19 апреля, 2024

“Мугалимдик –  бала алдында кʏн сайын сыноодо туруунун, ɵмʏр бою сооп жыйноонун кесиби”

Апакем…

Алланын кудуретин карачы, апакемди чыдайт деди да эң оор жʏктʏ анын белине артып берди. Апакем жʏдɵдʏ, тʏйшʏк тартты, кʏн-тʏн дебей желкесине илип алып баратты. Апакем кыйналды, жʏгʏ кʏндɵн-кʏнгɵ чоңоюп бара жатты. Аллах айтты тогуз ай болду, эми ал жʏк сен кɵргɵн кыйынчылыктарды ɵз кɵздɵрʏ менен кɵрсʏн деп айтты.Апакем макул болду, эс тартканча жанынан кадам жылбады. Азыр ал жʏк чоңойду, апакемдин кайратына, сабырдуулугуна таң калып турам, кантип чыдады экен?..

ДYЙНƟ ИЗДЕП…

Эх, керексиз дʏйнɵ сага тойбодук,

Кʏн-тʏн дебей тытынсак да толбодук!

Кагаз ʏчʏн кечип жакын адамды,

Керек болсо ɵлʏмдɵн да коркподук!

Сатып баарын айла тапбай курудук,

Басып далай ɵчкɵн жолдо кʏбʏлдʏк.

Амал канча акырында чалынып,

Тизеледик ʏмʏт менен жашадык.

Сыноо жолдо далай сынып кор болдук,

Тепселендик,талкаланып,бʏтɵлʏп!

Кɵргɵ кирбес мал-мʏлк ʏчʏн кул болуп.

Кайран ɵмʏр жашообузду соолуттук!

ЖYРƟКТƟ ЖАШААРЫҢ ЧЫН!

Тʏштɵрʏмɵн ɵзʏңɵ дʏйнɵ куруп,

Тʏмɵн-тʏйшʏк желкеме илип алгам.

Тʏн ичинде ɵзʏңɵ кезигʏʏчʏ,

Тʏз бараткан жолдорду куруп алгам.

Кимдигиңди билбеймин ачыгы, чын!

Кɵңʏл толгон жʏрɵктɵ жашарың муң.

Кайдан келип кетээриң белгисиз, ээ?

Капылеттен дʏйнɵмдɵ ɵкʏм сʏрдʏң…

Ырас,мендик ырларымдын авторусуң!

Бул жашоодон тапканым,ыйыгымсың.

Ыңаалаган курсактан тʏшкɵн кезде,

Маңдайыма бʏткɵн бир тумарымсың!

КАНИКУЛ

Сессияны уят болбой бʏтʏрʏп,

Мен да келдим каникулдап айылга.

Атам, апам, бир туугандар жайдары,

Тосуп алды кучак жайып ашыгып.

Кыйналыпсың каралдым ай окуудан,

Тамак жебей ɵңдɵн кыйла азыпсың.

Алчы айым,жечи кʏнʏм тартынбай,

Апаңмын го,»эркем» менин ак куудай.

Алтын кызым балалыгың калыптыр,

Чоң кыз болуп, токтонуп да калыпсың.

Атаңмын го, атаң барда окуп ал,

Чʏрпɵм менин,»жалгыз»кызым,эркем ай.

Келээр кʏнʏм шурусундай апамдын,

Тезмектелген календарда катары.

Кетээр кʏнʏм мыйзамы да атамдын,

Кол коет да, сапка тизет жоокердей.

Алтын апам санаасы кɵп турмушта,

Толгоо тартып тɵрɵгɵнʏң чындык да.

Бубак баскан чачтарыңдан ɵткɵрʏп,

Адам кылып ɵстʏргɵнʏң эрдик да.

Ээх атакем, таянарым, жакыным,

Теңдеши жок эч бир эркек затынын.

Кыйналсаң да кʏн-тʏн иштеп мен ʏчʏн,

Алаканга салып алып чоңойттуң….

Жакындарым,жароокерим асылдар,

Силер барда даңктанууга акым бар.

Гʏлдɵр гʏлдɵп, кɵптɵн кʏткɵн жаз келсе,

Бир ɵмʏргɵ сыйлап ɵтɵɵр кызыңар…

Мына кʏндɵр ɵтʏп жатат зымырап,

Уйлар,койлор короолордо ʏн салат.

