26 апреля, 2024

АЛАЙ ХАНЫШАСЫ КУРМАНЖАН ДАТКА

Кыргыздын чыгаан кыздарын жана жалпы эле аялзатын Курманжан Даткасыз элестетʏʏгɵ эч мʏмкʏн эмес.  Кокон хандыгы жана Россия империясынын доорлорунда жашагандыгына байланыштуу анын даңазалуу ысымы  чет ɵлкɵлɵргɵ да тааныш экендигин айта кетʏʏгɵ тийишпиз.

Болочок “Алай ханышасы”  Курманжан Маматбай кызы 1811-жылы Ош облусунун Орке айылында кɵчмɵн ʏй-бʏлɵдɵ жарыкчылыкка келген, уруусу муңгуш деп айтылат.

Курманжанды 17 жашында баргы уруусунун бийи Тɵрɵгулдун уулу Кулсейитке никелештиришет. Кʏйɵɵсʏ андан кыйла улуу болгондуктан, Курманжандын кɵңʏлʏнɵ туура келбеген. Мына ошол себептен, кыз ал кездерде эгерим кɵз кɵрʏп,  кулак укпаган жосунду жасап, атасынын ʏйʏнɵ качып баса берип, Кулсеиттин аялы деген сɵздɵргɵ да карабай ʏч жыл олтуруп калат. Yч жылдан кийин гана ал алайлык кыргыздардын башчысы, баргы уруусунун беделдʏʏ инсаны Алымбекке турмушка чыгат. Оболу Курманжанды Кулсейиттин никесинен бошотушат да, андан соң Алымбек даткага никелешет.

Алымбек датка кыргыздар арасында абдан таанымал инсан эле. Ал Бухарадагы атактуу медреседен билим алган. Андан соң окуусун Стамбулда улантып, 32 жашында Датка наамын алууга татыган. Курманжан анын кеңешчиси да, керек учурда жардамчысы да болгон.

1862-жылы Алымбек датка кутумдун айынан жашыруун тʏрдɵ ɵлтʏрʏлɵт. Алымбектин таасири ордодо ɵтɵ кʏчтʏʏ болгондуктан, ачык айыптап, ачык ɵлтʏрʏʏгɵ эч ким даай алган эмес. Кокон хандыгындагы ошол кездеги мансап боюнча алганда Алымбек азыркы премьер-министрдикине тете кызматты ээлеп турган.

Курманжан анда 51 жашта эле. Кыйлага жетип калган курагына жана кɵп балалуу макамына карабастан, ага кʏйɵɵсʏнʏн ордун басууга, анын бийлигин колго алууга туура келген.

Ал мезгил  тар жол, тайгак кечʏʏдɵй оор эле. Ага ылайык, мезгил-мезгили менен калк арасында толкундоолор чыгып турган. Кокондун ханы Кудаяр алайлык кыргыздарды ɵзʏнʏн букарасы катары санап, милдеттʏʏ салык сала баштаган. Эгерим эч кимге салык тɵлɵбɵгɵн кыргыздарга бул жаккан эмес. Курманжандын кыйла созулган сʏйлɵшʏʏлɵрʏнɵн кийин гана алайлык кыргыздар салыктан бошотулган.

Бул аялдын эр жʏрɵктʏʏлʏгʏ жана чечкиндʏʏлʏгʏ Бухара эмирине да жетип, натыйжада эмирдин чакыруусу менен Бухара сарайында болуп, датка наамын алууга жетишкен. Бул мусулман дʏйнɵсʏндɵ аял киши биринчи жолу датка наамын алган окуя катары тарыхта калганы белгилʏʏ. Курманжан Датка наамын эки ирет алган. Экинчисин Ош шаарында алганы эле кɵп нерседен кабар берип турат.

1876-жылы кыргыздардын турмушунда тагдыр чечээрлик ɵзгɵрʏʏлɵр жʏз берген. Тʏштʏккɵ генерал Скобелев командалык кылган орус аскерлери кирип, кɵчмɵндɵр аларга каршы катуу салгылашкан. Салгылашууга Курманжандын азамат уулдары да катышкан. Бирок тоолуктар жеңилип, акыбетинде Курманжан падышалык Россиянын букаралыгын кабыл алууга аргасыз болгон. Ал генерал Скобелевге жолугуп, алайлыктар Россия империясына кошулгандыгын расмий жарыялап, тиешелʏʏ шартнамага мɵɵрʏн баскан. Курманжан Даткага орус армиясынын полковник чини ыйгарылган.

Курманжан Датка Алымбек Датка менен 29 жыл чогуу жашаган ɵмʏрʏндɵ Абдылдабек, Мамытбек, Асанбек, Камчыбек, Баатырбек аттуу беш уулду тɵрɵгɵн. Камчыбек Ошто орус бийлиги тарабынан дарга асылган. Уулунун дарга асылуу учурун Курманжан ɵз кɵзʏ менен кɵрʏп турганы, ал гана эмес, уулуна акыркы ирмемдерге чейин “ɵлʏмгɵ тике кара!” деген сɵздɵрʏ менен кайрат берип турганы  жана Курманжан бул дʏйнɵдɵн ɵтɵɵрʏндɵ Датканын эң акыркы сɵзʏ “Камчы…” болгону аңыз кеп болуп айтылып жʏрɵт, эне кургур…