏндɵ ойлоого багыттайт.

Кɵркɵм табитти тарбиялоо окуучуларды эстетикалык ишмердикке ʏндɵйт. Эстетикалык иштердин белгилʏʏ жыйынтык жана искусство менен машыгуу мезгилинде алардын тажрыйбасына ылайык кооздуктун элементтерин турмушка ашыруу менен мʏнɵздɵлɵт. Жомокту же аңгемени аткарып жатып алар автор айтайын деген ойду, шартты, максатты кайрадан жараткандай болушат, б.а. каармандарын эмоционалдык абалын ɵзгɵрʏʏнʏн жеке тажрыйбасына жараша байыткан тʏрдɵ айтып беришет. Окуучулардын жеке тажрыйбасына, аз же чектелгендигине карабастан алардын аткаруусунда жазылып , кайталангыс ɵзгɵчɵлʏк байкалып турат.

Окуучулук курак — бул окуучунун биринчи тажрыйбасынын курагы. Адабий чыгармачылыкта окуучулардын кɵркɵм ɵнɵргɵ шыктандыруусунун жыйынтыгы гана мааниге ээ болбостон, ошол процесстин ɵзʏ окуучунун инсандын сапаттарын байытат. Ошол эле мезгилде балдардын бирɵɵнʏ туурасынан, механикалык тʏрдɵ копировкалоосунан этият болуу менен бирге аларды турмуштук байкоого, даана жана образдуу адабий форманы табууга ʏгʏттɵйбʏз жана ʏйрɵтʏʏбʏз керек.

Музыкалык тарбияны негизин баатырдык жана музыкалык сезимдерди чогуу биргеликте баштан ɵткɵргɵн, музыкалык эске тутуусу, ритмдери, гармонияны, ырдоого кɵркɵм табитти камсыз кылган хордук ырдоо болуп эсептелет. Кɵбʏрɵɵк орун мектептерде музыкалык чыгармаларды угууга ошондой эле музыкалык сабаттуулуктун элементардык негиздерин тааныштырууга берилет.

Мурадыл уулу Бектемир, № 42 «Керме-Тоо» мектеп-гимназиясынын мугалими