Быйыл Кыргызстанда жаңы жылдык майрам ɵзгɵчɵ масштабда белгиленʏʏдɵ. Ош шаарында 30 метрлик балаты, биринчи ирет курулган муз аянтчасы жана майрамдык шаарча элдин кɵңʏлʏн бурса, Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы 32 метрлик башкы балаты борбор калаанын жаңы жылдык символуна айланды. Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысы Элдияр Кадыркулов белгилегендей, быйылкы майрам жаңы форматта уюштурулуп, шаардыктарга жана конокторго унутулгус майрамдык маанай тартуулоону кɵздɵйт. Ал эми 2026-жылга арналган Бишкек калаасынын жана Ош шаарынын балатылары кандай кооздолгонун кененирээк ушул макаладан окуй аласыздар.

Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысы Элдияр Кадыркулов:
“Быйыл Ош шаарындагы жаңы жыл жаңы деңгээлде ɵтɵт”
-Быйыл Ош шаарындагы жаңы жылдык майрам мурдагыдан башкача форматта уюштурулду. Шаардын жʏрɵгʏ болгон борбордук аянтта бийиктиги 30 метрге жеткен жаңы жылдык балаты тургузулуп, ал кыска убакытта эле шаардыктардын жана коноктордун суктануусун жаратты. Кооз жасалга, жарыктар жана айланасындагы майрамдык атмосфера Ош шаарыбыздын жаңы жылдык жʏзʏн толук ɵзгɵрттʏ. Быйыл жаңы жыл ɵзгɵчɵ белгиленип, унутулгус ирмемдер эсте калат деген ойдомун.

“30 метрлик балатыны кооздоо чоң эмгекти талап кылды”
-Бул балаты кадимки эле жасалга эмес, шаардык майрамдын башкы символу болду. Бийиктиги, дизайны жана жарыктандыруусу менен элдин кɵңʏлʏн дароо ɵзʏнɵ бурду. Кичинекей балатыны жасалгалоо деле кɵп убакытты талап кылса, 30 метрлик балатыны кооздоо чоң эмгекти, тактыкты жана чыгармачылыкты талап кылды. Кантсе да балатыны мыкты кооздогонго аракет кылдык.
“Северное сияние” майрамдык шаарчаны жараткан компания
-Жаңы жылдык атмосфераны тʏзʏʏдɵ “Северное сияние” компаниясы негизги ɵнɵктɵш болду. Келишимдин негизинде компания борбордук аянтка атайын ʏйчɵлɵрдʏ орнотуп, шаардыктар ʏчʏн жылуулук тартуулаган кичи шаарча тʏздʏ. Бул ʏйчɵлɵрдɵ ысык чай, кофе, самсы, бутерброд сыяктуу тамак-аштар сунушталып, кышкы суукта эл ʏчʏн ыңгайлуу шарт тʏзʏлдʏ. Бул жайлар жɵн гана соода тʏйʏнʏ болбостон, адамдар жолугуп, эс алып, майрамдык маанайды сезе турган жылуу мейкиндикке айланды.
“Ошто биринчи жолу муз аянтчасы ачылды”
-Быйылкы жаңы жылдык майрамдын эң чоң жаңылыктарынын бири — Ош шаарында алгачкы жолу муз тебʏʏчʏ катоктун курулушу болду. Мындан тышкары балдар жана чоңдор ʏчʏн оюн зоналары, фото зоналар уюштурулуп, борбордук аянт чыныгы майрамдык паркка айланды. Бул жаңылыктар Ош шаарына болгон кызыгууну кʏчɵтʏп, шаарга Баткен, Жалал-Абад сыяктуу коңшу региондордон да кɵптɵгɵн коноктордун келишине себеп болду. Айрымдар атайын Ош шаарынын балатысын кɵрʏʏ ʏчʏн келип жатканын айтышты.

