19 апреля, 2024

Кубаныч Раимкулов, спортчу: “Спорт – кара кʏч менен мушташуу эмес, спорт – сергек жашоо”

Воркаут — бул кɵчɵ спорту, кɵчɵ гимнастикасы. Спорттун “любительский” тʏрʏнɵ кирет. Мында адам жерде же тартылуучу ар кандай спорттук шаймандардын негизинде машыгат. Спорттун бул тʏрʏ менен  машыккандар ɵздɵрʏн “воркаутер”  деп аташат. Тарыхына кайрыла турган болсок, Америкада 90-жылдарда кара терилʏʏ адамдардын кɵчɵдɵ машыгуусу менен башталган. КМШ ɵлкɵлɵрʏндɵ 2008-жылдардан кийин тараган.  Кɵчɵ спорту ʏчʏн атайын спорттук аянтча керек деген тʏшʏнʏк жок. Муну машыккан спортчулар ар  кандай спорттук аянтчада машыкканы менен байланыштырышат.Тɵмɵндɵ ушул спорт тууралуу сɵз кылабыз. 

-Кубаныч,саламатсызбы, сиз машыккан воркаут тууралуу айтып берсеңиз.

-Саламатсыздарбы! Ооба, биз машыгып аткан спорттун тʏрʏ “кɵчɵ спорту” деп аталат. Ɵзʏм буга 2020-жылдагы пандемиядан кийин келдим. ʏйдɵ жатып, интернеттен чет мамлекеттеги спортчуларды кɵрʏп, ошолорго карап шыктанып, анан мен да машыгып баштадым. Чет мамлекетте “Street Workout” биздин тилге которгондо “кɵчɵ спорту, кɵчɵ гимнастикасы” деп аталат. Адамдар атайын машыгуу залдарына барбастан кɵчɵдɵ эле ачык асман алдындагы спорттук жайларда тартынуучу, тʏртʏʏчʏ шаймандардын негизинде машыгышат. Экиден болуп мушташып же кʏрɵшпɵйт. Жɵн гана адамдын дени сак жашоо образы ʏчʏн дене кɵнʏгʏʏлɵрʏ десе болот. Негизи кɵчɵ спорту ʏч тʏргɵ бɵлʏнɵт, биринчи жалпы физикалык даярдык, статика анан динамика. Алгач келген адам жɵн гана тартылуучу кɵнʏгʏʏлɵрдʏ, отжимания жасайт, муну баары эле билет дегендей. Анан статика мында ɵзʏңдʏн кʏчʏң менен дене бойду абада кармоо, бутту жерге тийгизбей туруу. Ал эми динамикада кʏчтʏʏ трюктарды жасап тегеренип, фокустарды кɵрсɵтʏʏ, фристайл. Башка спорттун тʏрʏ сыяктуу бизде машыктыруучу деген жок. Биздин катарга кошулуп жаңыдан келе баштаган адамдарга тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп коём. Калганын балдардан кɵрʏп улантып кете беришет. Ошто негизи бул спорт эми ɵнʏгʏп жатат, Жалал-Абадда, борбордо кɵп жылдан бери эле бар. Ошолордон кеңеш алып жатабыз. Социалдык тармакка сʏрɵт-видеолорду жʏктɵп койсом жаштар кɵрʏп, акырындан келип кошулушууда. Спорт бул – кара кʏч менен мушташуу же кʏрɵшʏʏ эле эмес да, спорт бул – сергек жашоо. Эч бир адамдын демɵɵрчʏлʏгʏ менен, же куралы болуп калуу коркунучу жок. Келип машыгып жʏргɵн балдар баары ɵздɵрʏ ʏчʏн келип жатышат деп айта алам. Башында балдар келип жʏрʏп кийин келбей койгон учурлар кɵп эле болду, кайрадан ɵзʏм жалгыз калып кетчʏ элем. Азыр балдар кɵбɵйʏп калган, 50 жаштагы бир ага бар, ден соолук ʏчʏн деп машыгууга калтырбай келет, ɵзʏ да Кашкар-Кыштак айылынан атайы келип машыгып кетет. Жашы улуу адамдардын келиши жаштарга шык-дем берет. Бизде улуу кишилер спортко кɵп кɵңʏл бɵлɵ бербейт.

