2 февраля, 2026

Ош шаарынын эң ири МАБы: Иштин жʏрʏшʏ жана негизги багыттар

Ош шаарындагы МАБдар шаардын локомотиви десек жаңылышпасак керек. Анткени, калаанын социалдык-экономикалык маселелерин чечʏʏдɵ дал ушул мунципалдык аймактык башкармалыктар чечʏʏчʏ ролду аткарары шексиз. Дегенибиз, МАБдар жергиликтʏʏ эл менен тыгыз иштешип, алардын кɵйгɵйлɵрʏн билип, шаардык бийликке жеткирген негизги кʏч. Андыктан, бул жолу биз экинчи борбор калаанын борборунда жайгашып, кɵп улуттуу эл байыр алган Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Мухамбед Илиязов менен МАБдын аткарып жаткан иштери жана келечекте аткара турган жумуштары тууралуу маектештик.

—  Мухаммед мырза, МАБ дегенде эле жергиликтʏʏ эл менен тыгыз иштештип, маанилʏʏ маселелерди шаар бийлигине жеткирген, майда-чʏйдɵ иштерди ɵздɵрʏ бʏтʏргɵн муниципалдык мекемени тʏшʏнɵбʏз. Анан калса, кɵбʏ эле билбесе керек, Сулайман-Тоо МАБы кайсы аймактарды камтыйт?

— Биздин Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгыбыз шаардын борборунда жайгашып, тʏштʏк тараптан Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгы менен, батыш тараптан Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгы, тʏндʏк тараптан Керме-Тоо, Алымбек Датка муниципалдык аймактык башкармалыктары жана Тɵлɵйкɵн, чыгыш тараптан Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы жана Курманжан Датка муниципалдык аймактык башкармалыгы менен чектешкен, аянты боюнча эң чоң кɵлɵмдʏ ээлеген башкармалык.

— Ош шаарын Кара-Суу, Ɵзгɵн, Ноокат, Араван сыяктуу райондор курчап турат. Албетте, ички миграция себеп болуп, ушул жакынкы райондордон адамдар ар кандай себептер менен шаарга келишет. Ошондуктан, калктын курамы жана ɵзгɵчɵлʏктɵрʏ тууралуу айтып берсеңиз.

— Биздин башкармалыктын калкы азыркы эсеп боюнча 55 миң 786 адамды тʏзɵт. Албетте, ички жана сырткы миграциянын эсебинен бул сан ар дайым ɵзгɵрʏп турат. Биз шаардын борборунда жайгашканыбыз ʏчʏн ар тʏрдʏʏ улуттун ɵкʏлдɵрʏ биздин аймакта жашап, бири-бирине кол сунуп, ынтымакта иш алып барышып, аймактын ɵнʏгʏʏсʏнɵ салым кошуп жатышат. Бул ɵзгɵчɵлʏк биздин аймакты шаардын башка аймактарынан айырмалай турган негизги нерсе.

— Чʏ дегенде эле жогоруда силердин функционалдык милдетиңер тууралуу учкай кеп козгодук ойшойт. Деги эле МАБтын негизги милдеттери кайсылар жана кʏнʏмдʏк иштер кандай ɵтɵт?

— Биздин МАБдын негизги милдети — жергиликтʏʏ маанидеги маселелерди чечʏʏгɵ шарт тʏзʏʏ жана калкка кызмат кɵрсɵтʏʏнʏ уюштуруу. Биз алган ыйгарым укуктар боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Ош шаардык кеңешинин жана мэриянын чечимдерин аткарып, алардын калкка жеткирилишин камсыздайбыз.

Ошондой эле, кварталдык жана ʏй комитеттерин, аксакалдар сотун, ардагерлер кеңешин, турак жай ээлеринин шериктештиктерин жана башка коммерциялык эмес уюмдарды тʏзʏʏгɵ кɵмɵк кɵрсɵтɵбʏз. Жарандардын кайрылуулары боюнча иш алып барып, тургундардын коомдук ɵз алдынча башкаруу тутумдарын (ʏй башчысы, аймактык башчы ж.б.) колдойбуз.

Кʏнʏмдʏк жашоо турмушуна байланыштуу маселелерди чечʏʏдɵ жардам беребиз жана калкка коммуналдык кызматтарды жеткирʏʏ боюнча келишимдердин аткарылышын кɵзɵмɵлдɵйбʏз. Мындан тышкары, тиешелʏʏ мекеме-ишканалардын жооптуу адистери менен кызматташып, алардын ишмердʏʏлʏгʏнɵ баа берʏʏ боюнча сунуштарды киргизебиз.

Сулайман Тоо МАБы ошондой эле социалдык-экономикалык программаларды иштеп чыгууга жана жʏзɵгɵ ашырууга катышат, жергиликтʏʏ маанидеги маселелерди чечʏʏдɵ мамлекеттик бийлик органдары менен тыгыз кызматташып, кварталдык жана ʏй  комитеттери аркылуу калкка коммуналдык жана башка кызматтардын жеткирилишин камсыздайт.

