20 апреля, 2024

“ЖЕТЕКЧИ БОЛУУ – КЕСИПТИН ИЧИНДЕГИ КЕСИП”

Кесипти туура тандоо – ийгиликтин башаты. Ɵлкɵнʏ кесипкɵйлɵр ɵнʏктʏрɵт. Кесипкɵй адамдар калкты жакшы жашоого алып баруучу зор кʏч. Буга ар бир тармакта кʏбɵ боло алабыз. Аптадагы каарманыбыз да ɵз кесибинин мыктысы, 20 жылдан бери энергетика тармагына ɵз салымын кошуп келе жаткан Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесинин жетекчиси Мирбек Гуронов. Каарманыбыз эмгек жолу менен бирге мекемедеги ɵзгɵрʏʏлɵр жана жетишкендиктер тууралуу редакциябызга ой бɵлʏштʏ.

Каарман тууралуу:

Гуронов Мирбек Мамасалиевич

1982-жылы Ɵзгɵн районуна караштуу Ийри-Суу айыл ɵкмɵтʏнʏн Жийде айылында тɵрɵлгɵн.

Жогорку билимдʏʏ. 2003-жылы Бишкектеги кыргыз техникалык университетинин энергетика факультетин аяктаган.

Кесиби – инженер-электромеханик.

“КАЙСЫ ЖАККА БАРБАЙЫН YЙ-БYЛƟМ МЕНИ КОЛДОДУ” 

-Башында мага энергетиктер жакчу эмес (кʏлʏп). Мектепти бʏткɵндɵн кийин окуу жайга тапшырарда “каржы, туризм жана энергетика тармагынын бирɵɵсʏн танда, кези келгенде аталган ʏч тармак абдан актуалдуу болот” деп атамдын бир тууган инилери, агаларым сунушташкан. ʏч адистикке тең экзамен тапшырып, жогорку балл менен ɵттʏм. Алардын ичинен энергетика багытын тандап алдым. Кудайга шʏгʏр, ушул кесипти тандаганыма ɵкʏнбɵйм, сыймыктанам. Бʏгʏн тармакка канчалык салым кошуп жатам билбейм, бирок ɵзʏмɵ жакшы эле салым кошуп жаткандай туюлат.

ʏй-бʏлɵлʏʏмʏн, алты балам бар. Кесипти алып кетʏʏдɵ ʏй-бʏлɵнʏн колдоосу абдан маанилʏʏ экен. Мен райондон районго, облустан облуска которулганда мени менен кошо которулуп жʏрʏп, балдарым деле кɵнʏп калышкан. Мектептен мектеп которушуп, тажрыйбалуу окуучу болуп калышты (кʏлʏп). Карап кɵрсɵм, жыйырма жылдык иш тажрыйбамда кызыктуу учурлар кɵп болуптур. Кесипкɵй адис болуу ʏчʏн тажрыйба топтоп, бир жерде токтоп калбастан ɵсʏʏ керек. Канчалык кɵп тажрыйбага ээ болсоң, кийинки жумушуң жеңилдей берет. Менде азыр иштен кыйналдым деген нерсе жок. Ар жерден алган тажрыйба бʏгʏнкʏ кʏндɵ ɵз жемишин бере баштады. Себеби жумуштун кайсыл жеринде кемчилик бар, кайсыл жерин оңдоо керектигине кɵзʏң жетип калат. Маселен, жумуш жакшы кетпей жаткан жерде же кадрдан, же системадан кɵйгɵй болот эмеспи. Эгерде системаны оңдосоң, иш алдыга жʏрʏп кетсе, анда кадр жакшы. Ал эми иштɵɵ тартибин оңдогон учурда да жумуш алдыга жʏрбɵсɵ, демек кадрды алмаштыруу керек.