-Биздин шаарда да воркаут аянтчалар пайда болуп баштады…

-Ооба, ɵткɵн жылдын кʏз айларында “Шоро” компаниясы демɵɵрчʏлʏк кылып, шаардык бийлик жер бɵлʏп берип, борбордук стадиондун бир капталына кɵчɵ спорту ʏчʏн спорттук аянтча курулган, жаштар келип машыгып жатышат. Акысыз интернет тутуму (wi-fi) да бар. Интернетке кызыгып отура берет деп ойлошу мʏмкʏн бирок, машыгып жаткан балдарды кɵрʏп жок дегенде бʏгʏн бир кɵнʏгʏʏ жасаса, эртең эки кɵнʏгʏʏ жасайт. Шаарда чуркагандар стадионго келип, бокс, сууда сʏзʏʏ баары ушул тегеректе болгон ʏчʏн биздин аянтчадан адам да ʏзʏлбɵйт. Учурда 30дай бала машыгат. Мындан сырткары машыгат элем деп келип кызыгып жʏргɵн бир топ балдар бар. Бул негизи мага каражат деле алып келбейт же спорттун олимпиада тʏрʏнɵ да кирбейт. ʏйдɵ бекер отуруп калган кезде, чуркап жʏрʏп ушул жакка келип калдым. Ɵзʏм уста болгон ʏчʏн ʏйдɵ ар нерседен арткан темирлерден тартылуучу шайман жасап, ошого тартылып жʏрдʏм. Ошентип жʏрʏп жаракат алып калып, 1 жылдай тыныгуу алдым. Кайра ɵткɵн жылдан бери машыгып баштадым. Бизде атайын машыктыруучулар жок, ошого мен ɵзʏм кɵп кыйын нерселерди ɵткɵрдʏм. Мынтип машыксаң туура эмес деген адам болбоду. Азыр менден кийинки жаштарга мен тынбай айтып турам, бул туура эмес, антип жасаба деп. Сага ырахат тартуулаган нерсе анын акысыз экенине же убакыттын текке кеткенине карабайт экен. 

-Бул жаатта аздыр-кɵптʏр ийгиликтериңиз бардыр?

-Тааныш досторум айтып калат “ушул кантип спорт болсун, муну баары кылат да” деп. Сɵзʏмдʏн башында айтып ɵткɵндɵй динамика, статика деген тʏрлɵрʏ бар. Жакында эле Ташкент шаарында болуп ɵткɵн спорттук иш чарага катышып келдик. Аларда бул спорт бизге караганда бир топ ɵнʏгʏп калыптыр. Иш чарага биздин мамлекеттен 3 спортчу катышты. Алардан бир аз кɵбʏрɵɵк, 1-орунду ɵзбек туугандар алды, биз 2-жана 3-орунга ээ болуп кайттык. Шарты боюнча 2 спортчу чыгып, экɵɵнɵ бирдей убакыт берилет. Ошол убакыттын ичинде ким канча балл алды, ошого карап жыйынтык чыгарылат. 1-орунду алган ɵзбекстандык бала 8-9 жылдан бери машыгып жʏрɵт. Биздин Жалал-Абад шаарынан барган атлетибиз 2-орунду камсыз кылды, ал 10 жылдан бери машыгат, 3-орунга ээ болгон бала балыкчылык болот, ал да 2015-жылдан бери машыгат, мен сыяктуу машыгууну баштаганына кɵп боло электер бат эле оюндан ыргыйт экен. Ошентсе да жеңишсиз келбей, 2-3-орунга илештик деп кубанып турабыз.

-Эми бул спорттун биздин шаардагы “келечеги” тууралуу сɵз кылсак, бизде да мелдештерди уюштурса болобу?

-Ош шаарынын деңгээлинде чакан турнир уюштурсак деп пландадык. Спорт комитети менен сʏйлɵшʏп жатам. Анан орозо бʏтсɵ, май айларына республикалык деңгээлдеги мелдешти шаарыбызда уюштурсак деген максат бар. Ɵзбекстандан да атлеттерди чакырабыз. Акырындык менен бул спорт да биздин аймакта ɵнʏгʏп баштайт.

Спорттун бул тʏрʏ бардык эле спорт тʏрʏнɵ база болуп берет. Бокска барса деле физикалык даярдык керек болот. Кʏрɵшкɵ барса деле ушундай.  Дʏйнɵгɵ жайылткан ɵлкɵ катары Америка эсептелет, америкалык атлет, турникмен Ганнибал Тайрон Лэнхэм 45 жашта. Азыр да машыгат, ошол дʏйнɵгɵ таркаткан адам.

Элира Чынтемир кызы