23 апреля, 2024

“Бʏт тагдырым ыр-дайрага чɵмʏлгɵн, Бак-таалайым ага калган ширелип…”

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, бир катар маданият ɵкʏлдɵрʏнʏн эмгектери бааланып, мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылган. Алардын арасында акын-котормочу, Эл агартуунун жана маданияттын мыктысы Турабай Жороев “Кыргыз Республикасынын  Маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы менен сыйланган. Кесиптешибизди куттуктап, ийгиликтерди каалоо менен калемине таандык жаңы ырларын окурмандарга сунуштайбыз.

              РАЗЗАКОВ  ШААРЫНА

Ата-Шаарым жолуң болсун, кɵɵнɵрбɵс:

Аруулугуң даңктагандай бʏгʏнкʏң.

Миллиондогон перзентиңдин бириндей —

Маңдай жаркып, мартабаңа жʏгʏндʏм!

Келмек эле, болмок эле шул атак

Кыргыз калкың нарк-насилин бышыктап.

Куттуу жолун бир багыттап алгандай —

Кудуретиңден келип турат ысык тап.

Дал ɵзʏңдɵн башталгандай пайдубал,

Доор, ашуу сыноолорун кɵтɵргɵн.

Ата-Шаарым сени карайт сан дубан —

Актык менен аруу Желек кɵтɵргɵн.

Эми жаша, кыргызыма тиректей,

Элге нуска сыяктанган кут калаа.

Кудуретиңди ДОС да туйсун, кас туйсун—

Кылымдарга нур тɵкчʏʏдɵй кʏч сага!

Кыргыз куту – кɵсɵм Исхак атанын,

Изи сенде, дили сенде унутпа?

Гɵзɵл шаарым—Алтын-Бешик башатың,

Изги жолдо турум болгун улутка!

   ТУУЛГАН  ЖЕРИМ  ТУУРАСЫНДА

Сендей жерди чанган перзент ойлонор…

Сабак алган чет сапардан ойгонор,

ʏргʏлɵйʏн мен ɵзʏңдɵн туулган жер—

ʏмʏтʏ ɵлгɵн… Сенден безген кор болор.

Тооң, сууң, шылдыр булак… жомоктой,

Тɵр, жайыктар, ыктуу конуш, колоттор.

Сендей Мекен сыноосуна тʏтпɵгɵн,

Сары оорудай, четте жʏрʏп болот кор…

Ата, эне, журт, куттай туткан мекенди

«Алдей…» уккан перзент жээрип турабы?

Аластайлы акылына кирбесе—

Анык анда Кудай каарып, урары!

Туулган жерим дымак, кʏчʏм ɵзʏңдɵ:

Тышта жʏрсɵм келбетиң тур кɵзʏмдɵ.

Кʏн-тʏн коштоп жаралуучу дил саптар,

Кутман жерим, жалгыз ɵзʏң жɵнʏндɵ!

ХХ  ХХ  ХХ

Кʏч-каруунун молунда кенебеген

Кайран жаштык кадыры таразада:

Жыйган-терген барк нарктан кайсыл оп-паа—

Журт жʏгʏнɵ ууктай жарабаса…

Бʏлɵɵ жʏгʏн милдеттей ɵргɵ тартып,

Бирди миңге жалгагың келет кээде.

Кара жумуш—жеңиштей эс алдырса,

Кʏч келгени салмактай кайран мээге…

Удургуган мезгилдей долу шамал,

Улуп-уңшуп, этек-жең делбиресе,

Кудуреттей ошондо туулган жерден—

 Кубат кирип калгандай миң бир эссе!

Кʏр-кʏч жаштык кайрылып келгендей бул,

Кайрат-кʏчʏң капилет толуп-ташар:

Кʏткɵн болсо жашоонун сый-сереси —

Кɵкʏрɵктɵн заматта ɵксʏʏ качар…

Жыйган-терген  мʏлк-малың кылбас о-паа

Журт билгилер, калыстар карабаса!

