16 декабря, 2025

Кɵптɵгɵн талаш-тартыштардан кийин БШК 29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти

Кыргызстанда 30-ноябрь кʏнʏ Жогорку Кеңештин депутаттыгынын мɵɵнɵтʏнɵн мурда шайлоосу болуп, ɵлкɵ боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси, аралыктан добуш берʏʏ ʏчʏн 27 тилке иштеди. Ал эми чет ɵлкɵлɵрдɵ — 34 мамлекеттин 89 шаарында 100 шайлоо тилкеси ачылып, иштеди.

Натыйжада ɵлкɵ боюнча 1 миллион 583 миңден ашуун киши добуш берди. Бул кɵрсɵткʏч жалпы шайлоочулардын 36,87 пайызын тʏздʏ. Ошондой эле чет ɵлкɵлɵрдɵ ачылган шайлоо тилкелеринде 26 миң 66 адам добуш берген.

БШК бʏгʏн кʏнгɵ чейин талапкерлер тарабынан жазылган арыз-даттанууларды карап, 30 округдун 29ундагы шайлоонун жыйынтыктарын бекитти. Алардын ичинен бир гана округ — №13 округдагы шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылды. Ага негиз катары Боршайком аталган округдун айрым участкаларында талапкерлер тарабынан мыйзам бузуулар орун алып, камералар орнотулганын кабарлады. Азырынча бул округ боюнча кайрадан боло турган шайлоонун мɵɵнɵтʏ белгилʏʏ боло элек.

Жыйынтыгында парламентке 87 талапкер депутат болуп шайланды деп табылды. Эске салсак, бул депутаттык курам Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты болуп иштешет.

29 округ боюнча алдыңкы ʏч орунду жеңип алган талапкерлердин тизмеси:

— №1 округ — Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич — 10 476 добуш (18,18%); Жороев Исманали Эгембердиевич — 8 715 добуш (15,12%); Талиева Камила Абдыразаковна — 5 377 добуш (9,33%);

— №2 округ — Атажанов Ырысбек Ысламович – 13 794 добуш (23,59%); Калпаев Бактыяр Алиевич – 6 981 добуш (11,94%); Аманова Бурун Кушбековна – 5 078 добуш (8,69%);

— №3 округ — Рысбаев Равшанбек Рысбаевич – 10 440 добуш (19,27%); Аматов Жаныбек Женишбекович – 5 850 добуш (10,80%); Мавлянова Махабат Эргешовна – 3 953 добуш (7,30%);

— №4 округ — Рустамбек уулу Советбек – 11 899 добуш (20,35%); Жаанбаев Уланбек Коргонбаевич – 9 996 добуш (17,09%); Алимжанова Нилуфар Якубжановна – 4 264 добуш (7,29%);

 — №5 округ — Сулайманов Эльдар Нурланович – 18 789 добуш (36,66%); Исираилов Азамат Алмазбекович – 9 248 добуш (18,04%); Ахмедова Айгʏл Абдилхаевна – 5 225 добуш (10,19%);

— №6 округ — Кудайбердиев Алтынбек Мусажанович – 13 826 добуш (26,78%); Эргешов Бекмурза Аскарбаевич – 9 022 добуш (17,48%); Аманова Санталат Абдылдаевна – 3 478 добуш (6,74%);

— №7 округ — Козуев Алишер Абибиллаевич – 20 672 добуш (41,45%); Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович – 7 711 добуш (15,46%); Машрапова Гʏлай Эгемназаровна – 3 478 добуш (6,97%);

— №8 округ — Жанарбек Акаев — 13 856 добуш; Улан Примов — 11 009 добуш; Нуржамал Торобекова — 3 145 добуш;

— №9 округ — Азамжан Жалилов – 5 461 добуш; Данияр Толонов – 5 088 добуш; Жылдыз Эгенбердиева – 1 127 добуш;

— №10 округ — Зулушев Курманкул Токторалыевич – 14 688 добуш (23,50%); Омурзаков Сʏйʏнбек Абдылдаевич – 7 637 добуш (12,49%); Баатырова Гʏлнара Маришовна – 3 506 добуш (5,61%);

— №11 округ — Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич – 24 302 добуш (55,84%); Кылычбаев Алтынбек Таирович – 7 447 добуш (17,11%); Салямова Венера Хамзаевна – 4 839 добуш (11,12%);

