29 марта, 2024

“Кʏтпɵчʏ, сагынарым, сагынарым, Саргайып калар бекен ак ыраңың…”

Тарых. Чыгарманын тарыхы. Ичинде тагдыр, ɵмʏр, жаштык, сʏйʏʏ, куласык… Ал качан окулбасын, качан ырдалбасын жаңы каармандарды таба берет. Ар кандай убакта, бир канча жыл мурун да, бир канча жылдан кийин да ырдан ɵзʏн таап, угуп, окуган жʏрɵктɵр болот. Ошол ʏчʏн адамдардын ичинде, жʏрɵгʏндɵ, дʏйнɵсʏндɵ, купуя сезим, арзуусунда ал чыгарма жашайт.“Бир ырдын тарыхы” рубрикасында акын Тазагʏл Закированын сɵзʏнɵ обончу Болот Токтобаев жазган “Сагынарым” аттуу обондун тарыхын сɵз кылабыз. Иштин жʏрʏшʏндɵ акын менен кыска гана сʏйлɵшʏп калганыбызды эскертип коюшубуз керек.

Болот Токтобаев, КРнын эмгек сиңирген артисти, обончу:

 “Кʏчтʏʏ ырларга обон жазуу —  жоопкерчиликтʏʏ”

-9-класста аккордеон ʏйрɵнгɵндɵн кийин атам: “акындардын сɵзʏнɵн тандаш керек, эптеп-септеп жамактап жаза бербе, сɵзʏ жакшы болсо, ырдын ɵмʏрʏ узун болот, жакшы сɵздʏн таасири чоң”,- деп кɵп кеңеш айтып жʏрдʏ. Башында сɵзʏн ɵзʏм жазып алчумун. Атамдын кеңешинен кийин акындардын ырларынан издей баштадым. Негизи акындардын сɵзʏнɵ жазылып, чыкпай калган кɵп эле обондорум бар. Анда жашмын, поэзияны жакшы тʏшʏнбɵйт элем. Кийинчерээк анан поэзияны тʏшʏнɵ баштадым. Эми акындардай тʏшʏнɵм деп айта албайм албетте. Ɵзʏмдʏн деңгээлиме жараша тʏшʏнɵм. Кээде кɵптɵгɵн жакшы сɵздɵргɵ обон жаза албай калам. Анткени, эргʏʏнʏ кʏтɵсʏң, же таасир этиш керек. Анан бир чети кʏчтʏʏ акындардын кʏчтʏʏ ырларына обон жазыш дагы жоопкерчиликтʏʏ. Бизди окуткан агайлар да: “Обон деген терең болуш керек, обондун ɵзʏндɵ философия болуш керек. Сɵзʏн жакшы тандагыла”,- деп айтышат эле. Ошолордун бардыгы улам-улам чыгармачылыкка болгон кызыгуумду арттырып, тʏшʏнʏгʏмдʏ кеңейтти.

“Сагынарымдын” обону жакшы чыккандай сезилген эмес…”

-“Сагынарым” деген ырдын обонун биринчи чыгарып алганмын. Кээ бир обондор тексти жок эле, эргʏʏ келип ɵзʏнɵн ɵзʏ чыгып калат да. Албетте себеби болот. Биз анда пахтага барар элек. Пахтада жʏргɵндɵ “качагар” деп коёт, ашпоздорго от жагып берчʏбʏз. Баарын даярдап берип коюп, шатыга отура калып аккордеонду кыңылдатып атып ушул обондун кайрыктарын таап алдым. Жаштык кез, жаштыктын деми, андагы таза сезим менен бир кызды жакшы кɵрчʏмʏн. Ал убакта сʏйлɵй албай, тартынчубуз. 9-классты бʏтʏп келгенден кийинки балалык сезимби, айтор бир сулууга болгон ашыктык сезим менен жазылган обон да бул. Башында башка эле сɵз менен ырдап калчумун. Ал ɵзʏнʏн сɵзʏндɵй эмес эле. Сɵзʏн таппай жʏрдʏм. Кийин бул обонду унутуп деле калдым окшойт.Анча маани бербей жʏрдʏм. Чыгарганда эле анча маани берген эмесмин. Жакшы чыккандай сезилген эмес да. Бир отурган бойдон эле кайрыктары чыгып калды. Оңдоп-тʏзɵгɵн деле жокмун.

