24 апреля, 2024

Миррахим Опош, дизайнер: “Чыгармачылыгымда салттуу маданиятка басым жасайм”

“Ааламдашуу заманында улуттук иденттʏʏлʏгʏбʏздʏ сактап калуу абдан маанилʏʏ. Мен эмгектеримде салттуу маданиятты чагылдырганды жакшы кɵрɵм” дейт философ, дизайнер жана арт-менеджер Миррахим Опош. Каарманыбыз жакында эле Ош шаарында “Ээлʏʏ” аталышындагы заманбап искусство кɵргɵзмɵсʏн ɵткɵрдʏ. Жаңыча кɵз караш менен салттуу маданиятты сактап калууну кɵздɵгɵн ɵнɵр ээсин кепке тарттык.

-Миррахим мырза, келиңиз алгач ɵзʏңʏз менен таанышып алсак…

-Саламатсыздарбы! Ɵзʏм Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу ɵрɵɵнʏнɵн болом, ата-тегим ошол жактан. Шартка байланыштуу мен Бишкекте чоңойдум, ушул шаарда окудум. Мектепти бʏткɵндɵн кийин Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетинин гуманитардык-социалдык илимдер институтуна тапшырып, андан философия жана илимдердин методологиясы кафедрасын аяктадым. Аталган кафедрада бакалавр, магистр даражаларына ээ болгом. Москва мамлекеттик университетинен эл аралык философия боюнча кошумча билим алып келгем. Ал жактан келгенден кийин аспирантурада да окудум. Илимий диссертациянын дагы артында жʏрдʏм, бирок илимий ишим толук жазылган жок. Анткени мени чыгармачылык тартып кетти. Азыркы учурда Кыргызстанда жана эл аралык деңгээлде маданий агартуу иш чараларын уюштуруп келем.

-Чыгармачылык деп калдыңыз, кененирээк токтоло кетсеңиз.

-Кесибим философ болгондуктан, ошол эле тармак менен чектелбей, мен ɵзʏмдʏн талантымды, жɵндɵмʏмдʏ да ишке ашырдым десем болот. Философияны окуп жʏргɵн кезде ɵзʏмдʏ кɵп издедим. Бул багытты тандап алуумдун бирден-бир себеби дагы ɵзʏмдʏ таануу, ɵзʏмдʏ кабыл алуу болчу. Окуп жаткан учурда эле чыгармачылыгымды кошо ɵнʏктʏрʏʏгɵ аракет кылдым. Чыгармачылык дегенде кийим жаатында дизайнер, кол ɵнɵрчʏлʏк тармагында ɵз кʏчʏмдʏ сынадым. Муну мен апамдан ʏйрɵнгɵм. Апам ɵзʏ кол ɵнɵрчʏ, салттуу ɵнɵрдʏ алып жʏрʏʏчʏ киши.

ʏчʏнчʏ кесибим – Орто Азиядагы маданий академиянын бʏтʏрʏʏчʏсʏмʏн. Ал академияда арт-менеджмент багытында Ташкентте жана Берлинде окудум. Азыр ушул кесибим боюнча маданий иш чараларды уюштуруп иштеп жатам десем да болот.  

-Абдан жакшы. Жакында эле эмгектериңизди Ошто кɵргɵзмɵгɵ койдуңуз, жакшы жыйынтыктап алдыңыздарбы?

-Ооба, 20-февралда Ош шаарындагы алгачкы жеке кɵргɵзмɵм ачылып, 1-мартка чейин коюлду. Анда кɵркɵм образдардын кɵргɵзмɵсʏ жана заманбап инсталяция болду. Кɵргɵзмɵнʏн максаты – адам менен жер эненин тыгыз руханий байланышын чагылдыруу. Анын аркасында адамдарды азыркы экологиялык кɵйгɵйлɵргɵ, климаттын ɵзгɵрʏшʏнɵ, адамдардын ɵз ара мамилесине ʏңʏлʏп кɵңʏл бурууга чакырык жасоону кɵздɵгɵнбʏз. Кɵрʏʏчʏлɵр кɵркɵм жасалгаланган образдарды жана светодиод ленталар менен жасалган тамырдын имитациясын кɵрʏштʏ. Тамырдын мааниси биз канчалык жерге, адамдар бири-бирибизге, табиятка, жан-жаныбарларга байланганыбызды сезʏʏ. Мисалы, азыр баарыбыз эркинбиз. Мунун аркасында биз баарыбыз ɵз алдынча ɵмʏр сʏрɵ алабыз деп ойлойбуз. Чындыгында биз ушунчалык бири-бирибизге байланганбыз. Кɵбʏбʏз муну аңдап билбесек дагы руханий, энергетикалык деңгээлде кɵрʏнʏп турат.

-Бул тармакта алектенип келе жатканыңызга канча убакыт болду?

