19 апреля, 2024

“ЭМДЕЛБЕГЕН БАЛА ЭРТЕҢ БАШКА БАЛДАР YЧYН КОРКУНУЧ ЖАРАТАТ”

«Эмдɵɵгɵ каршы болушту. Баласына эмдɵɵ алдыртуудан баш тартты» деген кептер акыркы кезде байма-бай эле айтылып келет. Адистер жарандардын эмдɵɵгɵ каршы болуусун эки себеп менен тʏшʏндʏрʏшɵт: бири диний кɵз караштан улам десе, экинчилери интернет айдыңындагы жалган маалыматтарга ишенип, алуудан баш тартышкандар. “Жалпы калктын коопсуздугу ʏчʏн эмдɵɵдɵн ɵтʏʏнʏ милдеттендирʏʏ зарыл, тʏшʏндʏрʏʏ иштери менен эле маселе чечилбейт” дешет дарыгерлер. 

Эмдɵɵ  бул – адамдын иммунитетке ээ болушуна шарт тʏзɵт. Вакциналар адамды тиешелʏʏ инфекциядан же оорудан коргош ʏчʏн организмдин иммундук тутумун кʏчтɵндʏрɵт. Бул балдарды оорудан жана майыптыктан сактай турган саламаттыкты сактоонун эң кʏчтʏʏ чараларынын бири. Кыргызстанда балдарды эмдетʏʏ Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан улуттук календардын негизинде жʏргʏзʏлʏп келет. Ага ылайык, 13 илдетке каршы вакцина алуу сунушталат. Бул тууралуу Ош  шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борборунун ооруларды алдын алуу бɵлʏмʏнʏн башчысы Музаффар Ахмедов тɵмɵнкʏлɵргɵ токтолду:

“БАШ ТАРТКАНДАРДЫН КƟПЧYЛYГY БАЛАСЫ БИР ЖАШКА ЧЫГА ЭЛЕК АТА-ЭНЕЛЕР”

-Кээ бир ата-энелер ар кандай себептерден улам балдарын эмдɵɵдɵн ɵткɵрʏʏгɵ каршы болушат. Бирɵɵлɵр баласы ооруп жаткан болсо, дагы ооруп кыйналбасын деп баш тартса, дагы бири эмдɵɵ алгандан кийин балада байкалчу вакцинанын таасиринен, организмдин реакциясынан чочулашат. Бирок, мунун баары бир-эки кʏндɵ эле ɵтʏп кетет, эч кандай коркунучу жок. Бирок, эмдɵɵ албай, жугуштуу илдетке чалдыгып калса, бала майып болуп же ɵлʏмгɵ дуушар болуусу мʏмкʏн. Келечектен эмес, учурдан коркушат. Кээ бирлер «вакцинанын биринчисин алдык, экинчисин албайбыз» дешет. Бул дагы туура эмес. Негизи балдарга эмдɵɵнʏн кɵпчʏлʏк бɵлʏгʏ 1 жашка чейин берилет. Андан кийин иммунитетти бекемдɵɵ ʏчʏн экинчи, ʏчʏнчʏ жолу кайрадан эмдɵɵ жасалат. Эмдɵɵдɵн баш тарткандардын кɵпчʏлʏгʏн баласы бир жашка чыга элек ата-энелер тʏзɵт.

ЭМНЕГЕ БАШ ТАРТЫШАТ?

-Эмдɵɵдɵн ɵткɵрɵрдɵ ата-энелерге кайсы ооруларга каршы экени, эмдɵɵдɵн кийин балада кандай реакция болуусу тууралуу маалымат берилип, тʏшʏндʏрʏʏ иштери жʏргʏзʏлɵт. Бирок, калкты толук кандуу эмдɵɵдɵн ɵткɵрʏʏгɵ чакыруу медицина кызматкерлеринин колунан келбейт. Мисалы, диний кɵз караштан улам каршы болгондорго дин кызматкерлери, жалган маалыматтарга ишенгендерге дарыгерлер барып, далилдер менен тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏʏдɵбʏз. Жылдан жылга баш тарткандар азайып баратат, бирок таптакыр жок болуп кете элек. Эч тʏшʏнгʏсʏ келбеген жарандар дагы бар. Тʏшʏндʏрʏʏ иштеринде кызматкерлерге ɵтɵ агрессивдʏʏ мамиле кылган жарандарыбыз да кездешет. Жакында эле бир эне менен сʏйлɵштʏм. Ал беш баласын тең эмдɵɵдɵн ɵткɵрʏʏгɵ каршы болду. Андан эмненин негизинде баш тартып жатканын сурасам, «Антип сураганы сенин кандай укугуң бар?» деген ɵңдʏʏ жообун айтты. Бала жалгыз эле ата-эненики эмес, мамлекеттин да баласы. Эмдɵɵдɵн ɵтпɵгɵн бала эртең башка балдар ʏчʏн коркунуч жаратарын айтсаң да угушпайт. Мындай жарандар менен иш алып баруу ɵтɵ кыйын. Буга мамлекет тарабынан башкача чара кɵрʏлʏшʏ керек. Мисалы, эмдɵɵдɵн ɵткɵрʏʏнʏ ыктыярдуу эмес, милдеттʏʏ кылып, эмделбеген балдарды балдар бакчасына, мектепке кабыл алууну чектеген туура.  Ошондо каршы болгондор болбойт эле.  

ЭМДƟƟДƟН УБАГЫНДА ƟТКƟРYЛБƟСƟ ЭМНЕ БОЛОТ?