— МАБдардын эффективдʏʏлʏгʏ калк менен тынымсыз байланышта болуп, айрым маселелерди жерине чечʏʏ ʏчʏн тиешелʏʏ иштерди жасоо болуп саналат. Негизи  эле жарандарга кандай кызматтар кɵрсɵтʏлɵт жана социалдык колдоо маселеси кандай жолго коюлган?

— Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалык негизинен беш багыт боюнча иш алып барат.

Биринчиси — чарбалык багыт. Бул аймактагы жашоочулар ʏчʏн таза суу тʏтʏктɵрʏ, саркынды суу арыктары, арык-лотоктор, дарактарды кыюу жана жалпы тазалык маселелерин камтыйт.

Экинчиси — юридикалык багыт. Биз калкка мʏлктʏ ɵткɵрʏʏдɵ, жарандардын ортосунда чыккан келишпестиктерди чечʏʏдɵ, ошондой эле акысыз юридикалык консультацияларды берʏʏдɵ жардам кɵрсɵтɵбʏз.

ʏчʏнчʏсʏ — экономикалык багыт. Бул аймактагы жолдорду оңдоо, ирригациялык системаларды орнотуу, саркынды суу тʏтʏктɵрʏн тартуу ʏчʏн ички инвестицияларды тартуу менен ишке ашырылат.

Тɵртʏнчʏсʏ — социалдык багыт. Биз аз камсыз болгон, ден соолугу чектелген жарандарга Ош шаарынын мэриясынан, коомдук уюмдардан жана демɵɵрчʏлɵрдɵн гуманитардык жардамдарды жеткирибиз.

Бешинчиси — жер маселелери. Бул багыт боюнча мыйзамсыз курулуштарды токтотуу, жер мунапысы жана жерлерди мыйзамдаштыруу боюнча кызматтарды кɵрсɵтɵбʏз.

Андан тышкары, жарандарды «Санарип Аймак» автоматташтырылган маалыматтык тутумуна каттап, турак жайларын камсыздандырууга кɵмɵктɵшʏп, жеке маселелери боюнча кабыл алабыз. Биздин максат — ар бир тургундун жашоо шартын жакшыртуу жана калкка жеткиликтʏʏ кызмат кɵрсɵтʏʏнʏ камсыз кылуу.

—  Шаардын дейбизби, ɵнʏккɵн жайдын дейбизби, айтор, цивилизациялашкан аймактын айыл-кыштактардан айырмасы анын инфраструктурасында болушу керек. Ошол сыңары шаарыбыз экинчи борбор болгондуктан, анын инфраструктурасы да ɵнʏгʏшʏ керек да. Бул жаатта кандай долбоорлор ишке ашууда?

— Шаарыбызда инфраструктураны ɵнʏктʏрʏʏ иштеринин алкагында, башкармалыгыбыздын аймагында эбегейсиз чон иштер аткарылып жатат. 20дан ашуун чоң жана ички кɵчɵлɵрʏбʏз оңдолуп, лоток коюлуп, жɵɵ адамдар ɵтʏʏчʏ жолдор салынып,  социалдык мекемелер (мектеп, бала-бакча) шаарыбыздын кɵркʏн ачуу максатында оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵрʏлʏʏдɵ. Бир эле мисал, Р.Абдыкадыров кɵчɵсʏндɵгʏ кɵпʏрɵнʏн эки жагынан жогору чыгуучу тепкичтер жараксыз абалга келип калгандыгына байланыштуу, быйылкы жылы мэрибиз Ж.Ш. Токторбаевдин демилгеси менен тепкичтер толук тʏрдɵ оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵрʏлʏп, жаан-чачын, кыш мезгилдеринде жашоочуларга ыңгайсыздык жаратпашы ʏчʏн ʏстʏ чатырланып,  жаңы, заманбап болуп оңдолду.

— Жолдордун, тротуарлардын жана ирригация системаларынын абалы тууралуу айтсаңыз. Эмне иштер аткарылды, эмнелери аткарылбай калды, алдыда кайсылар ишке ашышы керек?

— Менимче, 2025-жыл Ош шаары ʏчʏн аябай ийгиликтʏʏ болду. Ɵзгɵчɵ биздин башкармалыктын аймагында кɵптɵгɵн иштер аткарылды. Жергиликтʏʏ бюджеттин эсебинен бир топ кɵчɵлɵр асфальтталып, тротуарлар курулду, лотоктор орнотулду.

Айта кетсек, Курманжан Датка, А.Мамыров, Э.Алиев, Молдо-Нияз, Р.Моминова, С.Супаналиев, Н.Бахрамов, Амир-Темир, Достук кичи району, 10-кɵчɵ (тɵрɵт ʏйʏнʏн кɵчɵсʏ), М.Горький, М.Лермонтов, С.Маатов, А.Сʏйʏмбаев, У.Карабаев, А.Жунусов, А.Грибоедов, А.Навои, М.А.Джиннах, М.Алымбеков жана Асранкулов, Нурматов кɵчɵлɵрʏнɵ жалпы узундугу болжол менен 19 чакырым 110 метр асфальт тɵшɵлдʏ.

