17-декабрь кʏнʏ Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы ɵз ишин баштап, алгачкы жыйын ɵткɵрдʏ. Анда Боршайком депутаттарга кызматтык кʏбɵлʏк, депутаттык тɵш белгилерди тапшырды. Аталган аземден соң депутаттар ант беришти. Жыйындын жʏрʏшʏндɵ тɵрага жана тɵрага орун басарларын шайлоосу да орун алды.
Ант берип жатып сʏрдɵгɵндɵр
Алгач депутаттар ант беришти. Ант берʏʏ аземинин жʏрʏшʏндɵ айрым эл ɵкʏлдɵрʏнʏн сʏрдɵгɵнʏ байкалды. Алсак, №12 округдан эң кɵп добуш алып, депутат болуп шайланган Бекмырза Чолпонбай уулу ант берип жатып сʏрдɵп, айтып жаткан сɵздɵрʏн унутуп калды. Жыйынтыгында кагаздан карап айтты.
Ал эми №24 округдан шайланып келген депутат Улукбек Карыбек уулу да айтып жаткан сɵздɵрʏн унутуп, кагаз карап кайра-кайра айтып жатып, акырында кагаздан окуп берип антын бʏтʏрдʏ.

5 депутаттык топ жана алардын лидерлери
Жыйындын жʏршʏндɵ 5 депутаттык топ тʏзʏлгɵнʏ маалым болуп. Алардын тɵрагалары депутаттык топтордун курамын жарыялашты.
«Элдик» депутаттык тобу тʏзʏлʏп, анын курамына 18 депутат кирди.
Топтун тɵрагасы болуп депутат Акылбек Тумонбаев шайланды.
Топтун курамы: Акылбек Тумонбаев, Уланбек Жаанбаев, Гуля Кожокулова, Улан Примов, Алтынбек Кудайбердиев, Улукбек Карыбек уулу, Улукбек Узакбаев, Эркинбек Исеналиев, Медина Кайрылбекова, Чынгыз Ажибаев, Марлен Маматалиев, Эдита Тайгараева, Болот Сагынаев, Данияр Толонов, Адилет Белеков, Жаныбек Аматов, Бакыт Чомоев, Айгуль Ахмедова.
«Мекенчил» депутаттык тобунун жетекчиси болуп Кундуз Сулайманов шайланды.
Депутаттык топтун тизмеси: Кундузбек Сулайманов , Джамиля Исаева, Айсаракан Абдибаева, Абдылдабек Эгембердиев, Эркеайым Сейтказиева, Бекмурза Эргешов , Ырысбек Атажанов, Шайырбек Ташиев, Советбек Рустамбек уулу, Венера Салямова, Гулсункан Жунушалиева, Курманкул Зулушев, Жаныбек Абиров, Махабат Мавлянова, Темирлан Айтиев, Умбеталы Кыдыралиев , Бекмырза Чолпонбай уулу , Карим Ханджеза, Токтобубу Ашимбаева.
«Адилет Кыргызстан» деген депутаттык топтун жетекчиси болуп Нурбек Сыдыгалиев шайланды.
Депутаттык топтун тизмеси: Нурбек Сыдыгалиев, Исманали Жороев, Равшанбек Рысбаев, Эльдар Сулайманов, Нуржамал Торобекова. Сʏйʏнбек Ɵмʏрзаков, Жылдыз Курманалиева, Гулшаркан Култаева, Бахридин Шабазов, Бакыт Тентишев, Рахат Жунушбаева, Жылдыз Таалайбек кызы, Гульнара Акимбаева, Кубанычбек Самаков.

«Ала-Тоо» аттуу депутаттык топтун тɵрагалыгына депутат Жанар Акаев шайланды.
Топтун курамы тɵмɵнкʏ депутаттардан турат: Жанар Акаев, Сеидбек Атамбаев, Нилуфар Алимжанова, Болотбек Борбиев, Азамжан Джалилов, Азамат Исираилов, Бакыт Калпаев, Таалайбек Масабиров, Гулкан Молдобекова, Медербек Саккараев, Жумабек Салымбеков, Гульжан Сатиева, Азизбек Турсунбаев, Медер Чотонов, Чолпон Эсенаманова.
«Ата-Журт» депутаттык тобунун тɵрагасы болуп эл ɵкʏлʏ Нурланбек Азыгалиев шайланды. Ал эми анын тɵрага орун басарлары болуп Гулнара Баатырова жана Алишер Козуев дайындалды.
Топтун курамы: Нурланбек Азыгалиев (№17 шайлоо округу), Нурланбек Тургунбек уулу (№15 шайлоо округу), Кубанычбек Конгантиев (№21 шайлоо округу), Камила Талиева (№1 шайлоо округу), Дастан Жумабеков (№16 шайлоо округу), Жылдыз Садырбаева (№21 шайлоо округу), Улан Бакасов (№30 шайлоо округу), Медербек Алиев (№19 шайлоо округу), Гулнара Баатырова (№10 шайлоо округу), Дастан Бекешев (№22 шайлоо округу), Алишер Козуев (№7 шайлоо округу), Салтанат Аманова, Табылды Муратбеков, Гулай Машрапова, Жылдыз Эгенбердиева, Алтынбек Кылычбаев, Илимбек Кубанычбеков, Бурун Аманова.
VII чакырылышта тɵрага болгон Нурланбек Тургунбек уулу кайра тɵрага болуп шайланды
Нурланбек Тургунбек уулу (№15 шайлоо округу) Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын тɵрагасы болуп шайланды. Анын талапкерлигин 84 депутат колдоп добуш берсе, 3 депутат каршы чыкты.
Тургунбек уулунун талапкерлигин мурда тʏзʏлгɵн бардык депутаттык топтор — «Ата-Журт», «Ала-Тоо», «Мекенчил», «Элдик» жана «Адилет Кыргызстан» сунушташкан.
Белгилей кетсек, Нурланбек Тургунбек уулу буга чейин да Жогорку Кеңештин VII чакырылышында тɵрага кызматын аркалаган.
Чынгыз Ажибаев, Карим Ханджеза жана Жылдыз Таалайбек кызы Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи жыйынында вице-спикерлик кызматка талапкер катары кɵрсɵтʏлдʏ. Парламенттин тɵрагасында биринчи вице-спикер жана эки вице-спикер болот.