— №12 округ — Чолпонбай уулу Бекмырза – 16 335 добуш (27,44%); Масабиров Талайбек Айтмаматович – 9 945 добуш (16,71%); Курманалиева Жылдыз Кочкоралиевна – 2 517 добуш (4,23%);

— №14 округ — Борбиев Болотбек Ибраимович – 13 445 добуш (24,92%); Сулайманов Кундузбек Кошалиевич – 12 064 добуш (22,36%); Култаева Гʏлшаркан Оконовна – 6 415 добуш (11,89%);

— №15 округ — Тургунбек уулу Нурланбек – 17 125 добуш (25,38%); Турсунбаев Азизбек Атакозуевич – 10 713 добуш (15,87%); Абдибаева Айсаракан Нышановна – 3 988 добуш (5,91%);

— №16 округ — Жумабеков Дастанбек Артисбекович – 12 928 добуш (22,97%); Чотонов Медер Осконбекович – 10 164 добуш (18,06%); Кайрылбекова Медина Кайрылбековна – 8 951 добуш (15,90%);

— №17 округ — Азыгалиев Нурланбек Асанбекович – 12 020 добуш (24,71%); Узакбаев Улукбек Камчибекович – 10 766 добуш (22,13%); Эсенаманова Чолпон Замирбековна – 4 714 добуш (9,69%);

— №18 округ  — Ханджеза Карим Лемзарович – 7 893 добуш (16,33%); Чомоев Бакыт Муратбекович – 6 906 добуш (14,28%); Сатиева Гʏлжан Эркинбековна – 5 142 добуш (10,64%);

— №19 округ — Алиев Медербек Кубанычевич – 5 532 добуш (13,09%); Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевич – 5 316 добуш (12,58%); Тайгараева Эдита Каныбековна – 1 397 добуш (3,31%);

— №20 округ — Айтиев Темирлан Тынычбекович – 9 021 добуш (29,04%); Атамбаев Сеидбек Алмазбекович – 3 825 добуш (12,31%); Ашымбаева Токтобʏбʏ Абасовна – 1 249 добуш (4,02%);

— №21 округ — Куванычбек Конгантиев – 13 379 добуш; Жаныбек Абиров – 8 914 добуш; Жылдыз Садырбаева – 2 079 добуш;

— №22 округ — Бекешев Дастан Далабаевич – 17 378 добуш (43,08%); Ибрагимов Болот Адылбекович – 8 128 добуш (20,15%); Кожокулова Гʏлʏя Ахматкуловна – 1 214 добуш (3,01%);

— №23 округ — Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна – 11 278 добуш (27,66%); Маматалиев Марлен Абдырахманович – 6 932 добуш (17,00%); Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич – 6 448 добуш (15,81%);

— №24 округ — Салымбеков Жумабек Мамытбаевич – 7 481 добуш (22,16%); Карыбек уулу Улукбек – 6 038 добуш (17,89%); Акимбаева Гʏлнара Орозбековна – 3 505 добуш (10,38%);

— №25 округ — Шабазов Бахридин Валиевич – 10 062 добуш (22,01%); Тентишев Бакыт Эркинович – 7 108 добуш (15,55%); Сейтказиева Эркеайым Алымовна – 3 225 добуш (7,05%);

— №26 округ — Медербек Саккараев – 11 078 добуш; Эркинбек Исеналиев  – 11 265 добуш; Джамиля Исаева – 6034 добуш;

— №27 округ — Тʏмɵнбаев Акылбек Тогузбаевич – 13 445 добуш (22,13%); Муратбеков Табылды Муратбекович – 5 992 добуш (9,86%); Молдобекова Гулкан Сакиновна – 5 156 добуш (8,48%);

— №28 округ — Кокулов Эрулан Калчороевич – 11 619 добуш (20,35%); Сагынаев Болот Турусбекович – 9 254 добуш (16,21%); Жунушбаева Рахат Мырзабековна – 6 724 добуш (11,78%);

— №29 округ — Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович – 13 067 добуш (23,45%); Белеков Адилет Чолпонбекович – 9 535 добуш (17,11%); Жунушалиева Гʏлсʏнкан Ишенгазиевна – 6 688 добуш (12%);

— №30 округ — Самаков Кубанычбек Карганбекович – 13 333 добуш (21,62%); Бакасов Улан Болотбекович – 11 411 добуш (18,5%); Таалайбек кызы Жылдыз – 7 243 добуш (11,75%).

 Дооран Токтошев

About The Author