“БАРДЫК ТЕПКИЧТЕРДИ БАСЫП ƟТТYМ”

-Эмгек жолум 2003-жылы Кара-Суу РЭТ ишканасында контролер кызматынан башталды. Андан бери бардык кызматтарды басып ɵттʏм десем болот. Тагыраагы, 2005-жылы Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесине келип, инспектор, акттар боюнча инженер, калк эмес керектɵɵчʏлɵр боюнча ага инспектор кызматтарын аткардым. 2009-жылы Ɵзгɵн РЭТге жетекчинин орун басарлыгына дайындалып, кийин «Жалалабадэлектрого» которушту. Ал эми 2010-жылы Сузак райондук, 2011-жылы Жалал-Абад шаардык электр энергиясын сатуу мекемелеринде, 2013-жылдан 2017-жылга чейин Ɵзгɵн РЭТ ишканасында жетекчилик кызматтарда иштедим. Андан кийин ден соолукка байланыштуу кызматтан убактылуу четтɵɵгɵ туура келди. 2019-жылы кайрадан Ɵзгɵн РЭТтин башкы инженери катары эмгек жолумду уланттым. «Ошэлектро» ААКнын башкы директорунун коммерциялык маселелери боюнча орун басары да болдум. 2022-жылдын июнь айында Чʏй облусунун Сокулук районундагы электр энергиясын сатуу мекемесинин жетекчилигине дайындалып, кийин жыл аягында ротациялык негизде Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесине которулдум. Ош шаары экинчи борбор болгондуктан, Бишкек электр энергиясын сатуу мекемесинен кийинки эле керектɵɵчʏлɵр боюнча да, аянты боюнча да экинчи орунда турган мекеме.

“КƟРСƟТКYЧY ЭҢ ТƟМƟН ДЕЛГЕН МЕКЕМЕЛЕРДЕ ИШТЕДИМ”

-Жетекчи болуу – кесиптин ичиндеги кесип. Энергетик ɵз кесибим болсо, жетекчилик да ар дайым ɵрчʏтʏп, ɵстʏрʏп, бага турчу ɵзʏнчɵ бир кесип. Жетекчиде принцип деген болушу керек. Принциптен эч качан тайбоо зарыл. Негизги принцип — туураны туура, катаны ката деп айта алуу, чынчылдык. Бирок, ошол эле мезгилде чынчылдыкты ар ким ар кандай тʏшʏнɵт. Бирɵɵ текебер деп тʏшʏнʏшʏ мʏмкʏн. Жок, бул ишке болгон мамиле. Иште тартип болмоюнча иш алдыга жылбайт. Кɵрсɵткʏчʏ эң тɵмɵн болгон мекемелерде иштедим. Мисалы, «Жалалабадэлектронун» Сузак району аймагы жагынан чоң, керектɵɵчʏлɵрʏ дагы кɵп, бирок кɵрсɵткʏчтɵрʏ начар маалда ишке бардым. Ошол эле Ɵзгɵн да райондор боюнча акыркылардын катарында болчу. Биз кɵрсɵткʏчтɵрдʏ жакшыртууга болгон аракетибизди жумшап, максатыбызга жете алдык.

“ЖУМУШТАГЫ ООР МЕЗГИЛ”

-Жумуштагы эң оор мезгил деп 2017-жылы Ɵзгɵн РЭТ ишканасынын жетекчилигинен кеткенимди ойлочумун. Ден соолугума байланыштуу ооруп, балдак менен жʏргɵн мезгилде ошондогу жетекчилер акыйкатсыз чечим менен кызматтан алган. Муну оор кабылдаган экенмин. Бирок, ар  бир нерсенин артында жакшылык бар дегендей, бош жʏргɵн убакытты дагы жакшы нерсеге пайдаланганга аракет кылдым. ʏй-бʏлɵмɵ, балдардын тарбиясына кɵңʏл буруп, чарбалык иштер менен алек болдум. Жумуш деп жʏрʏп, эрте менен ʏйдɵн чыгып, кечинде кеч барып, балдарыңдын мʏнɵзʏн деле билбей калат экенсиң. ʏй-бʏлɵмɵ, жакындарыма убакыт ажыраттым. Ɵткɵнгɵ эч качан ɵкʏнбɵйм. Ар бир кабыл алынган чечимибиз ошол мезгилдеги эң туура чечим болгон деп кабыл алам. Аны кийин талкуулаштын кереги деле жок.

