1988 жылдан бери Бʏткʏл дʏйнɵлʏк саламаттык сактоо уюмунун чечиминин негизинде 1 декабрь — жыл сайын СПИД оорусуна каршы кʏрɵшʏʏнʏн Бʏткʏл дʏйнɵлʏк кʏнʏ ɵткɵрʏлɵт.
Бул кʏнʏ жыл ичинде АИВ-СПИД эпидемиясын алдын алуу иш-аракеттердин, аткарылган иштердин, келип чыккан жаңы кɵйгɵйлɵрдʏн, чечилбей калган маселелердин жыйынтыгын чыгаруу кʏнʏ болуп эсептелип, жана дагы бʏткʏл дʏйнɵ элдеринин кɵңʏлʏн АИВ-инфекциясынын алдын алуу маселерине дагы бир жолу буруу болуп саналат.
Жогоруда кɵрсɵтʏлгɵндʏн негизинде 2025- жылдын 1-ноябрынан 1-декабрына чейин Ош шаары жана Ош облусунун бардык аймактарында АИВ-инфекциясынын эпидемиясын алдын алуу жана таркалуусун азайтуу боюнча тиешелʏʏ иш-чараларын аткаруу боюнча бир айлык жарыяланып, “АИВ-адамдын иммундук жетишсиздик вирусун ɵзʏңɵ жана башкаларга кам кɵрʏʏ менен жеңебиз”ураанынын астында ɵткɵрʏлʏʏдɵ.
ВИЧ-СПИД оорусунун таркап, кɵбɵйʏшʏнʏн бирден бир себеби болуп баңгичилик, сойкулардын кɵбɵйʏшʏ, ички жана тышкы миграциянын ɵсʏшʏ, ошондой эле жаштардын арасында бул оору боюнча билими, маалыматы аздыгы менен байланыштуу. 2025-жылдын 1-ноябрына карата АИВ-инфекциясы республиканын баардык аймактарында катталган, бирок эң кɵп катталган аймактарга Бишкек шаары (4126 киши же республикада катталгандардын 28,6% тʏзɵт), Ош шаары (1476 же 10,2%), Чʏй (3510 же 24,3 %), Ош облусу (2095-14,5%), Жалал-Абад (1670 же 11,6 %) облустары кирет.

Ал эми Ош облусунун региондорунда катталган АИВ-инфекциясынын саны тɵмɵндɵгʏчɵ: Кара-Суу районунда – 1093, Ноокатта-441, Алайда -85, Араванда –105, Ɵзгɵндɵ – 280, Кара-Кулжада- 83, Чон-Алайда – 8 киши.
Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Ош облусунда 234 жаран жана Ош шаарында 700 жаран баңгизатын ийне саюу аркылуу колдонот, алардын ичинен Ош шаарында 2025-жылда 2 жарандан АИВ-инфекциясы аныкталаган.
2025-жылдын 10 айында АИВ-инфекциясы Ош шаарында 64 учур катталган, ал эми 2024-жылдын 10 айында 60 учур катталган, салыштырмалуу 4 учурга ɵскɵн. Ал эми бул кɵрсɵткʏч Ош облусунда (2024ж.-88, 2025ж.-97) 9 учурга кɵбɵйгɵн. Алардын ичинен мигранттардын арасында Ош шаарында 41 учур жана Ош облусунда 72 учур катталып, 64-74,2%ды тʏзгɵн. Ошондой эле сойкулардын арасында Ош шаарында 2025-жылда АИВ-инфекциясы 3 учур катталган. Жыныстык жол аркылуу жугуу учурлары кɵбɵйʏп 95,3 % тʏзгɵн. Ош облусунда энеден балага жугуу жолу менен 2 учур катталган.
Ошондуктан жогорку денгээлде биргелешкен иш-аракеттерди жʏргʏзʏʏгɵ жетишʏʏ ʏчʏн жалпы аракетибизди улантуубуз керек.
Ар тʏрдʏʏ жоруктары менен кʏрɵшʏʏ иретинде сексуалдык жʏрʏш-туруштарынын терс жактарын, сойкулуктун, жыныс тʏгɵйʏн алмашуунун, араккечтике, баңгилике жана башка тʏшʏнʏктɵрʏн калктын калың-катмарына, кɵбʏнчɵ жаштар, окуучулар топторунун арасында баяндама иштерин дайыма жʏргʏзʏʏ зарыл.
АИВ — адамдын иммундук жетишсиздик вирусу. АИВ-илдети иммундук системаны жабыркатып, бир нече убакыт ɵткɵндɵн кийин, адам тʏрдʏʏ оорулардын козгогучтарына жана шишик ооруларына алсыз болуп калат. АИВ-инфекциясынын 4 клиникалык баскычы бар, акыркы 4-баскычы жетишсиз иммундук кабылданган синдрому (ЖИКС|СПИД) деп саналат, анда оор жугуштуу же онкологиялык дарттар пайда болот. Бул дарттын айкын белгилери жок. Адам ɵзʏнʏн оорулуу экендигин билбей, бул инфекция менен жылдап жашай бериши мʏмкʏн.

