Ɵткɵн кылымдын, биз жашап жаткан доордун, менин оюмча, келе жаткан кылымдын жашоосун мыкты сʏрɵткердей сʏрɵттɵп, адамзаттын акыл-парасатын, коом кайда баратканын алдын ала билип, инсандын кемчилдигин сындап, мыкты жактарын айтып, «адам эволюциясы» дагы кайда ɵнʏгʏшʏ керек?» деген теманы кɵп жагынан ачып, айтор, кыргыз адабиятына жаңылык киргизип, дʏнɵгɵ белгилʏʏ классик жазуучулар менен бир катарда турган замандашыбыз, философ, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу жазарда, жети ɵлчɵп, бир кесип, миң ойлонуп, миң толгонуп ой калчоо биздей жаш муундун жоопкерчилиги да, улуу мурасы да деп билем.
Айтматов феноменин чагылдырууга биздин кудуретибиз жетпеши мʏмкʏн, бирок, анча-мынча эл билбеген, балким билсе дагы бу капиталисттик замандын кʏʏ-шары менен кайнап, тиричиликтин отуна тʏшʏп кетип, маани бербей калган коомубузга жеткире турган ойлорубуз арбын. Ошентип, бул макалада Айтматовдун айрым чыгармаларынын персонаждарынын прототибдери, сʏйʏʏсʏ жана эмне ʏчʏн Нобель сыйлыгын албай калганы боюнча кеп кылабыз.

«Бетме-Бет», «Биринчи мугалим» чыгармаларынын каармандары жазуучунун кичи мекенинде жашап ɵткɵнбʏ?
Тагдыр буюруп дейбизби, айтор, ɵткɵн жылы жай айында Чыңгыз Айтматовдун кичи мекенине баруу насип кылды. Оштон коллегалар менен бир унаага отуруп, 10 саат дегенде Ɵтмɵк ашуусуна барып, залкардын кичи мекени менен амандашып, андагы адамдар менен саламдаштык. «Журналисттер да чыгармачылыкка жакын, сезими башкача жаралган адамдар болушат», — деген кепке ишенбей, кебелбей жʏрɵ берчʏмʏн. А бирок, Таластагы коллегалардын шеринеси ошол сɵзгɵ ынандырды. Дегеним, эки кʏндʏк сапарыбыз оюн-кʏлкʏгɵ бай болуп, жан дʏйнɵм башкача толкуду. Анда эмесе, ɵзʏмдʏн эч кимге кереги жок баянымды айтып отура бербей, тʏз эле максатка ɵтɵйʏн. Болбосо бул жолу жазып жаткан темамдан окурмандарды адаштырып койчудай болуп турам.
Эмне дейбиз, Айтматов деген Айтматов, анын дʏйнɵ эли тааныйт. Анын атагы менен алакандай кыргыз эли таанылды. Адабиятка кызыккан, анын ичинен Айтматовдун чыгармачылыгына кызыккан ар бир окурман жазуучунун кичи мекенине барып, ал эр жеткен айылды бир кɵрʏп койсо, ашыктык кылбас эле дейт элем.
Ошентип, шеринебиздин экинчи кʏнʏндɵ таластык коллегаларыбыз бизди тʏз эле Шекер айылына алып барды. Аталган айылдагы Айтматовдун чакан музейин бардык. Айтматовдун чыгармаларынын персонаждары коюлган жайга бардык дегендей.
Таластык коллегаларыбыз аталган жайларды кɵрсɵтʏп отуруп: «Тигине Ысмайылдын ʏңкʏрʏ, тигине Дʏйшɵндʏн тереги», — дешип казактын Тараз облусун карай кеткен тʏздʏктɵгʏ кең талаада ʏңкʏрдʏ, каз-катар тизилген эски теректерди кɵрсɵтʏп. – «Жазуучу чыгармаларынын кɵпчʏлʏгʏнʏн прототибин ушул айылдын адамдарынан эле алган экен» деп илгеркилер айтып жʏрʏшɵт. Айрыкча «Жамийланын», «Бетме-Беттин», «Биринчи мугалимдин» каармандары биздин айылдын эле тургундары болуптур».