“КЕРЕКТƟƟЧYЛƟР YЧYН ЫҢГАЙЛУУ ШАРТ ТYЗДYК”

-Биз декабрь айынан баштап Ош шаарында иштɵɵ тартибибизди ɵзгɵрттʏк. Жаңы система киргиздик, анын башкы максаты — керектɵɵчʏлɵргɵ жагымдуу шарт тʏзʏʏ, кɵрсɵткʏчтɵрʏбʏздʏ жакшыртуу. Ар бир система ɵз мезгилинде жакшы болгон, бирок мезгил алмашканда система да эскирет, чарчайт эмеспи. Чарчаган эле система менен иштей берсек, мекемени кризиске алып барабыз. Мурдагы система боюнча керектɵɵчʏлɵргɵ эсеп дʏмʏрчɵгʏ качан берилгенин кɵзɵмɵлдɵй алчу эмеспиз. Ошондой эле керектɵɵчʏ дʏмʏрчɵк таркатылган учурда ʏйдɵ болбой, тɵлɵɵ мɵɵнɵтʏнɵ бир же эки кʏн калганда, же электр энергиясын берʏʏ токтотулганда кɵрʏп, нааразычылыктарын билдирип, бир топ тʏшʏнбɵстʏктɵр болуп келген. Себеби мында дʏмʏрчɵк таркатылгандан беш кʏндɵн кийин тɵлɵбɵгɵн абоненттердин жарыгы ɵчʏрʏлчʏ. Азыр бул система толугу менен жоюлду. Биз ар айдын аягында беш кʏн эсеп дʏмʏрчɵктɵрʏн жазабыз. Кийинки айдын алгачкы беш кʏнʏндɵ таркатабыз. Мисалы, керектɵɵчʏлɵр 5-майда берилген дʏмʏрчɵктɵгʏ карызын 20-майга чейин тɵлɵгɵнгɵ мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар. Ага чейин электр энергиясы ʏзʏлбɵйт. Эми дʏмʏрчɵктɵр дагы ɵз убагында жеткирилет, биз аны кɵзɵмɵлдɵй алабыз. Бʏгʏн жумуш конкреттʏʏ тартипке тʏшʏп калды. Муну менен керектɵɵчʏлɵр ʏчʏн жагымдуу шарт тʏздʏк десек болот. Албетте, алгачкы айларда кичине тʏшʏнбɵстʏктɵр болуп жаткан. Бирок, февраль, март айларынан бери системанын ʏзʏрʏн кɵрɵ баштадык. Айдан-айга белгиленген мɵɵнɵткɵ чейин карызын тɵлɵбɵгɵн керектɵɵчʏлɵрдʏн саны азаюуда. Кɵрсɵткʏчтɵрʏбʏз да абдан жакшырды. Ɵткɵн жылдын алгачкы ʏч айы менен быйылкы жылдын ʏч айынын кɵрсɵткʏчтɵрʏнʏн айырмасы асман менен жердей. Акча чогултуу, нормативдик-техникалык жоготуунун кɵлɵмʏ боюнча айырма бар. Ɵткɵн жылы Ош шаары ʏч айда 348 млн. 797 миң 014 кВт/саат электр энергиясын алган болсо, быйыл 368 млн. 060 миң 599 кВт/саат электр энергиясын алган. Бул дегени ɵткɵн жылга салыштырмалуу 19 млн. 263 миң кВт/саатка электр энергияны кɵп алып жатабыз. Ɵзʏңʏздɵргɵ белгилʏʏ болгондой, быйыл кыш дагы жылдагыдан оор болду. Электр энергиясынын техникалык, коммерциялык жоготуулары ɵткɵн жылы ʏч айда 20,7% болсо, быйыл 12,8%ды гана тʏздʏ. Жаңы системанын натыйжасында техникалык жоготуулар 8%га кыскарды. Тагыраагы, электр энергиясын уурдатпай калдык. Ал эми акча чогултуу маселесине келсек, ɵткɵн жылы 438 млн. 88 миң сомдук электр энергиясы сатылса, быйыл ʏч айдын жыйынтыгы менен 544 млн. 88 миң 700 сомдук электр энергиясы сатылды. Жыйналганы боюнча айтсак, ɵткɵн жылы ʏч айда кɵрсɵтʏлгɵн сумманын 375 млн. 240 миң сом чогулса, быйыл 469 млн. 417 миң сом чогултулду. Ɵткɵн жылга салыштырмалуу 94 млн сомго кɵп жыйналды. Ал эми категориялар боюнча бɵлсɵк, былтыры калк керектɵɵчʏлɵрдɵн 100% чогултулса, быйыл 111,8%га чогулттук. Башкача айтканда, эски карыздар да ɵндʏрʏлʏп, тɵлɵмдɵр жʏргʏзʏлʏʏдɵ.

