• Вт. Окт 6th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Непалда суу ташкынынан улам 5 миңге жакын адам дайынсыз болууда

Автор:Osh Shamy

Сен 7, 2026

7-сентябрда Непалда 26-августта болгон суу ташкынынан каза болгондорду эскерүүгө байланыштуу жалпы улуттук аза күтүү күнү жарыяланды. Өлкө боюнча мамлекеттик мекемелерде жана чет мамлекеттердеги Непалдын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө мамлекеттик туулар жарымына чейин түшүрүлдү.
Маалыматка ылайык, кырсыктан 1 355 адамдын сөөгү табылып, 4 996 адам дайынсыз болууда. Куткаруу иштеринин жүрүшүндө 13 миңден ашуун адам аман-эсен чыгарылган. Дайынсыздардын арасында 589га жакын чет өлкөлүк жаран бар. Учурда куткаруучулар жана тиешелүү кызматтар дайынсыз жоголгондорду издөө иштерин улантууда.

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *