16 декабря, 2025

Алымбек Эргешов: «Балалыгым — бʏгʏнкʏ жетишкендиктеримдин башаты»

Ош шаарында чоңойгон жɵнɵкɵй жол куруучу жигиттин тагдыры аны эки ирет Ош шаардык кеңешине жетелеп барарын ал ɵзʏ да ошол кезде сезген эмес. «Атамдай инженер болом” деген балалык кыялы, тагдырдын сыноолору, мамлекетке кызмат ɵтɵɵ, ʏй-бʏлɵ менен коомдук иштин ортосундагы татаал тең салмак. Мунун баары анын жашоосунда бара-бара чоң мектепке айланган. Ал ким деп турсаңыз, ал — Алымбек Эргешов. Бʏгʏн ал ɵз кесибине жана элге кызмат кылууну эң башкы милдет деп билген, жоопкерчиликтʏʏ эл ɵкʏлʏ. Бул маекте ал балалык кыялынан тартып, саясаттагы оор жʏгʏ, ʏй-бʏлɵдɵгʏ ролу жана жаш муундарга болгон ʏнʏ тууралуу ой бɵлʏштʏ.

-Алымбек мырза, алгач ɵзʏңʏз тууралуу айта кетсеңиз. Балалык чагыңыз, ɵскɵн жериңиз, билим алган жолуңуз тууралуу кененирээк угалы.

-Мен 1985-жылы Ош шаарындагы Озгур айылында кɵп балалуу ʏй-бʏлɵдɵ туулуп-ɵстʏм. Биз ʏй-бʏлɵдɵ бир кыз, беш уулбуз. Уулдардын ичинен атамдын кесибин улап, жол куруучу болуп калган жалгыз менмин. Кичинекей кезимде эле атамдын жумуштан чарчабай кайрат менен иштегенин кɵрʏп, “атамдай инженер болом” деп кыялданчумун. 2003-жылы №33 Самидин Алымкулов атындагы орто мектепти бʏтʏрдʏм. Ошол жылы ɵлкɵдɵ ЖРТ жаңы кирип жаткан учур эле. Менде алгач экономист болсом деген ой бар болчу, бирок тесттен ɵтпɵй калдым. Тагдыр башкача жазып, Ош технологиялык университетинин Инженердик-курулуш факультетине тапшырып калдым. “Жол жана аэродром куруу” адистигине ɵтʏп, 2008-жылы ийгиликтʏʏ бʏтʏрдʏм. Кɵрсɵ, балалыктагы тилегим ошол бойдон менин жолум болуп калыптыр.

-Инженердик кесиптен саясатка чейин болгон жол кандай башталды?

-Университетти бʏтʏргɵндɵн кийин бюджеттик негизде окуганымды эске алып, мамлекетке кызмат кылуу максатында Жапалактагы Жол тейлɵɵ мекемесине жумушка кирдим. Алгач жɵнɵкɵй кызматкер болуп иштеп, жарым жылдан кийин жол боюнча адис болуп калдым. 2008-2012-жылдардын аралыгында ошол мекемеде иштеп, кесиптин тʏпкʏ маңызын ʏйрɵндʏм. Андан соң жеке секторго ɵтʏп, жеке тармакта тажрыйбамды уланттым. Кийин коомго кызмат кылуу, элдин кɵйгɵйлɵрʏн угуу, аларга колдоо кɵрсɵтʏʏ деген каалоо кʏчɵдʏ. Ошондон кийин Ош шаардык кеңешине шайланып, “Ынтымак” фракциясынан депутат болуп келдим. Азыр шаардык кеңеште экинчи жолу иштеп жатам. Бул жɵн гана кызмат эмес, чоң жоопкерчилик. Айтылган ар бир сɵз, кабыл алынган ар бир чечим, элдин турмушуна чоң таасир калтырат.

-ʏй-бʏлɵ менен кызматты айкалыштыруу ар бир адам ʏчʏн чоң маселе. Сизде бул кандай болду?

-Жаш кезде баарына жетишем деп ойлойт экенсиң. Депутаттык ишке келгенде, жеке тармактагы жумуштарымды да уланткым келип, кээде ʏй-бʏлɵгɵ жетиштʏʏ убакыт бɵлɵ албай калган учурлар болду. Ошол кʏндɵрдʏ азыр эстеп, “ошондо убакыт тапсам болмок” деп ɵзʏмɵ нааразы болгон учурларым болот. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ 3 кыз, 2 уулдун атасымын. Балдарымдын мектептеги, бала бакчадагы ар бир иш-чарасына катышууга аракет кылам. Балдарыма колдоо кɵрсɵтʏʏнʏ – ата катары менин милдетим деп эсептейм. ʏй-бʏлɵ адамды кʏчтʏʏ кылат, дем берет, туура жолго салат.

-Балдарыңыздын келечекке болгон кызыгуулары кандай? Сиздин кесибиңизди улагылары келеби?

