25 апреля, 2024

Жамал Ормонова, Ош шаардык Кеңешинин депутаты: “15 жыл бою тʏштʏк аймагында жалгыз онко-гинеколог болуп иштедим”

Ош шаарында Жамал деген онко-гинеколог бар деп тʏштʏк аймагы боюнча бʏт таанышат. Жакында эле Ош шаардык Кеңешине депутат да болуп келди. Эл жʏгʏн аркалаган айым дарыгерлик кесиби, балалыгы, ɵмʏр жолу, аялдардын саламаттыгы тууралуу “Бейне” рубрикабызга айтып берди.  

“Окууга тапшырганым тууралуу  ата-энем билген эмес”

-Мен 1964-жылы 15-мартта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Алайкуу ɵрɵɵнʏндɵгʏ Кɵк-Арт айылында карапайым ʏй-бʏлɵдɵ жарык дʏйнɵгɵ келгем. ʏй-бʏлɵдɵ 8 бир туугандын бешинчисимин. Атам кайтыш болуп кеткен, учурда 93 жашка чыккан апам бар. Айылдагы Сидоров атындагы орто мектепте 8-класска чейин окуп, андан кийин Жалал-Абад шаарындагы медициналык окуу жайга тапшыргам. Ал жерде 1980-83-жылдары окудум. Окууну бʏтʏп, ошол кездеги Баткен районундагы райондук ооруканада медайым болуп иштеп калдым. 3 жыл ошол жерде иштɵɵ менен эмгек жолум башталды десем болот. 1986-жылы жумуштан чыгып, эмгек китепчемди кɵтɵрʏп алып, борбордогу Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшыруу ʏчʏн кетип калдым. Окууга тапшырганым тууралуу  ата-энем да билген эмес. Аларга айтпай барып, тапшырып ɵтʏп кеткем.

1992-жылы жогорку окуу жайын ийгиликтʏʏ аяктап, Ош шаарына келдим. Шаардагы азыркы ден соолугунун мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген балдардын реабилитациялык борборунун ордунда тɵрɵт ʏйʏ бар болчу. Ошол жерде 3 жыл акушер-гинеколог болуп иштедим. Анан 1996-жылы мени онко-гинеколог болуп иштеп бер дешип шаардагы Онкологияга жɵнɵттʏ. Мага чейин орус аял иштечʏ экен. Мен барганда жол кɵрсɵтʏп, ʏйрɵткɵн эч ким болгон жок. Баарын ɵзʏм нɵлдɵн баштап ʏйрɵндʏм, атайын окутууларда жʏрдʏм.

“Пионерге ɵзʏмдɵн чоңдор менен ɵтʏп…”

-Мектепте сабакты жакшы окуп бʏттʏм. 3-класстан баштап бизди Пионер уюмуна кабыл алчу. Жакшы окуганым ʏчʏн мени 2-класста кабыл алып, ɵзʏмдɵн бир жаш чоңдор менен ɵткɵмʏн. Ошол аябай эсимде калыптыр. Сʏрɵттʏ жакшы тартып, мектептеги кооздоо иштерине, ыр ийримдерине катышчумун. Сʏрɵттʏ жакшы тарткан ʏчʏн сʏрɵтчʏ болом дечʏмʏн. Анан 8-класста эмнегедир кесип тандоо боюнча сынак болгондо дарыгер болом деп кайдан жайдан тапканымды билбейм, дарыгердин фонендоскоп, халат, чепчигин кийип чыккамын. Ошондо оозума сала бергендей чын эле дарыгер болдум.

“Чɵп чапкан, ат минген, кеште сайган балалыгым…”

-Биздин айылда бала кезден эле чɵп чабуу деген кɵп болот, калк малды кɵп кармагандыктан жайы менен тоют жыймай менен алектенет. Мен да чалгы менен чɵп чапчумун, чапканда да 5-6 метрди бир алып кетип жакшы чабат элем. Оруп бʏткɵн соң аны чɵмɵлɵ деп коет, топтоп жыябыз. Анан ат мингенди жакшы кɵрчʏмʏн. Алтургай бир ирет кыз куумайга да катышкамын. Эжелерими карап кеште сайдым. Айтор, балалыгым кызык кʏндɵр менен ɵттʏ. Пахта, тамеки эмне экенин жогорку окуу жайына окуганда билдим.

“Онкологияга ʏмʏт издеп келет”

-2011-жылы “Аялдардагы жатындын залалдуу шишиги” тууралуу диссертациямды жактадым. 15 жыл бою тʏштʏк аймагында жалгыз онко-гинеколог болуп иштедим. Андан кийин ɵзʏм 3 кызды  тарбиялап, ʏчɵɵнʏ тең операция жасай турган онко-гинеколог кылып, колумдан келген жардамымды, билимимди берип, тажрыйбам менен бɵлʏштʏм. Учурда ʏчɵɵ тең ошол жерде иштеп жатышат. Онкология жаатында 22 жыл иштеп, 2018-жылы ɵзʏм жеке клиникамды ачкандыгыма байланыштуу ал жерден кеттим. Мындан сырткары медициналык окуу жайдын студенттерине гинекологиядан лекция окуйм. Медицина илимдеринин кандидаты, жогорку даражадагы хирургмун.

