27 апреля, 2024

ОБЛУСТУК ГЕЗИТТЕР: “ЖОЮЛАТ-ЖОЮЛБАЙТ” АЗАЙБАГАН АРЫЗ, КƟБƟЙГƟН КАРЫЗ

Республиканын Маданият, маалымат жана туризм, жаштар саясаты министрлиги облустук гезиттерди жоюу жɵнʏндɵ Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга койгонуна бир ай болду. Айрым талдоочулар ɵткɵн кылымда согуш жылдарында да чыгып келген облустук гезиттер эми жабылуу алдында турганын белгилешʏʏдɵ, анткени тигил же бул маселени коомдук талкууга коюу дегендин ɵзʏ ал маселени чечʏʏдɵ коомчулуктун пикири эске алынды деген эле аргументке  жамынуу менен иш тутууну туюнтары жалпыга маалым. Ал эми коом деген адатта абдан кеңири кɵлɵмдɵгʏ тʏшʏнʏккɵ кирип, арифметикасын алуу-аңдуу кыйынга турат эмеспи.

Талкууга коюлган токтом долбоорунда облустук гезитердин редакцияларын жоюунун негизги себептери негедир айтылган эмес. Сыягы, бул тарабын ошол эле коомдук талкууда коомчулук кɵтɵрʏп чыга калат деген эсеп бардай. Тек гана баш-аягы биригип ɵлкɵдɵгʏ тɵмɵнкʏ он эки гезиттин редакциялары жɵнʏндɵ болуп жатат: “Баткен таңы”, “Ош жаңырыгы”, “Уш садоси”,”Эхо Оша”, “Акыйкат”, “ Талас байрагы”, “Теңир тоо”, “Чʏй баяны” жана “Ысык-Кɵл кабарлары”.

Булардын алды жыйырманчы кылымдын  согуш жылдарында негизделип чыга баштаганы маалым. Нарын облусундагы гезит “Нарын правдасы”, Ысык-Кɵл облустук гезити “Ысык-Кɵл правдасы) деген ат менен  (“правда” сɵзʏн ал кездерде атактуу “Правда” гезити чыгып тургандыгына байланыштуу, кыргызчалоо кыйыныраак, а балким ыңгайсызыраак болгон шекил)  чыгып келген. Эгемендик доорунда алардын аттары ɵзгɵргɵн. Чʏй облусу менен Баткен облусу жаңы уюшулганына байланыштуу, мындагы облустук гезиттер жаңыдан ачылган.

 Бир топ жыл болгонсуду, Маданият жана маалымат министрлиги облустук гезиттерди облустук телерадиокомпаниялар менен кошуп, ар бир облуста бирден медиа борбор тʏзʏлгɵн. Анын максаты мамлекеттик маалымат каражаттарында бирдиктʏʏ маалымат саясатын жʏргʏзʏʏ жана санариптештирʏʏ болгон. Бирок, телерадиокомпаниялар менен гезиттердин оту кʏйʏшпɵй, гезитчи журналисттер медиа борбордо гезит каралбай калды деп Бишкекке кɵп арызданышты. Ошондон кийин Маданият министрлиги аларды кайра бɵлʏп салууга аргасыз болгон эле. Бирок, баш редакторлордун баары бошотулуп, ордуна жаңылары дайындалган.Мына, дагы кызматтан бошогон редакторлордун айрымдары нааразы болуп, президентке чейин кат жазышты. Облустук гезиттердин редакцияларын жоюу жɵнʏндɵ токтом долбоору ошондон кийин болуп жаткан иш.

РЕФОРМАБЫ?

