30 декабря, 2025

Гепатит тууралуу канчалык билесиз?

Гепатит деген сɵздʏ укканда кɵптɵр дароо кооптонуп, бул оору менен жашаган адамдардан алысыраак болууга аракет кылышат. Коомдо калыптанып калган мындай мамиле кɵп учурда так маалыматтын жетишсиздигинен улам жаралат. Чындыгында, гепатит — кʏнʏмдʏк турмушта жугуп кала турган оору эмес. Ал эми туура маалыматка ээ болуу ар бир адамды ашыкча коркуудан да, негизсиз шектенʏʏдɵн да коргойт.

Гепатит — боорду жабыркаткан вирус. Анын эң кеңири тараган тʏрлɵрʏ — В жана С гепатиттери. Бул оорулар боор клеткаларына таасир этет жана дарыланбаса, узак мɵɵнɵттʏʏ кесепеттерге алып келиши мʏмкʏн. Ошол эле учурда заманбап медицина бул илдетти кɵзɵмɵлдɵɵгɵ жана ийгиликтʏʏ дарылоого толук мʏмкʏнчʏлʏк берип жатат.

Кɵпчʏлʏк учурда гепатит узак убакытка чейин эч кандай белгилерсиз ɵтɵт. Адам ɵзʏн соо сезип жʏрɵ берет. Дал ушундан улам адистер гепатитти «жымжырт оору» деп аташат. Бирок бул аны айыктырууга болбойт дегенди билдирбейт. Тескерисинче, ɵз убагында аныкталган гепатит толук кɵзɵмɵлгɵ алынып, адам кадимкидей жашоо образын уланта алат.

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ бул оору менен алышкандардын саны арбын. Айрымдары жеңил тʏрʏ менен ооруса, кээ бирлери оор тʏрлɵрʏ менен жабыркап келет.

Гепатитти стоматологиядан жуктуруп алганын айткан Манзура (аты-ɵзгɵртʏлдʏ) Ош шаарында жашайт. Ал бул ооруну алгач билбей жʏргɵнʏн мындайча тʏшʏндʏрдʏ.

«Гепатит жукканда дароо эле белгилери билинбейт экен. Менде гепатиттин В жана D тʏрлɵрʏ бар экени кийинчерээк, боор циррозуна ɵткɵндɵ гана аныкталды. Алсырап, кʏчтɵн тайып калганда ɵзʏмдɵн шектенип анализ тапшыргам. Ошондо “мен ушуну менен ɵлʏп калат окшойм” деген ой келип, катуу депрессияга тʏшкɵм.

Башкалар айлыгына эмне алам деп пландап жʏргɵндɵ, мен тапкан акчама дары алам деп жашап калдым. Туугандарымды чакырып, оорумду айтып, ʏйʏмдʏ кимге мурас калтырам деп да ойлонуп калгам. ʏч ай жумушумду таштап, ʏйдɵ отуруп калдым. Кийин жетекчим кайра ишке чакырып, иштей баштадым.

Бул илдет менен 2007-жылдан бери кʏрɵшʏп келем. Боор алмаштыруу операциясына жетиш ʏчʏн ʏйʏмдʏ да саткам. Тапкан кирешебиздин баары дарыланууга кетти. Дарылануу  абдан кымбат болду. Ар 15 кʏн сайын текшерилип, анализ тапшырып туруш керек, диета кармайсың, оор жʏк кɵтɵрʏʏгɵ болбойт.

Бул оору мага тиш доктурга барганда жуккан экен. Эгер санитардык талаптар так сакталса, башка бирɵɵнʏн ден соолугу мындай коркунучка кабылмак эмес деп ойлойм.

Азыр Кудайга шʏгʏр, мамлекет бул оору менен ооругандарга кɵңʏл бура баштады. Дарылар, анализдер бекер. Атайын Бишкекке барбай эле, ʏй-бʏлɵлʏк медицина борборлорунан дарыланып жатам. Бул колдоо оорулуу адамдын тʏйшʏгʏн бир топ жеңилдетет. Бул мен сыяктуу бейтаптар ʏчʏн абдан маанилʏʏ».

