Акыркы 10 айда Ош шаарында кɵптɵгɵн иштер аткарылды. Айрыкча, Жеңишбек Токторбаев мэр болуп келгенден бери шаар социалдык-экономикалык жактан ɵнʏгʏп, мыйзамсыз объектилер бузулуп, жеке тараптарга мыйзамсыз ɵтʏп кеткен жерлер, объектилер муниципалдык менчикке кайтарылды. Анын ичинде Ак-Буура дарыясынын корук аймагында курулган имараттар да бар. Бул жайлар буга чейин эч бир мэрдин тушунда алынбай, Жеңишбек Шермаматовичтин тушунда алынганы анын иштɵɵгɵ болгон эрки бекемдигинен кабар берет.
Бул макалада Ак-Буура дарыясынын корук аймагындагы «ʏлкɵн адамдардын» объектилеринин тагдыры жана Жеңишбек Тоткорбаевдин дымагы боюнча сɵз болот.

Мурдагы чиновниктердин объектилери бузулду
Жеңишбек Тоткорбаев мэр болуп дайындалгандан кийин эле шаар аралап рейд кылып, мыйзамсыз курулуштарды бузуу тапшырмаларын берип келет. Айрыкча, калаа башчы шаарды аралап ɵткɵн каналдардын корук аймагын, Ак-Буура дарыясынын корук аймагын мыйзамсыз объекттерден тазалоо тапшырмасын берген эле. Андан кандай натыйжа чыкканы баарына эле маалым болсо керек. Жыйынтыгында бир катар каналдардын, анын ичнде Ак-Буура дарыясынын корук аймактары тазаланды же болбос дагы да мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери жʏрʏп жатат.
Алсак, ушул жылдын август айынын башында Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен калаанын Тʏштʏк-Чыгыш кичи шаарчасында – Ак-Буура дарыясынын корук аймагына курулган мыйзамсыз курулуштарды бузуу тапшырмасын берген эле.
Ошол учурда Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгине мыйзамсыз курулган объектилер бузулуп жатканын 4-августта шаар мэриясынын басма сɵз кызматы билдирген болчу.
Маалыматка караганда, Тʏштʏк-Чыгыш шаарчасындагы Н.Исанов кɵчɵсʏ менен чектешкен дарыянын корук аймагында тазалоо иштери башталган. Мэриянын басма сɵз кытчысы Жумамидин Сулайманкуловдун айтымында, аймактагы «Эрдент» тиш дарылоочу клиникасы, «Байсан» рестораны жана анын жанындагы кафе мыйзамсыз деп табылып, буздурула баштаган. Алар Жогорку Кеңештин мурдагы тɵрагаларына, депутаттарына жана Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчисине тиешелʏʏ экени айтылган эле.
«Ак-Буура дарыясынын корук зонасы мыйзам боюнча 50 метрди тʏзɵт. Бирок бул эрежени сактабастан, жылдар ичинде бир топ курулуштар тургузулган. «Эрдент» клиникасына бир нече жолу эскертʏʏ берилгенине карабастан, ээсинин чара кɵрбɵгɵнʏ ʏчʏн муниципалдык кызмат имаратты бузууга киришти. Ал эми «Байсан» рестораны дарыя жээгин гана эмес, «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын аймагын да тосуп алган», — деген анда Сулайманкулов.
Анын маалыматына караганда, «Эрдент» клиникасы салык кызматында кɵп жыл иштеген Эрмек Чоюновго, «Байсан» рестораны болсо Жогорку Кеңештин мурдагы тɵрагасы Ахматбек Келдибековго таандык.
Ошондой эле дарыя боюндагы башка мыйзамсыз объектилер да мыйзам талаасынан чыгып калган. Алардын арасында Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Бактыбек Аманбаев менен анын бир тууганы, экс-депутат Урмат Аманбаевага тиешелʏʏ имараттар, ошондой эле Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Асылбек Жээнбековго караштуу автомектеп бар экени маалымдалган. Бул объектилерге да эскертʏʏ берилип, ээлеринин макулдугу менен бузуу иштери уланган.

