27 июля, 2024

  Китепсиз – билим болбойт!

1996- жылы ЮНЕСКОнун чечими менен 23-апрель бʏткʏл дʏйнɵлʏк китеп жана автордук укук кʏнʏ болуп белгиленген жана жыл сайын бул кʏндʏ дʏйнɵ жʏзʏндɵгʏ жʏздɵгɵн ɵлкɵлɵрдʏн  миллиондогон  жарандары майрамдашат.

23-апрель – китеп окууга жана жазуучулук чыгармачылыкка, арийне ага байланышкан автордук укукка арналат. Бул кʏнʏ адамзаттын китеп менен байланышкан ар тараптуу  (чыгармачылык, басма, нормативдик, саясат, улуттук жана интернационалдык)  ишмердигине коомчулуктун кɵңʏлʏн  буруу.

Дʏйнɵдɵгʏ кɵп ɵлкɵлɵрдɵ китепке,  китептеги каармандарга  арналган эстеликтер китепканалардын, жогорку окуу жайлардын, эс алуу бактардын кɵрʏнʏктʏʏ жайларында орнотулган.  Ал эми биздин ɵлкɵбʏздɵ болсо китепке арналган  эстеликтер жокко эсе. Жогорку жетекчилерге, илимдʏʏ-билимдʏʏ инсандарга кайрылат элем, элибиздин эне тилине арналган китептери  “Алиппе”,  “Эне тил”, дʏйнɵдɵ теңдешсиз “Манас”,  “Семетей”, “Сейтек” эпосуна ж.б. китептерге, китептердеги каармандарга арналган  эстеликтерди тургузса жакшы болмок.

Китеп – турмушту таанып-билʏʏнʏн, адамды тарбиялоонун зор куралы

 Китеп ɵткɵн турмушту иликтɵɵгɵ, келечекти кɵрɵ билʏʏгɵ жардам берет. Алар адамдын аң-сезимине, акылына, жан дʏйнɵсʏнɵ, жʏрɵгʏнɵ таасир эте ала турган зор кʏчкɵ ээ. Адамзаттын бʏткʏл ɵмʏрʏ китеп бетине калтырылып келген. Жер бетинен адамдар, уруулар, мамлекеттер жок болуп кеткен учурда да, китептер сакталып калган. Ошондуктан китеп укумдан-тукумга берилʏʏчʏ мурас катары эсептелип келет.

Китеп – адамды бʏтʏндɵй башка бир дʏйнɵгɵ сʏңгʏтɵт, каармандардын кайгы капасын, оюн, жан дʏйнɵсʏн тʏшʏнʏʏгɵ жардам берет, айлана чɵйрɵнʏ таанып-билʏʏгɵ, талдоого кайрадан тʏзʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏк тʏзɵт.

Китеп – адам баласынын эң керектʏʏ куралы жана байлыгы.  Тээ эң алгачкы адам баласы пайда болгондон эле адамзаттын руханий керектɵɵсʏ да кошо жаралган. Адам баласы топтогон тажрыйбаны, билимди, ар кандай маалыматтарды кийинки муундарга жеткирʏʏ зарылдыгы пайда болгон. ʏңкʏрдɵгʏ сʏрɵттɵр, аскадагы жазуулар мына ушунун далили болуп берет. Адам коому ɵнʏккɵн сайын маалыматты жеткирʏʏнʏн деңгээли да ɵнʏгʏп-ɵстʏ.

Адамдар жазуу ʏчʏн материал катары  чопо плиталарды, кийинчерээк папирус жана пергаменттерди (малдын терисинен жасалган) колдоно башташкан. Кытайда алгачкы кагаздын пайда болушу  маалыматты топтоо жана жеткирʏʏ иштерин бир кыйла жеңилдеткен. Алгачкы китептер орто кылымдарда  пайда болуп, кол жазма тʏрʏндɵ болгон. Алар негизинен диний темаларда жазылып, мечиттерде,  чиркɵɵлɵрдɵ сакталган. Кол жазма китептер кɵп убакытты жана эмгекти талап кылгандыктан, аз санда болуп ɵтɵ кымбат бааланган.

Китептин эң байыркы ʏлгʏсʏ — Месопотамиянын клинописи жана Египеттин папирус тʏрмɵгʏ

Жазма китеп даярдоо б.з.ч. VII кылымдарда Египетте башталган. Анан Египеттен Грецияга Грециядан Римге ɵткɵн. Алгачкы басма китеп XI- кылымдарда Кытайда пайда болгон. XIII кылымдардан баштап Европада негизги жазма материалдары катары кагаз колдонулуп XVкылымда китеп басылып чыга баштаган.

Т.Шеффер 1957-жылы китепке оюм-чийимди тʏшʏргɵн. Россияда китеп басууга Иван Федоров жана Петр Метисловец биринчи жол ачып 1564-жылы «Апостол» деген ат менен алгачкы китебин басып чыгарган. XVIII кылымдардын акырында кагаз машинкасы, XIX кылымдын башында басма машинкасы колдонулган.  ХХ кылымдын башынан баштап фототехниканын жардамы менен китеп басылып чыга баштаган.

Ал эми Кыргызстандагы агачкы китеп 1911-жылы Казань шаарында басылып чыккан. Ал Молдо Кылычтын «Кыса-и-Зилзала» деген китеби болгон. Ɵлкɵдɵ эң биринчи китеп басып чыгарган мекеме 1926-жылы 30-сентябрда ачылган. Ал республикадагы окурмандарды окуу китептери, адабияттар менен камсыз кылуу милдетин аткарган.

“Мен кɵп билбеген нерселерди китептен алдым, билимимди жогорулатканыма ыраазымын”

Жогорудагы сɵздɵрдʏ улуу орус жазуучуларынын бири М.Горький айткандай, биз китептен гана эң баалуу жана эң кызыктуу маалыматтарды ала алабыз. Канчалык кɵп китеп окусак, ошончолук аң сезимибиз ɵсʏп,  жашоодогу бардык кыйынчылыктарды жеңип ɵтʏп, дʏйнɵдɵгʏ  бактылуу адамга айланабыз. Анткени китеп турмуштун, тагдырдын ачкычы. Биз ал ачкычка ээ болсок эбегейсиз ийгиликтерге жетишебиз.

Китеп бул – маалымат, багыт, илим жана таалим. Адам баласы туулгандан  тарта ата-эненин тарбиясын алса, кийин бала бакчадан баштап китептен да тарбия ала баштайт. Мисалы: президент, дарыгер, космонавт ким болбосун, баары илимдʏʏ, билимдʏʏ мугалимдерден билим алышат. Мугалимдин негизги куралы – китеп.

Китепти барктап, карап, сактап муундан муунга ɵткɵрʏп келген адамдар – китепканачылар тууралуу да азыноолак кеп кыла кетели. Китепканачы кесиби абдан байыркы кесип, ага 4,5 миң жылдан ашуун убакыт болду. Китепкана ɵткɵндʏ, азыркыны жана келечекти, китеп дʏйнɵсʏн жана адамдардын дʏйнɵсʏн байланыштырып турат, китепканачынын негизги милдети – адамзат тарыхындагы мезгилдерди байланыштыруу. Китепканачы руханиятты, интеллектти жандандырып, адептʏʏ муундарды тарбиялоого умтулат.

Р. Махмудова, Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепкананын башкы китепканачысы