18 октября, 2024

Кол ɵнɵрчʏ, уста Изат Абыканов: “Ат жабдыктарын жасоо – менин хоббим”

“Колума жип тийсе эле ɵрɵ берчʏмʏн”

-Кыргыз уулу тɵрɵлгɵндɵн баштап жылкы менен чоңоюп, 5-6 жаштан тай, кунан минип, эр жете баштаганда кʏлʏк минип, улак чаап ат ʏстʏндɵ тарбияланат эмеспи. Кичинекей чагыбызда коңшу балдар менен чыбык ат минип ойнойт элек. Анда жɵнɵкɵй эле жиптерден камчы ɵрʏп алчумун. Бир аз эс тарткандан ат ʏстʏндɵ ɵстʏм. 4-классты бʏтʏп жатканда байкелерибиз бирɵɵлɵргɵ камчы ɵргɵндʏ ʏйрɵтʏп атыптыр. Кызыгып, мага да ʏйрɵтʏңʏз десем, “сен азыр жашсың, башың жетпейт” деп койду. Карап туруңуз, бир жылга жетпей ʏйрɵнɵм. Чоңойгондо сизден ɵнɵрʏм менен ашып кетем деп аябай намыстанып койгон экенмин. Жаштын тилегин берет экен да. Кийинки жылдан талаада мал жайып жʏрʏп, бирɵɵдɵн нукул ɵрʏм дегенди ʏйрɵнʏп алдым. Тез эле камчы ɵргɵндʏ ʏйрɵндʏм. 4-класстан баштап кызыгып, ошондон бери колума жип кармай калсам эле аркан ɵрʏп, эше калмай адат болду. Кыргыз ɵрʏмдɵрʏндɵ ɵрʏмдʏн 62 тʏрʏ бар. Алардын 12 тʏрʏ камчы ɵрʏм, калганы жʏгɵн, аркан ɵрʏм болуп кете берет. Учурда ɵрʏмдɵрдʏн ʏчтɵн бирин ʏйрɵндʏм десем болот.

“Аябай кызыгып, дээримди коюп кириштим”

— Ɵзʏм Талас облусунун Талас районунун Атай Огонбаев айылынан болом. Ɵнɵр деген оошот тура. Сыныктан башканын баары жугат, эр тайын тартат деген сɵздɵр да тɵгʏн эмес экен. Анткени, ат жабдыктарын жасап, ɵрʏм ɵргɵндɵр тай  жактарымда бар. Менин аябай кызыгып, дээримди коюп киришʏʏмдʏн себеби да ушул болсо керек. Ɵнɵрдʏн ачуусун да, таттуусун да 4-класстан баштап тарттым. Жашоодо жакындарың шыктандырып турса, ɵнɵргɵ болгон кызыгуу дагы артат экен. Тʏрткʏ берип, колдогон ʏй-бʏлɵм, ата-энем болду. Бирок, башында колдорум жарылып жумуш кыла албай калганда:“кечке жипти эле кармап отурасың, койсоңчу!” деп да жʏрʏштʏ. 9-10-класстарда жаш таланттардын райондук кароо-сынактарында ɵнɵрдʏн артынан алгачкы ийгиликтерди багынта баштадым. Ошондон кийин баалашып, аябай кубанып да калышты.

“Ɵзʏм минген аттарга ээрден башкасын жасап алам”

-Ат жабдыктарынын бʏт тʏрлɵрʏн жасап жʏрɵм. Ɵзʏм минген аттарга бир гана ээрден башкасын жасап алам. Ээр жасап жʏргɵн байкелерибизди кɵрʏп ʏйрɵнʏп калдым. Ат такалоо да колдон келет. Анда-санда калем кармап ыр жазып калам. Кыргыздын улуттук оюну кɵк бɵрʏнʏ да кʏйɵрмандык деңгээлде ойнойм.