Кʏч-каруунун молунда баа албаган—

Кайран ɵмʏр… ушул кез таразада…

ХХ  ХХ  ХХ

… Кɵрʏнбɵй, житсе карааның

Кɵкʏрɵк эзген кʏйʏттɵй.

Кɵздɵрдɵн учкун чачырайт,

Кокустап калган… кʏлʏктɵй.

Ызанын токтор майданы

Ысыгы кайткан жай сымак,

Ыбырсыйт ойлор кайдагы—

Ык тартар жайы барчылап…

Атылган октой кайтпаган,

Айтылган сɵздɵй жат болгон,

Аттиң-ов, кечки коноктой

Айтканга «…макул», шат болгон.

Тагдырдын сынып эркине,

Таң тосуп кайда турасың?

Тирʏʏлɵй кɵɵмп койгондой

Тʏбʏ бек, Ата мурасын?!

Баарына Мекен, Эл тʏтɵр:

Бараалың уккун—баш кɵтɵр.

«Бʏгʏнкʏм… эртең…» дегенче—

Бʏктɵп бир коер жаш да ɵтɵр…

Эртеңди самап,созулсаң

Ээндɵɵ кудум жолдоштой:

Бʏт ɵмʏр болор шериктей,

Бʏт ɵмʏр бою жол тосмой…

Сыздооңду чексиз оорудай

Сакайтар дары табылган!

Утурлап сени турсам-ов—

Улуу кɵч, улуу агымдан!…

ХХ  ХХ  ХХ

Улгаюуну дɵɵлɵт сезип турсам да,

Уйпаланып кеткендей кɵп сезимдер.

Ыр тʏрмɵктɵп, сɵз-имарат курсам да

Ал кɵркʏнɵ чыкпай жаштык кезимдей.

Таң калтырып, ɵрɵпкʏткɵн чактар жок,

Тʏшʏм албай, Жер караган дыйкандай,

А жʏрɵгʏм… мени дайым актар сот—

Асылганды кесип салчуу чыйкандай!

Орто жашпы, ɵйдɵ жакпы –маани жок,

Опурталдуу шар жашоодон токтолбой,

Неберелер курчоосунда турсам да

Насип экен, туралбаймын шоктонбой.

Бʏт тагдырым ыр-дайрага чɵмʏлгɵн,

Бак-таалайым ага калган ширелип.

Бизге белек сыяктанган ɵмʏрдɵн

Бул майданда достор, тʏгɵл жʏрɵлʏк!?

КУСУР-ДАРТ…

Калыс сын керек мага, керек сага,

Казы-сот буга капа болбоосу чын.

Мɵмɵбʏз супсак болсо, бышпай чала—

Майданды таштоо зарыл, бɵтɵнгɵ тың.

Кечээ эле жеталбаган ой аңтарып,

Кʏдʏктɵр болуп улам даана, жарык.

Байкадым кимдигиңди туюмумда

Билимиң менден тайыз, керең-тар,ук!

Шу сенин акыл сʏрʏʏ, сезʏʏ-туюуң,

«Ɵзʏм…» деп жʏргɵнʏңдɵй бʏт ʏмʏтʏң.

Калганың, аруу сезим гʏлʏн кыюуң—

Келегей чечимдердей—кайсар бʏтʏм.

Бу менин толгоом ɵйдɵ, бийик мʏдɵɵ

Бир пенде кɵрʏнсɵм да кɵзгɵ жʏдɵɵ.

Тагдырдын катаал демин басуу ʏчʏн

Тең келбей калат кээде сансыз миң дɵɵ…

Кɵз таштап, маани берчи учур-шартка,

Кай кʏнʏ кабылгансың кусур-дартка?

Табигат жээрʏʏсʏндɵй талдап жатам –

Тирелип тургандайсың арсыз-баркка!

Ɵтʏлɵт жолдор, кʏндɵр мезгил сызып,

Ɵзʏмɵ тоскоол болбой ныпым, бʏдʏр.

