28 марта, 2024

УЛУУ КƟЧТY УЛАНТКАН УЛУТТУК НАРК, БААЛУУЛУКТАР БААСЫ

Жер жʏзʏндɵгʏ ар бир улуттук нарк адамзаттын жан дʏйнɵ казынасынын кайталангыс табылгасы болуп саналат. Жалпы адамзаттык нарк улуттук-этникалык маданияттардын кɵп тʏрдʏʏ биримдигинен тʏзʏлɵт. Цивилизация дегенди да ошондой эле таризде тʏшʏндʏрʏʏгɵ мʏмкʏн, бирок цивилизация тʏшʏнʏгʏндɵ баалуулуктарга басым жасалып, башкы ролду ошолор ойнору белгилʏʏ.

Жаратылыштагы биоартʏрдʏʏлʏк сыяктуу эле адамзат коомундагы социо-маданий ар тʏрдʏʏлʏк да мыйзам ченемдʏʏ кɵрʏнʏш. Улуттук нарк  башка элдерге да жакын жана тʏшʏнʏктʏʏ болуп, жалпы адамзаттык баалуулуктардын катарына кирет. Ошондуктан, ал калктардын, этностордун ортосундагы ынтымак-достукка, ɵз ара мамилеге шайкешип, бириктирʏʏчʏ кызматты аткарган.

Миңдеген жылдар мурун ɵз алдынча ээлик тʏзʏп, ага кɵз карандысыз башкаруу тартибин орнотуп, чоң жана кичине элдер менен тең ата мамиле жʏргʏзʏʏдɵ натыйжалуу ийгиликтерге алып келген кыргыз элинин эң негизги таянычы жана ишеничи эреже-тартиптерден, жʏрʏм-турум адебинен, каада-салтынын жыйындысынан куралып,улуттук дʏйнɵ таанымдарына шайкелишкен улуттук нарк мыйзамы иштелип чыккан.  Улуттук нарк кылымдар бою мезгилдин сынынан ɵтʏп, толукталып, бекемделип жʏрʏп отурган. Нарктын таасири эң жогорку деңгээлге ɵсʏп чыккан. Алсак, эл арасында “Хан бийлигинен нарк кʏчтʏʏ”, “Эрден ɵтмɵк бар, элден ɵтмɵк жок” деген накыл сɵздɵр Айкɵл Манас атабыздын доорунда жаралып,  азыркы мезгилге чейин ɵз кʏчʏн жоготпой келе жатат.

Ошол эле учурда мамлекетти башкаруу иштерине башка диний ишенимдер жана кызыкчылыктар таңууланган учурда эл арасында жиктер пайда болуп, ынтымактын ыдырашына кайсы бир деңгээлде таасир бере баштаган. Тарых барактары мындай окуялардын бир нечесин тастыктап бере алат. Мамлекетти башкаруу системасында нарктуулуктун бузулушу ири дɵɵлɵттɵрдʏн, ɵлкɵлɵрдʏн урашына алып келген.

Советтик дооордо мамлекетибизде мыйзамдуулуктун ʏстɵмдʏгʏ салыштырмалуу тʏрдɵ бекем орногон мезгилде дагы кыргыз элинин “жазылбаган” каада-салт, нарк мыйзамдары кызуу иштеп, адамдардын, урук-уруулардын ортосундагы мамилелерди теске салууда алардын кенен пайдаланылып келгендиги баарыбызга маалым. Демек, жалпы адамзатка таандык деп эсептелген мыйзамдарга салыштырмалуу элдин ɵзʏ иштеп чыккан нарк системасы маанилʏʏ ийгиликтʏʏ жыйынтыктарды жаратып келген.

Азыркы мезгилде элибизге жаңы кɵз караштарды, ойлорду сунуштап,  эксперимент жʏргʏзɵ берʏʏ эмес, мезгил сынынан ɵтʏп, элдин кɵкʏрɵгʏнɵ уюган улуттук нарктуулукту кайра калыбына келтирʏʏ зарылчылыгы чыгып  жаткандыгын моюнга алуу керек. Азыр бул маселе глобалдык мааниге ээ болуп баратканын баса белгилеп коюуга тийишпиз. Кимдир бирɵɵлɵргɵ ааламдашуу, а кимдир бирɵɵлɵргɵ дʏйнɵнʏ ааламдаштыруу саясаты зарыл болуп жаткансыган заманда бул кɵйгɵй олуттуу ойлорго жетелеп жатканын аңдоо да кыйынга турбайт.