“Булар актуалдуулугун жоготуп жатат. Биз буга чейин бир чоң реформа кылып, облустук телерадиокомпаниялар менен гезиттерди бириктирип, облустук медиа борборлорду тʏзгɵнбʏз. Улуттук телерадио  боюнча мыйзам кабыл алынгандан кийин медиа борборлор жабылууда. Ошонун негизинде облустук гезиттерди жабуу боюнча тапшырма берилди. Биз токтом долбоорун даярдап, коомдук талкууга койдук. Келген сунуштарды карап чечим кабыл алабыз”-дейт министрликтин ɵкʏлʏ Бектур Ибрагимов. Бирок, министрликтин ɵкʏлʏ сунуштардын жана ага жараша кабыл алына  турган чечимдин ыктымалдуу варианттарын ачыктаган жок. Айталы, “облустук гезиттердин да орду-окурманы бар, жоюлбасын” таризиндеги сунуш басымдуулук кылып кетсин деп кыялданалы, анда облустук гезиттер жоюлбай калабы?

Эске сала кетсек, Маданият министри жыл башында облустук гезиттердин жаңы дайындалган  редакторлору менен жолугуп, жаңыча иштɵɵ жɵнʏндɵ талап койгон экен.Министрдин “жаңыча иштɵɵ” ( ага эмнелер камтылганын мындай эле кое туралы) талабына жооп бергидей таризде иштеп баштоо прооцессин аңдап-багып, мониторинг жʏргʏзгɵнгɵ жыл башынан берки ɵткɵн убакыт жетиштʏʏ болуп кетти деп ким айта алары гана тʏшʏнʏксʏз калууда.

Облустук гезиттердин сапатына министрлик тараптан кɵп дооматтар айтылып келди.Атап айтканда, заманбап контент жаратуунун ордуна интернеттен кɵчʏргɵн же коомдук актуалдуу эмес маалыматтарга гезитти толтуруп, санарип,мультимедиялык ыкмага кɵчʏʏдɵ кашаңдык кылып, эски советтик журналистиканын салттарынан арыла албай жаткан кемчиликтери жɵнʏндɵ сɵз болууда. Бирок, интернет жана социалдык тʏйʏндɵрдʏн тʏрдʏʏ маалыматтары жалпыга маалымдоо каражаттары ʏчʏн маалыматтык булактын бир тʏрʏ катары кызмат кыларын жана маселе ал маалыматтарды колдонуу жана пайдалануу, таркатуу ыкмаларында жатарын да эстен чыгарбоо зарыл. Ал эми арылууга тийишпиз делинген “эски советтик журналистиканын” дурус-буруш салттары конкреттʏʏ темадан таптакыр алыс турат.

“Бул жергиликтʏʏ окурмандарга оор сокку болот,-дейт “Талас байрагы” гезитинин башкы редакторлугуна жакында эле дайындалган Кенже Бɵдɵшова. –Биринчиден, биз биричи жарым жылдыкка жазылуу жʏргʏзʏп койгонбуз. Экинчиден, ɵзʏбʏздʏн туруктуу окурмандарыбыз бар. Yчʏнчʏдɵн, мамлекеттин саясатын алыскы аймактарга,алыскы айылдарга жеткирʏʏ милдети мойнубузда. Аймактарда облустук эле гезиттер калды, булар жабылса, биздин ɵлкɵнʏн медиа айдыңында тарыхый бир чоң жаңылык болот окшойт”.

Облустук басылмалардын сапатына  айтылып жаткан сын- дооматтардын чындыгы бар экенин Кенже Бɵдɵшова да моюнга алат. Бирок, аны жоюп жиберʏʏ аркылуу чечʏʏ туура эместигин белгилейт.

“Биз деле алардын талабына ылайык аракеттерди баштаганбыз. Азыр медиа океанда сʏзʏʏ ɵтɵ татаал. Бир жаңылык бир секундда эскирет. Биз жаңылыктарды ыкчам чыгара албасак да, маани-маңызын тʏшʏндʏрʏʏ жагынан алда канча эле алдыдабыз деп ойлойм”.

Кыргыз Эл акыны Адыжапар Эгембердиев  “Ысык-Кɵл кабарлары” гезитин кɵп жыл жетектеп иштеп жʏрʏп, жакында эле бошогон.

