19 апреля, 2024

Кубаныч Айбек уулу, дзюдо боюнча дʏйнɵлʏк мелдештин жеңʏʏчʏсʏ: “Ар бир мелдештен жыйынтык кɵрсɵтʏʏбʏз керек”

Жыл башынан бери дзюдо боюнча спортчуларыбыз бир топ ийгиликтерди жаратышты. Жакында эле Грузияда болуп ɵткɵн дʏйнɵлʏк мелдештердин “Чоң шлем” сериясында Кубаныч Айбек уулу алтын медалга ээ болду. Бул тарыхый жеңиш. Анткени, кыргызстандык дзюдочулар буга чейин мындай турнирде жеңишке жете элек болчу. Эскерте кетсек, мелдешке 61 ɵлкɵдɵн 419 спортчу катышкан. Жаш дзюдочулар учурда Ысык-Кɵл облусунда машыгууларын улантууда.

Саламатсызбы, Кубаныч! Кɵл жергесиндеги машыгууларыңыз кандай ɵтʏʏдɵ?

-Саламатсызбы! Буюрса, машыгуулар жогорку деңгээлде ɵтʏп жатат. Алдыда кɵптɵгɵн лицензиялык турнирлер бар. Ошол турнирлерге катышуу ʏчʏн Чолпон-Ата шаарында даярданып жатабыз. Ɵзʏңʏздɵргɵ белгилʏʏ болгондой, олимпиадага жолдомо алуу ʏчʏн спортчунун упайлары эсептелет. Ошондуктан жайкы олимпиада оюндарынын башталышына бир ай калганга чейин кʏрɵшɵбʏз. Бизде бир турнирди утуп эле болду олимпиадага жолдомо алдың деген нерсе жок. Ар бир мелдештен жакшы жыйынтык кɵрсɵтʏʏбʏз зарыл.

-Акыркы алтын медаль да олимпиадага барууга мʏмкʏнчʏлʏк жараткандыр?

-Ооба, дзюдо боюнча акыркы турнир Грузиянын Тбилиси шаарында ɵтʏп, чогулткан упайларым алдыда ɵтʏʏчʏ олимпиадалык оюндарга барууга чоң салымын кошту.

-Эл аралык мелдештерге качан чыгып баштадыңыз?

-2016-жылдан баштап алгачкы эл аралык мелдештерге чыга баштадым. Биринчи Якутияда ɵткɵн Азия боюнча балдар арасындагы турнирге катышып, биринчи орунду жеңип алгам. Ошондон бери ар кандай мелдештерге катышып жʏрɵм, спорт дʏйнɵсʏнɵ аралашканыма 15 жыл болду. Дзюдого кичинекейимде атам алып келген. Ɵзʏм Ош шаарындагы “Мухаммед-Умар” спорт клубунда машыгам. Жеке машыктыруучум Жусупов Бакыт агай. Бизге ар дайым туура жол кɵрсɵтʏп, кеп-кеңештерин айтып, спорттогу ийгилигибиздин башаты болуп келе жатат.

-Кыргыз дзюдосунун бʏгʏнкʏ абалы кандай?

-Кыргыз дзюдосу кʏндɵн-кʏнгɵ ɵнʏгʏʏдɵ десем жаңылбайм. Дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Кɵлбаев жана вице-президент Азирет Ботаевдин колдоосу менен дзюдо спорту мурдагыга салыштырмалуу чоң жетишкендиктерди багындырып, алга карай жылууда. Балдардын машыгуусуна шарт тʏзʏʏ максатында облус, региондорго академиялар, машыгуу залдары курулуп жатат.

-Спортту баштап, кыска убакта кайра таштап койгон балдар болот эмеспи, аларга кандай кеңештерди бересиз?

-Спорттун кандай гана тʏрʏ болбосун жаңы баштаган балдарга айтарым алдыга койгон максаты болсо, каалоосу болсо, ɵздɵрʏнɵ ишенип чоң-чоң ийгиликтерге жетсе болот. Айрым спортчулар бир-эки жеңилгенден кийин менден мыкты спортчу чыкпайт окшойт деп ойлонуп, таштап койгондору да жок эмес. Бул эң чоң катачылык. Ар бир адамда жɵндɵм бар, болгону аны ɵнʏктʏрʏп, ɵстʏрʏш керек. Кыргызда айтып калат го, иштесең тиштейсиң деп, анын сыңарындай мээнетке жараша жемиши кайтат.

-Кесибиңиз, ʏй-бʏлɵңʏз тууралуу айта кетсеңиз?

-Кесибим боюнча экономист-бухгалтермин. ʏй-бʏлɵдɵ беш бир тууганбыз, эки уул, ʏч кыз. Ɵзʏм Алай жергесинен болом, Ош шаарында чоңойгом.Учурда бир тууган иним да дзюдо менен машыгат. Ата-энем бизге ар дайым колдоо кɵрсɵтʏп турушат. Алардын колдоосу менен ушундай деңгээлге жеттим.

-Маегиңиз ʏчʏн чоң рахмат. Алдыдагы мелдештерге ийгилик!