31 декабря, 2025

Дарыгерлер менен мугалимдердин маянасы 100%  жогорулайт

Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда IV Элдик Курултай ɵттʏ.

Курултайга ɵлкɵнʏн бардык аймактарынан 700гɵ жакын делегат чогулду. Иш-чарага чет ɵлкɵлɵрдɵ жашаган мекендештердин жана диний конфессиялардын ɵкʏлдɵрʏ да чакырылган.

Иш-чара акыркы жылдардагы ɵлкɵнʏн социалдык-экономикалык ɵнʏгʏʏсʏнʏн негизги кɵрсɵткʏчтɵрʏ тууралуу тасма кɵрсɵтʏʏ менен башталды.

Андан соң Мамлекет башчысы бир катар программалык билдирʏʏлɵрдʏ жасап, коомдук мааниге ээ болгон негизги маселелерге жана ɵнʏгʏʏнʏн артыкчылыктуу багыттарына токтолду.

Мугалим жана дарыгерлердин кадыр-баркын кɵтɵрʏʏгɵ, жарандарды социалдык жактан коргоого, билим берʏʏ, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга, ошондой эле аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жоюу маселелерине ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурулду. Президент мындай кɵрʏнʏштɵрдʏн жол берилгис экенин жана коомдук баалуулуктарды жана маданиятты ɵзгɵртʏʏ зарылдыгын баса белгилеп, мугалимдер менен дарыгерлердин маяналары 100 пайызга жогоруларын айтты.

Садыр Жапаров ошондой эле аймактык ɵнʏктʏрʏʏ, ишкердикти колдоо, турак жай программаларын ишке ашыруу жана инвестиция тартуу артыкчылыктарын белгилеп, экономиканын туруктуу ɵсʏшʏнɵ, ИДПнын жогорулашына жана ɵлкɵнʏн финансылык базасынын чыңдалышына токтолду.

Андан соң ɵлкɵ боюнча бир катар ɵнɵр жай жана социалдык объектилер онлайн режиминде ачылды. Бир эле учурда ондогон ишканалар жана социалдык инфраструктура объекттери — логистикалык жана ɵндʏрʏштʏк кубаттуулуктар, ошондой эле бала бакчалар, мектептер, медициналык жана спорттук мекемелер ишке киргизилди. Мындан тышкары, Баткен облусунда Зардалы алыскы калктуу конушунун транспорттук жеткиликтʏʏлʏгʏн камсыз кылган унаа жолунун курулушу аяктады, бул аймактык инфраструктураны ɵнʏктʏрʏʏгɵ маанилʏʏ салым болуп калды.

Курултайдын жʏрʏшʏндɵ катышуучулар аймактарды туруктуу ɵнʏктʏрʏʏгɵ жана калктын бакубаттуулук деңгээлин жогорулатууга багытталган маселелерди кɵтɵрʏштʏ.

Делегаттар унаа жолдорун оңдоо жана куруу, суу менен камсыздоо объекттерин жана социалдык мекемелерди жаңылоо, ошондой эле аймактарда жеткиликтʏʏ турак жай куруу зарылдыгына ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурушту. Ошондой эле жайыт жерлерине байланышкан кɵйгɵйлɵрдʏ чечʏʏ жана мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекеттик менчикке кайтаруу боюнча сунуштар айтылды.

Мындан тышкары, Курултайдын катышуучулары дары-дармектердин кымбаттыгы, кичи ГЭСтерди ɵнʏктʏрʏʏ, туризм тармагын стимулдаштыруу, ʏй-бʏлɵлʏк баалуулуктарды бекемдɵɵ жана ɵсʏп келе жаткан муунду тарбиялоо маселелерин козгоп, мамлекеттик органдардын калк менен тыгыз байланышынын маанилʏʏлʏгʏн белгилешти.

Садыр Жапаров жергиликтʏʏ бийликти бюджеттик каражаттарды жоопкерчилик менен пайдаланууга чакырды

Президент IV Элдик Курултайда сʏйлɵп жатып, жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин бɵлʏнгɵн каражаттардын келечеги тууралуу ойлонууга жана ɵнʏгʏʏгɵ багытталган ар бир сомдон реалдуу жыйынтык чыгарууга чакырды.

Мамлекет башчысы ар бир аймак жыйынтык кɵрсɵтʏʏгɵ, ɵз алдынча кʏчтɵнʏʏгɵ жана акырындап дотациядан чыгууга тийиш экенин баса белгиледи.

“Инфратʏзʏмгɵ, экономикага же социалдык долбоорлорго жумшалган ар бир тыйын элге реалдуу пайда алып келиши зарыл”, — деди ал.

Президент коомдо тараган “Бирɵɵлɵргɵ кɵп, бирɵɵлɵргɵ аз берилет” деген сыяктуу маалыматтардын туура эместигин чечкиндʏʏ тʏрдɵ четке какты. “Кыргызстан – бирдиктʏʏ, бɵлʏнгʏс ɵлкɵ. Бир аймактын ийгилиги – бʏтʏндɵй мамлекеттин ийгилиги”, — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Ал ар бир аймакка бирдей мамиленин айкын мисалын ырастап, 2026-жылы Эгемендʏʏлʏктʏн 35 жылдыгы Талас облусунда белгиленерин эске салды. Бул – ɵлкɵнʏн бардык аймактары бирдей баалуу экендигинин белгиси.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле мамлекет каржылоону улантарын, бирок ошону менен бирге эле натыйжа талап кыларын билдирди. “Биздин максат – акыйкат, биримдиктʏʏ жана кʏчтʏʏ мамлекетти куруу. Ар бир аймак, ар бир шаар тең укуктуу ɵнʏгʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵ ээ болушу керек”, — деп жыйынтыктады ал.

 Дооран Токтошев.

About The Author