А сезден кол ʏзʏштʏн ɵзʏ кызык (!)

Ак дилден эл ичинде жʏрɵм шʏгʏр!

НУСКОО

Ɵчɵшкɵнсʏп иш-жолуң оңдуу болбой,

Ɵйдɵлɵɵгɵ тартасың убараны.

Бийиктеп учпагандай кʏзгʏ торгой,

Билбестей кам ʏзɵсʏң зубаланы.

Издегениң табылбай калып кээде,

Ийнеликтей дирилдейт маңдайыңда.

Айрымда тамчы сууга зар болмой бар—

Айрымда арашан-даам таңдайыңда.

Сʏйʏшкɵндɵр жуп болбой,жалкы калган,

Сулуулар мол,кумары жазылбаган.

Санай келсең тʏгɵнгʏс,сансыз арман

Сенек кылат ый-ɵксʏʏ басылбаган.

Балбандар бапырашып топ жарса да,

Байкалбай бир мажʏрɵɵ мɵɵрɵй алат.

Чокуну беттеп кеткен эрен тʏнт да

Чебер жан, айла-амалдуу жетип барат…

Жашоонун жели согот,оңдон-солдон

Жалдырап тирмийесин,башың ооруп.

Жалдырап карап турат,сансыз чечим—

Жʏрʏш кʏткɵн шахматтын ташы болуп!…

            ХХ  ХХ  ХХ

Кош дɵңгɵлɵк поезддерди чуркаткан,

Кош рельси параллель чеги жоктой.

Анда жашоо кубанычтай жыргаткан,

Абдыратат айрымда  урган токтой.

Ага деле кɵңʏлдʏ буруп койбой,

Аптыгабыз кантсе да кɵп алганга.

Аманат шул ɵмʏрдʏ уруп койбой—

Ашырабыз ɵкʏттʏ Жаратканга!

Кейиш, муюш… ойлорду чачыратып,

Кɵңʏл тɵрдɵн учуруп бʏйрɵлʏктʏ,

Колдо барды чачмай бар бапыратып—

Кээде жээрип…  тоотпой,ʏйрɵнʏштʏ.

Анан эле карасаң—алдың туюк,

Ала салчуу поезддер кетип калган.

Ич кʏйгʏзɵ, турмуштун тузу уюп—

Ирмем сымак,ɵмʏр чек жетип калган…

Ирмем деле,бир ирмем… аттиң арман,

Из жукпаган чыйырдай тапталбаптыр.

Кɵбʏбʏзгɵ опосуз ушул чындык—

Кʏткɵн тилек бир ныпым акталбаптыр!

Кана, оомийин, жол туюк—жашоо чеги,

Кандай ыза курчаган,ырыс ʏйбɵйт:

Кʏйгɵн,бʏткɵн имерген жашоо деми—

Кылым ʏйлɵ,от албайт… билик кʏйбɵйт…

СЕБЕП…

Дуулдашка, кʏлкʏгɵ шарт тʏзʏлʏп

Делдең курак кучагын жайган кезде.

Бир кɵз караш огунан шарт тʏлʏп—

Баары кыйрып, кʏл болгон ыкчам-тезде.

Андан деле сынуу жок, ойго батып,

Аңдоостой баарысын калган болуп,

Бийлеп жʏрдʏ периште кучагымда—

Бирɵɵлɵргɵ зор ыза, арман болуп!

Жʏткʏнʏʏ жок, жалдырап тургандарга

Жашоодогу кек-ɵчтʏ самап койгон.

Жол-жоролун ийри-тʏз бургандарга—

Жоомарттыкты туйдурбай кадап койгом.

…Чоң-кичʏʏсʏң дешпестен тууган болдук,

Чочуун ойду сезимден кууган болдук.

Ошол жаштык,шат кʏндɵр шарапаты—

Оюн-шайтан жолдорун бууган болдук!..