«Элдик» депутаттык тобу Чынгыз Ажибаевди биринчи вице-спикерлик кызматка сунуштады.
«Адилет Кыргызстан» депутаттык тобу Жылдыз Таалайбек кызын вице-спикерлик кызматка кɵрсɵттʏ.
Ал эми «Мекенчил» депутаттык тобу Карим Ханжезаны вице-спикерлик кызматка талапкер кылып сунуштады.
Натыйжада Чынгыз Ажибаев биринчи вице-спикер, Жылдыз Таалайбек кызы менен Карим Ханжезалар вице-спикер болуп шайланышты.
Эң жаш депутат Кыргызстандын ИДПсын билбейби?
Жогорку Кеңеш тʏшкʏ тыныгууга чыккандан кийин журналисттер айрым эл ɵкʏлдɵрʏнɵ суроо узатууга ʏлгʏрʏштʏ. Жогорку Кеңештеги эң жаш депутат деп саналган Бекмырза Чолпонбай уулу журналисттин «Кыргызстандын ИДПсы канча жана жан башына бɵлгɵндɵ канча сомдон тиет?» деген суроосуна жооп бере алган жок.
«Эмне дейсиз «дʏң продукциясын» дейсизби? Мындайча айтканда, ар бирин айтканда… Биздин округдар райондорго бɵлʏнɵт экен… Азыркы убакта ошону тактап алышым керек экен. Тактап алып, сиздерге толук маалымат берем», — деди эл ɵкʏлʏ.
Жогорку Кеңештин тʏзʏмʏ каралып, тармактык комитеттер бекитилди
Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын алгачкы жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жɵнʏндɵ» мыйзамдын 9, 30-беренелерине ылайык парламенттин тʏзʏмʏ каралды.
Аталган маселени кароо ʏчʏн Жогорку Кеңештин жыйыны Бʏткʏл Жогорку Кеңештин комитетинин жыйыны режимине ɵттʏ.
Депутаттар Бʏткʏл Жогорку Кеңештин комитетинин тɵрагалыгына депутат Улан Примовду шайлашкан. Комитеттин жыйынында парламенттин тʏзʏмʏнʏн долбоору жактырылып, депутаттар Жогорку Кеңештин жыйыны режимине кайтышты.
Алсак, парламенттин тʏзʏмʏнʏн долбоорунда: Тɵрага, анын биринчи орун басары жана эки орун басарлары, ошондой эле 8 тармактык комитет каралган.
Атап айтканда:
— Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик тʏзʏлʏш, жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети;
— Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети;
— Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чɵйрɵнʏ коргоо боюнча комитети;
— Илим, билим берʏʏ, инновациялык ɵнʏгʏʏ жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети;
— Ɵнɵр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитети;
— Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты ɵнʏктʏрʏʏ боюнча комитети;
— Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен кʏрɵшʏʏ жана коррупцияга каршы аракеттенʏʏ боюнча комитети;
— Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитети.
Депутаттар парламенттин тʏзʏмʏнʏн долбоорун бекитишип, Жогорку Кеңештин тиешелʏʏ токтому кабыл алынды.
Жогорку Кеңеште тармактык комитеттердин тɵрагалары шайланды
Ошондой эле эл ɵкʏлдɵрʏ Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тɵрагаларын шайлоо маселесин карашты.
Депутаттык топтор тармактык комитеттердин тɵрагаларынын кызмат орундарына шайлоо ʏчʏн ɵздɵрʏнʏн талапкерлерин кɵрсɵтʏштʏ.
Жашыруун добуш берʏʏнʏн жыйынтыгында Жогорку Кеңештин тɵмɵнкʏ депутаттары комитеттердин тɵрагалары болуп шайланды:
— Курманкул Зулушев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик тʏзʏлʏш, жергиликтʏʏ ɵз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тɵрагасы кызмат ордуна;
— Эльдар Сулайманов Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин тɵрагасы кызмат ордуна;
— Бакыт Тентишев Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана чɵйрɵнʏ коргоо боюнча комитетинин тɵрагасы кызмат ордуна;
— Токтобʏбʏ Ашымбаева Илим, билим берʏʏ, инновациялык ɵнʏгʏʏ жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин тɵрагасы кызмат ордуна;
— Кубанычбек Конгантиев Ɵнɵр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин тɵрагасы кызмат ордуна;
— Алтынбек Кудайбердиев Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты ɵнʏктʏрʏʏ боюнча комитетинин тɵрагасы кызмат ордуна;
— Болотбек Борбиев Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен кʏрɵшʏʏ жана коррупцияга каршы аракеттенʏʏ боюнча комитетинин тɵрагасы кызмат ордуна;
— Гʏлсʏнкан Жунушалиева Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитетинин тɵрагасы кызмат ордуна.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелʏʏ токтому кабыл алынды.
Дооран Тоткошев


Окшош макалалар
Ош мамлекеттик университети кызмат орун
Жаңы базардын инфратʏзʏмʏ боюнча сɵз болуп, шаарды эки административдик аймакка бɵлʏʏ сунушталды
Кыргызстанда таштандыларды кайра иштетʏʏ – бʏгʏнкʏ абал жана келечек