20 апреля, 2024

“СУЛАЙМАН-ТОО” МУЗЕЙИНДЕГИ КЫЗЫКТУУ ЭКСПОНАТТАР

Ош шаарыбыздын так ортосунда жайгашкан «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси эң бир кызыктуу тарыхы бар  экспонаттарга толо. Алардын ар бирине кɵз жʏгʏртʏп, тарыхын угуп, кыргызды, тʏпкʏлʏгʏңдʏ, байыркы бабалардын баскан жолун, турмушун, шаарды дагы да жакындан тааный аласың. Анда биз кызыктуу тарых баяны бар, ар кайсы аймактан алынып келинген экспонаттардын айрымдарына токтололу. Келиңиз, эт жебесеңиз да, сорпо ичкендей болуп, бул макалада сизди музейге, тарыхка саякатка алып барып келели.

Экспонаттардын тарыхы тууралуу музейдин илимий агартуу бɵлʏмʏнʏн башчысы Чолпонай Бабыева айтып берет.

YЙДYН ТƟРТ БУРЧУНА СƟЛƟКƟТ ТYШYРГƟН ЧОПО ЧЫРАКТАР

-Чопо чырактар орто кылымга таандык. Эң байыркысы 11-12-кылымда табылган. Бизге жеткен маалымат боюнча чопо чырактардын ар бири ар башка жаныбардын сɵлɵкɵтʏн тʏшʏрɵт. Мисалы, ʏйдʏн так ортосуна коюп, май куюп чопо чыракты кʏйгʏзсɵ, анда ʏйдʏн тɵрт бурчуна кайсы бир жаныбардын сɵлɵкɵтʏ тʏшкɵн. Маселен, ит же куштун сɵлɵкɵтʏ тʏшʏʏсʏ мʏмкʏн. Бул балдарга дем-кʏч, баатырлыкты тартуулоочу чырак болуп саналат. Себеби кечкисин ʏйдɵ жалгыз калганда «сен коркпошуң керек, сени тɵрт бурчтан тɵрт ит кайтарып турат» деп балдарда баатырдык сезимди ойготкон. Бул кыргыздын азыркы кʏнгɵ чейин баатырдык таасирин жоготпой келе жатканына бир мисал боло алат.

ЭНЕНИН КƟЗ ЖАШЫ МЕНЕН ТОКУЛГАН ТААР

-Таар орто кылымга, ХVIII кылымдын аяк ченине, XIX кылымдын башына таандык. Илгери таарлар кат катары пайдаланып, аны энелер ɵзгɵчɵ эмгек, тилек менен сайып, сырларын ага сайма аркылуу тʏшʏргɵн. Таардын «Кɵз жаш» деп аталганы бул чеберлердин чечмелегенине караганда андагы ар бир майдаланып сайылган сайма кɵз жашты тʏшʏндʏрɵт экен. Ɵзʏнʏн жаш кызын чоң аксакалга турмушка узатып жаткандагы эненин «мен тɵккɵн кɵз жашты кызым тɵкпɵсʏн» деген тилек менен таар согулуп, тартууга берилиптир.

СУЛАЙМАН-ТООНУН ЭТЕГИНДЕ ЖАЙГАШКАН МОНЧО

-Сулайман-Тоонун чыгыш этегинде хаммам деген аталыштагы мончо табылган. Хаммам менен мончонун айырмасы мончодо дагара, тазиктерди кɵтɵрʏп келип, суу ташып жуунушса, хаммамда жанында эле суу куюлуп, ошол отурган жеринде жуунат.