“Бул ырдын тарыхы ушундай”

-Акын Тазагʏл Закированын ɵзʏнʏн стили, почерки бар акын. Кайсыл жерден окусам да Тазагʏл эженин ырлары экенин сезем. Эженин бир китеби колго тийип калды. “Сагынарым” ырынын темасы башкача болчу. Эсимден чыгып жатат. Обон чыгаргандан кийин бир топ убактан кийин: “Жароокер мен ɵзʏңдʏ сагынамын” деген саптарды окуп калдым. Куюлушуп эле ошол обонго дал келип калды.

“Кʏтпɵчʏ, сагынарым, сагынарым,

Саргайып калар бекен ак ыраңың.

Жайнаган элик кɵзʏң сумсайбасын,

Жароокер мен ɵзʏңдʏ сагынамын” —  деген сɵздɵр мага ушундай жакты.

Акыркы куплети:

“Маанилʏʏ сен бар ʏчʏн жарыкчылык,

Маанилʏʏ ырдоо жана кʏтʏʏ  жетпей.

Тагдырым берет жыргал зарыктырып,

Жашаймын махабаттан ʏмʏт ʏзбɵй” деген саптар обондун маанайына, жан дʏйнɵсʏнɵ дал келип калды. Обонду анча-мынча жерлерде ырдап калсам, ушул обон жакшы обон экен деп айтып калышчу.  Кɵп эле адамдардан жакшы обон экен деп угуп жʏрдʏм. Бирок мен ɵзʏм анча маани бербей жʏрʏпмʏн. Бул ырдын мындай жакшы обон экенин тʏшʏнгɵн эмесмин. Ушундай дагы болуп калат экен да. Бир топ жылдардан кийин биздин айылга менин концертимди уюштуруп барып келатканда Тахмина Казиева деген ырчы кыз: “аке, уктура элек жакшы обондоруңуз болсо ырдап берсеңиз” деп калды. “Бир обонум бар, бирок сага жагабы, жакпайбы” деп “”Сагынарымдан” бир куплет ырдап берсем, “мен ушуну ырдайм” деп эле жабышып калды. Анан ал ырдап баштап баштай электе эле Алтынай Нарбаева да ырдап чыкты. Экɵɵ катар ырдап калышты. Менин оюмча биринчи Казиева ырдаса керек. Абдан жакшы ырдашкан. Экɵɵнʏн тең ырдаганы боюнча элге алынып кетти. Андан кийин бир топ жаштар ырдашты. Негизи обон 1987-88-жылдары, 19-20 жашымда чыккан. Ошентипбир топ жылдан кийин ырдын багы ачылып кетти. Бул ырдын тарыхы ушундай. Азыр эми ɵзʏм жакшы кɵрʏп ырдап жʏрɵм. Кээде жакшы обон чыкканын байкабай, кɵңʏл бурбай жʏрʏп башкалар аркылуу билип калат экенсиң. Чыгармачылык ушундай сырдуу экен да.

“Тазагʏл эже ɵзʏнʏн сɵзʏ болгон ʏчʏн мактап койду окшойт…”

-Айнагʏл Сарыкова деген эжекем: “Тазагʏл Закирова деген акынды тааныйсыңбы?”- деп сурады. “Кусалык” деген ырын ырдап калчумун. Ошол ырдын автору экенин билем. Ɵзʏ менен тааныш эмесмин десем, “ХБК текстилде жолугушуусу болуп жатат, сен менин ордума барып кел” — деп жиберди. Барып, “Кусалыкты” ырдап, анан сиздин сɵзʏңʏзгɵ жазган обонум бар эле деп ырдап берсем аябай жактырды. Аябай таң калдым. Кандай жактырды андай деле обон эмес эле го, ɵзʏнʏн сɵзʏ ʏчʏн мактап койду окшойт деп унчуккан жокмун.

