Кыштын суугунда кɵчɵдɵ калгандарга акыркы ʏмʏт болгон тʏнкʏ башпаанек ʏйʏ жыл сайын жʏздɵгɵн адамдарды тоңуп калуудан сактап, жуунтуп, тамак берип, тʏнɵк менен камсыздайт. Бул ʏй муниципалдык ишканага ɵткɵндɵн кийин колдоо кʏчɵп, жардамга муктаждар ʏчʏн шарттар кыйла жакшырды. Азыркы учурда кандай иштеп жатканы тууралуу “Башпаанек” ʏйʏнʏн жетекчиси Иса Нурмаматов биз менен болгон маекте айтып берди.

-Иса Темиржанович, тʏнкʏ башпаанек кантип тʏзʏлгɵн? Башаты тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?
-Биздин ишибиздин башаты 25 жыл мурда “Муса” коомдук фондунан башталган. Мен ошол фонддун негиздɵɵчʏлɵрʏнʏн бири болуп, башынан бери активдʏʏ иштеп келем. Алгач биз социалдык багыттагы ар кандай долбоорлор менен алектенчʏбʏз. Бирок убакыт ɵткɵн сайын шаарда селсаяктар, ʏй-жайсыз калган адамдардын кɵйгɵйʏ ɵтɵ кʏчɵп баратканы байкалды. Ошондо биз коом катары жɵн карап тура албай, адамдарга тʏнɵк болчу жай ачуу зарыл экенин тʏшʏндʏк. Ошол ойлор менен 13 жыл мурун тʏнкʏ башпаанекти ачтык. Алгач башталышында шарттар деле жɵнɵкɵй болчу, бир нече керебет, азын-оолак тамак-аш, кийим-кече… Бирок эң негизгиси адамдардын кабыл алып, жылуу мамиле кɵрсɵтʏʏ эле. 2012-2013-жылдары биринчи ири грантыбызды утуп алышыбыз биздин иште чоң бурулушу болду. Ошол грант аркылуу биринчи жабдууларды сатып алып, башпаанектин базасын тʏздʏк.
-Мэрия менен кызматташтык кантип кʏчɵдʏ? Муниципалдык ишканага ɵтʏʏ кандай болду?
-Мурун биз толугу менен коомдук фонд болчубуз. Мэрия ар кандай суммаларда колдоо кɵрсɵтчʏ. 50 миң, 100 миң, 300 миң сом. Бирок ал каражаттарды алуу ʏчʏн кɵп тепкичтен ɵтчʏбʏз, сурануу, документ даярдоо, алгачкы кезекте каржылоо маселелери кɵп убакытты жана кʏчтʏ талап кылчу. Ошол убакта биз кɵбʏнчɵ демɵɵрчʏлɵрдʏ, жеке адамдардын жардамын кʏтчʏбʏз. Быйыл болсо мэрибиз ɵзʏ келип, жайыбызды кɵрʏп, шарттарыбызды баалап, бизге ачык айты: “Эгер бул жайды толугу менен мэриянын карамагына ɵткɵрʏп берсеңер, туруктуу каржылайбыз, толук оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵрʏп беребиз, кызматкерлердин айлыгын дагы карайбыз”, — деп. Бул сунуш биздин ишибиз ʏчʏн чоң мʏмкʏнчʏлʏк болду. Себеби, туруктуу каржылоо бул эң маанилʏʏ нерсе. Ошентип биз мэриянын карамагына ɵтʏп, муниципалдык ишкана статусун алдык. Ɵзʏбʏздʏн 15ке жакын кызматкерибиз да толугу менен ошол структурага ɵттʏ. Алгачкы эки айга бɵлʏнгɵн 900 миң сом менен керектʏʏ техникаларды сатып алдык: кир жуугуч машиналар, идиш жуугуч аппарат, жаңы плиталар, идиш-аяк, керектʏʏ азык-тʏлʏктɵр, тазалоочу каражаттар. Ошол эле учурда мэрия биздин имаратты оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵрʏп, имараттын ичин толугу менен жаңылап берди. Бул биздин он жылдан ашык убакыттагы эң чоң жетишкендиктердин бири.