-Ортомчу балам “мен да депутат болом” деп кɵп айтат (кʏлʏп). Мен болсо “ɵзʏңɵ жаккан кесипти танда” деп кеңеш берем. Келинчегим Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгында бухгалтер. Ал бала кезинде дарыгер болууну каалаган экен. Ошол кыялы ишке ашпай калгандыктан, азыр балдарыбызды да дарыгер кылууну самап, аларды ʏгʏттɵп жʏрɵт. Чоң кызымды да дарыгерликке даярдап жатат. Ал эми мен ɵзʏм мугалимдик кесипти абдан урматтайм. Апам мугалим болгондуктан, бул кесипке болгон сыйым ɵзгɵчɵ. Ошондуктан балдарыма кээде: “Мугалим болуу — эң улуу кызмат. Коомду билимдʏʏ муун гана кɵтɵрɵт”, —  деп айтып келем. Бирок акырында кимге эмне насип болсо, ошол болот.

-Депутаттык иштин кʏнʏмдʏк тʏйшʏгʏ тууралуу кенен айтып берсеңиз. Бул кызматтын кɵрʏнбɵгɵн жагы кандай?

-Сыртынан караганда депутаттын иши жеңил кɵрʏнʏшʏ мʏмкʏн. Бирок бул кызмат — чоң жоопкерчилик. Ар бир чечим, жалпы шаарга тийген таасир. Депутат айлык албайт. Иш мэрия менен биргеликте жʏргʏзʏлɵт. Ар бир документ, ар бир сунуш кылдат текшерилип, анын элге пайдасы барбы же жокпу — баары каралат. Фракция жетекчиси катары мен ар бир депутаттын оюн угуп, ортодо тең салмакты сактап, талаш-тартыштарды конструктивдʏʏ жол менен чечʏʏгɵ аракет кылам. Себеби, саясатта эмоцияга алдырбоо ɵтɵ маанилʏʏ нерсе. Депутат кɵп окушу керек. Мыйзамдарды, шаардын ɵнʏгʏʏ планын, коомдук талаптарды билбей туруп бул кызматты кɵтɵрʏʏ кыйын. Оор басырыктуулук, сабырдуулук – бул кызматтын негизги сапаты.

-Бош убактыңызды кандай ɵткɵрɵсʏз?

-Кɵп учурда жалгыз калып, узак убакыт бою кɵп нерсени ойлоном. Бул мен ʏчʏн эс алуу сыяктуу. Адабий жана тарыхый китептерди окуйм, бирок кɵп учурда ар кандай иштер менен алек болуп калып, китепти аягына чыгара албай калам (кʏлʏп). Бирок окуу адамдын аң-сезимин кеңейтет. Бардык адамга сунуштай турган адат.

-Сизди жашоо кандай сабактар менен тарбиялады?

-Жашоонун мага берген сабагы, майда маселелерди кɵңʏл коштук менен кийинге калтырууга болбойт экен. Ал кийин чоң кɵйгɵйгɵ айланат. Андыктан, маселе жаралса, ошол замат чечкенге аракет кылыш керек. Балдарыма да дайыма айтам: “Кыйынчылыктан качпагыла. Чечимди тапкыла. Кыйынчылык адамдын кʏчʏн сынаган учур”, — деп.

-Ɵмʏрдɵгʏ эң чоң жетишкендигим деп эмнени эсептейсиз?

-Биринчи орунда ата-энемдин берген тарбиясы. Экинчиси,  жубайым жана балдарым. Мен ʏчʏн эң чоң байлык — ʏй-бʏлɵм. Кызматтар ɵтɵт, наамдар алмашат, бирок ʏй-бʏлɵ дайыма жанында калат.

-Саясаттан сырткары кандай иштер менен алексиз?

-Маалым болгондой, депутаттык  айлыксыз коомдук кызмат. Ошондуктан ʏй-бʏлɵ турмушу ʏчʏн жеке фирмаларым аркылуу иштейм. Бул да убакыт, кʏч талап кылат. Бирок туура бɵлʏштʏрʏп, тең салмакты кармап иштɵɵгɵ аракет кылам.

-Эмнеден мотивация аласыз?

-Мотивация ар нерседен пайда болушу мʏмкʏн. Кээде адамдын жакшы сɵзʏнɵн, кээде бир кырдаалдан, кээде балдарымдын суроолорунан да мотивация алам. Мени алдыга сʏрɵгɵн нерсе элдин ишеними жана жоопкерчилик.

-Эгер убакытты артка кайтарып, балалыкка барууга мʏмкʏнчʏлʏк болсо, эмнени ɵзгɵртмɵксʏз?

-Эч нерсени. Балалыгым – менин эң таза, эң жаркын кезим. Бʏгʏнкʏ жетишкендиктерим дал ошол тарбиянын, ошол айылдын, ошол кʏндɵрдʏн деми менен болду. Ошондуктан кайра кайтып барсам, ошол бойдон жашай бермекмин.

-Акырында жаш муундарга кандай кеңеш берет элеңиз?

-Ар бир кесип ардактуу. Жʏрɵгʏңɵр каалаган кесипти тандагыла. Ɵзʏнɵ жакпаган жолго тʏшкɵн адам эч качан толук бактылуу болбойт. Максат коюп, ага жетʏʏдɵ кыйынчылыктан качпай, туура кадамдар менен жʏрʏʏгɵ аракет кылгыла. Жеңил жол издебегеле! Ийгилик — тынымсыз аракеттин, чыдамкайлыктын жана эмгектин жыйынтыгы.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

About The Author