Бакыт (аты ɵзгɵртʏлдʏ),  Кара Суу районуна караштуу Мады айылынын тургуну:

«Гепатит менен ооруганымды кʏтʏʏсʏздɵн билдим. Ɵзʏмдʏ соо сезип жʏргɵнʏм менен, жумушума байланыштуу текшерʏʏдɵн ɵткɵндɵ гепатит С бар экени аныкталды. Кийин дарыгерлердин айтуусунда, бул оору мага чачтарачканада жуккан болушу мʏмкʏн экен. Ошондо санитардык талаптар канчалык маанилʏʏ экенин тʏшʏндʏм.

Диагнозду укканда коркуу болду. Башында дарылануу кымбатка тʏшʏп, тапкан акчамдын кɵбʏ анализдерге кетти. Психологиялык жактан да оор болду. Кийинчерээк мамлекеттик программа бар экенин билип, ʏй-бʏлɵлʏк медицина борборуна кайрылдым.

Анализдер бекер жʏргʏзʏлʏп, дарылоо башталды. Дарыгерлердин колдоосун сездим. Азыр дарылануунун жыйынтыгы жакшы. Бул оору менен жашоого болот экенин, эң башкысы — убагында текшерилʏʏ, ден соолукка кайдыгер карабоо керектигин тʏшʏндʏм».

Гепатит негизинен кан аркылуу жугат. Ал аба аркылуу, сʏйлɵшʏʏ же кʏнʏмдʏк байланыш аркылуу жукпайт. Жугуу коркунучу тɵмɵнкʏ учурларда болушу мʏмкʏн:

•      стерилдʏʏ эмес медициналык шаймандар колдонулганда;

•      текшерилбеген кан куюлганда;

•      ийнелерди же шприцтерди бир нече адам чогуу колдонгондо;

•      татуировка, пирсинг, маникюр сыяктуу процедураларда санитардык талаптар сакталбаса;

•      корголбогон жыныстык катнашта;

•      энеден балага тɵрɵт учурунда.

Бул жагдайлар сейрек кездешкендей кɵрʏнгɵнʏ менен, дал ушул учурларда сактык чараларын сактоо ɵзгɵчɵ маанилʏʏ. Медициналык же сулуулук кызматтарын тандаганда алардын санитардык абалына кɵңʏл буруу — ар бир жарандын жеке жоопкерчилиги.

Коомдогу эң чоң жаңылыштык — гепатит менен ооруган адамды кʏнʏмдʏк жашоодо коркунучтуу деп кабыл алуу. Чындыгында, бул оору кол алышууда, кучакташууда, бир идиш-аякты колдонгондо, жɵтɵлгɵндɵ же чʏчкʏргɵндɵ, бассейнде, мончодо, чогуу иштегенде же окуганда, бала бакчада же мектепте байланышта болгондо такыр жукпайт. Башкача айтканда, гепатит менен жашаган адам коомго эч кандай коркунуч жаратпайт. Аны четтетʏʏгɵ, басмырлоого же башкача мамиле кылууга негиз жок.

Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке каршы кʏрɵшʏʏ жана АИВ-инфекциясын кɵзɵмɵлдɵɵ борборунун мониторинг бɵлʏмʏнʏн башчысы Айбек Бекболотов гепатитке каршы кʏрɵшʏʏ жаатында  мамлекет тарабынан кандай колдоолор бар экенин айтты.

Анын айтымында, бʏгʏнкʏ кʏндɵ Кыргызстанда гепатит В жана С вирустарына каршы кɵрсɵтʏлʏп жаткан медициналык кызматтардын бардыгы акысыз.

«Гепатитке байланыштуу негизги кызматтар — тестирлɵɵ, башкача айтканда, анализ тапшыруу толугу менен бекер. Эгерде гепатит жок экени аныкталса, жаран гепатит Вге каршы эмдɵɵдɵн ɵтɵт. Ал эми гепатит В же С вирусу табылган учурда, оорунун тʏрʏн тактоо ʏчʏн ПЦР анализдери жʏргʏзʏлʏп, андан кийин зарыл болгон бардык заманбап дары-дармектер мамлекет тарабынан акысыз берилет. Акча тɵлɵнʏʏчʏ кызматтар дээрлик жок, айрым учурларда гана мамлекеттик лабораторияларда жок болгон изилдɵɵлɵр жеке лабораторияларда жʏргʏзʏлʏшʏ мʏмкʏн», — дейт адис.

