27 декабря, 2024

“МЫКТЫ АДАТЫБЫЗДЫ ТИЛЕМЧИЛИККЕ АЛМАШТЫРЫП АЛУУДАН АБАЙЛАЙЛЫ”

“Илгери жарамазанды ырга, кошокко жɵндɵмдʏʏ кишилер чогулуп, ат менен айылдарды кыдырып айтчу. Барган ʏйʏндɵ эмнени кɵрсɵ ошону кошуп ырдап, ʏй ээси жакшы болсо мактап, аларды тосуп алууда кемчилик кетирсе аны да кошо ырдашчу. Жарамазан айтып келген ʏй кубануу менен тосуп алып, бар нерсесин аябай берип, ыраазы кылып узатышар эле” деп атам бизге айтып калчу. Бʏгʏн болсо жарамазан айткан жаштар кɵп, алардын ичинде ɵзгɵчɵ кичинекей балдар. Шаар ичинде чоң унаа жолдордо, тамактануучу жайларда кечкисин кыдырып айтып жʏргɵн ɵспʏрʏмдɵрдʏ кɵрʏʏгɵ болот. Негизи эле жарамазан айтуу маданияты кандай, кайдан келген тɵмɵндɵ кеп кылабыз.

Сыргак Сарыков, Кыргыз-Ɵзбек эл аралык университетинин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, филология илимдеринин кандидаты:

“ЖАРАМАЗАН ЫРЫН ЗАМАНГА ЫЛАЙЫК  ОҢДОП-ТYЗƟП, КОШУМЧАЛАП КОЮШСА ЖАКШЫ БОЛМОК”

 -Жарамазан кайсы убакытта пайда болду дегенге так жооп айтуу кыйын. Анткени турмушта жазылбаган мыйзамдар, ʏрп-адат, каада-салттар, жɵрɵлгɵлɵр бар эмеспи. Жарамазан айтуу элибизде эзелтеден бери келе жаткан жɵрɵлгɵ деп ойлойм. Биз бала кезден эле чоң ата-чоң эне, ата-энебизден, таята-таенелерибизден орозо айынын экинчи жарымынан тарта жарамазан айтыларын угуп чоңойдук. Кичинемде жарамазан айткандардын сап башында болчумун мен да. Жарамазан айтуунун ɵзʏнчɵ бир жакшы касиеттери бар. Кеч киргенде, шам ɵткɵндɵн кийин балдар топтолуп алып, айылдагы ʏйлɵрдʏ кыдырып айтчубуз. Жаш балдар гана эмес, улуулар деле айтышкан.

Жарамазан алгач саламдашуудан башталып, ортосунда барган ʏйдʏ мактап, даңктап анан акырында ак тилектен бата берилип жыйынтыкталат. Бала кезде биз советтик идеологиянын таасиринин астында чоңойдук, мектептен жарамазан айтууга тыюу кɵп болуп, мугалимдер катуу кɵзɵмɵлдɵп, чогулушка салышчу. Бирок, ага карабастан, сакталып калган каада-салтты улуу кишилерден угуп, жарамазан ырын улантып айтып келгенбиз. Ырын кантип жаттаганым деле эсимде жок, атайын жазып алып жаттаган эмеспиз. Улууларды, билген балдарды угуп, кошулуп ырдап жʏрʏп эле жаттап калган экенбиз. Орозонун он бешинен кийин айта баштачубуз. Анда:

Ассалому алейкум, жарамазан,

Он эки айда бир келчʏ орозо жан.

Орозоң кабыл болсун кармаган жан.

Адыр-адыр тоолордон айгыр минип мен келдим.

Айгыр оозун тарта албай ушул ʏйгɵ туш келдим.

Будур-будур тоолордон бука минип мен келдим.

Бука мурдун тарта албай ушул ʏйгɵ туш келдим.

Казан-аяк калдырайт,

Курут эзип жатабы?

Курутуң болсо алып чык,

Кулкулдатып жуталы.

Идиш-аяк калдырайт,

Май томкоруп жатабы?

Майың болсо алып чык,

Сакал-мурут майлайлы.

Эгерде чыкпай, эшигин ачпай койсо тɵмɵндɵгʏдɵй кылып ырдайт элек:

Боз кɵрпɵнʏн ичинен чыкпайсыңбы, жеңеке,

Боздоп аткан ʏнʏмдʏ укпайсыңбы, жеңеке.

