27 июля, 2024

Хиджама. Денени тилип кан алуу туурабы?

Оорунун азабын тарткан адам айыгып кетʏʏ ʏчʏн баарына даяр болору талашсыз. ʏмʏт дегениң жʏрɵк менен кошо токтоп, эң акыры ɵчɵт эмеспи. Мындайда бейтап жана анын жакындары салттуу медицина болобу, элдик дарылообу, айтор баарынан ʏмʏт кыла беришет. Азыр дарылоонун тʏрʏ кɵбɵйгɵн. Хиджама дегенди уктуңуз беле? Бул кɵбʏнчɵ диний тʏшʏнʏктɵргɵ ыкталган, элдик дарылоонун бир тʏрʏ делет. Анчейин маани бербеген менен шаарыбызда хиджама тамырын кенен жайып кеткендей.  Ал чын эле ден соолукка пайдалуубу? Адистер жооп берет.

Жээнбаева Гʏлжан, Ош облустук жана шаардык санэпидем. борбордун санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл бɵлʏмʏнʏн башчысы.

“40 косметологиялык борбордо 3 гана врач…” 

-Учурда сулуулук салондору менен бирге косметологиялык борборлор кескин кɵбɵйгɵнʏ баарыбызга белгилʏʏ. Косметологияда иштеген кызматкерлер эстетикалык медицина менен алектенебиз деп айтышат. Негизи эстетикалык медицина жалпы медицинанын бир бɵлʏгʏ. Ошондуктан бул тармакта жогорку билимдʏʏ, тажрыйбалуу, диплом, сертификаты бар дарыгерлер иштɵɵсʏ керек. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Ош шаарында сулуулук процедураларын жасаган 40тай салон иштейт. Анын ичинен ʏчɵɵндɵ гана жогорку билимдʏʏ врач бар экени такталды. Калганында медицина боюнча орто билимдин диплому да жок. Болгону, эки айлык курстарда окуп алып, ботокс, инъекция, хиджама сыяктуу операциялдарды жасап жатышат. Алар “биз адамдын эч жерин кеспейбиз, демек бул операция эмес” деген тʏшʏнʏктʏ калыптандырып алышкан. Тери деген эң чоң орган. Кадимки эле каш жасоодо териге ийне сайылса анын бʏтʏндʏгʏ бузулат, канайт. Хиджама деле ушул сыяктуу операция. Кайсыл жерден кан алыш керек болсо, лезвия менен тилишет.

“Хиджама салттуу медицинага кирбейт”

-Медицинада плазма терапия деп аталган дарылоо ыкмасы бар. Плазма терапия атайы операциялык бɵлмɵдɵ жасалат. Бул хиджамага таптакыр окшобогон бɵлɵк медициналык процедура. Кан деген биологиялык суюктук, медициналык таштандылардын жогорку тобуна кирет. Ошондуктан алынган канды дезинфекция кылып, атайы кызматтарга ɵткɵрʏп берʏʏ керек. Мыйзамда каралгандай колдонулган ийнелерди да алгач сындырып, дезинфекциялап, кара пакеттерге салып, тийиштʏʏ жайга тапшырышат. Хиджама жасагандар ушуга кɵңʏл буруп жатабы? Маселенин баары ушунда. Алар кадимки желим идиштердеги ошончо канды таштандыга чыгарып коюшууда. Таштандыны жолбун иттер тытмалашы мʏмкʏн, ошол желим идиштерди жаш балдар таап алып ойносо ден соолугуна чоң коркунуч жаралат.

“Чымчык сойсо да касапчы сойсун”

-Медицинада операцияга чейинки даярдык деген тʏшʏнʏк бар. Операциянын атайы стерилденген таза бɵлмɵсʏ болот. Врачтар бейтаптын вич, гепатит жана кант диабети жок деген аныктамасын сурайт. Тилекке каршы, сулуулук салондору мындай эрежелерден бир топ алыс. Кокус хиджамага келген адам кант диабети менен жабыркаса, тилинген жерлери бʏтпɵй кыйнайт. Гепатиттин эң кооптуу В, С тʏрлɵрʏ менен ооруса, вирус кан аркылуу башка адамга жугушу мʏмкʏн. Хиджама учурунда кокус чоң кан тамырлар кесилип кетсе, адам кан жоготууга дуушар болот. Мындан сырткары тромбоцит жана аз кандуулук оорулары ʏчʏн да ɵтɵ кооптуу. Кан менен байланышкан нерселерге кайдыгер карагандыктан, бизде боор алмаштырууга муктаждар кескин кɵбɵйдʏ. Кɵпчʏлʏк стоматологиялардан жугат деп шектенишет. А стоматологияда эч болбосо медицинаны тʏшʏнгɵн врач иштеп жатпайбы. “Чымчык сойсо да касапчы сойсун” демекчи операциялык процедуралардын баарын врач гана жасашы керек.