УЛУТ УҢГУСУ ЖАНА УЛУТТУК НАРК

Улуттук нарк, улуттук маданият, улуттук менталитет, улуттук тил, улуттук салт-санат деген тʏшʏнʏктɵрдʏ кеңири категориялардан аңдап-багуу талап кылынат. Аларды туш келген эле маани-маңызында жана туш келген эле маалда колдоно берʏʏ бери дегенде маалыматтык-терминологиялык чайкоочулукка алып келиши мʏмкʏн. Маселен, аларды коомдук тиричилигибизге жаңыдан кирип, калың журтубуздун бардык  катмарынын аң-сезимине толук жугуп бʏтɵ элек аталыштар жана айрым терминдер (плюрализм, толеранттуулук,конфронтация,глобалдаштыруу, либералдаштыру, радикалдаштыруу, трансгендеризм, бисексуализм, лесбианизм, садизм, махизм ж.б.д.у.с.) менен бирге пайдаланууда абайлабасак,  кʏткɵн пайдабыздан кʏтʏлбɵгɵн зыяны артык болуп калышы мʏмкʏн. Улуттук тилдин тазалыгына да сезилээрлик даражада терс таасирлерин тийгизери шексиз. Ал эми ар кандай эле улуттун азыр биз сɵз кылып жаткан улут катары сакталып калуу процессинде улуттук тилге ɵзгɵчɵ роль таандык экени бештен белгилʏʏ. “Улут болсом, тилим менен улутмун” деген саптар бекеринен жазылбаган.

Улуттук тил демекчи, дегеле тил дегендин баарына тарых-таржымал тарабынан чектелʏʏ тагдыр берилгенин, айтууга оор келип турса да белгилей кетʏʏгɵ тийишпиз. Бул албетте, кыргыздын улуттук тилине камкордук кылбоо керек  дегенди эмес,тескерисинче, камкордуктун баарын текши кʏчɵтʏʏ керек дегенди эле билдирет. Тил илимдеринин адистери жана аалымдарынын жалпыланган божомолдору боюнча, ар кандай тилдин ɵмʏр-ырыскысын ал тилде сʏйлɵгɵндɵрдʏн саны аныктайт. Статистикалык анализ боюнча алганда,мисалы дʏйнɵдɵгʏ славян тилдʏʏ элдердин тилдеринин арасынан поляк тилине узунураак тагдыр ыйгарылаарын калыстык ʏчʏн болсо да белгилей кетʏʏ керек. Буга балким, украин тили да ага абдан жакындашып турганы да бир  себеп болсо керек деп божомолдоого мʏмкʏн. Ал эми тʏрк тилдеринин арасынан бул жагынан татар тилине артыкчылык берилет. Жумшак, ʏйрɵнʏʏгɵ жеңил делген тил. Лингвистикадагы мындай процесстер албетте, узак убакытты, кɵп этап-доорлорду баштан кечирʏʏгɵ тийиш, атактуу латын тили да кыска убакытта эле ɵлʏʏ тилге айлана койгон эмес.

Ошентип,  Улуттук нарк, каада-салт маселеси кайра эле бʏгʏнкʏнʏн башкы темаларынын бирине айланып олтурганы бекеринен эмес. Бʏгʏн бул маселе дʏйнɵ таанымдын салттык же заманбаптык тʏрʏнɵ ыктоо ыктымалдуулугун тандоого барып такалып жатканын талдоочулар белгилешет.

Улуттук нарк ааламдашуу менен санариптештирʏʏгɵ карабастан,  кадыр-баркты жана ар намысты, айкɵлдʏктʏ жана адилеттʏʏлʏктʏ, абийирди, боорукердикти сактаган жана талыкпай эмгектенген кɵчмɵн жоокердин улуу мыйзамы бойдон кала береринде шек жок. Кыргызстанды ɵнʏктʏрʏʏ ʏчʏн бизде руханий жактан ɵнʏккɵн, билим деңгээли жогору,элибиздин тарыхын мыкты билген, башка элдин наркын, ʏй-бʏлɵлʏк баалуулуктарын жана ишенимдерин сыйлаган, этностор аралык мамилелерди урматтаган, башка тилдерди билген, тышкы жана ички чакырыктарга туруктуу болгон кыргызстандык жаран тарбияланышы шарт болуп турганына басым жасалууда.Кылым карыткан тарыхыбыз, каада-салтыбыз, маданиятыбыз, динибиз бар. Ааламдашуу доорунда оригиналдуулугубузду, ɵзгɵчɵлʏгʏбʏздʏ сактап кала алабызбы же жокпу?  Бул эриккенден жана бʏгʏн эле чыга калган маселе эмес, мындай суроо ааламдашуу дооруна киргенибизден баштап эле андан-мындан болсо да коюлуп келе жаткандыгы жашыруун эмес эле, эми биротоло ачыкка чыгып олтурган заман келди, анын кʏрɵɵ тамырын колдон келишинче кармап калуу керек.

