19 декабря, 2025

Элмурат Иминов: «Менин чыгармаларым Паганининин чыгармаларындай артыман калса…»

Музыка тарыхында аты ɵчпɵс из калтырган улуу виртуоз Никколо Паганини ɵз чыгармаларынын кɵпчʏлʏгʏн жазбай, кийинки муунга калтырбай кеткенин билебиз. Ага: «Эмне ʏчʏн ноталарыңызды сактап, мурас калтырбайсыз?» — деп сурашканда, ал: «Мен ойногон чыгармалар ушунчалык татаал. Мага окшоп кийинки скрипачтар кыйналып жʏрбɵсʏн» — деп жооп берген экен. Чынында, виртуоздук — бул жɵн гана талант эмес, бул Кудайдан берилген ɵзгɵчɵ белек. Музыканттын жʏрɵгʏ, колу, жан дʏйнɵсʏ бир бʏтʏндʏктɵ болгондо гана виртуоз жаралат.

Дал ушул ой бʏгʏнкʏ кʏндɵ биздин мекендеш, скрипач — Элмурат Иминовдун  чыгармачылык жолу менен да ʏндɵш. Элмурат мырза скрипканы жɵн гана чертпейт, ал ноталар аркылуу жʏрɵктʏн тилин сʏйлɵтɵт. Улуттук аспаптардан башталган сапары дʏйнɵлʏк эң татаал жана эң престиждʏʏ деп саналган скрипкага чейин узаган. Анын ар бир аткаруусундагы чын дилден чыккан энергия, жандуу ʏн, терең сезимдер — музыкага болгон туруктуу берилгендигинин далили.

— Элмурат мырза, алгач ɵзʏңʏздʏн балалык учуруңузга кайрылсак. Музыкага болгон кызыгууңуз кантип башталып, кайдан уланганы тууралуу айтып бересизби? Сиз ʏчʏн бул жолдун тʏпкʏ башаты эмне болду?

— Мен Иминов Элмурат Ооманжанович, 1987-жылы Араван районунун Сарай айылында тɵрɵлгɵм. Менин атам музыкант болгон, апам болсо ʏй кожойкеси. Музыкага болгон кызыгуум бала кезден эле кʏчтʏʏ болгон. Кыяк, комуз, кыл кыяк, урма аспаптар — кайсы бирине кол салбайын, бат эле ɵздɵштʏрʏп кетчʏмʏн. Кыргыздын нукура аспаптарында ойноо — бул ɵзʏнчɵ ырахат. Мен ɵзʏмдʏ музыка дʏйнɵсʏнɵ атам аркылуу келгенмин деп эсептейм. Себеби атам да музыкант болгон. Музыканын тилин, ʏнʏн, демин кичинекейимден эле жан дʏйнɵм менен сезчʏмʏн.

— Жогорку окуу жайда кыл кыякты окуп, кийин скрипкага ɵтʏʏ чыгармачылык жолуңуздагы чоң бурулуш экен. Ушул чечим кандайча кабыл алынды? Сизди скрипка дʏйнɵсʏнɵ сʏрɵгɵн нерсе эмне болду?

— К.Молдобасанов атындагы концерваторияда  негизги аспабым кыл кыяк болгон. Ал — улуттук мурасыбыз, ɵзʏнчɵ керемет аспап эмеспи. Бирок жашоо кээде кʏтʏлбɵгɵн бурулуштарды алып келет экен. Мени скрипкага алып келген адам- Ильяз деген жакын досум. Ал саксофондо ойнойт. Бир жолу мага: «Элмурат, сен кыл кыякты эзесиң. Бирок заман талабы — скрипка. Скрипка — дʏйнɵлʏк масштабдагы эң престиждʏʏ аспап. Сен муну ɵздɵштʏрсɵң, ɵтɵ чоң бийиктикке чыгасың» — деди. Ушул сɵз менин чыгармачылык жолума чоң таасир тийгизди. Скрипканы колго алып, алгачкы ноталарды черткен кʏндɵн бери бул аспап менен атым кошо аталып калды.

— Бʏгʏн скрипка классикалык жана заманбап багытта кеңири колдонулуп жатат. Сиз кайсы стилге жакынырааксыз? Ɵзгɵчɵ чыгыш стилиндеги чыгармаларга кызыгууңуз кайдан келип чыкты?

— Скрипканын эки чоң дʏйнɵсʏ бар: классикалык жана заманбап. Мен экɵɵсʏн тең ɵздɵштʏрʏп, заманбап стил менен чыгыш ритмдерин айкалыштырып аткарып келем. Тʏркияда жʏргɵндɵ скрипканы чыгыш стилде ойноо маданиятына кʏбɵ болдум. Тʏрк сериалдарынын саундтректери, алардын обондорундагы терең, кʏйʏттʏʏ мелодиялар мага ɵзгɵчɵ илхам берди. «Кара сʏйʏʏ», «Даңазалуу доор» сыяктуу тʏрк кинолорунун  саундтректерин скрипкага салып чертип жʏрɵм. Жакында ɵткɵн концертте да дал ушул чыгармалар залды толтурду. Элдин кызыгуусу, колдоосу мага ɵзʏнчɵ кʏч берип турду.

— Сиз дайыма жандуу аткарам деп айттыңыз. Жандуу аткаруунун фонограммага салыштырмалуу артыкчылыгы эмнеде? Сахнадагы сезимдериңиз тууралуу да айтып берсеңиз.

