19 апреля, 2024

ЭСКИЛЕРГЕ ЖАҢЫЧА МАМИЛЕ ЖАСОО АРАКЕТИ

Азыркы учурдун реалдуулуктарынын бири деп ал реалдуулуктарга нагыз реалдуу баа берʏʏнʏн жеңил эместигин айтууга болот. Ɵтɵ динамикалуу тейде ɵтʏп жаткан коомдук турмуш, кайсыл жагынан карабайлы, ɵзгɵрʏʏлɵргɵ жык толгонун байкоого мʏмкʏн. Албетте, айтыла жʏргɵндɵй, ɵзгɵрʏʏнʏн баары эле ɵнʏгʏʏ деп айтканга болбойт,бирок ɵнʏгʏʏгɵ жетелей турган да ɵзгɵрʏʏлɵр болуп калаары талашсыз. Президент Садыр Жапаровдун мурдагы ɵлкɵ башчыларын нейтралдуу жерде жолугуштуруп, ынтымакка чакыруу жана биримдикти бекемдɵɵ аракетин мына ошондой ɵңʏттɵн кароого мʏмкʏн болот.

“МЕНИМЧЕ, БУЛ ТАРЫХЫЙ ОКУЯ БОЛДУ”

Экс-президенттердин Дубайдагы жолугушуусун Аскар Акаев ушундайча мʏнɵздɵдʏ.

 “Президент Жапаров “Максатыбыз бир, ал – республикада стабилдʏʏлʏктʏ сактоо, элдин ичиндеги ынтымакты, биримдикти бекемдɵɵ” деп айтты. Ал элибиз “акаевчи”, “бакиевчи” жана “баланчаевчи” деп бɵлʏнʏп-жарылып, ошондуктан алдыга жылуубузга кедергисин тийгизип жатат, баарыңарды ынтымакка чакырам, бɵлʏнбɵй-жарылбай, стабилдʏʏлʏктʏ колдоп, бир беткей экономикабызды ɵстʏрʏп-ɵнʏктʏрʏп, элибизге жакшылык жараталы” деген жакшы демилге, бийик максат койгон экен. Анан баарыбыз колдоп бердик. Мен дагы “мунуңар абдан туура” деп ɵзгɵчɵ колдоп бердим. Бардык экс-президенттер да колдоп беришти”,- деди Аскар Акаев. Ал бул жолугушуу бардык эле экс-президенттер ʏчʏн кʏтʏʏсʏз болгонун, бирок жакшы кабыл алганын, кыргызда бул ата-бабадан калган жакшы салт экенин белгилеп, муну тарыхый окуя деп баалады.

“ДУБАЙДАГЫ ЖОЛУГУШУУ ЖАПАРОВДУН САЯСИЙ ЖЕТИКТИГИН КƟРСƟТТY”

Экс-президент Курманбек Бакиев мурдагы президенттердин Дубайдагы жолугушуусу негизинен тынч ɵткɵнʏн,  бардыгы улуттук биримдикти биринчи орунга коюу жагына келгенде бир пикирге келишкенин баса белгиледи.

“Жапаров коомдогу биримдик ʏчʏн аракеттенʏʏдɵ”,-дейт К.Бакиев. “Бул жолугушууда анын эч бир жеке кызыкчылыгы жок. Ал айыптын баарын мурдагы президенттерге жʏктɵй салып, популизм жолу менен кете берсе деле болмок. Бирок, Жапаров жɵнɵкɵй эмес, ал туура жолду тандап алды, бул анын инсандык кɵз караштан алганда да, саясий жагынан алганда да ɵскɵндʏгʏнɵн кабар берет.

Экс-президенттердин бул жолугушуусу кʏтʏʏсʏздɵн болгонун алардын алгачкы эле реакциялары кʏбɵлɵндʏрʏп турат”,- деп белгиледи К.Бакиев.

Экс-президент муну менен бирге, Алмазбек Атамбаев да ɵз сɵзʏндɵ Жапаровдун демилгесин колдоорун билдиргенин, бирок бир канча рюмкадан кийин ɵз сɵзʏнɵ абай сала албай калганын, анан ажатканага баруу шылтоосу менен жолугушуудан кетип калганын да кыстарып ɵтʏптʏр.

“АТАМБЕВ ЭКƟƟБYЗ КОЛ АЛЫШЫП ТАРАГАНБЫЗ”

“Садыр Жапаров Дубайдагы жолугушууга чейин Алмазбек Атамбаев экɵɵбʏздʏ жолуктурганын айтты”,-дейт экс-президент Сооронбай Жээнбеков. “Ооба, экɵɵбʏздʏ элдештирʏʏ максатында  президент бир столго олтургузуп, жолуктурган. Экɵɵбʏз тең ɵз пикирибизди айтып, аягында кол алышып тараганбыз.

Ар бир пенде  Кудай алдында жоопкер… Баарыбызды биримдикке чакырып, президент ɵз милдетин аткарды. Эми биз да жаран катары милдеттерибизди аткаралы. Ырыс алды-ынтымак! Ɵлкɵдɵн ɵткɵн дɵɵлɵт жок”-дейт С.Жээнбеков.