Мончо X-XI кылымдарга таандык археологиялык баалуу эстелик болуп саналат. Мончонун курулуш планынын, техникасынын ɵзгɵчɵлʏгʏ, пайдаланылган материалдардын ар тʏрдʏʏлʏгʏ аны баа жеткис эстелик катары баалоого болот. Очоктор, бассейн, оймолонуп кыналган ванналар, сейрек кездешʏʏчʏ тектирчелер, кооздолуп шыбак менен жасалган дубалдар жана суу ɵткɵзʏʏчʏ куурлары сакталып калган. Казууда чопо буюмдар, айнек идиштин сыныктары жана нумизматикалык материалдар табылган. Орто кылымдарда Орто Азиянын шаарларында мончо куруу салты ɵнʏккɵн маданиятка жетишкен мусулмандар чɵйрɵсʏндɵ ɵнʏгʏп, Ош шаары да эң алдынкыларынан болгонун айгинелейт.

Аталган Караханийлердин мончосунан жезден жасалган сандыкча да табылган. Ага аялдар мончого кирип баратканда зер буюмдарын салып, кулпусу менен бекитип кирʏʏгɵ ыңгайлуу буюм болгон. Мончо эки кʏн аялдар ʏчʏн, эки кʏн эркектер ʏчʏн кызмат ɵтɵлгɵн.

КЫЗДАРДЫН СУЛУУЛУГУН, ТИРИЧИЛИККЕ ТЫҢДЫГЫН БИЛДИРГЕН КУР

-Тʏрк уруулары болуп бɵлʏнʏп жашап жаткан мезгилдеги тʏрк урууларына таандык кыздардын куру. Кур азыркы мода индустриясындагы стандартка (90х60х90) тиешелʏʏ кур болуп эсептелет. Дал ошол 60 сантиметрдеги кыз балдардын белине тагылган. Бул курга чак келбеген кыздарды «оорукчан, жалкоо, соргок» деген сыяктуу ар тʏрдʏʏ сындарды айтып, курга батпай, семирип, толуп кеткендерди намыстандырышкан. Курга ылайык келбеген кыздар турмушка чыга алган эмес. Эгерде кур кызга ылайык келсе, анда чыйрак, аз жеп кɵп кыймылдаган, ден соолугу чың, дене мʏчɵсʏ келишимдʏʏ делип, ɵтʏмдʏʏ кыз болгон.

САЛМАГЫ 11 КИЛОГРАММ БОЛГОН СООТ КИЙИМ

-XVIII кылымга таандык соот кийим. Кыргыздарда башка улуттардан айырмаланып эркектерге да, аялдарга да чынжырдан соот кийим токулган. Мырзалардын соот кийиминин салмагы 11 кг, аялдардыкы 6 кг болгон. Демек, сооттор кыздар да эркектер катары эле согушка, кармашка чыкканы тууралуу маалымат берет.

УЙДУН МYЙYЗYНƟН ЖАСАЛГАН КЕТМЕН

-Дыйканчылык ʏчʏн колдонулган биринчи эмгек шайманы. Уйдун мʏйʏзʏн ысытып, эки жакка ажыратып, учун курчутуп, жер казуу ʏчʏн колдонулган кетмен. Аталган шайман да XVIII кылымдын аягы  XIX кылымдын башына таандык.

АЯЛДАР АШКАНАДА КИЙГЕН ТАКАЛУУ ЖЫГАЧ КƟЛƟЧ

-Эки такалуу жыгачтан жасалган кɵлɵч. Муну негизинен аялдар ашканада кийишкен. Эки такалуу болгондугунун себеби ашканада суу тɵгʏлʏп, жер ылай болуп кеткендиктен, аялдын буту булганбоосу, сыз тартпоосу ʏчʏн атайын ылайыкталып жасалган. Негизи аялдардын дене мʏчɵсʏ бузулбоосу ʏчʏн да такалуу, ыңгайлуу болуп, керегеде, бийик жерде илинген буюмдарды да оңой ала алышкан. Салмагы 1 кг 200 грамм. 

Тарыхы бар таштар

-Музейге келген кɵпчʏлʏк адамдар кɵргɵзмɵ залдагы таштарга анча маани  беришпейт. Бирок ар бир таштын тарыхы бар. Маселен, энелерибиз сʏрɵттɵгʏ таштарды коло доорунан баштап нан жабуу ʏчʏн колдонушкан.

Жумагʏл Кочкорбай кызы