25 апреля, 2024

Эне тил – улуттун уңгусу, кɵɵнɵрбɵс мурасы

Эне тилди ɵнʏктʏрʏʏ максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан бир айлык иш чаралардын планы иштелип чыгып, мекеме-ишканаларга таратылган. Анын алкагында сынактар, концерттик программалар, жаш студенттер арасында интеллектуалдык оюндар ɵткɵрʏлдʏ. Жаштардын ар бири “мындай сынактар менен чектелип калбай, эне тилди ɵнʏктʏрʏʏгɵ кʏн сайын салымыбызды кошсок” деген изги тилектерин билдиришти. Сынактардын жыйынтыгы менен акчалай сыйлык жана грамоталарга татыган эмгектердин ичинде ыр, эссе сынагынын жеңʏʏчʏлɵрʏ да бар.

Кʏмʏшай Кабылбек кызы, ОшМПУнун 1-курсунун студенти. Эссе сынагынын жеңʏʏчʏсʏ.

Эне тилим – менин дилим

Эне тилим – менин дилим. Ар улут ɵз эне тилин урматтап, ɵз тилинде сʏйлɵɵсʏ абзел. Эне тилибиз – улуттун уңгусу, кɵɵнɵрбɵс мурасы, олжосу, байлыгы. Учурунда Чыңгыз Айтматов таамай айткан: “Эне тилибиз – улуттун портрети”. Тил бизди кантип жолдо калтырсын, тилди чансак, эне тилдин анты урсун. Кыл учунда турган кезде, кыраандар да чегинбестен тил деп ɵлгɵн. Анын сыңарындай, эне тилибиз улуу тил экени баарыбызга маалым. Ушул эне тилибиз аркылуу дʏйнɵ элине белгилʏʏ болгон “Манас” эпосу жазылган. Азыркы учурда да эне тилибиз боюнча бир канча иш чаралар ɵткɵрʏлʏп келе жатат.

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ эне тилибизде сʏйлɵгɵн жарандар аз. Эне тилибиз жɵнʏндɵ дагы кɵптɵгɵн иш чаралар ɵткɵрʏлʏп, конференциялар болсо, эне тилибизде сʏйлɵгɵн жарандар кɵбɵймɵк беле, ким билсин? Чет тилдерин ʏйрɵнʏʏ менен кыргыз тилин да унутта калтырбай, ɵз тилибизде сʏйлɵп туралы.

Жакында эле бир окуяга кʏбɵ болдум. Анда сɵз башынан болсун. Адина эже менен бир канча убакыттан бери таанышпыз. Россия Федерациясында мигрант болуп жашап келет. Кээде телефондо сʏйлɵшʏп калчубуз. Анын кызы орус тилинде так, бирок, кыргыз тилинде мыкты деңгээлде сʏйлɵй албайт экен. Адина эже: “Кызым, кыргыз тилинде сʏйлɵɵгɵ аракет кыл! Ал биздин ɵз эне тилибиз, кɵɵнɵрбɵс мурасыбыз. Ɵз кезинде Расул Гамзатов да: “Эртең тилим жоголору чын болсо, анда бʏгʏн мен ɵлʏʏгɵ даярмын”,- деген. Тʏшʏнʏп жатасыңбы? Эгерде тилибиз жоголо турган болсо, улут жоголот. Айтор, эне тилим – менин дилим деп бекеринен айтылган эмес”, — деди. Бул сɵздʏ угуп мен да таасирлендим. Адистигим англис тили болгону менен ɵз тилибизди урматтоону тʏшʏндʏм.

Эне тилибиз жɵнʏндɵ айтайын десем  айтып бʏтпɵйм, жазайын десем барак да чак келбейт. Эне тил майрамын жаңы жыл майрамы сыяктуу жылына бир жолу майрамдап калганыбыз кандай трагедия, ээ? Белгилʏʏ акын Бердибек Жамгырчиев “Тил баркы” ырында таамай, мыкты деңгээлде айткан.

Чыккынчылар мекен суусун ичпесин,

Чоңдун баары кыргыз тилде иштесин.

Журтуң ʏчʏн сʏйлɵбɵгɵн тилиңди,

Жулуп ыргыт, андан кɵрɵ ит жесин.

Эне тилибизди кадырлап, ɵз тилибизди сʏйʏп, ɵз тилибизде сʏйлɵйлʏ. Эне тилибиз – биздин дилибиз экенин унутпайлы. Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар дегендей эне тилибиздин ɵнʏгʏʏсʏнɵ ɵз салымыбызды кошуп, тилибизди дʏйнɵгɵ тааныталы.

Назима Алмазбекова, Ош шаардык Кеңешинин депутаты. Ыр сынагынын жеңʏʏчʏсʏ.

“Эне тил”

Элим менен жашап келген кылымда,

Эне тилим-оюм, жашоом, ырым да,

Эчен муундун кеби болуп сʏйлɵнʏп,

Эч жоголбой, эш тутулсун кылымга.

Эне тилде эпосторуң баркталып,

Эне тилде ыр жазылсын даңкталып.

Эне тилде жарык кɵрсʏн китептер,

Эне тилде илимий иш жакталып.

Эне тилде эсептелип тыйындар,

Эне тилде ɵткɵрʏлсʏн жыйындар.

Эки-экиден бɵтɵн тилде сʏйлɵшпɵй,

Эне тилде эрмектешсин “кыйындар”.

Эне тилде маалыматтар алышып,

Эне тилге кʏйʏп, сʏйʏп, жанышып.

Элиң турса эбегейсиз кʏч берип,

Эне тилиң жашайт мезгил жарышып…

Эне тилим кылымдарга сʏйлɵнʏп,

Эне тилди билбегендер ʏйрɵнʏп.

Эл аралап турса экен кыргыз тил,

Эң башында кɵп тилдердин дʏйнɵлʏк!