“Облустук гезиттер кɵп жылдар бою элдин калың катмарына жеткен. Ɵз милдеттерин жооптуу аткарган, ɵлкɵнʏн саясий турмушунда ɵз орду бар басылмалар эле. Айрымдары 80-85 жылдан бери чыгып келатат. Маданият министрлиги реформа жасайбыз деген шылтоо менен калыптанып калган системаны бузуп салды.Кадр маселесинде басма сɵздʏ ырааттуу ɵнʏктʏрʏʏдɵ, аны заманбап техника менен жабдууда кɵп кемчиликтер кетти. Ошол себептʏʏ облустук гезиттер ɵз милдеттерин толук аткара албай калды. Ɵзʏнʏн маанисин жоготуп койду, чаржайыт эле бир оокат болуп калды”-дейт А.Эгембердиев Би-Би-Сиге берген маегинде.

Маданият министрлигине облустук гезиттерди жабуу керек болуп, ошол себептʏʏ гана токтом долбоорун коомдук угууга алып чыгып жаткан болсо, анда “Ысык-Кɵл кабарларынын” экс-редактору, болгондо да Эл акынынын жогорудагыдай жонмо  пикири албетте, зарылдай туюлат. Кантсе да, экс-редактор облустук гезиттердин “ɵз милдеттери” эмнеден турарына жана алар кантип аткарылбай жатканына дагы да конкреттʏʏ токтоло кеткенде бʏтʏм-пикир ынанымдуураак болмокпу дегендей да ой кетет.

МЕЗГИЛ ЖАНА МЕДИА

Дʏйнɵнʏн башка ɵлкɵлɵрʏндɵй эле, Кыргызстанда да маалымат концентрациясы социалдык сайттарга кɵчʏп, жаңы медиа катуу ɵнʏгʏп жаткан шартта салттуу маалымат каражаттары четке сʏрʏлʏп, четинен жабылып жатканы ырас. Маалыматтык айдыңындагы бул этапты басып ɵтʏʏ да бизге шарт окшойт, кайда качып кутулмакпыз. Бишкекте ондогон жылдар бою чыгып келген орус тилдʏʏ “Дело№”, “Вечерний Бишкек” гезиттери басма тʏрʏндɵ чыкпай калды. Кыргыз тилинде аз нускада чыккан жеке менчик гезиттердин кɵбʏ рыноктон ɵз ордун таба албай, кʏркɵлɵрдɵн кɵрʏнбɵй калды, айрымдары анда-санда чыгып жатат.

Ɵкмɵттʏк “Кыргыз Туусу”,”Эркин-Тоо” гезиттери ʏзбɵй чыгып келатат,бирок алардын деле  нускасы аз, каржылык мʏмкʏнчʏлʏгʏ ɵп-чап.

Жакындан бери маалымат булактарында  мамлекеттен каржыланган массалык маалымат каражаттарынын  жоюп салуу сунушу  андан-мындан айтылууда. Демократиясы ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдɵ мамлекеттен каржыланган массалык маалымат каражаттары жок деген Марат Токоевдин билдирʏʏсʏ да бери эле дегенде маалыматтык чайкоочулукка жатат. Мамлекеттен каржылоонун ар тʏрдʏʏ жол-жоболору жана ачык  айтылбаган жагдайлары ɵтɵ кɵп болгондуктан,  сɵз кылып олтуруунун ɵзʏ ашыкча.

 Облустук гезиттердин жабылып калуу жагдайына кайтып келчʏ болсок, алардын маселесин мындай ара жолдо арыдан бери чече  салууга этиет мамиле жасоо талап кылынаары белгилʏʏ эле болуп турат. Мынчалык медиаресурсту максаттуу пайдалануунун башка жолдорун да издеп кɵрʏʏ балким, ашыкчалык кылбайт.

Абдираим Мамытов