ЦИВИЛИЗАЦИЯЛАРДЫН КАГЫЛЫШЫ

Эки каршылаш системанын-капитализм  менен социализмдин жарышы кызуу этапка чыккан жыйырманчы кылымдын экинчи жарымынан,тагыраак айтканда 70-жылдардан тартып эле демократиялык ɵнʏгʏʏнʏн Батыштык моделинин абалына социологдор жана философтордун ичи чыкпай келгендиги айтылып жʏрɵт. Капитализм ɵнʏгʏʏ тилкесин Маркстын “Капиталында” жазылгандай деңгээлде басып ɵтʏп, бирок Лениндик “акыркы стадияга” кирген мезгилден эле “сылтый” баштаганы баса белгиленет. Ɵзгɵчɵ, “Гомо сапиенстен” (эс-акылдуу адамдан”) “Гомо механикуска (” механикалык адамга”)  ɵтʏп баштоо доору эксперттерди бушайманга салган. “Механикалык адам” баарында айтылгандай-жазылгандай, эскертилгендей тартипте жана калыпта, эч кандай сезимталсыз, механикалык тʏрдɵ жасай берʏʏгɵ кɵнɵ баштаган. Мында негизги кɵңʏл жасалмалуулукка, тагыраагы жасалма жʏрʏм-турум, кыймыл-аракетке бурулгандыгы айтпаса да тʏшʏнʏктʏʏ. Буга капиталисттик коомдогу жʏрʏм-турум жана коомдук этиканын жазылбаган эреже-шарттары аргасыз кылган.

“Адамзатка каршы татаал гибриддик согуш жʏрʏп жатат,-дейт Россиянын Табигый илимдер академиясынын академиги Марат Суюнбаев. — Ошол эле гибриддик согуштан Рим империясы кулаган: калк ашыкча кɵбɵйгɵн, мегаполистер пайда болгон, жашоо узарган, жыныстуу мамилелердин нормалдуу моделдери бузулган. Эми бʏтʏндɵй Батыш да  татаал гибриддик согуштан кулап калышы мʏмкʏн. Анткени, Ыбрайымдык диндердин окшош мифологемалары адамзаттын ʏчтɵн бирине таасир этет. Ал эми 400-жылга карата алганда Рим  империясынын калкынын ʏлʏшʏ дʏйнɵ калкынын 16% га жакынын тʏзсɵ, анын олуттуу бɵлʏгʏ кечээги варварлар болгон.

Байыркы Римдин мисалы кɵрсɵткɵндɵй,цивилизациялар ɵз ɵнʏгʏʏсʏн ушундай эле аяктайт: социалдык жана жыныстар аралык жиндилик. Батыш цивилизациясы толугу мененен жок болуп кетʏʏ коркунучу бар. Чыгыш цивилизациясы ɵзʏн толугу менен “жаныбар эмес” деп тааныбайт. Демек,Чыгыш цивилизациясы жайыраак,бирок ɵлʏмдɵн алыс ɵнʏгʏп жатат. Батыш цивилизациясынын ɵзгɵчɵлʏгʏ-илимдин, адам укуктарынын,теомахизмдин жана баарын жок кылган текеберликтин приоритети. Батыш цивилизациясынын ɵнʏгʏʏсʏнʏн прогрессивдʏʏ мʏнɵзʏ анын табигый биологиялыккомпоненттен ажыраган цивилиацияларга таандык экенин кʏбɵлɵндʏрɵт. Демек, Батыш цивилизациясы тез ɵнʏгʏп, ɵлʏмгɵ жакындап баратат.Ал эми Чыгыш цивилизациясынын бир бɵлʏгʏ Батышка айланган:Азия ажыдаарлары, Кытайдын жээк шаарлары. Алар бул кризисти биздин башыбызга салууга да аракет кылып жатышат. Бирок, ɵнʏгʏʏнʏн индустрияга чейинки баскычында турган Кыргызстандын салттуу коомуна ɵзʏнʏн христиандык негиздерин талкалаган, жекелештирилген Батыштын кʏмɵндʏʏ “баалуулуктары” керекпи?”- дейт эксперт.

Абдираим Мамытов