• Вт. Ноя 10th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Мектепте акча чогултуу демилгесин көтөргөн ата-энелер да жоопко тартылат

Аватар

Автор:Osh Shamy

Сен 10, 2026

Кыргызстандын мектептеринде окуучулардан жана ата-энелерден негизсиз акча каражатын чогултууга тыюу салынат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Дүйшөн Акимжанов билдирди.
Адистин айтымында, мектеп жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталса, Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык жоопкерчилик каралган.
«Ошондой эле акча чогултуу демилгеси ата-энелер тарабынан көтөрүлгөн учурда да мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик каралат», — деди ал.
Белгилей кетсек, мектептерде негизсиз акча чогултууга президенттин 2023-жылдын 26-майындагы №136 жарлыгы жана «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 48-беренеси менен тыюу салынган.

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *