31 декабря, 2025

Бумерлер, зумерлер, миллениалдар  – биз эмне ʏчʏн бири-бирибизди тʏшʏнбɵйбʏз?

Азыр адамзат илим менен техниканын ыкчам ɵнʏккɵн доорунда жашап жатат. Мындай ɵзгɵрʏʏлɵр коомдогу адамдардын жашоо образына, баалуулуктарына жана жʏрʏм-турумуна тʏз таасир этʏʏдɵ. Ушул процесстерди изилдеген демографтар жана окумуштуулар экинчи дʏйнɵлʏк согуштан кийинки мезгилден тартып, болжол менен 2040-жылдарга чейинки туулган адамдарды тарыхый шарттарына жараша ɵз-ɵзʏнчɵ муундарга бɵлʏп, атай башташкан. Муундар теориясын XX кылымдын 1990-жылдарында америкалык тарыхчы Уильям Штраус жана демограф Нил Хау илимий негизде иштеп чыгып, «Generations» жана «The Fourth Turning» аттуу эмгектеринде муундардын баалуулуктары менен жʏрʏм-туруму жалпы тарыхый окуялардын таасири астында калыптанарын далилдешкен. Алар экинчи дʏйнɵлʏк согуштан кийинки тɵрɵттʏн кескин ɵсʏшʏнɵ байланыштуу «бэби-бумерлер» деген аталышты киргизип, андан кийинки муундарды Х, Y (миллениалдар), Z (зумерлер) жана бʏгʏн калыптанып жаткан Альфа  мууну катары иреттеп, ар бир муунду ɵз доорунун жʏзʏ катары мʏнɵздɵшкɵн.

Бумерлер — бʏгʏнкʏ коомдун пайдубалын тʏптɵгɵн муун. Алардын жашоосунда эмгек биринчи орунда турган. «Иштесең — жейсиң, аракет кылсаң — жетесиң» деген тʏшʏнʏк менен чоңоюшкан.

Бул муун ʏчʏн бир жумушка узак убакыт иштɵɵ  нормалдуу кɵрʏнʏш, ал эми  жетекчини сыйлоо — милдет.

Чыдоо жана сабыр — жашоонун шарты.

Бумерлер технологиядан коркпойт, бирок аны жашоонун негизи деп эсептебейт. Алар ʏчʏн телефон — чалуу ʏчʏн, интернет — маалымат алуу ʏчʏн. Ал эми эң негизги нерсе деп — жандуу сʏйлɵшʏʏнʏ эсептешет.

Х мууну — ɵзгɵрʏʏлɵрдʏн ортосунда калган муун. Алар эски системаны да, жаңы эрежелерди да кɵрʏшкɵн. Ошондуктан бул муун ɵз алдынча болууга эрте ʏйрɵнгɵн.

Алар кыйынчылыктан коркпойт, жумушун, кесибин ɵзгɵртʏʏгɵ даяр, «эч ким жардам бербесе да ɵзʏм чыгам» деген ой менен жашайт. Бирок кɵп учурда Х муунун байкоосуз калат. Коомдогу эң туруктуу, жоопкерчиликтʏʏ катмар дал ушул муун.

Миллениалдар — кɵп сындалган, бирок ошол эле учурда эң активдʏʏ муун. Алар ʏчʏн бир гана «айлык» эле жетишсиз. Бул муун жумушун бат алмаштырат, ыңгайлуу шартты, адамдык мамилени баалайт, акчадан мурда тажрыйбага кɵңʏл бурат.

Миллениалдарды «шашпай жашагандар» деп сыпатташат. Бирок бул муун таптакыр башка шартта — батирлердин баасы асман чапчыган, экономика туруксуз, рынок бат ɵзгɵргɵн дʏйнɵдɵ жашоого мажбур.

Зумерлер — интернет менен бирге чоңойгон муун. Алар ʏчʏн дʏйнɵ чексиз. Онлайн окуу, онлайн иш, онлайн достук — кадимки кɵрʏнʏш. Бул муун эркиндикти баалайт, ɵз оюн ачык айтат, психология, жеке чек аралар жɵнʏндɵ тартынбай сʏйлɵйт. Зумерлердин кɵңʏлʏ бат алаксыгандай кɵрʏнʏшʏ мʏмкʏн. Бирок чындыгында алар маалымат агымына тез ыңгайлашып, кыска убакытта чечим кабыл алууга кɵнгɵн муун.

Альфа мууну — бʏгʏн бакчага, мектепке барып жаткан балдар. Алар ʏчʏн сенсордук экран кадимки нерсе. Интернет болсо маалымат алуу ʏчʏн эмес, кʏнʏмдʏк керектɵɵ. Ал эми видео — китептин ордун баса баштаган формат.

Бул муун бат ʏйрɵнɵт, бат кабыл алат. Аларга узун тʏшʏндʏрмɵ эмес, кыска, так, кɵрнɵк-жарнак маанилʏʏ. Ошол эле учурда бул балдарда чыдамдуулук жана узак кɵңʏл топтоо кɵйгɵйгɵ айланышы мʏмкʏн.

Альфа муунун тарбиялоодогу эң чоң милдет — технологияны колдонууга эмес, ой жʏгʏртʏʏгɵ ʏйрɵтʏʏ. Себеби маалымат жетиштʏʏ, бирок аны туура талдоо жɵндɵмʏ баарынан маанилʏʏ.

Бул муун тууралуу азырынча илимий божомолдор гана бар. Бирок адистердин айтымында, бета мууну жасалма интеллектти кадимки жардамчы катары кабыл алат. Онлайн жана оффлайн дʏйнɵнʏ айырмалай албай, технология менен тең ата жашайт.

Алар ʏчʏн мугалим, дарыгер, кеңешчи — адам эмес, санарип жардамчы да болушу мʏмкʏн. Бул муундун алдында чоң мʏмкʏнчʏлʏктɵр ачылат, бирок ошол эле учурда адамдык баалуулуктарды жоготуу коркунучу турат.

Анткени ар ким ɵз чындыгы менен жашайт. Бумер ʏчʏн чыдоо — баалуулук. Миллениал ʏчʏн — бакыт. Зумер ʏчʏн — эркиндик.

Жаңы муунду «биздей бол» деп тарбиялоо мʏмкʏн эмес. Анткени дʏйнɵ ɵзгɵрдʏ. Бирок аларды жоопкерчиликке, эмгекке, боорукерликке, адамдык мамилеге ʏйрɵтʏʏ ар дайым актуалдуу бойдон калат. Эгер биз балдарга жɵн гана телефон берип койбостон, жандуу сʏйлɵшʏʏнʏ, китепти, ой жʏгʏртʏʏнʏ да кошо берсек, жаңы муун технологияны мыкты ɵздɵштʏргɵн  муун гана болбостон, акылдуу жана адамгерчиликтʏʏ болуп ɵсɵт. Бир муун экинчисин ɵзгɵртʏʏгɵ аракет кылгандан кɵрɵ, тʏшʏнʏʏгɵ аракет кылса, жашоо бир топ жеңилдемек. Алар башкача ойлонот, башкача жашайт, башкача кыялданат. Биздин милдет — аларды коркутуу же чектɵɵ эмес, туура багыт кɵрсɵтʏʏ.

Муундар — атаандаш эмес, бири-бирин толуктаган кʏч. Улуулар тажрыйба берет, ортонку муун туруктуулукту сактайт, жаштар жаңычылдык алып келет. Биз ар башка доордун балдарыбыз. Бирок бир эле келечекти куруп жатабыз. Ошондуктан бири-бирибизди угууга, тʏшʏнʏʏгɵ жана сыйлоого ʏйрɵнсɵк — муундар ортосундагы ажырым тоскоолдук эмес, байлыкка айланат. Анткени келечек — бул жаңы муун. Ал эми жаңы муун кандай болсо, эртеңки коом да ошондой болот.

Айнура Валижанова

About The Author