“Чоң чыгым — чоң тобокелчилик”
-Ош шаардык мэриясы жана маданият тармагынын кызматкерлери бул долбоордо ɵзгɵчɵ ролду аткарды. Алардын негизги максаты — борбордук аянтта жʏргʏзʏлгɵн иштерге тоскоолдук жаратпай, бардык уюштуруучулук шарттарды тʏзʏп берʏʏ болду. “Северное сияние” компаниясы быйылкы жылы долбоорду ишке ашырууга кɵмɵк кылды. Эгер бул демилге ɵзʏн актаса, кийинки жылдардан тарта компания мэрия менен келишим тʏзʏп, ижара тɵлɵп, жаңы жылдык иш-чараларды уюштурууга катышып, мамлекеттик бюджетке салым кошот. Мындан сырткары, алсак, жаңы жылдык долбоорлор ар дайым чоң чыгымдар менен коштолот. Маселен, бир гана муз тебʏʏчʏ катокту ижарага алуу ʏчʏн 44 миң доллар жумшалды. Бул — жалпы чыгымдардын бир гана бɵлʏгʏ. Мындан тышкары, балаты жана жасалгалар жылына болгону 15-25 кʏн гана колдонулат. Калган мезгилде кампада сакталат. Бул учурда техникалык бузулуулар, жарыктардын кʏйʏп кетиши, кемирʏʏчʏлɵрдʏн зыяны сыяктуу коркунучтар жаралышы мʏмкʏн. Мындай учурлар быйыл да болуп, айрым элементтер жаңыларына алмаштырылды.
“Быйылкы жаңы жылдык балатыга 3 миллион сом сарпталды”
-Айрым иштер тʏз сʏйлɵшʏʏлɵрдʏн негизинде жʏргʏзʏлсɵ, кээ бир кызматтар тендер аркылуу тандалды. Балатынын каркасы алдын ала макулдашуу менен тургузулуп, ал эми жасалгалоо иштерин тендерден ɵткɵн компания аткарды. Жалпысынан бул иштерге болжол менен 3 миллион сом каражат сарпталды.
“Быйылкы балатыны кооздоо менин идеям болду”
-Балатынын концепциясы уюштуруучу команданын ичинен чыкты. Команда курамында 30дан ашык чыгармачыл адис болуп, алар менен биргеликте кеңешме ɵткɵрʏлдʏ. Ар ким ɵз идеясы менен бɵлʏшʏп, сунуштар талкууланды. Мен дагы ɵз оюмду айтып, менин сунушум кɵпчʏлʏккɵ жакты. Натыйжада кɵпчʏлʏккɵ жаккан дизайн тандалып алынып, балаты ɵзгɵчɵ кооздолду.
“Балаты кʏн сайын 18:00дɵ жандырылып, 22:00дɵ ɵчʏрʏлɵт”
-Быйыл келе жаткан 2026-жылга карата 31-декабрь кʏнʏ Ош шаарынын борбордук аянтында ири концерттик программа уюштурулат. Концерт кʏндʏзгʏ саат 12:00дɵн кечки 22:00гɵ чейин уланат. Сахнанын жасалгасы, жарык жана цвет эффекттери мурдагы жылдарга салыштырмалуу ɵзгɵчɵ форматта болот. Ал эми балаты кʏн сайын кечки саат 18:00дɵн 22:00гɵ чейин жаркырап, шаардын жаңы жылдык символу болуп турат.
Борбордук балатынын бийиктиги жана жасалгасы
Жыл сайын Кыргызстанда жаңы жылдык майрамдын негизги символу болуп саналган борбордук балаты Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында орнотулат. Бул салт быйыл да улантылып, борбор калаа жаңы жылды шаңдуу маанайда тосуп алууга даяр экенин кɵрсɵттʏ. Балатынын жандырылышы шаардыктар ʏчʏн кышкы майрамдын башталышын билдирип, борбор калаада ɵзгɵчɵ атмосфера жаратты. Жергиликтʏʏ ЖМКлар жазгандай, быйыл Бишкектин башкы жаңы жылдык балатысынын бийиктиги болжол менен 32 метрди тʏздʏ. Ал миңдеген жарык чырактар, кɵк, кʏмʏш жана ак тʏстɵгʏ оюнчуктар менен кооздолгон. Балатынын дизайны заманбап стилде жасалып, экологиялык талаптар эске алынган. Жарык берʏʏ системасы энергияны ʏнɵмдɵɵчʏ технологиялар менен жабдылганы да белгиленди.
Концерттик программа жана маданий иш-чаралар
Балатынын жандырылышы концерттик программа менен коштолгон. Кыргыз эстрада жылдыздары, фольклордук ансамблдер жана жаш таланттар сахнага чыгып, майрамдык маанай тартуулап, улуттук жана заманбап музыка айкалышып, борбордук аянт чыныгы маданий аянтчага айланган жана концерт шаар тургундары ʏчʏн акысыз уюштурулган.
Балдар жана ʏй-бʏлɵлɵр ʏчʏн майрамдык мейкиндик
Борбордук балатынын айланасында балдар ʏчʏн атайын фото-зоналар, оюн аянтчалары уюштурулуп, ар кандай объекттер менен сʏрɵткɵ тʏшʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏлгɵн. ʏй-бʏлɵлɵр ʏчʏн сейилдɵɵ, эс алуу жана майрамдык сʏрɵттɵрдʏ тартууга ыңгайлуу шарттар каралган. Бул аянт кышкы кечтерде шаардыктардын сʏйʏктʏʏ жайына айланды.
Бишкектин жаңы жылдык маанайы, биримдиктин белгиси
Бишкек шаарынын балатысы — бул жɵн гана жасалга эмес, шаардыктардын биримдигин, ʏмʏтʏн жана майрамдык духун чагылдырган символ. Жаңы жылдык балатынын айланасында чогулган адамдар бири-бирине жылуу маанай тартуулап, эски жылды узатып, жаңы жылды жакшы тилектер менен тосуп алышты. Бул майрам борбор калаанын кышкы жʏзʏн дагы да кɵркɵмдɵп, шаар тургундарынын эсинде калган ɵзгɵчɵ учурга айланат деп божомолдошу да борбордуктар.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы


Окшош макалалар
Ош мамлекеттик университети кызмат орун
Жаңы базардын инфратʏзʏмʏ боюнча сɵз болуп, шаарды эки административдик аймакка бɵлʏʏ сунушталды
Кыргызстанда таштандыларды кайра иштетʏʏ – бʏгʏнкʏ абал жана келечек