Азыркы талап боюнча:
— Моюн, Жаңы-Арык, Жɵɵ-Бас каналдарынын корук зонасы — 6 метр;
— Кайырма каналынын корук тилкеси — 20 метр;
— Ак-Буура дарыясынын корук аймагы — 50 метрди тʏзɵт.
Учурда эмне белгилʏʏ?
Шаар башчысы Жеңишбек Тоткорбаев шаар шаардай болушу керектигин, шаардыктар ʏчʏн ыңгайлуу шарттар тʏзʏлʏп, эс алуу жайлары кɵп куруларын айтып келет. Анын ичинде жогоруда биз кеп кылган жайга да эс алуу багы курулары айтылган болчу.
Мелис Мырзакматов ээлеп алган 43 гектар жердин тагдыры
Буга чейин эле коомчулукта Мелис Мырзакматов мэр болуп турган учурда шаарга тиешелʏʏ 43 гектар жерди ээлеп алганы айтылып келген. Бул боюнча Жеңишбек Тоткорбаев да тиешелʏʏ тапшырмаларды берип, 43 гектар экс-мэрдин туугандарына катталганын, аны алуу жараяны жʏрʏп жатканын 10-сентябрда Ош шаардык кеңешинин сессиясында депутат Бекболот Арзибаевдин суроосуна жооп берип жатып айткан эле.
Анда Арзибаев Мырзакматов менчиктеп алган жерлердин тагдыры боюнча сурап, аталган маселе эмне менен бʏткɵнʏнɵ кызыккан эле.
Токторбаев ɵз сɵзʏндɵ Тʏштʏк-Чыгыш шаарчасындагы жаңы курулуп, президенттин катышуусунда пайланууга берилген парк тууралуу айтып, Мырзакматовдун жерлери боюнча буларга токтолгон эле.
«Мелис Мырзакматовдун 43 гектар жери бар экен. Сиз сурап жаткан жердин аянты 2 гектарды тʏзɵт. Ал боюнча сот жʏрʏп жатат. Бир тууганына катталган 36 гектар жери бар экен, аны да алганы жатабыз. Андан сырткары, кайненесине каттаган 4 гектар 8 сотых жери бар экен эле, ал боюнча да сот жʏрʏп жатат. Жалпы Мырзакматовго тиешелʏʏ 43 гектар жер бар экен», — деген анда Токторбаев.
Азыркы учурда ал иштин тагдыры эмне менен аяктаганы белгисиз.

Мамлекеттин менчигинен муниципалдык менчикке ɵткɵн жерлер
Ушул жылдын 25-ноябрь кʏнʏ Ош шаардык кеңешинин «Мамлекеттик менчиктеги айрым мʏлктɵрдʏ Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берʏʏ жɵнʏндɵ» токтому чыкты.
Токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтʏʏ мамлекеттик администрация жана жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдары жɵнʏндɵ” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мʏлккɵ муниципалдык менчик жɵнʏндɵ” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, шаар аймагындагы айрым мамлекеттик менчиктеги мʏлктɵрдʏ Ош шаарынын муниципалдык менчигине ɵткɵрʏп алуу жɵнʏндɵ Ош шаарынын мэриясынын сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана ɵзгɵчɵ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 18-ноябрындагы №55 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши тɵмɵнкʏ мʏлктɵрдʏ муниципалдык менчикке алууга уруксат берди:
— Ош шаарынын Атабаев кɵчɵсʏнʏн №2 дарегинде жайгашкан мамлекеттик менчиктеги мʏлктʏ;
— Ош шаарынын Алымбек Датка кɵчɵсʏнʏн №298 дарегиндеги Кыргызстан калк Ассамблеясынын Оштогу бɵлʏмʏ жайгашкан мамлекеттик менчиктеги мʏлктʏ;
— Ош шаарынын А.Каримов кɵчɵсʏнʏн №31А дарегинде жайгашкан мамлекеттик менчиктеги мʏлктʏ;
— Ош шаарынын Алымбек Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын Туран, №63 дарегиндеги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын “Альфа” атайын кызматынын базасы жайгашкан мамлекеттик менчиктеги мʏлктʏ.
Албетте, жогоруда кɵрсɵтʏлгɵн мʏлкттɵр шаардык мэрия менен шаардык кеңештин биргеликте жасап жаткан ишинин жыйынтыгы. Бирок, ошол кезде эле Жеңишбек Токторбаевдин кайраты, эрки болбосо “шаарды каптап кеткен кенелерди” тазалап, элге шарт тʏзʏʏ алда канча кыйын болмок жана мындай иштер 10 жылдап созулмак. Андыктан, калаабыздын социалдык-экономикалык даремети мындан да артып, мегаполис шаарлардай ɵнʏгɵ берсин дейли.
Дооран Токтошев


Окшош макалалар
Кɵптɵгɵн талаш-тартыштардан кийин БШК 29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти
Ош шаарынын эң ири МАБы: Иштин жʏрʏшʏ жана негизги багыттар
Селсаяктарга тʏнɵк берген “Башпаанек” ʏйʏ кандай иш алып барат?