Бал тилдери ката элек бɵбɵктɵр,

Дабыш берип,ары-бери чуркашат.

Кыш мезгили,кʏн чайыттай ачылган,

Апам алып ысык нанын тандырдан.

А мен болсо терең-терең дем алып,

Айыл жытын жыттап алдым тойгончо.

КОШ, МЕКТЕБИМ!

Ак мектептин босогосу ачылып,

Билим кʏнʏн баары эңсеп сагынып,

Коңгуроонун кагылышын кʏтʏшɵт,

Окуучулар ак бантигин тагынып.

Амансыңбы билим алган, мектебим?

Курбу-курдаш, теңтуштарым, досторум…

Тарбиялап, тазалыкка ʏйрɵткɵн,

Эсенсиңби билим берген, эжейим?

Ооба, билем, ак мектебим эсимде,

Жаштык кыял ɵткɵн экен кезинде.

Байкалбастан баары ɵтʏп,термелип,

Эске салат  окуучунун жоругун.

Классташтар,азиз достор баяны,

Ак мектебим сенде ɵткɵн оболу.

Билим берген эжейлерим,агайлар,

Дале болсо эсте турат сɵздɵрʏң.

Эх балалык ɵткɵн экен доор улап,

Коштошууга жетип келди бир убак.

Азыр болсо бир кесиптин ээсимин,

Келечекке азык камдап, кʏн улап.

Кош мектебим,жакшы кʏндɵ кɵрʏшɵр,

Кош мектебим,амандыкта жолугар.

Дагы далаай келечектин жаштарын

Тʏзɵ кɵргʏн канатыңа асырай…

МЕН МУГАЛИМДИК КЕСИПТИ ЭМНЕ YЧYН ТАНДАП АЛДЫМ?

Таңдан -кечке бала ʏчʏн талбаган,

Тʏйшʏк тартып бʏт ɵмʏрʏн арнаган.

Тадыр жазып бешенеге кесипти,

Турмушунда мыкты устат аталган.

Жɵп-жɵнɵкɵй,жупуну эле кийгени,

Жасалмасыз ушул эле жʏргɵнʏ…

Жаркып кабак,башталганда сабагы,

Жайнап турчу бʏт баарысы жайдары.

 Ооба, мен келечекти тʏзʏʏчʏ мугалиммин. Бул кесиптин ары татаал, ары тʏйшʏктʏʏ экендигин, ар кандай турмуштун оош-кыйыштарын акырындан жон терим менен сезип, туюп, билип келе жатам…

 ʏрɵң-бараңда жол четиндеги шам чырактын жарыгын кɵздɵй,ɵз милдетимди аткаруу ʏчʏн мектепке шашып келе жатам,балдарга билим берип мекенге ɵз салымымды кошуу ʏчʏн! Ырас,аялзатымын да, колумдан эмне келсин?

Жок дегенде мекенди тʏзʏʏчʏ келечектин жаштарын,патриот мырзаларын дем-кʏч менен татыктуу тарбия, акыл-эс берип ɵзʏмдʏн мугалим экенимди дагы бир ирет жашоодо ачык айтып жар салып, далилдɵɵм ʏчʏн… ар таңда жан дʏйнɵсʏ аруу, таза,билимге дилгир жаштарды жаңы коомго кошуу ʏчʏн мектепке шашып бара жатам!

Балким бакыт мыйыгынан бир кʏлʏп,

Мени кɵздɵй келгени ушул ɵңдɵнɵт.

«Эжекелеп»ар тараптан ʏн салып,

Окуучулар бакыт шамын гʏлдɵтɵт.

Эгер мугалимдерге “сиз мугалимдик кесипке тапшырганыңызга ɵкʏнбɵйсʏзбʏ?” деген суроону бере турган болсок,аладын кɵпчʏлʏгʏ «жок, мен ɵкʏнбɵйм» деп жооп беришет, дээрлик мен ɵкʏнɵм деген инсандарды кезиктире деле албасак керек, эгер андай инсандарды кезиктире турган болсоңуз анда ал мугалимдик кесип эмне экендигин али терең тʏшʏнʏп,аңдап биле элек,окуучулар менен болгон маектин ырахатын  жан дʏйнɵсʏ менен сезе элек инсандар болор.