“БИЗДИН ƟЛКƟДƟ БИРИМДИКТИ ЖАНА ТЫНЧТЫКТЫ ОРНОТУУ МЕНЕН БАКИЕВДИ КЫРГЫЗСТАНГА АЛЫП КЕЛYYНYН  АЙЫРМАСЫ ЧОҢ МАСЕЛЕ”

“Соңку окуяларга жана жарандардын суроолоруна жооп кылып, тɵмɵндɵгʏлɵрдʏ айткым келет”,-дейт Алмазбек Атамбаев. “Ооба, экстердин жолугушуусу болду. Мен ал жерде кокустан болдум. Ооба, кʏтʏʏсʏздɵн, себеби мага бул жолугушууда экс-президенттер болот деп кабарлашкан эмес. Мага президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев чакырып жатышканын жана эркин адамдар катары тең укукта сʏйлɵшʏп, эски таарынычтарды унуталы дешкенин айтышкан. Мен жакшылыкты эсимден чыгарбайм, ошондуктан баш тарта алганым жок жана керек болсо  Испаниянын элчиси менен виза туурасында андан мурда пландаштырган жолугушуумду артка жылдырдым. Ɵзʏңɵр билесиңер, Испания ɵкмɵтʏнʏн тɵрагасы Педро Санчес мени дарыланууга чакырган, ал ʏчʏн ага чоң рахмат!

Мен дагы ɵлкɵдɵ тынчтык жана туруктуулук болушун каалайм жана бул жɵнʏндɵ айттым. Ошондой эле президент Жапаровдун кең пейил ниетин баалайм. Бирок, жолугушуунун аягында эч ким менен коштошпой англисче  кетип калууга туура келди. Эгер келечекте зарылчылык жаралса, чоо-жайын кенен айтып берем.

Биздин ɵлкɵдɵ биримдикти жана тынчтыкты орнотуу менен Бакиевди Кыргызстанга алып келʏʏнʏн  айырмасы чоң маселе. Экɵɵнʏ аралаштыруу таптакыр башка жыйынтыкка алып келет. Ɵтɵ кɵп кан тɵгʏлдʏ жана ɵтɵ кɵп маселени унутууга болбойт жана мʏмкʏн эмес. Албетте, кʏнɵɵлʏʏлɵр жооп бериши керек жана ɵлгɵндɵрдʏн туугандары алгач кечириши керек. Президент Садыр Жапаров мени укту деп ʏмʏттɵнɵм жана туура чечим кабыл алат деп ишенем”,-дейт Атамбаев.

 “ТАГДЫР ЧЕЧЕРЛИК ЖОЛУГУШУУ”

Президент Садыр Жапаров Дубайда уюштурган экс-президенттердин жолугушуусун  Республиканын Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ушундайча мʏ- нɵздɵдʏ.

“Бул окуя мааниси боюнча тагдыр чечерлик дегидей эле мʏнɵздɵ болду окшойт”,-деди ал. “Ар бир эле элдин тарыхында ɵнʏгʏʏнʏ же артка кетʏʏнʏ аныктаган символикалуу окуялар болушу ыктымал. Андай ɵңʏттɵн бакканда, Кыргызстандын соңку жаңы тарыхындагы акыркы эки жарым жылга жетпеген мезгилде мындай маанидеги ʏч окуя катары менен болууда. Биринчиси, Кумтɵрдʏн кыргыз элине кайтарлышы, экинчиси –Ɵзбекстан менен болгон чек аранын делимитизациялануусу жана мына эми ʏчʏнчʏсʏ -экс-президенттердин менин эсебимде тарыхый, улут ʏчʏн тагдыр чечерликтей жолугушуусу.

Эгерде  Кумтɵр  экономикалык неоколониализмден бошонуунун, ал эми Кемпир-Абад ɵлкɵ коопсуздугун бекемдɵɵнʏн символу болсо, Дубайдагы саммит коомдук жарашуунун, ынтымак менен биримдикке келʏʏнʏн башталышы катары каралууда, Башталышы деген негизги сɵздʏ белгилеп койгум келип турат.

Эскерте кетʏʏ керек, тарыхыбызда биз аң-сезими бɵлʏндʏ болгон элбиз. Кʏргʏштɵгɵн жыйырманчы кылымда биз СССРдин курамында адамзат тарыхында болуп кɵрбɵгɵн жалпы элдик жыргалчылык жана адилеттʏʏлʏктʏн коомун  куруу боюнча ири экспериментке катыштык. Коомдук аң-сезимдеги бул бɵлʏнʏʏчʏлʏктʏн акыбетинен али толук бошонуп чыга элекпиз.

Суверенитет доорунда биз ʏч ирет революция жасап, беш жолу президент алмаштыруу менен сынгандай болдук. Эмне, дагы эле жетишпей жатабы?-деп сурагың келет. Ачылган алакан менен коом ɵз максат-мʏдɵɵсʏнɵ жетеби?

Эгерде биз жыйырма биринчи кылымда ɵнʏп-ɵскɵн улут болгубуз келсе анда коллективдʏʏ, жамааттык аң-сезим келтирген жараны дарылабайлыбы. Дʏйнɵнʏн беделдʏʏ аналитикалык бардык борборлору какшап эсертип жаткан алдыдагы олуттуу процесстерди эске алганда, ага убакыт дегениң ɵтɵ эле аз бɵлʏнʏп жатат”,-дейт Акылбек Жапаров.

Абдираим Мамытов