-«Башпаанекке» кʏн сайын канча адам келет? Аларды кимдер жеткирет?
-Азыр суук тʏшкɵн маалда кʏнʏнɵ орто эсеп менен 15-20 адам келип жатат. Бирок азыркы кʏндʏн аба ырайына жараша кээде 40ка чейин жетип калат.
-Алар кандай жолдор менен келет?
Биринчиси, ɵздɵрʏ келгендер. Мурунтан бери башпаанекти таанып, кайсы кʏнʏ суук тʏшсɵ дароо келʏʏнʏ адатка айландыргандар бар.
Экинчиси, милиция алып келгендер. Кɵчɵдɵн тоңуп калуу коркунучунда жʏргɵндɵрдʏ милиционерлер алып келет. Мен милиция кызматкерлеринен алдын ала рейддерди кʏчɵтʏʏнʏ да суранып турам, анткени кыш мезгилинде кɵп адам кɵчɵдɵ калып кетет.
ʏчʏнчʏсу, тез жардам кызматы алып келгендер. Алар кɵчɵдɵ жыгылып калган, мас абалда же ɵзʏн жоготуп койгон адамдарды алып келишет.
Тɵртʏнчʏсʏ, жолдо кездешкен адамдар алып келгендер. Кээде шаар тургундары “тоңуп калбасын” деп ɵздɵрʏ жеткирип коюшат. Бирок биз адамдын абалын карап, ɵтɵ оор болсо дароо шаардык оорукананын атайын палатасына жɵнɵтɵбʏз.
-Тʏнкʏ башпаанекте башкы тартиптер кандай?
-Бул жер тʏрмɵ эмес. Адам кааласа калат, каалабаса кетет. Биз эч кимди кʏчтɵп кармабайбыз. Бул мыйзамга да туура келбейт. Ошол эле учурда белгиленген тартиптер бар. Маселен, тʏнʏ жата алат, эрте менен жата бербестен чыгып кетиши керек, ичкилик ичкенге, жаңжал чыгарууга тыюу салынат жана жашы жете электер кабыл алынбайт, ʏй-бʏлɵлɵр дагы толугу менен келе албайт. Бул жер ʏй-бʏлɵлʏʏ жай эмес, бир гана жалгыз калган адамдарга арналган.


-«Башпаанекке» келген адамдардын кɵпчʏлʏгʏ селсаяктар. Деги эле адам эмне ʏчʏн селсаякка айланып калат?
-Мен ɵз тажрыйбама таянып айта алам, 99%ы ичкиликтин айынан ʏйʏнɵн ажырап, кɵчɵгɵ агылып чыгат. Ичкилик адамды кʏчсʏз кылат, жоопкерчиликсиз кылат, энергиясын соруп алат, кээ бирɵɵлɵрдɵ психологиялык кɵйгɵйлɵрдʏ да жаратат. Ошол себептен булар селсаякка айланып кетишет.
-«Башпаанекке» келген адамдарга кантип кам кɵрɵсʏздɵр?
-Биз ар бир келген адамды жуунтабыз, таза кийимдерди кийгизебиз, ысык тамак менен камсыз кылабыз, тɵшɵк, жууркан берип жаткырабыз. Келген кийимдеринин кɵбʏ жыттанып, кейиштʏʏ абалда болот, ошондуктан аларды таштап, ɵрттɵɵгɵ туура келет. Булар оздɵрʏ жуунбайт. Кээ бирɵɵсʏ суудан коркот. Мындай адамдар менен иштɵɵ ʏчʏн чыдамкайлык абдан керек. Аларды кʏчтɵп жуунткан кʏндɵр да болот. Эркек болсо эркек кызматкер, аял болсо аял кызматкер жуунтат. Анткени бул гигиенанын негизги талабы.

