31 декабря, 2025

Бюджет жана ИДП: Кыргызстандын экономикалык секириги

Акыркы жылдары Кыргызстандын экономикасы реалдуу тʏрдɵ ɵсʏп, консолидацияланган бюджеттин кɵлɵмʏ 1 триллион 90 миллиард 600 миллион сомдон ашты. Ал эми ички дʏң продукциянын кɵлɵмʏ 1 трл 600 млрд сомго жетти. ИДПнын ɵсʏʏ темпи Евразия экономикалык союзуна мʏчɵ болгон ɵлкɵлɵрдʏн ичинен биринчи орунга чыкты.

Министрлер кабинетинин тɵрагасы Адылбек Касымалиев консолидацияланган бюджеттин кɵлɵмʏ 1 триллион 90 миллиард 600 миллион сомдон ашканын расмий тʏрдɵ кабарлап, бул жыл башында бекитилген бюджеттен кɵп экенин билдирген болчу.

«2025-жылдын консолидацияланган бюджети тарыхый чекке жетти. Бʏгʏн биз расмий тʏрдɵ бюджеттин кɵлɵмʏ 1 триллион 90 миллиард 600 миллион сомдон ашканын жарыялайбыз. Бул Кыргызстан ʏчʏн триллиондук тарыхый кɵрсɵткʏч.

Бекитилген консолидацияланган бюджет 708,8 миллиард сом болгон. Жыл жыйынтыгын 381,7 миллиард сомго ɵсʏʏ же 153,8 пайызга кɵбɵйʏʏ менен жылды жыйынтыктаганы жатабыз.

Киреше жана чыгашаларды эсептегенден кийин 10 миллиард сомдон ашык профицит менен жыйынтыктайбыз».

Консолидацияланган бюджетке республикалык жана жергиликтʏʏ бюджеттер, анын ичинен салыктык жана Улуттук банктын кирешелери сымал салыктык эмес кирешелер, мамлекеттик ишканалардын дивиденттери, Социалдык фонд менен Милдеттʏʏ медициналык камсыздандыруу фондунун кирешелери кирет. Финансы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын орто мɵɵнɵттʏʏ саясат жана программалык бюджеттештирʏʏ бɵлʏмʏнʏн башчысы Баястан Жʏрсʏнбековдун маалыматына таянсак, бул акчалар жаңы финансылык куралдарды, механизмдерди колдонуунун негизинде тʏшʏп жатат.

«Кабар» маалыматтык агенттиги жазгандай, бул кɵлɵмдɵгʏ бюджеттин эң чоң салымы – суу, жолдор, энергетика тармагы баштаган инфраструктуралык долбоорлорго, саламаттык сактоо, билим берʏʏ сымал социалдык тармактарга каражат салуу мʏмкʏнчʏлʏгʏн берет. Мындан тышкары, жакырчылыкты азайтуу, социалдык тɵлɵмдɵрдʏ, пенсия жана айлыктарды кɵбɵйтʏʏгɵ шарт тʏзʏлɵт.

Ал эми экономикалык жактан кичи жана орто бизнести колдоо, атап айтканда, мамлекеттик банктардын уставдык капиталын кɵбɵйтʏʏ менен ишкерлерди тɵмɵнкʏ пайыздык чендеги насыялар менен камсыздоого, ɵндʏрʏштʏ ɵнʏктʏрʏп, экспортту кɵбɵйтʏʏгɵ болот.

Минкабдын тɵрагасы ошондой эле 2025-жылдын алгачкы 10 айында ИДПнын ɵсʏʏ темпи 10 пайызды тʏзгɵнʏн белгиледи.

 «Эл аралык валюта фондунун маалыматына ылайык, 2024-жылы Кыргызстан ИДПнын реалдуу ɵсʏшʏ боюнча дʏйнɵдɵгʏ эң ылдам ɵнʏккɵн ʏч экономиканын катарына кирген», — деп баса белгиледи ал.