  Мугалимдик кесип-пакизалыктын,мамилелешʏʏнʏн,бала алдында кʏн сайын сыноодо туруунун, ɵмʏр бою сооп жыйноонун кесиби деп (М.Байымбетов) агайыбыз айткандай, мугалим болуу бакытын жараткан ар бир инсанга эле буюра бербесе керек! Кʏнʏ-кечке балдар менен маектешип,ар бир баланын психологиясына жараша мамиле жасап, бир эле мугалим бардык баланын талабына, укугуна шайкеш болуусу керек. Жɵн эле элестетип кɵрсɵңʏз, 30дан ашуун бала (эжей,эжеке)деп сизге кайрылганын,бул эмне деген зор аброй, ээ?

  Эне балага ак сʏтʏн берип ɵстʏргɵн сыяктуу,мугалим да балдарга дарак сымал билимин,турмушта жетишкендиктерин,мол тажрыйбаларын, методдорун окуучуларга берип, аларды келечекте адам болуп тарбияланып, турмуштан ɵз оордун тапканга ɵбɵлгɵ тʏзʏп берʏʏчʏ устаты болуп эсептелет.

  Себеби бир гана мугалим жашоодо ар кайсыл кесиптин ээлерин адам кылып кɵрсɵтɵ алат. Дегеним…ал жɵн гана инсан!Сыртынан бир жупуну,жɵп-жɵнɵкɵй,а ичинде жаз, жай укмуш гʏл бакча, жыпар жыт!Анын баалуулугу,сулуулугу, аруулугу мына ушунда, анын ɵзгɵчɵ дʏйнɵсʏн барактап бʏтɵ албайсың…

Мугалимдер укмуш кырдуу уз чебер,

Сайма саят,кыяк тартат тон менен.

Мугалимдер чарчашпайт да,чалдыкпайт,

Сʏйлɵгɵндɵ дем,кʏч берип окуучусун азыктайт…

  Мен мугалимдик кесипти сʏйɵм, мен азыр аны менен азыктанып жатам, мугалимдик кесип менин денемде кʏч-кубат берип жаткан вена,артерия кан тамырларындай….Демиме-дем кошуп, жан дʏйнɵмдʏ жылуулантып турат. Мен бул кесипти тандаганыма  ɵкʏнбɵйм.

ЖYРГYМ КЕЛДИ НУР ƟҢYНДƟ ЖАШТЫКТЫН

Жаз гʏлʏндɵй жайнап жаңы ачылган,

Жыпар жытын таткым келди жаштыктын.

Жашыл кийип, кɵйнɵгʏмдʏ булгалап,

Жʏргʏм келди кɵктɵмʏндɵ жаштыктын.

Жылууланып, жай илебин жамынган,

Жыпар жытын чачкым келди жаштыктын.

Жылдыздардай жымындашып ɵчпɵгɵн,

Жʏргʏм келди жалынында  жаштыктын.

Жароокерим энем ɵңдʏʏ таптаган,

Журттун жʏгʏн арткым келди далыман.

Жибек сымал керегимди тийгизип.

Жʏргʏм келди нур ɵңʏндɵ жаштыктын.

ЗАМАН ЖАНА БИЗ

Пейилибиз тарып,оюбуз кыска болгон заман,

Ойду-тоону омкоргон,убадасы жок заман.

Бут баскандан эринип,кол ʏзʏлгɵн заман,

Баарын билип тɵрɵлʏп,баалай албаган заман.

Акылдуулар чачтан кɵп ,кайнаган заман.

Досту-досу басынтып, касташкан заман,

Барга-бардай,жокко-жоктой бул заман,

Баарын,жогун билбеген акылсыз заман.

Сайттарда сандалып жʏргɵн заман,

Абийир,намыс,уятың бʏткɵн заман.

Бакыт эмне туйбаган тилсиз заман,

Ишеним жок,ак сʏйʏʏ сынган заман.

Мунун баарын бʏлдʏргɵн арсыз адам,

Кʏнɵɵлʏʏ да заманын тʏзгɵн адам!