“15 салонду ички иштер башкармалыгына ɵткɵрʏʏгɵ мажбурбуз”

-Айрым салон, косметология борборлорунун ээлери ɵздɵрʏндɵ жетиштʏʏ билим жок туруп, кыздарды 2-3 ай окутуп, диплом, сертификат берип жатышат. Ушундай кɵйгɵйлɵрдʏ укук коргоо органдары кɵзɵмɵлгɵ алышы шарт. Учурда текшерʏʏлɵрдʏн жыйынтыгы менен талапка жооп бербеген 15 салондун тизмеси бизде турат. Биз аларды ички иштер башкармалыгына ɵткɵрʏп берʏʏгɵ мажбурбуз. Себиби, адам ɵмʏрʏнɵ коркунуч келтирʏʏ мыйзам боюнча кылмыш деп эсептелинет. Деген менен косметологиядагы мындай башаламандыкка коомдун айрым катмары ɵзʏ да кʏнɵɵлʏʏ. Ден соолугун тобокелге салып, туш келген косметологиялык борборлорго бара беришет. Айтылбаган менен кɵмʏскɵдɵ канчалаган аял бетин тырык кылып, жогоруда айтып ɵткɵнʏмдɵй вирустук инфекцияларды жугузуп алышты. Кулак, мурун, кɵз же дененин башка бɵлʏгʏн ушунчалык ɵзгɵрткʏлɵрʏ келип жатышса, атайы клиникаларга барышсын. Мындай клиникалар Ошто да жок эмес.

“ʏй шартында хиджама жасоо кооптуу иш”

-Хиджама боюнча жарыялар инстаграм, фейсбук баракчаларына кеңири жайылган. Издеп барган кардарларга ʏйдɵ, ʏй шартында кызмат кɵрсɵткɵн фактылар да катталды. Бул акылга сыйбаган кооптуу иш. Ички иштер башкармалыгына ɵткɵрʏп берели дегенибиздин себеби да ошол, милиция аларды издеп табышы керек.

“Берилген мɵɵнɵттɵ ишин токтотпогондорго чара кɵрʏлɵт”

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ калктын саламаттыгы ʏчʏн косметологияга байланышкан орчундуу маселелерди кɵтɵрʏп жатабыз. Саламаттыкты сактоо министрлигинин талапка жооп бербеген сулуулук борборлорун жабуу боюнча токтому бар. Учурда кодекске таянуу менен айып пул салынып жатат. 30га жакын сулуулук салондоруна официалдуу тʏрдɵ иштебейсиңер деп санитардык кɵрсɵтмɵ бердик. Чач кыркуу, макияж жасоо сыяктуу кызматтарды кɵрсɵтʏшсʏн, бирок, кан менен байланышкан процедураларды жʏргʏзʏʏсʏнɵ тыюу салынат. Берилген мɵɵнɵттɵ кан менен байланышкан кызмат кɵрсɵтʏʏлɵрʏн токтотпогондор ички иштер башкармалыгына ɵткɵрʏлɵт. Бул кɵйгɵйлɵрдʏ жогорку деңгээлде карап, биргеликте чечишибиз керек. Апрель айынын аягында ɵтʏʏчʏ мэриянын кезектеги коллегиялык жыйынынын кʏн тартибине да койдук…

Хиджама кайдан келип чыккан?

Денеден кан чыгаруу ыкмасы байыркы Индия жана Кытай  мамлекеттеринде пайда болгон. Бул XIX кылымдын аягы XX кылымдын башына чейин популярдуу болуп, кийин акырындык менен колдонулбай калган ыкма. Мурда аны кан басымдын кескин жогорулашы, ар кандай заттарга уулануу, жʏрɵк кан-тамыр жана башка ооруларга колдонуп келишкен. Арабдар кан алууну “хиджама” деп атап, кан чыгаруу менен бирге сʏлʏк куртту да пайдаланган деген маалыматтар бар. Сʏлʏктʏ дененин ооруган жерине коюп, бейтап эсин жогото баштаганда кайра алышкан. Ал эми монахтар болсо, адамдын ар кандай нерсеге болгон напсисин тыюу ʏчʏн кан чыгаруу ыкмасын жасаган. Кан алууну жаныбарларга да колдонуп кɵрʏшкɵн. Бирок, оң жыйынтык бербей малдын денесин абдан алсыратып, оору менен кʏрɵшʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵн ажыраткан. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ ветеринарияда малдын жугуштуу ооруларын лабораторияда текшерʏʏ ʏчʏн аз ɵлчɵмдɵ гана кан алышат.

Айжылдыз Тойчиева