Бул илдет 3 гана жол менен жугушу мʏмкʏн:
1.Жыныстык жол аркылуу –АИВ-илдетине чалдыккан адам менен сактанбаган жыныстык катнашта болгон учурда.
2.Кан аркылуу-башкалар колдонгон щприц ийне, устараны пайдаланганда, адамдын ички чɵйрɵсʏнɵ медициналык, парамедициналык, ритуалдык жана косметикалык кийлигишʏʏдɵ, АИВ менен булганган(текшерилбеген) кан куюлганда жугат.
3.АИВ-илдетине чалдыккан энеден балага- кош бойлуулук, тɵрɵт жана эмчек эмизген учурда жугат.
АИВ –илдетинен сактануу жолдору:
1.Вирусту жуктуруп алууда шек санаган кезде, АИВ-илдетине кан тапшырып,текшерилʏʏ зарыл.
2.Кош бойлуулук кезде АИВ-илдетине кан тапшыруу зарыл. 3.Жыныстык ɵнɵктɵшкɵ ишенимдʏʏ болуу керек.
4.Туура жана дайыма презервативди колдонуу. 5.Шприц ийнелерди бир гана жолу колдонуу керек.
6.Банги заттарды жана спирт ичимдиктерди колдонуудан алыс болуу зарыл. АИВ -инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу пайда болгон учурда(кокусунан болгон жыныстык байланыш, АИВ-инфекцияны алып жʏрʏшʏ ыктымал болгон адам менен иньекциялык байланыш, сексуалдык зомбулук), контакттан кийинки АИВ-инфекцияны жугузуп алуу тобокелчилигин алдын алуу ʏчʏн 72 саат ичинде медициналык кызматкерге кайрылып(антиретровирустук дарыларды) жардам алуу зарыл. Калктын ден-соолугу ʏчʏн кам кɵрʏʏ максатында Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун кɵзɵмɵлдɵɵ борбору жана Ош шаардык мэриясы менен биргеликте тʏзʏлгɵн графиктин негизинде 2025-жылдын 24-ноябрынан 28-ноябрына чейин шаардын Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгында жана 1-2 декабрда шаардын борборунда Алымбек-Датка этнографиялык борборунда «КамАЗ» автомашинасында жайгашкан Мобилдик клиника иштейт. Калкты акысыз АИВ-инфекциясына жана вирустук гепатит В жана Сга ылдам тестирлɵɵдɵн ɵткɵрʏʏ, УЗИ аркылуу дарыгер гинекологдун текшерʏʏсʏ жʏргʏзʏлɵт.Мындан сырткары, шилекей аркылуу ылдам (экспресс) тестирлɵɵдɵн ɵткɵрʏлɵт, 20 минутанын ичинде жыйынтыгы айтылат. Ошондуктан ар бир жаран бул мʏмкʏнчʏлʏктɵн пайдаланып ɵзʏнʏн ден соолугу ʏчʏн текшерилип алуусу зарыл.
АИВ-СПИД жɵнʏндɵ толук маалыматты жана текшерʏʏнʏ Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитерди жана АИВ кɵзɵмɵлдɵɵ борборунан алсаңыздар болот.
Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздигин кɵзɵмɵлдɵɵ борборунун дарыгер эпидемиологу Т.М.Маматалиева


Окшош макалалар
Кɵптɵгɵн талаш-тартыштардан кийин БШК 29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти
Ош шаарын мыйзамсыз курулуштардан тазалаган Жеңишбек Токторбаев
Ош шаарынын эң ири МАБы: Иштин жʏрʏшʏ жана негизги багыттар