Албетте, бул сɵздɵрдʏн чын-тɵгʏнʏн териштиргенге убактыбыз да жеткен жок, анан Айтматов таануучу болбогондон кийин, андай сɵздɵрдʏ чын ыкласыбыз менен кабыл алдык. Бирок, журналист деген журналист эмеспи, интернетти ачып, ачык булактартар жазган макалалардан коллегаларыбыз айткан сɵздɵрдʏн айрымдарынын чын экенине ынандык. Маселен, «Super.kg» басылмасынын «Бетме-беттеги» Ысмайыл абакта 24 жыл отурган» аттуу макаласында, жазуучунун «Бетме-бет» повестинин негизинде сценарийлештирилген «Куш ɵмʏр» тасмасындагы Ысмайылдын ролун жараткан Бузурман Одуракаев чыныгы Ысмайыл менен алар кантип жолугуп калганын мындайча сʏрɵттɵгɵн: «Мен анда Таласта элем. Киного тартылган топ Ысмайылга жолугуу ʏчʏн ʏйʏнɵ бардык. Биз барганда 82 жаштагы ал киши аттан жыгылып, буту сынып жаткан экен. Узун бойлуу, чапжаак, сʏйлɵгɵн сɵзʏнɵ караганда айтканынан кайтпаган адам кɵрʏндʏ. Ысмайылдын айтуусу боюнча, согушка барганда эч кандай даярдыгы жок эле колдоруна мылтык карматып немистердин алдына тизишиптир. «Немистердин замбиректерин кɵргɵндɵ эле качтык» дейт. Казак-кыргызы аралаш 5-6 адам чогуу качышкан. Качып баратып ɵлʏп жаткан немистердин тамак-ашын, кыскасы, ɵздɵрʏнɵ керектʏʏлɵрдʏ ала кетишкен. Кайык, поезд менен эптеп Кыргызстанга келип, ɵзʏнʏн айылынын четиндеги бир ʏңкʏргɵ жашынган экен.
24 жыл тʏрмɵдɵ отуруп, биз барганда 82ге келип калганы менен ɵтɵ кайраттуу, чымыр адам кɵрʏндʏ. Шайыр менен Гʏлназидге “кетпегиле, азыр кой соём” деп колдон кармап тийишип жатпайбы.
Бир баласы аскерде, бир баласы ʏйʏндɵ экен. 90го чыгып барып ɵлдʏ. Чыңгыз агага: “Мени бʏт дʏйнɵ жʏзʏнɵ тааныттың. Мен аркылуу сен таанылдың. Менин бир балам аскер деңиз флотунда кызмат ɵтɵйт. Буюрса, кичʏʏсʏ да анын жолун жолдойт. Азыр баары ɵз жолу менен кетип баратат” деп кат жазган экен. Бул кат тууралуу бизге Чыңгыз ага ɵзʏ айтып берген».

Никеге байланбаган махабат
Кайсыл гана адам болбосун, анын кɵɵдɵнʏндɵ сʏйʏʏ жашайт. Болбосо жазуучулар жазган чыгармалар, режиссерлор тарткан тасмалар ɵз окурман-кɵрармандарын таба алмак эмес. Кайсыл гана чыгарма болбосун, кино болбосун – баарында кыз-жигиттин, айтор башкы каармандардын же башка каармандардын сʏйʏʏсʏ камтылган. Ансыз чыгарма, ансыз тасма суз болуп калмак. Ошол сыңары, Айтматов да ɵз жашоосунда улуу сʏйʏʏгɵ кабылганын элдин баары айтып жʏрʏшɵт. Ал тургай махабат баяны катары даңкталып да жʏрɵт.
«Менин жашоомдо эстен чыккыс бактылуу кʏндɵрдʏн бири сʏйʏʏгɵ жолуккан кʏн эле. Бирок биз бири-бирибизди атайын издеген жокпуз. Биз кʏтʏʏсʏздɵн жолуктук. Бул тагдырдын буюрган сыйлыгы деп да ойлойм. Ал — турмушума жарык чачкан, кыргыз искусствосунун жылдызы Бʏбʏраса Бейшеналиева болгон», — деп эскерет Айтматов ɵзʏ «Аскада калган аңчынын ыйы» китебинде. — Элʏʏнчʏ жылдардын аягы. Москвадагы адабият институтту бʏткɵн кезим. Бир кʏнʏ ошондогу Фрунзе шаардык комитетинин биринчи секретары Т.Усубалиев чакырды. Барсам делегация менен кошо Ленинградга учуумду талап кылды. Опера жана балет театрынын тобу менен кошо Ленинградга келдик. «Ленфильм» «Чолпон» фильм балетин тартып жаткан экен. Фильмде башкы каарманды аткаруучу Бʏбʏсара Бейшеналиева менен тааныштым. Кийин ойлонсом ошондо тагдырга жазган таалайыма жолукканымды тʏшʏнгɵм.
Мурда бири-бирибизди сырттан укканыбыз менен жакындан тааныш эмес болчубуз. Бири-бирибизге болгон симпатиябыз артып, тез эле тартыла бердик. Аны сɵз менен айтып жеткирʏʏ кыйын. Мурдараак жолукпаганыбызга таңдандык.