«Сentralasianlight.org» басылмасынын маалыматына караганда,  бюджет мыйзамында ички дʏң продукциянын кɵлɵмʏ 1 трлн 624 млрд сом (болжол менен 19,1 млрд АКШ доллары) деп бекитилген. Бирок иш жʏзʏндɵ 10 айдын жыйынтыгы менен ɵлкɵнʏн ИДПсы 1 трлн 427,4 млрд сомго (болжол менен 16,8 млрд доллар) жетти. Ал эми жыл жыйынтыгы боюнча ИДП 1 трлн 779 млрд сомду (болжол менен 20,9 млрд доллар) тʏзɵт деп болжолдонууда. Бул планда каралгандан 155,6 млрд сомго (болжол менен 1,83 млрд долларга) кɵп дегенди билдирет.

Мындан тышкары, Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2025-жылдын октябрь айына карата Кыргызстандын эл аралык валюта резервдери дээрлик 8 млрд АКШ долларына жетти. Бул 2024-жылдын октябрына салыштырмалуу 3 млрд доллардан ашык ɵсʏштʏ тʏзɵт.

Бюджеттин кɵлɵмʏ боюнча тарыхый чекти багындыруу жана ИДПнын таасирдʏʏ ɵсʏшʏ Кыргызстандын макроэкономикалык туруктуулугу чыңдалып жатканынан кабар берет. Расмий ɵкʏлдɵр бул жетишкендиктерди бюджеттин киреше бɵлʏгʏнʏн кɵбɵйʏшʏ, салыктык башкаруунун кʏчɵтʏлʏшʏ жана инвестицияларды тартуу менен байланыштырып жатышат.

Ошол эле учурда эксперттер доллар менен эсептелген кɵрсɵткʏчтɵр болжолдуу мʏнɵзгɵ ээ экенин белгилешет. Ал эми сомдун реалдуу сатып алуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ валюталык курс, инфляциянын деңгээли жана жалпы экономикалык абалга кɵз каранды. Валюта курсунун турукташтырылышы жана рационалдуу фискалдык саясат республиканын финансылык туруктуулугун мындан ары бекемдɵɵнʏн негизги ачкычы болушу мʏмкʏн.

Улуттук статистика комитетинин  маалыматына караганда, ички дʏң продукт (ИДП) алдын-ала баалоолор боюнча 2025-жылдын январь-ноябрында мурунку жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 10,2%га жогорулады жана 1 628,6 млрд. сомду тʏздʏ. 

ИДПнын ɵсʏшʏ товар ɵндʏрʏʏ, кызмат кɵрсɵтʏʏ тармактары жана продукттарга болгон таза салыктардын эсебинен камсыз болду. Мында товар ɵндʏрʏʏ тармактарынын ɵсʏʏ темпи ɵткɵн жылдын январь-ноябрь айларына  салыштырмалуу 12,0%га, кызмат кɵрсɵтʏʏ тармактарынын ɵсʏʏ темпи 8,9%га, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 10,5 %га жогорулады. 

ИДПнын тʏзʏмʏндɵгʏ эң чоң ʏлʏш (49,3%) кызмат кɵрсɵтʏʏ тармактарына туура келди, бул ɵткɵн жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу 1,8 пайыздык пунктка тɵмɵндɵгɵн. Ошол эле учурда товар ɵндʏрʏʏ тармактарынын ʏлʏшʏ, тескерисинче,  1,7 пайыздык пунктка жогорулап, 35,3%ды тʏздʏ. Мында курулуштун ʏлʏшʏ ɵткɵн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу   1,3 пайыздык пунктка ɵскɵн болсо, ɵнɵр жайдын ʏлʏшʏ — 1,0 пайыздык пунктка ɵскɵн, ал эми айыл чарбасынын ʏлʏшʏ, тескерисинче, 0,6 пайыздык пунктка тɵмɵндɵгɵн.

Эскертʏʏ: ИДПга алдын-ала баа берʏʏлɵрдʏ эсептɵɵ экономиканын ɵнʏгʏʏ тенденциясын мʏнɵздɵйт, ал ыкчамдыкты камсыз кылуу ʏчʏн жʏргʏзʏлɵт жана негизги тармактар — айыл чарба, ɵнɵр жай, курулуш, соода, мейманканалар жана ресторандар, транспорт жана байланыш боюнча ɵндʏрʏш индекстеринин ɵзгɵрʏшʏнɵ негизделет. ИДПнын тʏзʏмʏндɵ кɵрсɵтʏлгɵн тармактардын ʏлʏшʏ болжол менен 55%ды тʏзɵт.

 Дооран Токтошев

About The Author