Бʏгʏнкʏ каарманыбыз — Ноокат районунун кулуну, жеке ишкер Шабданбек Амиралиев. Ал балалыгы ɵткɵн Кара-Кой жайлоосун заманбап эс алуу борборуна айландыруу менен бирге, кыргыз туризминин жаңы жʏзʏн тʏзʏʏгɵ бел байлаган инсан. 18 жыл тʏтʏн булатып, беш баланы тарбиялап жаткан ата, табиятыбызды кɵздʏн карегиндей сактоону кɵздɵгɵн мекенчил ишкер менен анын максаттары тууралуу кенен баарлаштык.

Yй-бʏлɵ — жашоо тиреги
Шабданбек Камалидинович Амиралиев учурда 38 жашта. Ноокат районунун тургуну. Шабданбек мырза ʏчʏн ʏй-бʏлɵ ыйык. Жубайы менен баш кошуп, бирге тʏтʏн булатканына 18 жылдын жʏзʏ болду. Алардын 3 кызы, 2 уулу бар. Тун уулу 15 жашта, кызы 14тɵ, калгандары али кичинекей.
«Апам бар, Кудайга шʏгʏр. Ал эми атам 2015-жылы каза болуп калган. Анын орду биз ʏчʏн дайыма билинип турат», — дейт ал ʏй-бʏлɵсʏ тууралуу токтолуп.
Кара-Кой – балалыктын элеси калган жайлоо
Кара-Кой жайлоосу Шабданбек Амиралиев ʏчʏн ɵзгɵчɵ жер. Бул анын эң таттуу балалыгы ɵткɵн жайы.
«Бул жерге эс алуу жайын салам деп пландап жʏргɵнʏмдɵ, бирɵɵ ‘ушул жер бош турат, иштетпейсиңби’ деп сунуш кылды. Кɵрсɵ, бул жер менин балалыгым ɵткɵн жер экен. Кичинекейимде 3 айлык каникулум ушул жерде ɵтчʏ. Агам экɵɵбʏз шаарда окуп жайкы каникулда раматылык таятам менен таенемдин колуна келет элек. 50 чакырым жерден кой айдачубуз. Кара-Койдун коён жатагына чейин билем. Кудай буюруп, ошол жер мага насип болуп калыптыр».


Мамлекеттин колдоосу жана жол маселеси
Ишкердин айтымында, акыркы убакта ɵлкɵдɵ туризмге болгон кɵз караш ɵзгɵрдʏ. Президент, Ɵкмɵт жана генералыбыз баш болуп бул тармакты колдоого алышууда.
«Мурда депутат агаларыбызга жол маселеси боюнча кɵп кайрылган элек. Быйыл ʏнʏбʏз Кудайга жетип, Кара-Койдун жолу оңдолду. Жол — бул туризмдин кан тамыры. Азыр эми канализация системасын куруу аракетиндебиз. Себеби, тазалык жана экология биз ʏчʏн биринчи орунда».
Саудия чɵлгɵ имарат салса да, тоо кура албайт
Шабданбек мырза туризмдин потенциалын башка ɵлкɵлɵр менен салыштырып, Кыргызстандын жаратылышын ɵзгɵчɵ баалайт:
«Саудияда канчалык акча кɵп болбосун, чɵлгɵ имарат эле салбасаң, кол менен мындай жаратылышты кура албайсың. Тоо отургуза албайсың. Акча менен жаратылыш салуу мʏмкʏн болгондо, алар буга чейин эле кылып алышмак. Бизге Жараткан ушундай сонун тоолорду берип койгон. Бул — биздин эң чоң байлыгыбыз. Тоо-кен деле бир кʏнʏ тʏгɵнɵт, а туризм — тʏбɵлʏктʏʏ кен. Бул байлыкты зыян келтирбей иштетип, кийинки муунга ɵткɵрʏп беришибиз керек».