-Дизайнерлик менен алектенип келе жатканыма быйыл 10 жыл болот экен. Эң биринчи 2013-жылы кɵйнɵктɵрдʏн коллекциясын чыгарганмын. Ага чейин ɵзʏмɵ тигип кийчʏмʏн, апам тигип берчʏ. Кийин бышып жетилгенде кандайдыр бир деңгээлде чыгармачылык бугумду чыгарганым бул ошол 2013-жылдан башталган.

Ɵнɵрдɵ тандоо болбойт. “Дизайнер болууну кааладым, дизайнер болдум” деген туура эмес го деп ойлойм. Бул канда бар ɵнɵр, талант деп эсептейм. Талантты тандай албайсың, башкара да албайсың, талант бар же жок болот. Мен да убакыт келип, канымда жаткан талантты ойготтум десем болот. Ɵнɵрдʏ, жɵндɵмдʏ мен ʏй-бʏлɵмдɵн алгам. Менин чоң атам да мыкты зергер болгон, башында белгилегендей апам да кол ɵнɵрчʏ.

-Эмгектериңизде кɵбʏрɵɵк эмнеге басым жасайсыз, кɵрʏʏчʏлɵргɵ дагы эмнелерди жеткиргиңиз келет?

-Эмгектеримде, чыгармачылыгымда кɵбʏнчɵ кыргыз элинин салттуу маданиятын чагылдырганды жакшы кɵрɵм жана муну атайын жасайм. Себеби ааламдашуу заманында бардыгы бирдиктʏʏ нерсеге бара жатканда ɵзʏңдʏн салтыңды, иденттʏʏлʏгʏңдʏ сактоо ɵтɵ актуалдуу болууда. Ошондуктан мен максаттуу жана чын сʏйʏʏм менен биздин салттуу маданиятты чыгармачылыгымда чагылдырганга аракет кылам. Элибиздин салттуу маданияты абдан бай эмеспи. Аны бир тармактуу болсо да кийимдер аркылуу чагылдырууну каалайм.

Албетте, ар бир чыгармада, мисалы, коллекцияда чыгармачыл инсандар кайсы бир ойду айткысы келет. Мен да ɵз эмгектеримде философиялык же дагы башка ойлорду айткым келет. Маселен, Токиодо болгон кɵргɵзмɵдɵ мен ак менен каранын айкалышын кɵрсɵткʏм келген. Анткени ал бизде гана эмес, жапон маданиятында да бар. Анда ак-каранын айкалашын философиялык же фундаменталдуу тʏшʏнʏктɵрдʏ кийимдер аркылуу кɵрсɵтʏʏгɵ аракет кылгам.

Бул тармак мага кɵп нерселерге эшик ачты. Маселен, азыр менин чет ɵлкɵлɵргɵ болгон сапарларымдын басымдуу бɵлʏгʏ ɵнɵрʏмɵ тиешелʏʏ. Ɵнɵрʏмдʏн аркасында кɵптɵгɵн ɵлкɵлɵргɵ, Европага, Араб ɵлкɵлɵрʏнɵ, Индия, Япония, Орусия сыяктуу бир катар мамлекеттерде болуп, кɵргɵзмɵлɵргɵ катышып келдим. 

-Салттуу маданиятка басым жасайм дедиңиз. Чет ɵлкɵлɵрдɵгʏ кɵргɵзмɵлɵргɵ коюлганда кандай кабыл алынат? Кандай пикирлерди угасыз?

-Чет ɵлкɵлɵрдɵ кɵбʏнчɵ жылуу пикирлерди угам. Анткени биздин кийимдер заманбап болсо деле анда кандайдыр бир этникалык элементтер болот. Ал кɵпчʏлʏккɵ кызык. Ар бир маданият ɵзгɵчɵ, бири-бирибизге кызык, ошондуктан дайыма жылуу кабыл алышат.

-Келечектеги пландарыңыз менен бɵлʏшɵ кетсеңиз. Салттуу маданиятты жайылтуу демилгеңизди улантасызбы?

-Албетте, бардык иштеримде сɵзсʏз тʏрдɵ биздин маданий ɵзгɵчɵлʏк сакталат. Бул менин максатым гана эмес милдетим деп билемин. Биздин ата-бабалардын салтын, мурасын улап, заманга ылайыктап кошумчалап, сактап калып, аны жеке эле Кыргызстанда эмес, дʏйнɵ элине жайылтуу. Ошону менен биздин маданиятыбыз адамзатка кɵрк кошот.

Оштогу кɵргɵзмɵбʏз жыйынтыкталары менен башка иш чарага аракет кыла баштадым. Март айынын аягында Европа ɵлкɵлɵрʏнʏн биринде мода борборунда чакан мода кɵргɵзмɵм болот. Ага даярдыктар кʏч болууда.

Жумагʏл Кочкорбай кызы