Айбек Бекболотов белгилегендей, гепатит В жана С боюнча кызматтардын баары жергиликтʏʏ ʏй-бʏлɵлʏк медициналык борборлордо жеткиликтʏʏ.

«Атайын борборлорго келʏʏнʏн кереги жок. Ар бир жаран ɵз аймагындагы медициналык мекемеге кайрылып, консультация алып, анализ тапшырып, керек болсо дарыларын ошол жерден ала алат. Эгер вирус аныкталбаса, гепатит Вге каршы эмдɵɵ да ошол эле жерде жʏргʏзʏлɵт», — деди ал.

Дарыгер гепатит В жана Снын айырмачылыктарына да токтолду.

«Гепатит Вден толук айыктыра турган дары азырынча жок, бирок ага каршы ишенимдʏʏ эмдɵɵ бар. Эмдɵɵдɵн ɵткɵн адам бул вирусту жуктуруп алуу коркунучун дээрлик унутса болот. Ал эми гепатит Снин эмдɵɵсʏ жок болгону менен, андан толук айыгууга мʏмкʏн жана аны айыктыруучу дары-дармектер мамлекет тарабынан акысыз берилип жатат», — деп белгиледи ал.

Ал кошумчалагандай, акыркы жылдары гепатитти аныктоо жана кɵзɵмɵлдɵɵ иштери кыйла жанданды.

«Жыл сайын 450–500 миңге жакын адам гепатит В жана С боюнча текшерʏʏдɵн ɵтɵт. Акыркы ʏч жылда гепатит В менен аныкталган 18 миңге жакын адам каттоого алынды. Гепатит В жана D менен ооругандардын саны 3700гɵ, ал эми гепатит С менен ооругандардын саны 9500гɵ жакын. Бул вирустар кɵп жылдар бою эч кандай белгилерсиз жʏрɵ бериши мʏмкʏн, ошондуктан кɵп учурлар кокусунан аныкталууда», — деди ал.

Мындан тышкары, гепатит Вге каршы эмдɵɵ иштери да кеңири жʏргʏзʏлʏʏдɵ.

«Чоңдордун арасынан 250 миңге жакын адам эмдɵɵдɵн ɵттʏ. Алдыдагы жылдары дагы 250–300 миң жаранды эмдɵɵ пландалууда. Бул эмдɵɵ дʏйнɵ жʏзʏндɵ 40 жылдан бери колдонулуп келет, коопсуз жана натыйжалуулугу 95 пайызды тʏзɵт», — деди Айбек Бекболотов.

Сɵзʏнʏн аягында ал жарандарды коркпой текшерʏʏдɵн ɵтʏʏгɵ чакырды.

«Кɵптɵр гепатитке байланыштуу кызматтар ʏчʏн сɵзсʏз акча тɵлɵш керек деп ойлошот. Чынында болсо, жашаган жериңиздеги ʏй-бʏлɵлʏк медициналык борборго кайрылуу жетиштʏʏ. Текшерʏʏ, эмдɵɵ жана дарылоо иштери акысыз жана бардык жарандар ʏчʏн жеткиликтʏʏ», — деди адис.

Гепатит — коркунучтуу эмес. Ал кʏнʏмдʏк карым-катнаш аркылуу жукпайт жана коомдон обочолонууну талап кылбайт. Туура маалымат, ɵз убагында текшерилʏʏ жана мамлекеттик колдоонун аркасында гепатит менен кʏрɵшʏʏгɵ толук мʏмкʏн.

Маалымат бар жерде коркунуч жок. Ал эми коркунуч жок жерде тʏшʏнʏʏ, колдоо жана адамгерчилик ʏстɵмдʏк кылат.

Гульнура Ормонова

About The Author