-Наркологиялык жардам кантип уюштурулат?
-Биз атайын наркологиялык бɵлмɵ ачып койгонбуз. Анткени адамдардын кɵпчʏлʏгʏ профессионалдык жардамга муктаж. Эгерде бизге келген адам ɵз каалоосу менен: “Мен ичимдиктен кутулуп, нормалдуу жашоо баштагым келет” — деп айтса, биз аны наркологго жеткирип, дарыланууга кɵмɵктɵшɵбʏз. Психотерапевттер менен да кызматташып турабыз. Алар адамдарга: сабак ɵткɵрɵт, психологиялык колдоо кɵрсɵтɵт, кɵз карандылыктан чыгуу жолдорун тʏшʏндʏрɵт. Ɵзгɵргʏсʏ келген адам сɵзсʏз ɵзгɵрɵт. Былтыр 127 адам келген болсо, алардын ичинен 12 адамды толук социалдаштырып, ишке орноштуруп же ʏй-бʏлɵсʏнɵ кайтардык.
-Жашы жете электерди кабыл албашыңыздардын себеби?
-Бизде 18 жашка чейинкилерди кабыл алууга лицензия жок. Аларды кабыл алуу чоң жоопкерчилик. Балдарга ɵзʏнчɵ адистер, психологиялык колдоо, коопсуздук талап кылынат. Ошондуктан жаш балдарга арналган атайын борборлор бар, биз аларга жɵнɵтɵбʏз.
-«Башпаанек» ʏйʏнɵ кандай жардамдар келип турат?
-Бизге ар тараптан ар кандай жардамдар келип турат. Мисалы, Кызыл Ай коому матрастарды, кийим-кечелерди берʏʏдɵ чоң жардам кɵрсɵттʏ. Коңшулар, жарандар да кийим-кече алып келип турат. Бирок бизге жыртылбаган, таптаза, жыттанбаган, сезонго ылайык кийимдер керек.
-Бул ишти кылуу оңой эмес. Сизге эмне тʏрткʏ берет?
— Кɵптɵр сурашат: “Эʏчʏн мындай оор иш менен алектенесиңер? Ɵзʏңɵргɵ эмне пайда?”, — деп. Менин жообум жɵнɵкɵй: сооп ʏчʏн, адамдык милдет ʏчʏн. Ар бир адам жашоосунда жылуу мамилеге, камкордукка муктаж. Эгер биз бирɵɵнʏн ɵмʏрʏн сактап калсак, тоңуп калуудан аман алып калсак, ʏй-бʏлɵсʏнɵ кайтарып берсек — бул эң чоң сыйлык.
-Келечектеги пландарыңыздар кандай?
-Ушул жылы мэрия имаратты бузуп, ордуна эки кабаттуу, 50 орундуу жаңы башпаанек куруп берʏʏнʏ пландап жатат. Эгер ал курулса: орундар кɵбɵйɵт, шарттар жакшыртылат, реабилитациялык бɵлмɵлɵр кɵбɵйɵт, психологиялык жана социалдык программаларды кеңейтебиз. Биздин каалоо — ар бир адамга адамдык мамиле кɵрсɵтʏʏ, аларды кайра турмушка кайтууга жол ачып берʏʏ. Эгер ушул максаттарыбыз орундалса, биз дагы кылган кызматыбызга, жасап жаткан ишибизге ыраазы болобуз.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы


Окшош макалалар
Чейрек кылымга тете бир жыл: Жеңишбек Токторбаевдин ишмердʏʏлʏгʏ башка мэрлерге ʏлгʏ болду
Болот Баетов: «Депутаттар ɵз амбициясын эмес, шаардын кызыкчылыгын биринчи орунга коюшту»
Шаарыбыздагы жеке мектептер билим деңгээлин жогорулатабы же коомду катмарларга бɵлɵбʏ?