7-сентябрда Бишкек шаардык сотунда «75чилердин катына» байланышкан кезектеги сот отуруму өтүп жатат. Адвокат Чолпон Жакупбекованын журналисттерге билдиргенине караганда, прокурорлор Бишкек шаардык сотунда жарыш сөз учурунда соттон Камчыбек Ташиев баштаган сегиз адамдын ар бирин тогуз жылга эркинен ажыратууну сурады. Ошондой эле мамлекеттик айыптоочулар алардын үй мүлкүн конфискациялоону да сурашкан.
Сот эрежелерине ылайык, жарыш сөздөн кийин айыпталуучуларга акыркы сөз берилет. Андан соң сот өкүм чыгарууга өтүшү керек.