— Скрипканы мен 100% жандуу ойнойм. Фонограммада эмоция жетишсиздей, ал эми жандуу аткарууда ар бир нота жʏрɵктɵн чыгып угуучунун, кɵрʏʏчʏнʏн жʏрɵгʏнɵ жетет. Жандуу черткенде элдин кɵзʏ, энергиясы, колдоосу — баары сезилет. Канчалаган жылдардан бери сахнада жʏрсɵң да, ар бир чыгууга чейин адамда толкундануу болот. Бул табигый нерсе. Бирок кол чабуулар башталганда толкундануу дароо басылат да, музыка менен бир бʏтʏндʏккɵ айланасың. Ар бир аткарууда мен ɵзʏм да рахат алып, жан дʏйнɵм бошоп, ɵзʏмɵ руханий кʏч топтоп алам.

— Репертуарыңызды ким тандайт? Элдин суроосуна ылайык кандай чыгармалар кɵбʏрɵɵк аткарылат? Ɵзʏңʏздʏн да сʏйʏктʏʏ чыгармаңыз бардыр?

— Репертуар кɵбʏнчɵ элдин талабына жараша тʏзʏлɵт. Маараке, той, расмий ачылыш болобу, айтоор, ар биринин ɵзʏнʏн атмосферасына ылайык музыкалар болот. Мен болсо алардын каалоосун аткарууга аракет кылам. Ɵзʏмдʏн сʏйʏктʏʏ чыгармам — тʏркмɵн элинин «Менкидал» деген чыгармасы. Скрипкага салып аткарганда элдин жʏзʏнɵн, кɵзʏнɵн бейкапардык, кубаныч, терең эмоцияны кɵрɵм. Бул чыгарма кайсы жерге барбайын, кайра-кайра суралат.

— Музыка дʏйнɵсʏндɵ атаандаштыксыз ɵсʏʏ кыйын. Сиз атаандаштыкты кантип кабыл аласыз?

— Атаандаштык сɵзсʏз болушу керек. Эгер атаандаш болбосо, музыкант ɵсɵ албайт. Башкалар жаңы нерселерди аткарса, мен да изденип, жаңы идеяларды жаратып, башкача стил издейм. Алар мага тоскоол эмес — тескерисинче, стимул. Мен аларды ɵзʏмдʏн ɵсʏшʏмɵ себепчи болгон адамдар деп эсептейм.

— 28–30 жылдык музыкалык жолдо, албетте, кризистер, чарчоолор болгон чыгар. Ошол оор учурларды кантип жеңдиңиз?

— Музыкага аралашканыма дээрлик 30 жыл болуптур. Бул жылдардын аралыгында тажаган учурлар да болду. Айрыкча башында татаал, виртуоздук чыгармаларды аткара албай кыйналган кʏндɵр кɵп эле болду. Ошондо : «Мындан ары болбойт окшойт» деп ойлогон учурларым болгон. Бирок убакыт ɵтʏп, жетиштʏʏ аракет, мээнет кылбай жаткандыгымды тʏшʏндʏм. «Сабыр тʏбʏ — сары алтын» дегендей, Сабыр кылып, талыкпай машыгып, изденип жʏрʏп, акырында ийгиликке жеттим. Эми мунун баары ɵз жемишин берип жатат. Азыркы учурдагы гонорарым 200 АКШ долларын тʏзɵт.

— Автордук чыгармалар жаратуу кыялдарыңыз бар экен. Азыркы угармандардын талабы кандай ɵзгɵрдʏ деп ойлойсуз? Музыкант эмнеге кɵңʏл бурушу керек?

— Автордук чыгармалар боюнча кɵп идеялар бар. Азыркы мезгилде угармандар татаал мелизмаларды, башкача колоритти, жаңы темптеги чыгармаларды каалашат. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ музыканын деңгээли ɵстʏ, элдин талабы да ɵстʏ. Музыкантты эл ɵстʏрɵт экен — эл эмнени сураса, музыкант ошону берет. Ошондуктан автордук чыгармаларымды заман талабына ылайык кылып жаратууну пландап жатам.

— Сиз музыкалык мектепте иштеп, жаштарга сабак да берип жʏрɵсʏз. Жаңы ɵсʏп келе жаткан таланттарга кандай кеңеш бересиз?

— Жаштарга айтарым, кайдай жумуш жасабагыла, эмне менен алектенбегиле, сʏйʏп кылгыла. Эмгектенгиле, изденгиле, жалкоо болбогула. Музыка — ʏзгʏлтʏксʏз машыгуу, талыкпас эмгек жана чоң сабырды талап кылган дʏйнɵ. Эмгек баарын утат.

— ʏй-бʏлɵңʏз тууралуу да айта кетсеңиз. Балдарыңыздын арасында музыкага кызыкканы барбы? Аларга кандай мурас калтырууну каалайсыз?

— Учурда балдарымдын музыкага кызыгуусу али байкала элек. 2 уулум, 1 кызым бар. Кудай буюрса, менин чыгармаларым Паганини сыяктуу артыман калса, ошол мен ʏчʏн эң чоң бакыт. Балдарыма калтырчу башкы мурасым — эмгек, сабыр жана адамгерчилик.

 Айнура Валижанова

About The Author