“АКЫЛДУУ ЭСЕПТЕГИЧТЕР КƟРСƟТКYЧТƟРYБYЗДY ЖАКШЫРТУУДА”

-2022-жылы Европа ɵнʏктʏрʏʏ Банкы аркылуу 34 миң 197 акылдуу электр эсептегич келип, бʏгʏнкʏ кʏндɵ 17 миң электр эсептегич алмашылды. Ушул тапта да эски электр эсептегичтерди алмаштыруу, ʏйдʏн ичинен сыртка алып чыгуу иштери уланууда. Эсептегичтерди алмаштырып гана койбостон, ага кеткен электр чубалгыларын дагы Ош РЭТ менен биргеликте жаңылоодобуз. Акылдуу эсептегичтердин пайдасы техникалык жоготууларды жокко чыгаруу. Анализ жасап кɵрдʏк, ɵткɵн жылы алмашыла элек жердеги жоготуу 12,5 пайызды тʏзгɵн болсо, быйыл алмашылгандан кийин ал кɵрсɵткʏч 3 пайызга чейин тʏштʏ. Электр энергиясы да сапаттуу жетʏʏдɵ. Техникалык коопсуздук сакталат. Эгерде керектɵɵчʏлɵр кубаттуулуктан ашыкча пайдалана турган болсо, анда электр эсептегич ɵзʏ ɵчʏп калат. Демек, акылдуу электр эсептегичтер трансформаторлорду сактайт. Мында трансформатор кʏйʏп кетти деген маселе болбойт. Текшерʏʏчʏлɵр керектɵɵчʏлɵргɵ барып текшерʏʏ деген жокко чыгат. Акылдуу эсептегичтерден мɵɵнɵтʏндɵ сервердик база аркылуу кɵрсɵткʏчтɵр алынып, эсеп дʏмʏрчɵктɵр убагында берилип турат. Кɵрсɵткʏчтɵрʏ чыкпай калган гана керектɵɵчʏлɵргɵ кызматкерлер барып, оңдоп келишет. Акылдуу эсептегичтердин коюлуусунан уурдоолор, бузулуулар жокко чыгып баратат. Маселен, ɵткɵн жылы ʏч айда электр энергиясын колдонууда ар кандай бузуулар менен 752 акт жазылса, быйыл 281 акт тʏзʏлгɵн. Бул акт жазбай койгондон эмес, азыркы системанын, электр эсептегичтерин алмаштыруу реформаларынын жыйынтыгы. Буюрса, быйыл дагы министрлик тарабынан шаарга 63 миң акылдуу эсептегич алынып келʏʏ пландалууда. Бул эсептегичтер келсе, шаардагы эски электр эсептегичтерди 100% алмаштырып бʏтɵбʏз, ал ʏчʏн керектɵɵчʏлɵрдɵн эч кандай акы алынбайт. Мунун баары ишке ашса керектɵɵчʏлɵргɵ да, энергетика системасына да жакшы болмок. Келе жаткан кʏз, кыш мезгилдеринен дагы ийгиликтʏʏ ɵтɵт элек. Акылдуу эсептегичтер толук орнотулуп бʏткɵндɵн тарта керектɵɵчʏлɵрдʏн жеке кабинеттери иштеп баштайт. 

Жумагʏл Кочкорбай кызы