 -Эмдɵɵ боюнча улуттук календарда белгиленген мɵɵнɵттɵ вакцина алуу кажет. Себеби ошол мезгилде иммунитет жакшы пайда болот. Эгерде убагында албай кечиктирип же баш тартса анда толук калыптанбаган иммунинет болуп калат. Мисалы, кээ бир вакцина иммунитетти бекемдɵɵ ʏчʏн ʏч жолу сайылат.

Негизи эмдɵɵ медицинада ооруларды алдын алуу боюнча акыркы жетишкендик болуп эсептелет. Муну жарандар туура тʏшʏнʏʏсʏ абзел. Маалымат керек болсо, официалдуу медицина мекемелеринен алганы туура.

Вакциналар ар баш мамлекеттерде ɵндʏрʏлгɵнʏ менен ЮНИСЕФ балдарды коргоо уюму аркылуу башка ɵлкɵлɵр алышат. Себеби уюм ɵзʏ ар бир вакцинаны текшерʏʏдɵн ɵткɵрʏп, тастыктагандан кийин башкаларга сунушталат. Бизге келген вакциналардын бардыгы коопсуз, текшерʏʏдɵн ɵткɵн, тастыкталган сертификаты бар. Ага тынчсызданууга эч кандай негиз жок.

“МУФТИЯТТЫН ФАТВАСЫНА ДА КАРШЫ ЧЫГЫШУУДА”

-Ош шаарында ɵткɵн жылы 659 адам эмдɵɵдɵн баш тарткан учур катталган. Анын ичинен 409у диний кɵз карашты жʏйɵɵ келтирсе, коопсуздугуна шектенгендер 250нʏ тʏзгɵн. Ал эми облус боюнча айтсак, Ɵзгɵн, Ноокат, Араван жана Кара-Суу райондорунда кездешет. Баш тарткандардын саны боюнча облустагы кɵрсɵткʏчтʏн 40 пайызы Араван районуна туура келет. Диний кɵз караш менен дегенде жарандар туура эмес тʏшʏнʏп алышууда. Себеби 2019-жылы муфтият тарабынан ооруларды алдын алуу ʏчʏн жасалуучу эмдɵɵ динге туура келери тууралуу фатва чыккан. Ага карабастан, каршылыгын токтотпогондор бар. Ал тургай араб ɵлкɵлɵрʏндɵ дагы эмдɵɵ динге эч кандай терс таасирин тийгизбей турганы тууралуу фатвасы бар экен. Эгер чындап эле динге каршы келет десе, башка антибиотиктерди дагы балдарына бербеши керек да. Жок, баласы ооруганда дары-дармектин тʏрʏнɵ карабай алып беришет. Дагы бир белгилеп коеюн, эмдɵɵ менен биз чечек, шал ооруларын жок кылдык. Акыркы мезгилде кызамык, кызылча ооруларын жок кылууга аракеттер болууда. Бирок, анда-санда оору катталып жатат. Ооруга чалдыккандардын 95 пайызы эмдɵɵдɵн ɵтпɵгɵндɵр. Бул сыяктуу ооруларды эмдɵɵ аркылуу гана ооздуктай алабыз.

Абдулазиз Абдурахманов, Ош шаарынын баш имам-хатиби:

“ЗЫЯНЫ ЖОК БОЛСО, ДИНДЕ БАРДЫК ВАКЦИНАГА УРУКСАТ БЕРИЛЕТ”

-Шарият боюнча вакцина алууга эч кандай каршылык жок. Анткени шариятта ден соолукту кароо, чыңдоо парз, милдет болуп эсептелет. Адамдын ден соолугуна зыяны жок болсо, динде бардык вакцинага уруксат берилет. Ал эми диний тʏшʏнʏктʏн себебинен вакцина боюнча, андагы кошулмалар боюнча так маалыматты бир медицина кызматкери аныктап бербегени ʏчʏн, адамдарга шек жараткандыгы ʏчʏн кээ бир диний адамдар баш тартышы мʏмкʏн. Бирок, кɵп жыйындарга, чогулуштарга катышкан адис катары айтат элем, диний тʏшʏнʏктɵн улам вакцина алуудан баш тарткандар ɵтɵ аз санда. Алардын албай жатканынын бир эле себеби ошол, вакцинадагы кошулмалар, алардын пайда-зыяны тууралуу чечмелеп, тʏшʏндʏрʏп берген адис болбогондон улам эмдɵɵ алууну ыктыярдуу деп жатабыз. Алгыла же албагыла деп дагы айта албайбыз. Себеби так жооп жок. Эгерде медицина кызматкерлери бизге жарактуу, жараксыз экенин тастыктап берсе, биз кош колдоп колдоо кɵрсɵтмɵкпʏз. Тилекке каршы, толук маалымат жок болгондугунан жарандар арасында ушундай жагдайлар болуп калууда.

Баш тарткандардын кɵпчʏлʏгʏ бул интернеттен алган маалыматтарга ишенгендер. Башка ɵлкɵлɵрдɵгʏ бир катар медицина ɵкʏлдɵрʏ далилдеп чыгарган тасмаларды кɵрʏп, ага байланыштуу кɵпчʏлʏгʏ алуудан баш тартышат. Мен буга чейин бир жыйында далилдеп бердим. Эмдɵɵгɵ каршы болгондордун 90 пайызы интернет булактарына таянгандар.

Негизи жарандарды эмдɵɵ алууга чакырам. Анткени ден соолук керек. Бирок, ошол эле учурда вакцина боюнча медицина кызматкерлери так маалымат берсе жакшы болмок, мен ошону суранып кетмекмин.

Жумагʏл Кочкорбай кызы