Аялдардын ден соолугу менен кʏрɵшʏʏдɵ кɵп кыйынчылыктарга туш келет экенсиң. Анткени, онкологияда ракка кʏмɵн жараткандар, рактын кайсы бир стадиясындагылар келет. Же болбосо бир нече операция болуп, эч ким албай койгон, ден соолугунда чоң кɵйгɵйʏ барлар ʏмʏт издеп келет. Кудайга шʏгʏр, жыйынтык жакшы эле чыгып атты. Кээде жашоо-шартка карап бекер операция жасап, бекер дарылаган учурум болот.

“Ооруканага качан ооруганда гана келебиз”

-Аялдардын ден соолугу менен кʏрɵшкɵн адам катары акыркы кезде аялдардагы рактын саны кескин ɵскɵнʏн айтпасам да баарына белгилʏʏ. Мурда СССР мезгилинде аялдар эле эмес, бʏт калк жылына 2 ирет милдеттʏʏ тʏрдɵ текшерʏʏдɵн ɵтчʏ. Союз ураган соң ар ким каалагандай жашап калдык. Ооруканага качан ооруганда гана келебиз. Мен рактын ɵскɵнʏн ушуну менен салыштырат элем. Мурда ар жарым жыл сайын текшерʏʏдɵн ɵткɵндɵ адам оорусун эртерээк билип, сезип дарыланган, ошол система жок болгон ʏчʏн рак ɵстʏ деп айтар элем. Гигиена боюнча мектептерде сабак ɵтʏлгɵн да жакшы жыйынтык бермек, бардык нерсе билбегенибизден улам болуп жатат.

Жумушум деп жʏрʏп турмушка кечирээк чыктым. Бир уул, бир кызым бар. Кызым учурда медицина жаатында студент. Менин жолумду жолдоп дарыгер кесибин тандап алды. Балам IT тармагында билим алууда. Кеч турмуш курдум деп ɵкʏнбɵйм. Карьерам жɵнгɵ салынды, доктор болбосом да профессорлук наам алдым.

“Билимдʏʏ жаштардын сыртта жʏргɵнʏ ɵкʏндʏрɵт”

-Дарыгер болуп жʏрʏп, эл жʏгʏн аркалоого сунуштар тʏшʏп, Ош шаардык Кеңешинин депутаттыгына да аттандым. Партиялаш балдар команда болуп иштɵɵнʏ сунуштады. Жарыкчылык кыска ɵмʏрдɵ жɵн эле жашап ɵтпɵстɵн элим ʏчʏн кылган балким, башка да пайдам тийсин.

Бош убакытым болуп, эс алууга мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏлʏп калса алыс жактарга кетип эс алганды жакшы кɵрɵм. Анткени, жɵн мезгилде ʏйдɵ жатып эс алайын десең жумуш боюнча чалып, тынчыңды алат. Ошондуктан кышында жылуу жактарга барып эс алып келʏʏнʏ адат кылып алгам.

Биздин эмнебиз гана жок эмес, тообуз, суубуз, абабыз таза, баары бар, бирок башка мамлекеттер сыяктуу ɵнʏгʏп кете албайбыз. Биздеги коррупция, анан кɵрɵ албастык деген нерсе ɵстʏрбɵй келет. Калкыбыз аз, анын бир канчасы сыртта жʏрɵт. Болгондо да билимдʏʏ, илимдʏʏ жаштардын сыртта жʏргɵнʏ жаран катары мени да ɵкʏндʏрɵт. Жалаң ɵлкɵгɵ пайдасы тие турган мыкты улан-кыздар сыртта жʏрɵт. Колдоо болсо алар деле кетпесе керек дейм кээде.

“Атам билимди биринчи орунга койгон киши болчу”

-Ийгилик жаралуусу ʏчʏн жасаган жумушту сʏйʏʏ абзел. Мисалы, мен ɵз каалоом менен ушул кесипти тандап, ушул окууга окудум. Демек, мен ушул кесипти жакшы кɵрɵм, кимдир бирɵɵнʏн тандоосу менен келген жокмун. Адам жашоосунда кесипти туура тандоо керек.

ʏй-бʏлɵдɵ бир туугандарымын баары ырдайт. Улуу эжемин музыкалык билими бар. Кудай мага ар бир таланттан кичинеден берген экен деп кʏлʏп калам, мен да ырдайм. Бир туугандарым баары турмушта ɵз ордуларын тапкан, алар менен сыймыктанам. Апам 93кɵ чыкса да эс тутуму жакшы, бизге акыл-насаатын айтып тɵрʏбʏздɵ отурат. Атам баарыбызды окутуп, билим бериптир, билимди биринчи орунга койгон киши болчу.

Элира Чынтемир кызы