“Акын ɵзʏ жалгыз эле вальс бийлеп жыргап атат…”

-Анан бир кʏнʏ ʏйʏнɵ коноктор келмек экен. Мени да чакырды. Барсам, “менин дагы бир ырыма жаңы обон жазылды, ошону мактанам деп чакырдым, ошол ырдын бет ачары болсун”- деп мени ырдатты. Ырдап атсам, эже ɵзʏ жалгыз эле вальс бийлеп жыргап атат. Ыр ɵзʏ вальс темпинде го. Эженин бийлегенинен ырдап атып бул обон ɵзʏмɵ да жага тʏштʏ. Угармандар, коноктор абдан макташты. Чындап эле жакшы обон окшойт деп койдум. Бирок анда деле сезбедим да. Тазагʏл эже менен ошентип таанышканбыз. ʏйʏндɵ бет ачары болгон. Эженин эсинде барбы, жокпу билбейм. Ошондой окуялар болгон.

“Мактансам бул обонду башында эле жакшы чыгарганмын дейт элем”

-Кийин башкалардын аткарганынан обондун ичине кирип уксам чындап эле жакшы обон экен. Азыр эми ɵзʏмдʏ мактагым келбей атат. Мактансам бул обонду башында эле жакшы чыгарганмын дейт элем. Качан гана аткаруучулар ырдап чыккандан кийин байкадым. Тазагʏл эже менен чыгармачылык байланышыбыз бекем. Чыгармачыл кечелеринде ырдап берип жʏрдʏм. Жакшы байланышта болуп калдык. Качан кɵрбɵ жазып отурган болот эле. Чыгармачылыкка аябай жоопкерчилик менен караган мээнеткеч, жан дʏйнɵсʏ бай, чыныгы таланттуу адам.

КРнын  Эл акыны Тазагʏл Закирова:

“Сагынарымдын” баштапкы аталышы “Кат” болгон”

-“Сагынарым” деген ɵзʏнчɵ жазылган эмес. Бул ыр 1982-жылы “Москва кайрыктары” ыр тʏрмɵгʏндɵ “Кат” деген аталыш менен жазылып, 1984-жылы чыккан. Болот Токтобаев “Сагынарым” деп обон чыгарып канча жылдан бери ырдап жʏрɵт. Абдан таанымал, мыкты ыр болгон. Бул ырдын тарыхы ошол “Москва кайрыктары” тʏрмɵгʏндɵ жигит жɵнʏндɵ, кыз, эл-жерим жɵнʏндɵ жазылган жашоо-турмуштун тарыхы, поэма десем болот. Кыргызстанды сагынып жʏргɵн кезде жазылган ыр.

Маматали кызы Бʏкалча

Кʏтпɵчʏ сагынарым, сагынарым,

Саргайып калар бекер ак ыраңың.

Жайнаган элик кɵзʏң сумсайбасын,

Жароокер мен ɵзʏңдʏ сагынамын.

Келип кал дʏйнɵ-жʏзʏн жарык кылып,

Шоолаңды, нуруңду эч аябастан.

Ɵзʏңсʏз мен кеттим муздай сынып,

Ɵзʏңсʏз жылдызы жок, бʏркɵк асман.

Маанилʏʏ сен бар ʏчʏн жарыкчылык,

Маанилʏʏ ырдоо жана кʏтʏʏ жетпей

Тагдырым берет жыргал зарыктырып,

Жашаймын махабаттан ʏмʏт ʏзбɵй