24 апреля, 2024

ЯПОНИЯНЫ РОССИЯГА АКШ ТУКУРУУДАБЫ?

Токио Россияга карата риторикасын кескин катаалдаштырып. АКШ менен биргеликте Ыраакы Чыгышта бирдиктʏʏ аскердик муштум тʏзʏʏ аракетине ɵтʏʏдɵ.

 Россия Украинада атайын аскердик операциясын баштагандан кийин  Россияга каршы эми белгилʏʏ болуп бараткандай, гибриддик эмес, реалдуу согушту жарыялаган Батыш  башын “орустун аюусунун кʏнʏ бʏтɵɵрʏнɵ аз калды” деген ой менен оорутуп,  Россиянын  жакынкы эле келечекте майдаланып  кетʏʏсʏн ачык жана тʏз эле айтуу менен, анын терисин эмитен эле бɵлʏʏгɵ киришкенин, бул ʏчʏн “рефедерализция” деген  келжирек терминди да ойлоп табышканын орус аналитиктери белгилеп жʏрʏшɵт

 Москва АКШнын жана анын НАТОдогу вассалдарын бул пландарына каршы аз эмес кʏчʏн жумшоого аргасыз болууда. Ал эми бул аралыкта анын артынан башка бир кооптуулук Чыгыштан пайда болууда. Ал орустун ата мекендик айрым бир либералдык аналитиктери айтып жаткан “кытай ажыдаары” эмес. Орустар тарабынан 1945-жылы тыптыйпыл талкаланган мурдагы империялык амбицияларын япондор эми  эстерине тʏшʏрʏшʏʏдɵ.

ЖАҢЫ ДОКТРИНА

Тайвань кɵйгɵйʏн чечʏʏгɵ бар кʏчʏн багыттап жаткан Пекин ʏчʏн азыр тʏндʏккɵ экспансия жасоо таптакыр  актуалдуу эмес. Ал эми Токио ɵткɵн жыл ичинде “тʏндʏк аймактарын кайтарып алуу” ( Тʏштʏк курилдик Россиянын  тɵрт аралын Японияда ушундай аташат) боюнча риторикасын, бул маселеде аны  Вашингтон, Лондон жана Брюссель колдорун билгендиктен,  кесин кʏчɵткɵн. Россия Федерациясына Япония азыр кол салуудан коркуп турганы менен, Россиянын таалайына, анын бетин ары кылсын, кокус СССРдин тагдыры туш келип калчу болсо,  Японияга Ыраакы Чыгыштан ɵтɵɵр май-талкан жок! Экинчи дɵйнɵлʏк согушта бырын-чырын талкаланган Япония ɵткɵн жылдын декабрында эле улуттук коопсуздуктун жаңы, башка мамлекеттер согуш аракеттери жʏргʏзʏʏгɵ уруксат берген доктринасын кабыл алганын кокустук катары кабылдоого болбойт.

Документте башкы душман катары ʏч ɵлкɵ расмий кɵрсɵтʏлгɵн. Биринчиси –“стратегиялык жактан  ɵтɵ кооптуу чакырык таштаган” Кытай, экинчиси –“мурункуга караганда да олуттуу коркунуч жаратып жаткан” Тʏндʏк Корея жана ʏчʏнчʏсʏ — “коопсуздукту камсыздоо  кɵз карашынан алганда жана  Украинадагы аскердик операциясынан улам тынчсызданууну пайда кылган Россия”.