Ошондой эле, жɵɵ жʏргʏнчʏлɵр ʏчʏн тротуарлар курулуп, 8 чакырым 420 метрге жакын аралыкка лотоктор орнотулду. Бул иш-чаралар калк ʏчʏн ыңгайлуулукту камсыз кылып, биздин аймакты шаар ичинде жагымдуу жана заманбап аймакка айлантты.

— Аймакты кɵрктɵндʏрʏʏ жана жашылдандыруу боюнча кандай иштер жʏрʏп жатат?

— Аймакты кɵрктɵндʏрʏʏ жана жашылдандыруу боюнча бʏгʏнкʏ кʏндɵ кɵп иштер аткарылып жатканын байкасак болот, анткени, шаарыбызда экологиялык абалды жакшыртуу максатында Ош шаарынын мэри  Ж.Ш. Токторбаевдин тапшырмасы менен шаар ичиндеги эскилиги жеткен, куурап калган бак-дарактардын ордуна жаңы кɵчɵттɵр отургузулуп, ички жана сырткы кɵчɵлɵрдɵгʏ менчигинин тʏрʏнɵ карабай мекеме-ишканалардын алдыларын кɵрктɵндʏрʏʏ иштери алынып барылууда.

Г.Давыдов кɵчɵсʏндɵ 170 метр узундукта эс алуу багы, А.Навои паркынын жанында жаны заманбап эс алуучу жайы, А.Мамыров кɵчɵсʏндɵ “Шаркыратма” эс алуу жайы жана Алымбек-Датка кɵчɵсʏ менен Нурматов кɵчɵсʏнʏн кесилишинде эс алуу жайы (Бардымдын ордуна) ачылып жана ошондой эле, Г.Айтиев кɵчɵсʏ менен Курманжан Датка кɵчɵлɵрʏнʏн кесилишинде жаңы заманбап “Сайран” эс алуучу багы ачылып, шаар тургундарына кубаныч тартуулады.

— Аймактын ɵнʏгʏʏ боюнча элден кандай суроо-талаптар тʏшʏʏдɵ? Коомдук угуулар ɵткɵрʏлɵбʏ?

— Жашоочулар шаарыбызда болуп жаткан иш-чараларга, коомдук угууларга, семинар-форумдарга аябай активдʏʏ катышып келишет. Акыркы убактарда болуп жаткан иштерге, ачылыштарга жарандар ɵздɵрʏнʏн салымын кошушуп, ɵз ыктыярлары менен лоток коюу, асфальт тɵшɵɵ, кɵчɵттɵрдʏ отургузуу иштерине катышышып, активдʏʏлʏгʏн кɵрсɵтʏп жатышат.

— Кадр, техника маселесине токтолсок…

— Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгында жалпысынан 29 кызматкер эмгектенет. Алардын ичинен 9 муниципалдык кызматкер, 3 кенже тейлɵɵчʏ, 1 техникалык тейлɵɵчʏ, 16 кварталдык комитеттердин тɵрага, тɵрайымдары эмгектенип келет. 9 муниципалдык кызматкерлер кадр, чарбалык, юридикалык, экономикалык, социалдык, жер маселелери жана иш кагаздары багытында иш жʏргʏзʏшɵт. Учурда эмгек жамааты ынтымакта, биримдикте алгылыктуу иштерди алып барууда.

Ал эми техника жагына токтолсок, буга чейин МАБдарда атайын техника эмес, жеке велосипеди дагы болгон эмес (кʏлʏп). Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаевдин демилгеси менен ʏстʏбʏздɵгʏ жылдын апрель айында ар бир муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктарга «Лабо»  ʏлгʏсʏндɵгʏ жана «CHANGAN» ʏлгʏсʏндɵгʏ кызматтык автоунаалар   берилди.

Бул биз ʏчʏн ɵтɵ маанилʏʏ колдоо, эбегейсиз шыктандыруу. Мындай мотивация менен бир гана иштɵɵ керек!

— Акырында, аймакты ɵнʏктʏрʏʏ боюнча келечек пландар тууралуу айтсаңыз.

— Келечекте Ош шаары ɵнʏккɵн шаарлардын катарын толуктайт деп ишенем. Ош шаарына келген туристтер, коноктор, жашоочулар, жетекчилер — баары Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгын аймагы аркылуу ɵтʏшɵт. Ошондуктан, буюрса шаарыбызды ɵнʏктʏрʏʏ, кɵрктɵндʏрʏʏ боюнча ар тʏрдʏʏ иш алып барабыз.

Кошумчалай кетсем, аймагыбыздын ɵнʏгʏʏсʏнɵ биз эле эмес, жалпы шаардын жашоочулары ɵз колдоолорун кɵрсɵтʏшʏп, шаарыбыздын кɵркʏнɵ кɵрк кошуу максатында, ɵздɵрʏнʏн жашаган ʏйлɵрʏн калтырып, башка жакка кɵчʏп кетʏʏгɵ макул болуп жаткан жашоочуларыбызга терең ыраазычылык билдиришибиз керек деп эсептейм.

Гульнура Ормонова

About The Author