“Ɵрʏм ɵргɵндɵ аябай эс алам”

-Жʏгɵндʏн ɵрʏмʏн ɵргɵндɵ аябай эс алам. Ат жабдыктарын жасоо  менин хоббим десем да болот. Кɵңʏлʏм жайланып, оюмду бир жерге чогултуп отуруп алып, жаккан ишти жасоо чоң ырахат тартуулайт. Бир жʏгɵндʏ 4 саатта жасап бʏтсɵ болот. Камчыга деле ошондой убакыт кетет. Ар бир ишти жакшы жасасаң, элге жакса, купулуна толсо, ыраазы болушса,сенин да кɵнʏлʏң толуп калат эмеспи. Жасаган эмгек кооз, сапаттуу болсо деген тилек менен жасайсың да. Ошондуктан колумдан келишинче жакшы жасап бергенге аракет кылам.

“Ɵнɵр адамдарын эл багат”

-Кудай берген ɵнɵр менен нан таап, жан багып келебиз. Кем-карчыбызды толуктай алабыз. Бул ɵнɵр ɵз алдынча бизнестин тʏрʏнɵ кирип калат да. Анткени, товарды иштеп чыгып, элге сунуштайбыз. Коомчулукта кɵбʏнчɵ материалдык талап коюлуп калбадыбы. Элге жакса эле курсантмын, ыраазы болом ошого. Ырчы менен молдону эл багат деп коёт го. Анын сыңарындай ɵнɵр адамдарын дагы эл багат. Эл алып атканы ʏчʏн бизде жасоо талабы болуп турат. Материалдык жактан ɵзʏн сɵзсʏз камсыздайт. Кɵбʏнчɵ Кытайдан келген жиптерди дʏң баада сатып алгандыктан, каражаттын 30 пайызы материалга кетсе, 70 пайызы бизге калат. Материалдык жактан баалуу буюмдардын катарына кошо албайм. Бирок, буга чейин жасаган эмгектеримден устатыма жана белгилʏʏ тɵкмɵ акын Аалы Туткучев агабызга тартуулаган белектеримди эң баалуу деп эсептейм.

“Устаттардын жолун улап, мыкты шакирттерди тарбияласак экен”

-Айылдашыбыз Болот Сатаев деген агабызды устат тутуп келем. Кɵп нерсени ʏйрɵттʏ. Бирок, ɵзʏ: “мен сага устаттык кылып эч нерсе деле ʏйрɵткɵн эмесмин” деп калат. Чынында ал киши тʏздɵн-тʏз ʏйрɵтпɵсɵ деле ага ыктап, кɵрʏп жʏрʏп, ошол кишини карап тʏздɵнʏп калдым да. Жеке ɵнɵрдɵ эле эмес, жашоодо дагы устаттын эмгеги чоң. Айрым учурда кɵк бɵрʏчʏлɵргɵ кʏйɵрмандык кылып калган кездер болот. “Бирɵɵнʏн эмгегин жебе, бирɵɵгɵ тартуу кылам десең, сɵзсʏз бер”деп айтып турат. Качан гана устаттардын жолун улап, мыкты шакирттерди тарбиялаган кезде ɵнɵр ʏчʏн, кийинки муун ʏчʏн жакшы иш аткарган болсок керек. Ошондуктан шакирт тʏшʏп, ʏйрɵнɵм дегендерге, кызыккандарга ар дайым эшик ачык.

“Качандыр мугалим болуп да иштесем керек”

-Биздин айыл айтылуу Атай Огонбаевдин ысымын алып жʏрɵт. Кɵптɵгɵн атактуу инсандардын кичи мекени. Эл дыйканчылык, мал чарбачылык менен алектенет. Атам менен апам менден улуу бир туугандарымдын баарын жайланыштырып, тууруна кондургандан кийин келип эркелеп жʏрɵм.Ɵнɵр ʏчʏн жашоодо чоң  бурулуш жасай элекмин. Бирок, жашоомдо бир жолу шаардан айылга ɵнɵр ʏчʏн окуумду да калтырып баса бердим. Жан дʏйнɵ каалаган ишти жасагым, ɵнɵрʏмдʏ уланткым келди. Жашоодо бардык нерсе бири-бирине себепчи болот экен да. Бир чети ʏй-бʏлɵдɵ кенжеси болгондуктан шартка да байланыштуу болуп калды. Кыргыз тили жана адабияты мугалими болмокмун. Ɵнɵр багып, элге кызмат кылсам, пайдам тийсе, окутуучулук кылгандай эле болсо керек. Качандыр мугалим болуп да иштейм деген ойлорум бар. Айылга келсем, атам мен жок жылкы кармабай коюптур. Бала кезден ат ʏстʏндɵ ɵскɵндʏктɵн, кайрадан ат кармап жатам. Айыл жашоосу ɵзʏң менен ɵзʏң болууга кɵндʏрɵт экен. Кээде теңтуштарың сенин дʏйнɵңдʏ тʏшʏнбɵй калышат. Анан жашы улуу кишилер менен сʏйлɵшɵсʏң. Жайында эриккенде жайлоого барып, суунун боюнда 1-2 саат жатып, эс алып келем. Тоого качасың дей беришет.