Чыт корпɵнʏн ичинен чыкпайсыңбы, жеңеке.

Чырылдап аткан ʏнʏмдʏ укпайсыңбы, жеңеке.

Ал эми бата бергенде:

Балдар-балдар, байга бата берели,

Байдын кɵɵнʏ ток болсун.

ʏйʏндɵ кайгы-капа жок болсун.

Айдаганы кой болсун,

Мингени кара жорго ат болсун, — деп ырдачубуз. Бул биздин бала кезибиздеги ырлар.

Кыргыз улуу элбиз деп айтып келебиз. Элибизде ушундай эң бир сонун ʏрп-адаттары, жɵрɵлгɵлɵрʏ бар. Анын бири – жарамазан. Муну эч качан унутта калтырбашыбыз керек. Муундан-муунга ɵтʏп, сакталып калса деген тилек. Маданият кызматкерлери дагы колдоо кɵрсɵтʏп, жарамазан ырынын тексттин заманга ылайык  оңдоп-тʏзɵп, кошумчалап коюшса жакшы болмок.

Азыр эми тамактануучу жайларда, кɵчɵдɵ айткандарга анчейин кошула албайм. Бирок, ʏйлɵргɵ кыдырып айткандарды колдойм. Ɵзʏм да жарамазан айтып келгендерди жакшы тосуп алып, ыраазы кылып узатканы аракет кылам.

Абдулазиз Абдурахманов, Ош шаарынын баш имам-хатиби:

“ЖАРАМАЗАН АЙТУУ МАДАНИЯТЫН ƟНYКТYРСƟК”

-Орозо айында жарамазан айтуу илгертеден салт болуп, жакшы жɵрɵлгɵ катары элибизде айтылып келет. Бул саамалык шариятка эч кандай каршы келбейт. Биз, дин ɵкʏлдɵрʏ жарамазанды жакшы жɵрɵлгɵ жана салтыбыздын динибизге шайкеш келе турган эң мыкты адат, каадасы деп эсептейбиз, колдойбуз. Ыйык айда жарамазан айтуу биздин элде гана ɵзгɵчɵ белгиленип келет. Мындай жɵрɵлгɵнʏ дагы да жайылтышыбыз керек. Балким, заман талабына ылайык, иретке келтирсек жакшы болот эле деп ойлойбуз. Акыркы учурларда балдар кɵчɵдɵ, жолчырактарда, тойкана, кафелерге кирип жарамазан айтып, анын аркасында тʏндɵп кɵчɵдɵ калып кетʏʏ сыяктуу туура эмес адат пайда болуп калды. Албетте, бул салтыбызга туура келбеген кɵрʏнʏш. Биз мындай болбосо деп тилек кылабыз. Анткени балдардын жарамазан айтуусу жакшы болгондугу менен алардын коопсуздугу, башкалардын тынчын албоо жактары дагы эске алынуусу керек. Андыктан, келиңиздер, динибизге каршы келбеген мыкты адаттарыбызды тилемчиликке же бир жаман жорукка алмаштырып алуудан алыс бололу. Кɵчɵдɵ, коомдук жайларда айтуу, эч нерсе бербей койгондорго акаарат келтирʏʏ жакшы эмес. Ошол себептʏʏ жаштарды жарамазан айтуу маданиятын ɵнʏктʏрʏʏгɵ чакырат элем.

КООМДУК ЖАЙЛАРДА ЖАРАМАЗАН АЙТЫП ЖYРYШКƟН 14 БАЛА КАРМАЛГАН

Ал эми шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, шаардын аймагында рамазан айынын келиши менен кайыр сураган жана жарамазанды шылтоо жасап тилемчилик жасаган жарандар, жаш балдар кескин кɵбɵйʏп кетет. Токтой калган машинага жʏгʏрʏп,  акча сураган учурлар дагы кездешет. Башкармалык тарабынан жʏргʏзʏлгɵн атайын рейдде коомдук жайларда жарамазан айтып жʏрʏшкɵн 14 бала кармалып, ата-энелерине ɵткɵрʏлʏп берилген.   

Жумагʏл Кочкорбай кызы