Бул “чакырыктарга” жана “тынчсызданууларга” каршы туруу ʏчʏн япон бийлиги радикалдуу  чараларга барууну чечти. 2028-жылга карата аскердик потенциалды бекемдɵɵгɵ Токио бюджеттен 320 миллиард долларды бɵлɵ чапмай болду. Ошондо Япония аскердик чыгымдын кɵлɵмʏ боюнча алганда, дʏйнɵдɵ АКШ менен Кытайдан кийинки ʏчʏнчʏ орунду ээлеген ɵлкɵ болуп калат. Эскерте кете турган жагдай, согуштук аракеттерди жʏргʏзʏʏдɵн баш тартуу жɵнʏндɵгʏ 9-берене Япониянын Конституциясында ушул кʏндɵ да  жазылып-бекитилген  бойдон турат. Бирок, жаңы доктринада Япония потенциалдык душмандын аймагындагы буталарга сокку ура алары мʏмкʏн экендиги  тʏз айтылган. Ал максатта Токио америкалык дрондорду жана ошондой эле “Томагавк” канаттуу ракетасынан 500дʏ сатып алууну пландаштырууда. Мындан тышкары, япондор ɵздɵрʏ 2ден  3 миң чакырымга чейинки аралыкка атыла турган гипердобуштуу ракеталарды иштеп чыгууга жана ал ракеталарды Хоккайдо аралына жайгаштырууга даярдык кɵрʏшмɵкчʏ. Россиялык аймактагы потенциалдуу душманды жок кылуу аракетинин радиусу ɵтɵ кең. Кʏн чыккан ɵлкɵнʏн, эл аралык баам -байкоолорго караганда,ядролук статустун босогосунда, ɵтʏʏ ʏчʏн бир гана кадам жетпей турганын эске алганда, коркунуч пайда болот.

Он жыл илгери эле Синдзо Абенин ɵкмɵтʏнʏн тушунда, Токиодо Россия Федерациясы менен бардык чɵйрɵдɵ кызматташуунун маанилʏʏлʏгʏ жɵнʏндɵ сɵз жʏргɵн. Россия “жакын ɵнɵктɵш” аталган. Азыр Москва менен ɵнɵктɵштʏк жаатында сɵз да жок. Япониянын финансы министрлигинин отчету боюнча, эки ɵлкɵнʏн ортосунда товар жʏгʏртʏʏ ʏстʏбʏздɵгʏ жылдын январь айында эле 60 пайызга азайып кеткен. Япондор Россияга компьютер жана автомобилдерди сатууну олуттуу кыскартып, россиялык мунай жана кɵмʏрдʏ сатып алууну дээрлик токтотушкан.

АКШ менен аскердик кызматташтыкты чукулунан жогорулаткан япондор  аларды “улуу агасы” зарыл болгон учурда Россия же Кытай же дагы башка бирɵɵ менен согушууга мажбурлаарын тʏшʏнбɵйт дегенге болбойт. Бирок, баш ийʏʏгɵ туура келет. Анын ʏстʏнɵ, Вашингтон деле бул чɵлкɵмдɵгʏ ɵзʏнʏн аскердик мʏдɵɵлɵрʏн жашырбай келет.

“Биз  Япония, Филиппин жана башка жайларда аскердик аракеттер театрын даярдап жатабыз”,-деп билдирди АКШнын деңиздик жɵɵ аскерлеринин 3-экспедициялык корпусунун командачысы Жеймс Бирман.

Американын ар кандай кɵрсɵтмɵлɵрʏн кыңк этпей аткарууга Токио даяр экенин  кʏбɵлɵндʏргɵн дагы бир окуя  ɵткɵн жылдын этегинде болуп ɵттʏ. Япония БУУнун башкы ассамблеясында нацизмди даңктоого каршы кʏрɵш жʏргʏзʏʏнʏн россиялык резолюциясына каршы добуш берген 50 мамлекеттин ичинде болду.

“БУУ тарыхында биринчи жолу нацизмди айыптаган жана Экинчи дʏйнɵлʏк согуштун жыйынтыктарынын ɵзгɵртʏлбɵстʏгʏн туура деп эсептеген документке  фашисттик блоктун мурдагы мʏчɵлɵрʏ каршы добуш беришти”,-деп наразычылык билдирди  Россиянын БУУдагы ыйгарым укуктуу ɵкʏлʏнʏн орун  басары Геннадий Кузьмин.

ПАРОВОЗДУН АЛДЫНДА ЧУРКОО

 Япония жакында “жетилик” тобунун саммитин кабыл алууга даярданууда. Саммитте антироссиялык контекст бардык чырайына чыгуусу кʏтʏлʏʏдɵ. Ага  Украина президенти Зеленский бекеринен чакырылбаганын байкоочулар белгилешʏʏдɵ. Форумда япон премьери  Фумио Кисида Россия Федерациясына каршы жаңы  санкцияларды сунуш кылаары кʏтʏлʏʏдɵ. Москва менен тынчтык келишим тʏзʏʏ зарылдыгы (ал келишим Экинчи дʏйнɵлʏк согуш бʏткɵндɵн  ушул кʏнгɵ дейре тʏзʏлɵ элек) жаатында  мурда Токио тынымсыз айтып келген болсо, эми унукпай турууга артыкчылык берилʏʏдɵ.