БАКЫТТЫН ОКУЯСЫ

Бʏгʏн 5-класстарга кирип,ʏйгɵ берилген тапшырманы ирети менен сурай баштадым.ʏйгɵ ɵткɵн сабакта «Ɵзʏңɵрдʏн атыңардын маанисин чечмелеп келгиле,ким койгон,эмнени тʏшʏндʏрɵт,атыңарга байланышкан сʏрɵттɵр менен чагылдырып бергиле»деп тапшырма берген элем.Окуучулар бирден чыгып аттарынын маанилерине токтолуп,коргоп аракет кылып жатышты…Бир убакта бир жакшы окуган,тарбиясы,мамилеси тɵп келген окуучум:

–»Эжеке,мен чыксам болобу?»деп бир аз тартынып сʏйлɵдʏ.

Мен:

–Макул, Бакыт чык, балдар, Бакытты угуп турабыз дедим…

Бакыт тартып келген сʏрɵтʏн тʏшʏндʏрɵ баштады,(Бир аз муңайымкы абалда,сʏйлɵп жатты):

–»Менин атым Бакыт, атымды чоң атам койгон экен, апамдын айтымында, мени бактылуу болсун, бакытка толуп жашасын деп атымды Бакыт коюшуптур… Мен бул сʏрɵттʏ тарттым,(кɵрсɵткɵн дептерине атасы жана апасынын ортосунда жетелешип бара жаткан кичинекей баланын сʏрɵтʏн тʏшʏрʏптʏр) бирок…(деп бир азга унчукпай калды да,жерди карап капа болду,атанын сʏрɵтʏн колуп менен жаап)Бакыт деп туура эмес коюшуптур» деди да…ордуна чуркап келип отуруп калды.

 Класс тынчый тʏштʏ, кийинки окуучуну чыгарып, ал айта баштаганда,акырын Бакыттын жанына келдим.

–Бакыт,бул сʏрɵттɵгʏ сен,апаң,анан атаң экен да,сен ата-энең менен бактылуу болуп бара жаткан учуруңду чагылдырыпсың?

–Ооба,ошентким келген,бирок…деп кайра атасынын сʏрɵтʏн жапты да маселе ушул жерде, эжеке деди. Эмне дешимди билбедим,Бакыт кайра кебин улантты:

–»Атамы тɵрɵлгɵндɵн бери кɵргɵн эмесмин, атам болсо анда бактылуу болсом керек эле»деди.

Анда мен:

–Бакыт, сенин апаң барбы?

–Ооба…мени чоң атам,чоң энем чоңойтушкан,бирок азыр чоң энем да жок. Кайтыш болгон деди.

–Аа,анда сенин азыр бул сʏрɵтʏңдɵгʏ киши чоң атаң болсун,а бул апаң,анан экɵɵнʏн ортосунда сен бактылуу болуп бара жатасың, ушундай кылалы ээ, сен бактылуу болгонго татыктуусуң ошон ʏчʏн сенин атыңды Бакыт деп коюшкан…десем Бакыт аябай сʏйʏндʏ.

Бир адамдын жашоосу экинчи бир адамга сабак берээрин билдим. Бакыттын окуясы мени таасирлентти. Мындай жашоодо жашаган адамдар(бɵбɵктɵр) азыркы мезгилде аз эмес,бул болгону бир чети гана.

БИЗ…

Биз адамдар,убакыттан уттуруп

Бар нерсени барктай албай ɵтɵбʏз.

Баары жалган,ушул тапта убада,

Бакытыбыз, кур намысчыл кɵксɵɵбʏз.

Бейтарапбыз чачыранды ойдобуз,

Бейкʏнɵɵбʏз ара жолдо жашообуз.

Бакыт дейбиз, бир мʏнɵттɵ жок бакыт,

Бар дейбизда, жокчулукка кɵнгɵнбʏз.

Бактысызбыз,кемтик издеп бакыттан,

Баркыбыз жок, бар жогуна таарынган.

Биз адамдар кеме жасап табыттан,

Конок сымал бул  ɵмʏрдɵн ɵтɵɵрбʏз.

Нуриза Байыш кызы