Эки-ʏч кʏндɵн кийин Москвага келдим. Кɵп ɵтпɵй Бʏбʏсара келип калды. Москва мейманканасында бир кʏн, бир тʏн болдук. Бул жандʏйнɵмдʏн байышынын унутулгус учуру эле. Бир-бирибизди кыялбай кайра-кайра коштоштук. Андан соң, Ленинградга кайра жеткирип бардым. Ал мени кайра Москвага жеткирип барам деди. Мен болгон жокмун. Ошол учурдан тартып Бʏбʏсаранын ɵмʏрʏнʏн акырына чейинки он тɵрт жыл ичинде жʏрɵктɵ тутанган жалын ɵчкɵн жок».
Арийне, жазуучунун бул сʏйʏʏсʏ трагедия менен аяктады. 1973-жылы 11-майында кыргыз театрынын чолпон жылдызы Бʏбʏсара Бейшеналиев узакка созулган кɵкʏрɵк рагынан улам дʏйнɵ салган. Ошентип, Айтматовдун Бʏкɵмʏ менен Бʏбʏсаранын Ачини бʏгʏн жок. Эки залкардан драмага айланган сʏйʏʏ баяны, элге сабак боло турган тагдыры, окурмандарга жан азык боло турган чыгармалары калды…

Ыйгарылбай калган Нобель
Залкар жазуучубуз дʏйнɵ жʏзʏ боюнча адабият жаатында бериле турган сыйлыктардын дээрлик баарын алды. Бирок, кеменгер жазуучубуз Нобель сыйлыгына гана ала алган жок. Деген менен Айтматовдун элине калтырган эмгектери, адамзатка калтырган баалуулуктары он Нобелден артык.
Эсеби маселен, жазуучусу Самсак Станалиевдин «Ак жарыктын айыкпаган сыныгы» аттуу роман трилогиясында Айтматов кайсыл бир Европа ɵлкɵсʏндɵ жʏргɵн учурда Нобель комитетинин ɵкʏлʏ чалып, ал Нобель сыйлыгына «Кылым карытар бир кʏн» аттуу чыгармасы ʏчʏн татыктуу болгонун кабарлайт. Бирок, ал учурда СССРдин акыркы башчысы Михаил Горбачев Нобелдин Тынчтык сыйлыгына кɵрсɵтʏлʏп калып, «бир ɵлкɵдɵн эки адамга Нобелди ыйгарууга болбойт» деген негиз менен берилбей калганын кабарлашат. Бул маалыматтын канчалык чындыгы бар экенин маркум жазуучу Самсак Станалиев гана билбесе, аны тактоо азыр мʏмкʏн эмес. Анткени, Айтматов да, Станалиев да бул дʏйнɵдɵн кɵзʏ ɵтʏп кетти.
Бишкектик журналист Папан Дʏйшɵнбаев «Эмне ʏчʏн Чыңгыз Айтматов Нобель сыйлыгын албай калган?» аттуу макаласында: «Альфред Нобель ɵзʏнʏн керээзинде сыйлыктын номинацияларын санап келип «… тɵртʏнчʏ- идеалисттик багыттагы ɵзгɵчɵ кɵрʏнʏктʏʏ адабий чыгарманы жаратканга берилʏʏсʏ керек» деп сыйлыкты ыйгарууда биринчи кезекте саясый-идеологиялык мотивди эске алуу керектигин ачык кɵрсɵткɵн. Демек, Нобель сыйлыгын алуу ʏчʏн улуу романдарды жана повесттерди жаратуу гана аздык кылат. Ал ʏчʏн автордун саясый, идеологиялык кɵз караштары Швециянын Королдук академиясынын мʏчɵлɵрʏ артыкчылык бере турган позицияларга ылайык келʏʏсʏ керек. Аны Россияда адабият боюнча Нобель сыйлыгын алгандардын тизмеси эле ырастап турат», — деп жазган.
Демек, бул журналисттин ойлоруна ишенсек, Айтматовго чыгармаларында батыштык идеология жок болгону ʏчʏн аталган сыйлык берилген эмес. А бирок, азырынча бул маалыматтардын чын-тɵгʏнʏн тактоо кыйынга турат.
Дооран Токтошев


Окшош макалалар
Кɵптɵгɵн талаш-тартыштардан кийин БШК 29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти
Ош шаарын мыйзамсыз курулуштардан тазалаган Жеңишбек Токторбаев
Ош шаарынын эң ири МАБы: Иштин жʏрʏшʏ жана негизги багыттар