“Мен дагы жасап алам, ала бериңиз” дей салып…

-Оюндарга, эл чогулган чоң улакка барып калганда камчыңды белек кылчы десе берип коюп, ɵзʏмɵ камчы ушунчалык зарыл учурлар болгон. Элестетип кɵр. Чыбык кармаганга да болбойт. Кишинин кɵңʏлʏн кыя албай, “мен дагы жасап алам, ала бериңиз” дей салган менен андай учурда камчы жасаган адамдын камчысы жок болсо кызыктай болот экен да (кʏлʏп). Кыргызда баш кийимди белекке бербеген сыяктуу эле ɵзʏм минген аттын жʏгɵнʏн белекке бере албайм. Сураса 1-2 кʏнгɵ берип турушум мʏмкʏн. Камчы болсо  машинанын ачкычындай эле кызмат аткарат да. А ачкычты белек кылса болот.

“Темир усталарга муктажбыз”

-Ат жабдыктарына Казакстандан, ɵлкɵбʏздʏн булуң-бурчтарынан буйрутма берип алып кеткендер болот. Бир командага 20 жʏгɵн тигиш керек болсо, 4-5 кʏндɵ бʏтʏрɵм. Аябай убакытты эсептеп алмайым бар. Жашымдан эле ушундай тартипке ɵзʏмдʏ ɵзʏм кɵндʏргɵнмʏн. Биздин айылда кɵпчʏлʏгʏ ат жабдыктарын жасашат, улак чабышат. Белгилʏʏ темир усталар да чыккан экен. Ат жабдыктарына керектʏʏ буюмдардын баарын эле ɵзʏбʏз жасай албайбыз. Темир устанын бʏт шаймандарын жалгыз адам бир сатып алуу бир топ машакат болгондуктан,  темир коюучу жерлерге келгенде темир усталарга муктаж болобуз.

“Ɵнɵрдʏ баалаган адамдарга чын жʏрɵгʏмдɵн жасап берʏʏгɵ аракет кылам”

-Сапат болуп, кооздук жок болсо, жасаган эмгегиң кɵркʏнɵ чыкпайт. Аябай кооз болуп, бирок сапаты жок болсо да натыйжасы болбойт эмеспи. Жасаган эмгекте сапат менен кошо кооздукка да аябай басым жасайм. Кооздук менен сапат бири-бирине жуурулушканда жакшы жыйынтык берет. Негизгиси ɵнɵрдʏ баалагандарга кунт коюп, чын жʏрɵктɵн жасап берʏʏгɵ аракет кылам. Жигитке жетимиш ɵнɵр аздык кылат дейт го. Кандай ɵнɵр болбосун ʏйрɵнʏп алса болот. Ɵз колуң менен жасаган буюмду белекке берген белек алгандан алда канча жагымдуу маанай тартуулайт эмеспи. Ат жабдыктарынан сырткары булгаарыдан кɵтɵрʏп жʏрʏʏчʏ капчыктарды да  жасайм. Кээде гана кɵңʏлʏ жакын кишиге белек кылгым келгенде эле жасабасам, кɵп деле жасай бербейм. Студент болуп окуп жʏргɵндɵ кɵп белек кылдым окшойт. Негизи баарынан да мурун ат жабдыктарын жасоо жагат.

Бʏкалча Маматали кызы