Коңшу Ɵзбекстандан келген суроо-талап
Кара-Койдун атагы азыртан эле коңшу Ɵзбекстанга жетип, туристтер агылып келе баштады.
«Фергана ɵрɵɵнʏндɵ 20 миллион калк бар. Алардын таза абага чыгып эс ала турган жерлери жокко эсе. Биздин тоолорго оомат келди деп ойлойм. Бирок келген коноктор “силерге акча таштап кетели десек, домик менен тамактан башка кошумча кызмат жок” деп айтышат. Ошондуктан бизге мамлекеттик деңгээлде колдоо болуп, тоо лыжа база ачсак деген тилегибиз бар».
Тейлɵɵ маданияты жана келечек пландар
Ишкер азыркы абалга толук канааттанбайт. Ал эл аралык стандарттарга умтулуу керектигин жакшы билет.
«Биз азырынча 10-15 ʏй бʏтʏрдʏк. Бирок менин жеке оюмда, ал жер дагы деле стандартка жооп бере элек. Биз туура тейлɵɵнʏ, сʏйлɵшʏʏнʏ, конокту аэропорттон же чек арадан тосуп алууну чет ɵлкɵнʏн деңгээлинде ʏйрɵнʏшʏбʏз керек. Азыр кафе куруп жатабыз, аны кышы-жайы иштɵɵ ʏчʏн жылуулук системасы менен жабдыдык. Кичи-маркет ачуу да планда бар».
Эс алуу борборунун башкы ɵзгɵчɵлʏгʏ — бул жерде спирт ичимдиктерин колдонууга катуу тыюу салынган. Бул ʏй-бʏлɵлʏк эс алууну каалагандар ʏчʏн коопсуз жана тынч атмосфераны кепилдейт.


Жайгашуу шарттары жана баалар: Учурда эс алуу жайында бардык шарттары менен заманбап коттедждер иштейт:
Стандарттык ʏйчɵлɵр (6 адамга чейин) — суткасына 11 000 сом;
VIP коттедждер (6 адамга чейин) — суткасына 17 000 сом.
Ар бир ʏйдɵ ысык-муздак суу, жуунуучу бɵлмɵ, ашкана бар. Коноктор азык-тʏлʏгʏн ɵздɵрʏ алып келип, сырттагы казандарда каалаган тамагын бышырып жесе болот. Ошондой эле, ар кандай форматтагы иш-чаралар ʏчʏн боз ʏйлɵр кызмат кылат:
кичи жолугушуулар ʏчʏн (5 адамга чейин);
достор менен эс алууга (15–20 адамга);
чоң салтанаттар, куда тосуу, корпоративдер ʏчʏн (50 адамга чейин).
“Ат минʏʏ кызматы бар. Келечекте ар бир ʏйгɵ чакан кинотеатр, бильярд орнотуу — негизги максаттардын бири”,-деди ал.
Социалдык жоопкерчилик жана эмгек
Шабданбек мырза ɵзʏ бул долбоор ʏчʏн жанын берип эмгектенʏʏдɵ. ʏйлɵрдʏ курууда ɵзʏ баш болуп, 3 ай катар иштеген.
«Бизде кыргызда бирɵɵнʏн акчасын эсептегенди жакшы кɵрɵбʏз го. Бирок бул жерге аябай кɵп акча сарптадым. Кемчилик тʏгɵнбɵйт. Жергиликтʏʏ тургундарды жумуш менен камсыз кылып жатабыз. Алардын тейлɵɵ сапатын кɵтɵрʏʏ ʏчʏн жумасына бир жолу окууларды уюштурууну пландап жатам».
Yй-бʏлɵлʏк эс алуунун очогу
Кара-Кой» — бул ʏй-бʏлɵлʏк баалуулуктарды бекемдей турган жер.
«Шаардын ызы-чуусунан качып, бʏт фокусту ʏй-бʏлɵгɵ буруп, кенен баарлашууга бул жер абдан ыңгайлуу. Биз сɵзсʏз улуттук даамдарга: аш, кымыз, май токочко басым жасайбыз. Ошону менен бирге Европа ашканасын да алып келебиз. Сезондук жана жумалык тарифтерди киргизебиз: иш кʏндɵрʏ арзаныраак, дем алыш кʏндɵрʏ кымбатыраак»,-деди ал.
Деңиз деңгээлинен 2650 метр бийиктиктеги таза аба, жайында жапжашыл кооздук, кышында аппак кар жана жымжырттык. Бул кереметти Шабданбек Амиралиев дʏйнɵлʏк деңгээлге чыгарууну кɵздɵйт.
Айнура Валижанова


Окшош макалалар
Ош мамлекеттик университети кызмат орун
Жаңы базардын инфратʏзʏмʏ боюнча сɵз болуп, шаарды эки административдик аймакка бɵлʏʏ сунушталды
Кыргызстанда таштандыларды кайра иштетʏʏ – бʏгʏнкʏ абал жана келечек