“Япон-россиялык мамиледеги иштин  жайы ɵтɵ эле татаал бойдон калууда жана азыркыдай кырдаалда тʏзʏлɵ турган тынчтык келишимдин келечегин талдоого карата эч  кандай шартты кɵрбɵй турам”,- деп билдирди Кисида жакында ɵткɵн парламенттик дебатта. Мындай бурулуш  ʏчʏн орустар кимге милдеттʏʏ экенин Россия  эң сонун тʏшʏнʏп турат

“Япониянын азыркы жетекчилиги жʏргʏзʏп жаткан саясат тынчтык келишими жагдайында сʏйлɵшʏʏлɵрдʏ эле эмес, дагы кɵптɵгɵн башка долбоорлорду жана макулдашууларды сʏйлɵшʏʏнʏ кайра жандандырууга мʏмкʏнчʏлʏк бербейт”-дейт Россиянын Тышкы иштер министрлигин башчысынын орун басары Андрей Руденко.

Япон ɵкмɵтʏ АКШнын Россияны изоляциялоо линиясына иш жʏзʏндɵ толук тилектеш болуп калгандыгын далилдɵɵдɵ.  Япония паровоздун алдында чуркап келаткандай таасир жаралууда.

ЖООП АРАКЕТТЕР

Биринчиден, Япония  акылына келмейинче тынчтык келишими жана “тʏндʏк аймактар” боюнча, Россия эч  кандай диалогко барбайт. Япондор  Тʏштʏк Курилдерге карата ачылган визасыз режимден куржалак калтырылды. Россия аралдарда биргелешкен чарбалык ишмердʏʏлʏктʏ уюштуруу жɵнʏндɵ диалогдон чыкты. “Ар ыктымалдуулукка каршы”, ал жактарга “Искандер” ракеталык комплекси орнотулду. Японияга америкалык ракеталарды жайгаштырууга Россия региондо абадан коргонуу чараларын, ПВОну кʏчɵтʏʏ менен жооп берет шекил, мында башкасын кой, гипердобуштуу ракеталарды да атып тʏшʏрʏʏгɵ жɵндɵмдʏʏ 400 -500 комплекстер жɵнʏндɵ болууда. Тынч океан аскер-деңиз флотун модернизациялоо жʏрʏп жатат- анын кораблдеринен аскердик базалары Японияда жайгашкан америкалыктар менен япондордун ɵзʏлɵрʏ да  алардан бешбетер коргоно албаган “Циркон”ракеталарын кое берʏʏгɵ мʏмкʏн.

Албетте, япон-америка аскердик кызматташуусунун тереңдеши Россия ʏчʏн бир топ эле кооптуу экени кɵрʏнʏп турат. Японияда Россияга карата аймактык дооматтын болушу Россиянын аймактык бʏтʏндʏгʏнɵ такай коркунуч жаратып турган факторлордун катарына кирет

Региондогу  АКШнын Япониядан башка союздаштары – Тʏштʏк Корея, Тайвань Вашингтон ɵл десе ɵлʏп, тирил десе тирилген даржада ал чийген чийинден чыкпоосу белгилʏʏ. Россия ʏчʏн мындайда реиондогу Тʏндʏк Корея  жана Кытай менен ɵз ара мамилени жана кызматташтыкты андан ары тереңдетʏʏ жана кеңейтʏʏ  зарыл экендиги айтпаса да тʏшʏнʏктʏʏ. Экинчи дʏйнɵлʏк согушта фашисттик блокко кирген милитаристтик Япониянын абийиринде канчалаган кытай жана корей курмандыктары жатканы дʏйнɵ элине маалым. Япон жетекчилигине мынтип эскертме берʏʏ пайдасыз, ал эми жалпы япон элине Япония эми туташ Хиросима жана Нагасакиге айланып кетпесе экен деген аруу тилек ашыкчалык кылбайт.

Абдираим Мамытов